Досубуз күнөө жана кемчиликтерин токтотпой жаткан
болсо абалын өзгөртө турчу түрдө жакшы насаат айтуу керек. Эгер досубуз илим
ээси болсо катасын ашкерелебөөбүз керек. Хадиси шарифте мындай деп бюрулду: «Аалымдын
жаңылуусунан улам аны менен болгон байланышты үзбөгүлө! Түзөлүүсүн күткүлө!»[Бегави]
Хазрети Омардын Шамда бир досу бар эле. Келгендерден сурады.
«Шайтанга дос болду. Күнөө кылууда», - дешти. Бирөөнө: «Кетерде мага жолук», -
деди. Хазрети Омар ага бир кат карматты. Катта Мумин сүрөсүнүн алгачкы
үч аяти каримасын жазып, керектүү насааттарды билдирди. Аяти кариманын
маанисинде «Аллаху тааланын бардык нерсени билгендиги, күнөө кылгандар тообо
кылса тообосун кабыл кыла тургандыгын жана азабынын катуу экендиги» билдирилген
эле. Шамдагы досу катты алып окуганда ыйлады. «Аллаху таала сөзүндө туура.
Омар дагы мага насаат кылды», - деп тообо кылып, күнөөлөрүнөн баш тартты.
Эки достон бирөө бузулгандыктан «Эми бул досуңан
баш тарт! Себеби, ал адашты», - дешти. Досу болсо : «Досум анык азыр мага
муктаж. Мындай бир убакта досту таштап кетүү достукка жарашпайт. Анын оңолуусу
үчүн аракет кылам. Аллаху таалага оңолуусу үчүн дуба кылам», - деди.
Достун жаңылышы жана каталарынан улам аны таштабоо
керек. Насаатыбыздын жардамы менен тообо кылып, мурунку абалына кайтышы мүмкүн.
Эгер андан бет бурсак күнөө менен, жамандык менен жалгыз калтырган болобуз.
Доско карата опаа дегендик – муктаж абалында ага жардам берүү.
Достун диндеги муктаждыгы мал-оокаттагы муктаждыгынан
да көп. Аны менен бирге болгондо күнөө кылуудан уялышы мүмкүн.
Достук жакын туугандык сыяктуу. Уулубуз, бир
тууганыбыз бир күнөө кылса аны такыр таптап койбойбуз. Досту дагы катасынан
улам таптакыр таштап коюу ылайык эмес.
Жаман адам менен достук куруу туура эмес. Бирок,
досубуз жаман болсо аны таптап салуу да туура эмес. Досубуздун кемчиликтерин
жүзүнө уруу мамилебиздин бузулуусуна себеп болот. Шайтандын каалаганы да мына
ушул. Ошондуктан, шайтандын каалаганын кылбоо керек, досубуздун кемчилигин жашыруубуз
керек! Досубуздун бизге карата болгон каталарына келе турган болсок муну кечиришибиз
керек! Атүгүл, катасын түшүнүү менен, кечирим менен кабылдоого аракет кылуубуз
керек!
Досубуздун бизге карата болгон бир кемчилиги үчүн
жетимиш кечирим себеп издөөбүз керек. Эгер анда да ыраазы боло албасак
кемчиликти өзүбүздө издөөбүз керек. Өз өзүбүзгө «Сен кандай таш боор адамсың!
Досуң сага жетимиш кечирим себеп тапты. Сен алигиче кемчилик издөөдөсүң»
дешибиз керек.
Эгер чындап досубуз кечирим тилеген болсо дароо кечирүү
керек. Себеби, Имам Шафии хазреттери: «Көңүлүн алууга аракет кылса да ыраазылык
көрсөтпөгөн шайтан», - деген.
Хадиси шарифте болсо «Достун кечиримин кабыл
кылбоонун чоң күнөө экендиги» билдирилүүдө. Дагы бир хадиси шарифте: «Момун
тез ачууланат, таз элдешет», - деп буюрулду. Эч ачууланбайт делген жок.
Аллаху таала дагы Ал-и Имран сүрөсүндө «Ачуусун
жеңгендерди» мактоодо. Жакшы адамдын жаман сөздөрүн кечирип, жаман адамдын
жаман сөздөрүнө маани бербестен ал жерде алыстоо керек. Балким бир күнү дос
болуп, айткандарыбыздан, кылгандарыбыздан уялып калашыбыз мүмкүн. Дайыма аша чабуудан
алыс болуу керек.
Досубузду ар түрдүү чабуулдан коргообуз керек.
Биздин артыбыздан досубуз биз тууралуу кантип эскерүүсүн кааласак, биз дагы
анын артынан ошондой эскерүүбүз керек! Досубузга каршы сүйлөп жатканда
досубуздун парда артында бизди угуп турганын же биз сүйлөшкөн жерге бирөө
диктофон жашырып койгондугун, бирок, муну биз билбеген бололу деп кабыл кылсак
досубуз тууралуу кантип сүйлөшүүбүз керек экендиги дагы жакшы түшүнүлөт.
Досубузду өз ордубузга коюп, өзүбүз тууралуу эмне
айтылуусун кааласак ал тууралуу да ошондой сүйлөшбүз керек!
Булар бир гана дос үчүн эмес бардык мусулмандар
үчүн ушундай. Өзү үчүн туура көргөндү дин боордошу үчүн дагы туура көрүш керек.
Доско карата ыкластуу болуп, ичи тышына төп келген болуусу керек. Достук акысы
өтө маанилүү. Хадиси шарифте: «Коңшуң менен жакшы коңшулук кыл, мусулман
болосуң! Досуң менен жакшы достук кыл, момун болосуң» - делген. [Тирмизи]