Ислам дини » Башкаруучулук » Башкаруучулуктун негизи




Башкаруучулуктун негизи


Илимди калоо, илим артынан жүгүрүү башкаруучулуктун негизи, фундаменти болуп саналат. Фундаменти жок бир имарат жыгылган уранды сыяктуу. Ар ишти ылайык болгонго тапшыруу керек! Бул үчүн башкарууңдагы адамдардын адамдык касиеттерин жана кабыл алуу жөндөмдөрүн жакшы тааны! Өткүнчү каалоолордун артынан жүрүүдөн баш тартсаң ар иште тууралык менен кыймылдоону жана ар ишти ээсине (ылайыгына) берүүдө ийгиликтүү болосуң.

Ушундайча кызматкерлер каалаганыңдай сага жардамчы жана дос болушат, орундалуусу үчүн тапшырган иштер орундалат, жоголбойт. Кол астыңдагылар сени жакшы тааныган сайын кедей жана алсыздар ырахаттык жана молчулукка жетишет, жаман башкаруучулардын зулумдук жана адилетсиздигинен корголушат, заалымдар зулумдуктарын ортого чыгара алышпайт, зулумдук көргөндөр болсо ишенимдүү бир жошоого жетишет.

Беш сезимге ээ болуу

Башкаруучу пайдасыз нерселердин артынан жүгүрүүдөн качса, башкарууда таамай пикирин ортого коюу мүмкүнчүлүгүн камсыздайт.

Напсин пайдасыз нерселердин артынан кайтарбаган адам беш сезимин тең карманууга күч таба албайт.

Беш сезимине ээ боло албаган адам тандалма жардамчыларга ээ боло албайт. Бар болгон кабылдоо жөндөмү бар жардамчылар жана бийик деңгээлдеги кызматкерлерине сөз өткөрө албаган башкаруучу убакыттын өтүүсү менен саясый таасирин жоготот. Бул үчүн алгач чоң душман болгон напсини, анын артынан дароо 5 сезимди колго алуу керек болот. Напсини жеңсе калган башкаруулар да жеңилдейт. Себеби, 5 сезим напсиге жардам берет жана адамды кооптуу каалоолорго жетелейт.

Беш сезимге керектүү нерсени кылуу керек.

1-Угуу сезими: Бир кийик аңчынын колуна түшүүдөн коркуудан дыкаттуу турганда уга турчу бир үн аңчыга каршы болгон дыкатын бузуп жиберсе аңчы келип кийикти кармайт.

2-Бир нерсеге тийүү сезими: Бир пилге кароолчу акырын жакындап, жумшак кармап сылайт. Пил болсо коргонуу үчүн кам көрбөйт, ал киши болсо үстүнө чыгып, пилди чөгөлөтөт.

3-Көрүү сезими:Чегиртке күн ысыгынан жашырынып жатканда күн нурун жагымдуу деп көрүп, буга алданып ортого чыгат. Ушундайча күндүн ысык табында куйкаланат.

4-Жыттоо сезими:Жакшы жыттуу жерлерге конгон гүл чымыны пилдин кулагынан чыккан жагымдуу жыт аны алдаганда ал жерге барып конот. Пил болсо кулагы менен чымынды чаап өлтүрөт.

5-Даам татуу сезими:Балык кайырмак учундагы жемге алданат. Жемди жейин дегенде кайырмакка илинет.

Бул беш сезимге ээ болгон адам напсине да ээ болот, саясаты дагы мыкты болот.

Бир өкүмдар айтат

«Өткүнчү оюн-зоок жана чер жазууларыбыз бизди маанилүү иштер менен алек болуудан алаксытты. Аскерлерибизге керектүү маани бербей турган болдук, айлыктарын азайттык. Жардамчыларыбыз азайды.

Өлкөдө жашаган адамдарга зулумдук кылдык. Зулумдугубуздан кутулуу үчүн баддуба кылышты (каргашты), ырахаттык орното турчу башкаруунун келүүсү үчүн жалбарышты. Булардын баарынан маанилүүсү ылайык болбогон адамдарды чоң кызматтар үчүн милдеттендирдик, маанилүү иштердин башына отургуздук. Мына ушундай улам эбегейсиз күчтүү мамлекетибиз жыгылды, мүлкүбүз чөктү.»

Акыл күйөө, напси болсо анын жолдошу, дене болсо алар жашаган үй сыяктуу. Акыл напсини жеңген сайын напси дененин кызыкчылыктарына туура келген иштерди жасайт. Эгер напси акылды жеңсе жаман нерселерди жасайт.

Бир башкаруучунун насааты

Акыны орунда, туура жолдон айрылба, билбеген нерсеңди сура! Напсинин каалоолорун ташта! Чыкдык белгилүү болгонго чейин эч бир ишти кичине деп көрбө, маанисиз көрүнсө да баары бир тыкыр мамиле кыл, Аллахтан корккон жана жоопкерчилик сезимине ээ таза кишилерди өзүңө жакын карма. Булардын ой-пикирлеринен пайдалан.

Эгер ушундай кылсаң бул аракетиң рухуңду кооздойт жана ийгиликтүү болосуң. Жалган жерге сага кылынган мактоолорду кабыл кылба, кошоматчыларды артка кайтар. Себеби, жалган жерге кылынган мактоо жана эки жүздүүлүк жыттанган кошоматтардын акыры жаман, жемиши ачуу болот. Мына ушуна да унутуп койбо, мактоолордун ичинде куулук жана пайда жатат. Сырларыңды сырдашыңан башкаларга ачпа!

Куулугун сезген кишиге эч качан ишенбе! Колуңан келбей турчу ишке киришпе, кыла албай турчу ишти убада кылбы! Кайырлуу бир ишке киришкенде шашыл. Жаман иште шашылба! Башкаларга мээримдүүлүк кыл, Жанабы Хак дагы сага мээримдүүлүк кылсын!


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш