Башкаруучу үчүн өтө маанилүү жана баалуу
сапаттардан кээ бирлери мына булар:
Адилеттүү, акылдуу, эр жүрөк, жоомарт, жумшак
мүнөздүү, опаалуу, мээримдүү, сабырдуу, кечиримдүү, шүгүрчүл, оор басырыктуу,
билимдүү, намыстуу жана айбаттуу болуу.
Адилеттүүлүк: Башкаруучуда бар болуусу керек болгон
өзгөчөлүктөрдөн эң баалуусу – адилеттүүлүк. Адилеттүү болууга, жакшылыкка баш
ийүүгө себеп жана үлпөттү пайда кылат. Кызматчылардын бактылуу жана тынчтык
ичинде болуулары башкаруучунун иреттүү болуу даражасына байланыштуу. Башкаруу
жакшы болсо кызматчылар дагы жакшы болот. Башкаруучу кызматчылардын
ал-ахыбалдарын жакшы көзөмөлдөөсү керек, татыктуу эмгек акыларын иштерине жана
деңгээлдерине ылайык түрдө маалында өтөөсү керек. Болбосо жикчилдик пайда
болот.
Акыл: Акыл аркылуу адам баласы акыйкатты
жалгандан, жакшыны жамандан айырмалап, жаңылыш чечим чыгарбайт. Бир окуя
болгондон кийин коргонуу чарасын көргөн кишини акылдуу делбейт. Аылдуу киши
окуя болордон мурда анын чарасын жана чечимин издейт.
Эр жүрөктүк: Эр жүрөк башкаруучу ишканасын жаман
көздөрдөн коргойт, анын күзөтүн мыкты түрдө камсыздайт. Ошол эле учурда кол
астындагыларды дагы ар түрдүү акыйкатсыздыктардан коргогон болот.
Жоомарттык: Төрт улуу Халифа муктаждыктары менен
кайрылгандарды динге ылайык кубантып, ар кимдин абалына жараша керектүү
жакшылык көрсөтүшчү.
Жумшактык: Жумшактык жакшы сапаттардан.
Ченемдүү тамак шыпаа жана азык болгондой жана
ашыкча тамак ооруга себеп болгондой катуу мамиле дагы досторду душман кылат.
Башкаруучу үчүн ар жерде жана ар иште жумшактык
көрсөтүү орундуу болбошу да мүмкүн. Ошондуктан, башкаруучу макамда болгондорго
дайыма жушмак мамиле кылуусу керек!
Бузгунчу катмардагыларга жалпысынан катуулук дагы
көрсөтүү керек. Астынкы катмардагыларга дагы ордуна жараша катуулук ордуна
жумшактык көрсөтүлөт. Ошондуктан, «Күнөөлүүлөргө катуулук көрсөтүү, тандалган
жана туура жүргөндөргө болсо жумшак мамиле кылуу керек» делген.
Бир өкүмдардан «Өкүмдар кантип ийгиликтүү болот?»
деп сурашат. Ал болсо минтип жооп берген экен:
«Жакшыларга, алдыңкы катардагы тандалгандарга ак
ниеттик жана достук көрсөтүү, элге сүйүүсүн ачыктап аларды өзүнө байлоо, бирок,
бираз коркуу дагы салып таасирдүү мамиле кылуу, жаман кишилерди чындап коркутуу
аркылуу өкүмдар ийгиликтүү болот.»
Опаа: Опаа өмүр бою жана өлгөндөн кийин дагы
сүйүүнү улантуу болуп саналат. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз: «Сөзгө опаа
динден» - деп буюрган. (Хаким)
Тууралык: Жалганчылык канчалык жаман болсо, чынчылдык
дагы ошончолук жакшы.
«Чын сүйлөгөн, чынчылдык менен иш кылган
киши – камил киши», -
делген.
Исламияттын үч негизги тиреги - акыйкат, адилеттик
жана чынчылдык. Ар иштин тартиби жана ирети чынчылдык менен болот.
Мээрим: Башкаруучу адам баарынан мээримдүү болуусу
керек. Себеби, хадиси шарифте: «Элге мээримдүүлүк кылбаганга Хак
мээримдүүлүк кылбайт», - деп буюрулган. (Табарани)
Сабыр: Сабыр кылуу - кутулууга себеп болгон жакшы
мүнөз. Сабыр – пайгамбарлардын сапаты. Сабыр ачуу болгону менен жемиши таттуу.
Кечирүү: Жалган айтып кечирим тилеген адамды дагы
кечирүү мустахаб. Кечирүү өтө пазилеттүү. Хадиси шарифте: «Кечирилүү
үчүн кечиргиле», - деп буюрулду. (И.Ахмед)
Шүгүр: Шүгүр бардык жакшылыктын Аллаху тааладан
келгендигин билип, тил менен дагы хамд кылуу болуп саналат. Аллаху тааланын
буйруктарын орундап, тыюу салган нерселеринен сактануу шүгүр кылуу болот.
Адамдардын хидаяты үчүн эмгектенүү шүгүр болуп эсептелет.
Шашылуудан сактануу: Жаза берүүдө шашылбоо керек.
Кечиримге ээ кыла турчу мүмкүнчүлүк пайда болушу мүмкүн. Сыйлык берүүдө шашылуу
адамдагы баш ийүүчүлүктү күчтөндүрөт.
Оор басырыктуулук: Кадимки иштерде оор басырыктуу болуу
жана жай кыймылдоо болуп саналат. Себеби, кадимки иштерде жай болуу ишенимдүү
кадамдар менен илгерилөөнү камсыздайт.
Намыстуу болуу: Жаман сөз менен жаман иштен алыс болуу.
Айбат: Башкаруучунун айбаты душмандарды коркутат,
каракчыны курутуп, урмат көрсөтүүгө себеп болот.
Жаман мүнөздөр
Башкаруучу дагы, жардамчылары дагы жаман мүнөздөн
узак туруулары керек. Жаман мүнөздүн он беши мына булар:
Зулумдук, билимсиздик, сараңдык, ысрапкорлук,
сөзүндө турбастык, жалганчылык, ушакчылык, жинденчээктик, текеберлик, бой
көтөрүүчүлүк, көралбастык, шашылчаактык, азил, керексиз күлүү, убаданы бузуу.
Башкаруучуну куруткан үч оору: Кайгы-капа, шалаакылык. Башкаруучу жахилдерден
узак туруусу керек. Жахил киши кантип билинет?
Мына бул сапаттары бар адамдын жахил экендиги
түшүнүлөт:
1- Бирге жүргөн жолдошторуна зулумдук кылат.
2- Өзүнөн төмөндүн акысын тебелейт.
3- Ойлонбостон сүйлөйт.
4- Өзүнөн үстөмдүк сезген кишиден бет бурат.
5- Дайым үстөм болгондорго карап, аларды жеңгиси
келет.
Жахил болгон адам дагы билимсиз болот. Мына бул
алты нерсе жахилдин билимсиздигине далил болуп саналат:
1- Ар нерсеге тез ачууланат.
2- Пайдасыз сөз сүйлөйт.
3- Татыксыз кишилерге жакшылык кылат.
4- Сырын жаят.
5- Ар кимди ишенимдүү деп эсептеп, ага ишенет.
6- Досун, душманын айырмалай албайт.
Кисранын жообу
Рум Кайсери (өкүмдары): «Кол астыңдагы өлкөңдү
кантип иреттүү башкаруудасың?» - деп Кисрадан сурайт. Кисра болсо минтип жооп
берет:
«Өлкөмдү сегиз нерсе менен тик кармап турам:
1- Чын айтып жатканда да, тамашалап жатканда да
жалган сүйлөбөйм.
2- Убада кылган жакшылыктын жана кылган коркутуунун
орундалуусунан эч качан баш тартпайт. Жакшылык убада кылган болсом убадамда
турам. Жаза бере тургандыгымды айткан болсом муну да ишке ашырам.»
3- Иштерди жүргүзүүдө кыйынчылыктарга алдырбайм,
оюн-күлкүгө берилбейм.
4- Катуулуктун жана ачуумдун таасири менен эч кимге
жаза бербейм. Ар күнөөлүүгө тарбия үчүн татыктуу жазасын берем.
5- Элге катуулук жана зулумдук көрсөтпөө менен өзүмдү
сүйдүрөм.
6- Кек жана ачуумду аралаштырбастан кол
астымдагыларга мамлекет башкаруусуна карата сый-урматтуу болууларын сиңирем.
7- Элимдин жуктаждыктарын камсыздоодо курмандыкка
баруудан тартынбайм, ысырапкорлук да кылбайм. Андан да ырахаттык деңгээлине
жетүүлөрү үчүн аракет кылам.
8- Керексиз сарптоолордон, бири-биринин акыларын жеп
коюудан ар кимди тыям.
Ачууну жеңүү
Чыңалган абалды өзгөртүү жана ачуу отун өчүрүү беш
нерсе менен мүмкүн болот:
1- Мындай учурда Жанабы Хактын ысымдарын зикир кылуу.
Себеби, Аллахты эстөө Аллахтан коркууга себепчи болот. Аллахтан коркуу болсо
таат жана кечирим сыяктуу жакшы сапаттардын өнүгүүсүн камсыздайт. Ушундайча,
Аллахты эстөө менен ачуунун оту тынчып, өчөт.
2- Күнөөлүүнү кечирүүнүн жана багыштоонун сооп
экендигин эстөө керек. Бул эстөө кишини соопко багыттайт, күнөөлүүлөрдү
кечиргенге Аллаху таала убада кылган Жаннат жакшылыктарына жетүүгө багыттайт,
ачууланууну кетирет, азоо напсини тебелеп, ээсин хузур болгон бир абалга
жетелейт.
3- Ачуусун кетирип, жумшактык көрсөтүү менен
кечиримдүү болсо, адамдардын өзүнө карата жакшы көрүү сезимин сактагандыгын
эстөө. Бул учурда адамдардын сүйүүсүнө жетүү жана алардын арасында сый-урматка
ээ киши болуу идеалы ачуулануу абалынын кетүүсүнө себеп болуусу мүмкүн.
4- Ачууланган кездеги абалдан башка бир абалга өтүү.
Мисалы, отурган болсо туруп кетүү сыяктуу.
Халифа Мамун ачууланганда дароо ал жерди таштап
чыгып, ачуусун жеңүүгө аракет кылчу!
5- Ачуулануунун акырында туура турчу өкүнүчтү, өч
алуунун жамандыгын жана жеңилдик менен кетирүүгө мүмкүн болбой турчу
натыйжалардын туула турганын ойлоо.
Башкаруучулар бул беш нерсени тынч замандарда
ойлонуп, өздөрүнө сиңиришсе, ачуулануу учурларында мунун бер турчу зыянды
ойлонушат да, ушундайча кек жана өч алууда аша чабуудан өздөрүн коргоолору
мүмкүн боло алат.
Тамаша жана азил
«Ар нерсенин бир уругу бар. Душмандыктын уругу –
тамаша жана азил», - дешкен. Абул-Фатх мындай дейт:
«Бир ишти кылып атканда ичиңе тажоо келип, оорлук
чөксө ошол кезде кылган нерсеңди бир нече убакытка ташта, өзүңдү демалдыр,
бираз тамашалаш, ушундайча маанайыңды бираз көтөр. Бирок, тамашалашууну тамакка
салынган туз сыяктуу ченей билишиң керек. Тамакка салынган туз ашыкча болуп,
тамакты даамын кандайча бузган болсо тамаша дагы дал ушундай. Артыгы зыян.
Абдан аз болуп калса көңүлүбүздүн маанайы ордуна келбейт. Тамаша көңүлүбүздөгү
тоңду жана ал ишке карата пайда болгон чаалыгууну кетире турчу даражада болуусу
керек.»
Саид бин Ас уулуна мындай деген:
«Эй, уулум, аз тамаша кыл! Себеби, тамашанын
керегинен артыгы кишинин кадырын түшүрөт жана жамандарды өзүңө каршы батымдуу
кылат.»
Тамашаны толук таштап коюу дагы дос жана
сүйгөндөрүңдүн душман болуусуна жана ак ниеттин кесилүүсүнө жол ачат.
Буга карап досторуңа, жолдошторуңа сукбат, үлпөт
жана маданий карым-катнаштарды улантууга себеп боло турчу мүнөздөгү тамашаны
таштаба, бирок, бул чектен чыгып кетүүдөн да сактан! Көп күлүү дагы
артыкча тамаша сыяктуу зуяндуу.
Өзгөчө башкаруучулар үчүн көп күлүү орундуу эмес.
Себеби, көп күлүү кишилердин айбатын кетирет, адебин азайтат. Мына буларга
маани бер:
1- Акырында кыйынчылыктарды күткөн иштердин башталышында
көрүнгөн жеңилдикке алданба!
2- Орундабай турчу нерсеңди убада кылба!
3- Капыстан маңдайыңа чыга турчу иштерге дыкат бол!
Маңдайыңа кокустан чыга калчу далай көп иштер болот. Буларга карата дайыма
дыкаттуу жана оор басырыктуу бол!
4- Жаза жана сыйлыктарды маалында бер! Бул нерседе
көңүл коштук кылба! Себеби, муну кечиктирүү кээ бир тоскоолдуктардын чыгуусуна
себеп болуусу мүмкүн.
5- Сөз бергенде сөзүңдө тур, сөзүңдө турбастыктан
сактан, убада кылган нерсеңди орунда! Себеби, сөзүндө турбоо жана убадасын
орундабоо башкаруучуну курутат.»
Кеңешип иш кылуу
Бир ишти кыларда аны билген кишиден суроо
«машварат» же «истишара» деп аталат. Курани каримде: «Кыла турчу ишиңди
алгач машварат кыл», - деген мааниде буюрулган. (Ал-и Имран 159)
Жакшы кишилер, улуу заттар макталып жатканда да
«Истишара кылып иш кылышат» делген. (Шура 38)
Хадиси шарифтерде мындай деп буюрулган:
«Истишара кылуу - өкүнүчкө каршы
чеп.» [И.Маварди]
«Кеңешкен киши өкүнбөйт. Кишини өкүнткөн
нерсе – өзүн пикирин бербестик.» [И.Маварди]
«Истишара кылган адам куру калбайт,
истишара кылган өкүнбөйт. Сарамжалдык кылган тарчылык чекпейт.» [Табарани]
«Бир ишти кылгысы келген адам ал ишти
мусулман бирөө менен кеңешсе, Аллаху таала ал иштин эң жакшысын ага насип
кылат.» [Табарани]
Кимдер менен кеңешүү керек?
Хазрети Адам алейхиссалам: «Иштериңерди истишара
менен кылгыла. Эгер мен тыюу салынган жемиш тууралуу периштелер менен истишара
кылганымда кайгыга дуушар болмок эмесмин», - деген. Ар ким менен эле истишара
кылынбайт. Истишара кылына турчу кишиде мына бул сапаттар болуусу керек:
1- Акылдуу болуусу керек!
Хадиси шарифте мындай делген:
«Акылдуу менен кеңешип аны уккан адам
туураны табат, укпаган өкүнөт!» [И.Маварди]
Дос болсо дагы жахил киши менен истишара кылуудан
сактануу керек, өзүн жактырган кишиден дагы узак туруу керек!
2- Тажрыйбалуу, ишинин адиси болуусу керек!
Себеби, бардык нерсе акылга, тажрыйбага муктаж.
Хадиси шарифте мындай делген:
«Чаралуу киши ишинин адиси болгон менен
кеңешип, ошого карай кыймылдайт.» [Абу Давуд]
«Хазрети Локман Хаким дагы уулуна мындай деген:
«Кыла турчу ишиңди алгач муну кылган, тажрыбалуу кишилерден сура! Себеби, алар
өздөрүнө кымбатка түшкөн туура пикирлерди сага бекер беришет!» [И.Маварди]
3- Илимдүү жана салих болуусу керек!
Хадиси шарифте мындай деп буюрулган:
«Аалым жана абиддериңер менен истишара
кылгыла! Өз оюңузга карата кыймылдабагыла!» [Таберани]
Хазрети Омар: «Аллахтан корккондор менен
истишара кылгыла», - деп буюрган.
«Курани каримде жана хадиси шарифтерде
таба албаган бир нерсе болсо кантебиз?» - деп Пайгамбарыбыздан суралганда, жооп
катары мындай деп буюрду: «Ал ишти аалымдар менен истишара кылгыла!» [Таберани]
4- Дос болуусу керек!
Дос болбогон кишилер жаңылыш маалымат берүүсү
мүмкүн.
5- Пикири кубаттуу, саламаттуу болуусу
керек!
Пикири чаржайыт, кайгылуу кишилердин көзкарашы так
болбойт.
Кеңеше турчу кишинин адамдардын абалдарын,
замандын жана өлкөнүн шарттарын билүүсү керек. Мындан башка акылы, пикири
кубаттуу, алдын көрө билген, атүгүл, ден-соолугу дагы ордунда болгон кишилер
менен истишара кылынат. Мындай сапаттары жок кишилер менен истишара кылуу күнөө
болот. Пайгамбарыбыз алейхиссалам асхабы менен истишара кылып, кээде бир иш
үчүн акыл, такыбаа, хикмат жана тажрыйба ээси болгон он киден сурачу. Бир ишти
бул беш сапаттагы он киши менен акылдашып кылууга аракет кылуу керек.
Акылдашкан адам
Хадиси шарифте:
«Истишара кылынган киши ишенимдүү киши,
өзүнө ылайык көргөнүн гана башкасына кеңеш кылат.» [Таберани]
«Акыл сураган кишиге атайылап жалган
айткан адам ага кыянаттык кылган болот.» [Ибни Жарир]
«Акылдашылган адам ишнимдүү адам. Билсе
айтат, билбесе унчукпайт.» [Кудаи]
«Акылдашкан адам жардамга жетет. Истишара
кылынган киши ишеничтүү.» [Аскери]
Башкача айтканда, анын туура айта тургандыгына
жана суралган нерсени башкалардан жашыра тургандыгына ишенген киши менен
акылдашат. Акылдашылган киши абадардын абалын, замандын жана өлкөнүн шарттарын
билүүсү керек. Бул «саясат билими» деп аталат.
Бул өзгөчөлүктөр жок киши менен акылдашуу жана
анын дагы жооп берүүсү күнөө болот.
Билбеген кишинин «билбейм» деп айтуусу илимден
болуп, чоң пазилет.
Истишара менен кылынган иш каталуу көрүнсө дагы
сурабастан кылынгандан жогору.
Өз көзкарашында туруп алган киши башка бир пикирге
муктаж болуудан өзүн эч качан куткара албайт.
Акылдашуу жолуна өзүн үйрөткөн адам болсо куруп
кетүүдөн коргонгон болот.
Даанышман заттар мындай дешкен:
«Истишара – туура жолду табуунун дал өзү! Кимде
ким өз көзкарашын жактырып, башка бирөө менен акылдашууга муктаж эмес экендигин
ойлосо жана кеңешти керек деп эсептебесе албетте кыла турчу ишинде ката болот»
Иштериңде кыйынчылыктарга кезиксең акылдуу кишилердин
пикирлерине кайрыл. Истишарадан качпа!
Өз көзкарашы менен жалгыз калып өкүнүч тартуудан
албетте дагы да жакшы.
Башкаруучунун акылдаша турчу кишилердин бардыгы
менен жыйналып жалпы кеңешүүсү орундуубу же ар бири менен жеке-жеке истишара
кылуусу орундуубу?
Истишаранын түрү
Арап, Фарс жана Хинд өкүмдарлары жалпы
акылдашууну, б.а., дайым жыйналып истишара кылууну тандашкан. «Жыйналуу аркылуу
истишара болуусу керек. Себеби, ар ким өз пикирин ачыктайт.
Бири-бирине карата моюндабастык, сын пикир жана
сөз талашуулар болот. Айтылган сөздөр далилденет. Жана да эң таамай пикир
баарынын бир добушу менен кабыл кылынат. Мындай истишара жалпысынан катадан
узак болот», - дешкен.
Рум жана Мысыр өкүмдарлары болсо жеке акылдашууну
тандашкан. «Өзү жалгыз болгон киши маселе тууралуу зээнинде пайда болгон чечим
түрүн эч бир таасир астында калбастан ортого коёт. Ушундайча өзүнчө-өзүнчө
бардык кеңешчинин өзүнө таандык пикирлери башкаруучу тарабынан алынган болот.
Бирок, жалпы кеңеште кишилерден биринин ортого салган пикири калган кишилерге
өз таасирин тийгизет жана калгандарынын ага баш ийүү ыктымалы пайда болот.
Ушундайча ар кимдин маселеге тийиштүү пикиринин ортого чыгуусуна мүмкүндүк
калбайт», - дешкен.
Түрк хакандары болсо абалга жараша кыймылдоону
тандап, «алгач жеке-жеке ар кимдин пикирин угуу керек, кийин баарын жыйнап
чоогу истишара кылуу керек» дешкен.
Башкаруу бир бакчага окшойт. Бакчанын ээси
күнү-түнү ал бакчаны карап, анын өнүктүрүлүүсүнө канчалык көңүл бөлсө жана бул
канчалык керектүү болсо башкаруунун дайыма тарбиясына көңүл бөлүү керек.
Бакчанын ээси бакчада пайда болгон ишке жарабас тикендерди, отоо чөптөрдү
тазалап, буларды бакчаны курчап турган чегине, дубалдарга жайгаштырат.
Ушундайча бакчадагы зыяндуу чөп менен тикендер тазаланып, түшүмдүн жемиштүү
болуусун камсыздайт. Айрыкча сырттан кире турчуларга тоскоол болот.