Ислам дини » Башкаруучулук » Ийгиликтүү жана ийгиликсиз адам




Ийгиликтүү жана ийгиликсиз адам


Суроо: Ийгиликтүү жана ийгиликсиз адам тууралуу интернетте бир макала жүрөт. Ал макалада: "Ийгиликтүү адам сөз берет, ийгиликсиз адам убада берет”, – деп айтылууда. "Ийгиликсиз адам өткөнгө багытталып ойлонот, ар дайым алек” деген сыяктуу сөздөр айтылууда. Булар туурабы? 

ЖООП: Убада берүү – сөз берүү дегендик. Сөз берүүнүн ийгилик менен эч кандай байланышы жок. Эгер сөз берип, бирок, сөзүнө турбаса мунун эмнеси ийгиликтүү болсун?

Өткөнгө багытталып ойлонуу жаңылыш нерсе эмес. Жасаган иштеринин эсеп-кысабын жүргүзүү жасай турган иштеринин ийгиликтүү болушу учун пайдалуу. Келечекке багытталып ойлосо, бирок, туура эмес ойлосо, ал келечекке багытталган деп туура болуп эсептелеби?

Макалада "Ийгиликтүү адам көп иштейт, ийгиликсиз адам дайыма алек (бош эмес) болот” деп айтылууда. Бул кудум сөз оюну сыяктуу, көп иштөө менен алек болуу башка нерсе катары көрсөтүлгөн. Көп иштейт, бирок, керексиз жумуштарда иштесе баары бир жаман. Эгер пайдалуу иш болсо дайыма алек болуу жаман эмес. Дайыма бош жүрүү жаман. Бош жүргөн адамды шайтан азгырат. Албетте, жакшы иштер менен алектенүү керек.

Ийгиликтин сырын жогорудагыдай бир нече сөз же сүйлөм менен айтуу мүмкүн эмес.

Даанышман заттар ийгиликти: "Акыретте жараган нерсе”, - деп жыйынтыкташкан. Ийгиликке байланыштуу өзүбүздүн көз карашыбыз эмес улууларыбыздын сөздөрү маанилүү. Эми алардын айрымдарына токтоло кетели: 

Ийгиликтүү адамдардын кээ бир сапаттары төмөнкүлөр: 

Күлөр жүздүү, тили таттуу жана саясаты жакшы. Жакшы саясат – баарынын ыраазы болуусу дегендик. Күлөр жүз, таттуу тил бизди да коргогон жана душманыбызга да зыян келтирбеген, тескерисинче, аны сергиткен өтө жакшы мүнөз.

Азыркы адамдарга бериле турган эң жакшы белектин күлөр жүз менен таттуу тил экени белгилүү. Ачууланбайт, эч катуулук көрсөтпөйт. Күлөр жүз менен таттуу тил – доорубуздун жихады жана ийгиликтин сыры. Көптөгөн адамдар ачуунун булагы. Чыр-чатактар, кылмыштар, үй-бүлөдөгү жагымсыздыктар баары ушундан.

Ыймандуу, адилеттүү, чынчыл жана жан аябас. Биримдикке маани берет, максатын жакшы тандап алат.

Напсин тарбиялап, чиритет. Урукту жерге таштаганда ал чиримейинче дарак өнбөйт. Напси урукка окшойт. Напсибиз чиригенде мөмө берет. Мындай адамды баары жакшы көрөт.

Күнөөлөрдөн сактанып сабыр кылат, ар бир адамга жакшылык кылат.

Кичи пейил. Кичи пейилдик көрсөткөн адамды Аллаху таала көтөрөт. Ал кичи пейилдик кылган сайын ошончолук көтөрүлөт. Текеберлердик кылган адамды басынтат. Ал текебердик кылган сайын эл аны ошончолук төмөн көрөт. Айрыкча Кыяматта кыйынсынгандар жана текеберлер тебеленип, кордолот.

Дин улууларыбыздын жолуна жармашат. "Кийин кылам дегендер, ишин кийинкиге калтыргандар куруду” хадиси шарифин билет, ишин кечиктирбейт, эртеңкиге калтырбайт.

Арага кийин киргенде ал иш калып кетти дегендик. Анткени, унутуп калабыз, кандайдыр бир тоскоолдук чыгат, оору болот, өлүм болот, кайра ал ишти кыла албайбыз.

Жүрөгүн Аллаху таалага каратат жана күлөр жүздүү болот. Бул экөө – ийгиликтин сыры.

Бактылуу, хузурлуу жана дени сак болууга аракет кылат.

Истишаранын (кеңешүүнүн) маанилүүлүгүн билет жана сурабастан бир нерсе кылбайт. Өзүм билемдик менен иш кылбайт, маселенин адистери менен кеңешет.

Ийгиликтин сыры – кылуу эмес, суроо.

Эч кимдин көңүлүн оорутпайт. Бир кызматты, бир ишти кылып жатканда ушак-айың менен, жалаа менен, талаш-тартыш менен жана катуулук менен эч кимдин көңүлүн оорутпайт. Адамдардын көңүлүн сындырып, кул акысына киргенден кийин кылган жакшылыктардын эч кандай пайдасы болбойт. Соопторубуз акы ээлерине берилет. Эгер бул жетпесе, алардын күнөөлөрүн жүктөнөбүз. Мына ушул нерсе анык жоготуучулук деп аталат.

Дайыма "Жеңилдеткиле,  кыйындатпагыла” хадиси шарифине ылайык кыймылдайт.

Кандайдыр бир ишти кылаарда, сунуш алып келээрде жаңы альтернативаларды даярдайт. Ар дайым жаңы жагдайларга ылайыкташат.

Мыйзамсыз эч кандай иш кылбайт.

Баарына жакшы мамиле жасайт, сыйлуу, адептүү.

Эч ким менен талашпайт. Талаш-тартышка киришпейт, талаштын достун достугун бузуп, душмандын кастыгын арттырарын билет.

Кыска жана так сүйлөйт, иштин созулуп кетишине жол бербейт.

Ийгиликтерин Аллаху тааладан, ийгиликсиздигин күнөөлөрүнөн билет.

Ким туураны, чындыкты айтса да кабыл алат. Айтканга эмес, айтылганга маани берет.

Укканды билет. Ишти билген эмес, жарайт, макул деп айта алган баалуу. Тил албаган адам таланттуу болсо да, ийгиликтүү боло албайт.

Шашылбайт. Шашкан адам ката кетирет. Жай жана этияттык менен кыймылдап, же максатка жетет же максатка жакындайт. Шашылуу шайтандан. Этияттык Рахмандан.

Эгер ийгиликтүү адам башкаруучу болсо:

Бардык ишти өзү жасаганга аракет кылбайт, мунун туура эмес экенин билет. Кызматкерлерге толук укук берет. Ушундай толук укук менен иштегендер ийгиликке жетет.

Ар кимдин пикирин сыйлап, сабырдуулук менен угат. Акырында туура болгон нерсени айтат.

Кызматкерлердин сунуштарын орунсуз болсо да жактыруу менен  тосуп алууга аракет кылат.

Жумушту татыктууга берет.

Кызматкерлерден мурда өзүн тартипке келтирет. Башканы оңдогусу келген адамдын биринчи кезекте өзүн оңдоосу керектигин билет. Өз напсин тарбиялай албаган адам башканыкын эч тарбиялай албайт.

Эки тарапты тең укпай туруп чечим кабыл албайт.

Ал өзүнүн айланасындагыларга, башкача айтканда, кол астындагыларга орой болбойт, олуттуу жана март болот.

Кечирим сурагандын кечиримин кабыл алат.

Максат берүү. Лидерлик – берүү өнөрү. Ийгиликтин сыры - берүү. Алууну ойлогон адам жоготот.

Орундуу жана зарыл деңгээлде кийлигишет. Өтө көп кийлигишүү ийгиликке тоскоол болот.

Жөндөмдүү, жакшы башкаруучу адамга жараша ылайыктуу жумуш берет. Анын өзүнөн өзү иш кылуусун күтпөйт.

Текебердик кылбайт. Өзүнүн кол астындагыларга карата текеберленген адам алсыз жана маанисиз. Алсыздар текебер болот.

Кол астындагыларга өзүн сүйдүрөт. Эгер кол астындагылар аны сүйбөсө, андан тартынса, ылайыктуу сунуштарды айта албаса анда ал башкаруучуну жакшы деп айтууга болбойт.

Ар дайым энтузиазмды сактап турат. Адамдарды иштетүүнүн негизги шарты — энтузиазмды кетирбөө.

Жогорудагыларды орундабаган же орундай албаган адам да ийгиликтүү боло албайт.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш