Кабуснама


Кабуснама 1082-жылы Кухистан султаны Искендер бин Кабустун өз уулу Гилан Шахка карата кылган насааттары болуп саналат. Тарых боюнча көптөгөн падыша, султан жана мамлекет адамы тарабынан бир канча тилге которулуп, тарыхый жана ахлак чыгармаларына булак болуп эсептелет.

КАБУСНАМА

Эй уул, мен эми карыдым. Алсыз жана азыгым жок абалда жолдун акырына келдим. Өлүм катын колума беришти. Ал кат – сакалымдын агаруусу.

Азыр сага өмүрлүк тажрыйбаларым менен тапкан бир канча насаатым жаныңа калтырар белегим болсун. Бул насааттарыма моюн сунуу менен кыймылдай турган болсоң көздөгөн муратыңа жетесиң, убакыттын зыянына учурабассың. Себеби, ата мээрими уулунун жемеленүүсүн дагы каалабайт. Андай болсо сен да кулагыңды бул насааттар үчүн ачык кылып карма, кийин өкүнүп жүрбө.

Жаштар өз билимдерин карылардан жогору деп санашат. Муну билип турсам дагы сага жол көрсөтүүдө унчукпай койуум туура болбойт. Бардык тажрыйбаларымды кыска жана нуска кылып жазып калтырдым. Ар несенин аз жана саз болгону абзал.

Баалуу оокат баалуу кишиге берилүү үчүн сакталат. Менин дагы эң баалуу нерсем мына ушул насааттарым, ал эми эң баалуу адамым болсо – сенсиң. Бул насааттарымды төмөнсүнтпө, бул сөздөрдөн хикматтын да, салтанаттын да жыты келет. Себеби, бул сөздөр падышалардын дагы, даанышмандардын да сөздөрү. Андай болсо, сен да карыганда башыңа кыйын иш түшкөндө кыйынчылык тартпоо үчүн бул сөздөрдү жаш кезиңде үйрөн. Себеби, карылар көп жашагандыктары үчүн көп тажрыйба табышат, кыйын учурларда булардын пайдасы болот.

Менин өлүмүм жакын, сенин дагы менин ордума келүүң жакын. Бул дүйнөдө азык камдап жашагын, жолдо алар сага жардамчы болсун. Себеби, «Дүйнө - акыреттин талаасы» делген. Өзүңдү бул ишке ошондой жумшагын, сенин ордуңа башка бирөө экпесин.

***

Өлүмсүз мекенди мына бул өлүмдүү мекенге алмашууга белсенбе. Жакшылар арстанга, жамандар болсо итке окшойт. Себеби, ит тапканын тапкан жеринде жейт, арстан болсо өз ийнине алып барып, кийин жейт. Бул мына мобуну түшүндүрөт; Ит напсинин туткуну, тапканын ушул жерде жейт, арстан болсо зээндүү, эмне тапса да, эмнени кармаса да тигил мекенге алып өтөт. Аракет кыл, сенин да олжоң жакшылык болсун, аркы дүйнөдө керек болот. Жакшылык дегеним – бул ибадат. Кул үчүн ибадаттан да жакшы олжо болбойт. Себеби, ибадат кылган адам отко окшойт. От канчалык төмөн жерде күйсө дагы алоолору көтөрүлөт. Ибадат кылбагандар болсо сууга окшош. Суу канчалык жогору агызылбасын кайра эле төмөнгө түшөт, асманга көтөрүлбөйт. Мойнубуздун карызы болгон ибадат отун ошондой күйгүз, анын алоолору асмандарга көтөрүлсүн.

***
Аллаху тааланын буйругуна ылайык түрдө шүгүр кылсаң анын азы көптүн ордуна өтөт. Аллаху таала дагы көп эмес болгону беш түрдүү ибадатты буйрук кылды. Эгер көп болгондо аларды орундоого күчүбүз жетмек эмес. Булардан бири - Аллахтын бирлигин жана Мухаммед алейхиссаламдын пайгамбардыгын тил менен айтып, көңүл менен тастыктоо. Кийин намаз жана орозо. Байларга парз болгон ажылык жана зекет да бар.

Калимаи шахадат – акыйкат эмес нерселерден Аллаху таалага сыйынуу болуп саналат. Намаз ошол кабылдоонун акыйкатын кулдугунда орундоо. Орозо – ал кабылдоонун жана кулдуктун акыйкатын Аллахка билдирүү. Эгер кул болгон болсок анда ал кулдукта бекем туруу керек. Намаз жана орозо Аллаху тааланын нематы, аларды өзгөчө кулдарына насип кылган. Жаман адамдар бул нематтардан алыс калат. Эгер бул эки нематта кемчилик кылсаң тандалган кул боло албайсың, арттагылардан болосуң.

Зекетиңди сүйүнүү менен бер. Зекет оокаттын кири. Кир оокат менен иш кыла турган болсоң таза иштериң да кирдейт. Өмүрүңдө бир жолу ажылык кыл. Ажылык күнөөлөрдү тазалайт. Бир парз ажылык жыйырма жолу Аллах жолунда согушуудан да сооптуу.

Намазда материалдык пайдалар да бар. Баарынан мурда намаз окуган адамдын денеси жана кийими дайыма таза болот. Намаз окуган адамда менменсинүү болбойт, себеби, намаздын негизи – карапайымдык. Өзүңдү жөнөкөйлүккө үйрөтсөң денең да сага моюн сунат, жөнөкөйлүк табат. Сен жөнөкөйлүктү сактасаң Аллаху таала даражаңды бийиктетет.

Орозо кармоо жылда бир ай. Жылда бир ай болчу кулдукту дагы кемтиктүү өткөргөн адам мартсыздык кылган болот. Акылдуу адам мартсыздыкты өзүнө ыраа көрбөйт.

Орозо кармоодо бүлүкчү болбо. Кады сыяктуу шаардын алдыңкылары качан орозо кармашса сен дагы ошол убакта орозо карма, алар качан ооз ачышса сен да жахилдердин сөздөрүнө моюн сунуп бир күн мурда кармаба.

Орозо менен кулдун оозу мөөрлөнөт. Сен бул мөөрдү бүткүл тулку боюңа, тилиңе, көзүңө, бутуңа, этегиңе да басууң керек, ошентип орозо сенден ыраазы болуусу керек.

***
Жеке касиетиңди ата-энең берген ат менен эмес өз эмгегиң менен табууга аракет кыл. Себеби, энең жана атаң сага Асан, Үсөн сыяктуу бир ат коюшту. Сенин тапкан атың же аалым, же доктур, же аким, же мугалим, же өнөрпоз болот. Бул аттар сенин калк арасында белгилүү экендигиңди көрсөтөт.

***
Таттуу тил менен сүйлөөнү көнүмүш адат кылып ал. «Тили таттуу болгондун достору көп болот», - дешкен. Канчалык таттуу сүйлөсөң сүйлө сөзүң ордун тапмайынча сүйлөбө. Себеби, ордунда айтылбаган сөз таттуу жана жакшы болсо да жаман көрүнөт.

Өзүңдү кыйынчылыкка түртө турчу сөздөрдү сүйлөбө. Бул абалда унчукпоо жакшыраак. Жакшы сөз айткан киши жакшы жооп угат. Каалаганын сүйлөгөн киши каалабаганын угат. «Жаман сөз адамды динден, таттуу тил жыланды ийнинен чыгарат», - дешкен.

***
Бирөөнүн башына түшкөн жамандыгына кубанбасаң сага келген жамандыкка да эч ким кубанбайт. Сенден алсыз болгонго зулумдук кылба, ушундайча сен да өзүңөн күчтүүлөрдөн зулумдук көрбөйсүң.

Таштак жерге үрөн эккен түшүм албайт. Арамзаадага жакшылык кылган адам таштак жерге үрөн сепкен киши сыяктуу. Пайда көрбөгөнүндөй эле зыян да көрүшү мүмкүн. Бирок, жакшылыкты ылайык болгондон аяба. Колуңан жакшылык кылуу келбесе жок дегенде элди жакшылыкка үндө. Себеби, (Аддаллу алал-хайри кафаилих) «Жакшылыкка үндөгөн киши ошол жакшылыкты кылгандай болот» дешкен.

Кылган жакшылыгыңан улам өкүнбө жана жамандыктан да өтө сактан. Себеби, жакшылыктын жана жамандыктын жообу сен өлө электе сага жетип келет. Жакшылык кылган кишиңдин көңүлү канчалык ырахат болсо сенин да көңүлүңө ошончолук ырахаттыкка жетет. Жамандык кылган кишинин көңүлүнө канчалык азап келсе сенин да көңүлүңө ошончолук азап келет, балким сен андан да көп азап чегесиң.

Эки жүздүү болбо, буудай көрсөтүп арпа сатпа, элге өзүңдү жакшы көрсөтүп, тымызын жаман иштерди кылба, бул эл көрсүндүктүн нышааны. Эл көрсүн үчүн иш кылуудан сактан. 

***
Адам эки абалда болот: Кайгы жана кубаныч. Кайгырсаң да, кубансаң да кайгың менен кубанычыңды сен кайгырганда кайгыра турчу, сен кубанганда кубана турчу бирөөнө айт.

Жакшылыкка жана жамандыкка тез кубанып, тез кайгырба, себеби, бул жаш баланын иши. Болор болбос нерсе үчүн абалыңды өзгөртүп жибербе. Себеби, акылдуу кишилер болор болбос нерселер үчүн өздөрүн өзгөртүшпөйт.

Кубанып турганыңда бир кайгы келсе капаланба, ырахаттыкка жеткенде да дароо кубанба. Акылдуу кишилер буларды бекер деп санашпайт. Ар ашуунун чокусу, ар кыйынчылыктын арты менен келчү ырахаттыгы бар. Кубануунун акырында кайгы, кайгынын акырында да бир сүйүнүч бар.

Үмүт күтпөгөн жериңен үмүтүңдү түп ордунан кеспе жана бир нерсе үмүт кылган жериңен да көп үмүттүү болбо. Себеби, демейде насип үмүттөнгөн жерден эмес үмүт кылбаган жерден келет.

Жакшыга жакшы, жаманга жаман де, акыйкатты четке какпа. Сен жактырбаган бир киши бир нерсени жакшы деп жаткан болсо жана ошол нерсе чындыгында жакшы болсо ага жаман дей турган болбо. Эгер жаман дешсе жана сен дагы жаман экендигин билсең аны жакшы дебе. Акыйкатты кабыл кылуунун акыйкатты четке кагуудан жакшы экендигин унутпа.

Сенин үстүңдө эмгеги сиңген бирөөнүн эмгегиң бошко чыгарба. Эгер ал эмгегинин жообун өтөй албай жаткан болсоң, жок дегенде аны билбестик кылба. Сен үчүн эмгегин жумшаган адам сенин душманың да болсо ага да колдон келген ар жакшылыкты, ихсаныңды орунда. Себеби, адам жакшылыктын кулу.

Кээ бир жакшы иштер бар, аларды өзүнө көнүмүш адат кылып алгандар калктын алдында да, Хактын алдында да абырой көрөт. Булар: илим, адеп, карапайымдык, зухд, чынчылдык, уяттуулук, эч кимдин көңүлүн сындыбоо жана элге жеңилдик көрсөтүү. Булардын баарынын булагы уяттуулук болот. Пайгамбарыбыз: «Ал хайау минал иман», б.а., «Уяттуулук ыймандан», - деген. Уяттуулук бар болсо ыйман да болот. Ыйман бар болсо ал жакшы иштердин баары пайда болот.

***
Жахилди, чоркокту адам ордуна санаба, булар менен бирге отурба, өзгөчө өзүн аалым деп эсептеген жахил адамдан арстандан качкандай кач. Жахил киши менен сүйлөшпө, жакшылар менен сүйлөш. Себеби, жакшылар менен сүйлөшсөң сенин атың да жакшы болот.

Күнжүт майы – сусамдан алынган май. Сусам роза менен биригип өсүп, аны менен аралашып калгандыктан аны күнжүт майы дешпей розанын майы деп атап калышкан. Фиалканын (бинапша) жанында өсүп калса анда дагы фиалканын майы дешет. Сусам роза менен фиалканы чырмап кырк күн жанаша өскөндүктөн сусам деген аты да унутулуп, роза жана фиалканын аты менен атала турган болду. Муну байкашпагандыктан эл аны розанын майы же фиалканын майы деп ойлошту. Ошондуктан, Пайгамбарыбыз: «Бир уруу топ менен кырк күн бирге жүргөн киши ошолордон болот» жана «Кишинин дини досунун дини сыяктуу», - деп буюрган. Демек, жакшылар менен же жамандар менен бирге болгон киши ошолор сыяктуу болот.

***
Сага кылынган жакшылыктарды эч качан унутпа. Сенден бир нерсе күткөн кишиге «Менден бир нерсе күтүп жаткан сыяктуусуң» деп колко кылба. Себеби, сенден бир нерсе күтүп турган кишини такалоо «мен да буга жооп катары бир жакшылык күтөм» дегендик болот, а бул болсо жакшылыксыздык. Жакшы мүнөздү жана жакшы сапатты кесип кыл, жаман мүнөздөрдөн алыс бол. Эч кимге зыяның, колуң жана көзүң тийбесин. Зыян тийгизүүчү болуу жакшы эмес. Себеби, зыяндан кемчилик туулат, кемчиликтен намыссыздык туулат. Эл ичинде намыссыз болуу жакшы эмес.

Сени акылдуу кишилер мактасын. Себеби, акылдуулар алдыңкылар болот, жахилдер болсо арттагылар. Бул эки топ бири-биринин карама-каршысы. Акылдуу адамдын билгичтик менен кылган ишин жахил жактырбайт, жахилдин билгичсиздик менен кылган ишин акылдуу киши ансыз да жактырбайт. Себеби, акылдуу адам өз сапатына ылайык түрдө билгичтик менен иш кылат, сени ошон үчүн жактырат. Жахил болсо өз сапатына ылайык иш кылат, сени ошон үчүн мактайт. Жахил мактаган иштен сактануу керек, ушундайча акылдуулардын тамашасы болуудан кутул. Себеби, катардагы кишилер кишилердин деңгээлинде макталган киши алдыңкылардын көз алдында уят болот.

***

Эч кимди таарынтпа. Бирөө сени таарынтса да сен аны таарынтпа, улуулуктун нышааны мына ушул.

Тажрыйбалуу, мээримдүү досторуң сага насаат беришсе алардын насааттарына кулак сал. Насаат айткан мындай достордун жанына жалгыз бар жана насааттыранан насибиңди ал. Себеби, пайдалуу насаат жалгыз болгондо берилет, эл арасында берилген насаат кулакка кирбес болот, сага катуу тийет.

Бир маселеде билимиң толук болсо да ал билимиң менен менменсинбе. Качан сага бир иш түшкөндө ал ишти орундай ала тургандыгыңды жакшы билип турсаң да буга ишенбе, бир акылдуу киши менен кеңешмейин ал ишти баштаба. Өз көз карашыңды жактыргандардан болбо.

Бир билген кишиден акыл суроону кемчилик деп эсептебе, «Туура пикир менин пикирим, башка бирөө мага кайсынысы ылайык боло турганын кайдан билмек эле» дебе, өз билгениң менен кетпе. Себеби, өз көз карашы менен ишке киришкен киши өкүнөт. Акылдуу карылар менен жана мээримдүү адамдар менен, б.а., ал иштин адиси менен кеңеш, кийин ал ишке кириш.

Бир көз менен көрүү канчалык эки көз менен көрүүдөй боло албаса эки кишинин пикири да бир кишинин пикириндей эмес. Адис болгон көп киши менен кеңеш андан да жакшы. Бир доктур ооруп калса өз өзүн операция кыла алабы? Муктаж бирөө сенин жаныңа келе турган болсо ал үчүн эмгек кыл, эмгегиңди андан аяба. Бул душманың же сени көралбаган бирөө болсо да башкача мамиле кылба. Ал душмандыгы достукка да айланышы мүмкүн.

Сөз түшүнгөн кишилер сага келе турган болушса аларга урмат кыл жана жакшы мамиле кыл. Себеби, алардын сага келүүлөрү сени баалагандыктары үчүн. Сен да аларды бааласаң бул жолу сага келүүнү дагы көп каалашат. Адамгерчиликсиз кишинин жанына эч ким келгиси келбейт.

***
Туура сүйлө. Жалган сүйлөөдөн жана жалганга окшогон чындыкты сүйлөөдөн сак болгун. Себеби, бир чындык жалганга окшосо ал да жалган болот. Дайыма чын сөздүү болуп таанылган бирөө болууга аракет кыл.

Сөздү ордуна ылайык сүйлө, орунсуз сөз сүйлөбө. Себеби, жактырылган сөздүн айткан кишиге да пайдасы бар, уккан кишиге да пайдасы бар. Орунсуз сөздүн зыяны болсо сүйлөгөнгө да, укканга да тийет.

Сөзүңдүн башына жана акырына көңүл бөл. Бирөөнө бир нерсе айта турган болсоң анын жүзүнө карап сүйлө, аркасынан сүйлөбө. Ушундайча сөздү билип сүйлөгөндөрдөн болосуң. Себеби, сөзүн билбестен сүйлөгөн адам ачык жана түшүнүктүү сүйлөгөн папугайга окшош. Папугай эмнени сүйлөп жаткандыгын билбейт. Папугай сыяктуу болгондорду «сүйлөйт, бирок, эмне сүйлөгөнүн билет» дешпейт. Сүйлөгөндө аны угуп турган ким болсо болсун түшүнсө - анда ал сүйлөгөн жана сүйлөгөндөрүн билген адам. Мындай болбогон кишиге киши дешпейт, себеби, булар адам кейиптүү айбандар болуп саналат.

Сөз улуу, сен да сөздү улуу деп бил. Себеби, сөз эң жогору жерден келген, ошондуктан баалуу. Бул баалуу сөздүн ордун тапканда билгениңен тартынба. Орду келбесе сөздү сарптаба, ушундайча сөзүң алсыз болбосун, акылыңа жана билимиңе зыян келбесин.

***
Жок жерге жана маанисиз жерге бир нерсени баса айтып тура бербе. Бир илимден кабарың жок болсо ал илимге байланыштуу бул бир пикириңди ташта. Каалап турган нерсеңди ал билбеген илимиң менен таба албайсың, бирок, билген илимиң менен эмне керек болсо таба аласың.

Сага пайдасы же зыяны жок сырды билүүгө желтенбе жана сырыңды эч кимге айтпа. Бир канча киши бир жерге жыйналып отурушса ал жерде бирөө менен шыбырашпа. Жакшы нерсени сүйлөшүп жаткан болсоң да эл жаманга жоруйт: «Ким билет кайсы жаман сөздү шыбырарып жатканын», - дешет. Себеби, элдин бири-бирине болгон шеги жаман, андай болсо сөздү ачык сүйлө, бирок, эмне сүйлөсөң да өз бааңа жараша сүйлө, өзүңөн бийик сүйлөбө.

Бирөөнөн уккан сөздү ук, бирок, ал сөз менен дароо кыймылдаба. Эмне сүйлөсөң да кийин өкүнүп калбоо үчүн алгач аны ойлон, кийин айт. Себеби, дароо айтуунун бир түрү бар: Же пайда, же зыян. Бирок, ойлонуп сүйлөө болсо эки түрдүү:

1-Ал сөзүң зыяндуу болсо ойлонуу менен түшүнөсүң, ал зыяндуу иштен сактанасың.

2-Пайдалуусун туура билип, тартынбастан ошол пайдалуу нерсеге аракет кыласың.

Каякта болсоң да көп билимдүү жана аз сөздүү бол. Унчукпоо – экинчи ден-соолук. Себеби, көп киши ден-соолуктуу болуп туруп, сүйлөгөн сөзүнүн айынан оорукчан болот. Аз сүйлөө жана саз сүйлөө акылдын нышааны. Көп сүйлөө билимсиздиктин нышааны. Себеби, бул киши канчалык акылдуу жана кемел болсо да сөзү көп болгондо сөздөрү орундуу болсо да төмөнкү катмар арасында анын аты мээси жок болот. Эгер жахил катардагы бирөө болсо да сөзү аз болсо же унчукпаган болсо катардагы кишилер аны акылдуу жана өнөрлүү киши деп эсептешет.

***
Канчалык таза, ак көңүлдүү болсоң да өзүңдү мактоочу болбо. Киши өзүнө жакшымын деп күбөлүк кылса анын күбөлүгү кабыл кылынбайт. Себеби, күбөлүктү өзүң үчүн кылсаң аны ушушпайт. Эмгектенсең сени башкалар мактайт. Өз өзүңдү мактаба.

Күчүңдүн жетишинче сөз угуудан үркпө. Себеби, адам сөз угуу менен сөздүн кишиси болот. Муну далили бул: Бир жаш бала төрөлгөндө жер алдында бир жерде сүт эмизип багып чоңойтушса, энеси-атасы менен эч сүйлөшпөсө ал бала чоңойгондо тилсиз болот. Бирок, ал жерде эки бала болсо жана эч бир сөз угушпаса, экөө бири-бири менен сүйлөшүү аркылуу бир тил чыгарышат, бирок, ал тилди экөө гана билип башкалар билишпейт. Андай болсо эл сөзүн ук жана кабыл кыл. Өзгөчө өткөн бектердин жана аалымдардын сөздөрүн жан дил менен угуп, маани бериш керек.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш