Ислам дини » Башкаруучулук » Жардамчынын өзгөчөлүгү




Жардамчынын өзгөчөлүгү


Башкаруучунун жардамчысында болуусу керек болгон өзгөчөлүктөрдөн кээ бирлери мына булар:

1- Илим

Билген менен билбеген бир болбойт.

2- Тажрыйба

Тажрыйбаларга толо жашка чыккан киши эки жүздүү пайдакорлорду узун тажрыйбаларынан чыккан сезим менен аныктайт, башкаруу механизмине ахлагы жок кишилерди аралаштырбайт.

3- Ишенимдүү болуу

Бул өзгөчөлүк кыянаттык кылбоосу үчүн шарт.

4- Туура сөздүү болуу

Бул ишенимдүү болуусу сөзүндө туруусу үчүн изделет.

5- Сараңдыктан, ачкөздүктөн узак болуу

Бул болсо жаңылып, паракорлукка берилип кетпөөсү үчүн.

6- Кек сактабоо

Кек адилеттикке, мээримге кедерги болот. Башкаруучу болсо адилеттүү, мээримдүү болуусу керек!

7- Берилген иштерди унутпоо

Унутулса чоң зыяндарга жол ачат.

8- Түшүнүктүү болуу

Туураны, ийрини байкап, экөөнү чаташтырбоосу керек.

9- Сезимдерине туткун болбоо

Бул жагдай акылга так түшүрөт, хак менен батылды, туура менен жаңылышты айырмалай албай турган абалга алып келет.

10- Финансылык иштерди жакшы билүү

Башкаруучуда бул он өзгөчөлүк бар болсо иштер иреттүү жүрөт. Бири кем болсо иштер ошончолук кемчиликтүү жүрөт, ичинен чирийт.

Тажрыйбалуу бир башкаруучу мындай дейт:

Өзүмө жакшы сапаттары бар, таалим-тарбиялуу, жакшы мүнөздүү, өзүнө берилген сырларды жана жоопкерчилигиндеги аманаттарды бекем сактаган бир жамдамчы болуусун каалаймын. Жумшак мүнөздүү болсун. Илим менен ойлонсун жана сүйлөсүн, эң кичине белгини дагы түшүнсүн. Акылдуулар сыяктуу кичи пейил, түшүнүктүү, ар ишинде оор басырыктуу болсун! Өзүнө жакшылык кылынганда рахмат айтсын. Кыйынчылык берилсе сабыр кылсын.

Өкүнүч туудура турчу нерселердин артынан жүгүрбөсүн! Таттуу тил жана ишендирүүчү сөздөр менен мамлекет адамдарын өзүнө тартсын. Халифа Мамундун вазири Фазыл өлкөнүн түрдүү жерлерине жиберген адамдарына мындай дейт: «Калктан уккандарыңарды келип мага айткыла.»

Ушундайча алып келинген маалыматтарга карап, жактырып, жакшы көргөндөрүн кылып, жактырбагандарын таштачу.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш