Ислам дини » Башкаруучулук » Эмгектенүүнүн жалпы принциптери




Эмгектенүүнүн жалпы принциптери


Проф. др. Али Фуат Башгилден кеңештер.

Иштөөнүн жалпы принциптери:

Ар бир жумуштун жана кесиптин өзүнүн структурасына таандык эмгектенүү жана иштөө усул жана эрежелери бар. Муну кесип эээлери билет. Ошондой эле, физикалык жана интеллектуалдуу ар түрдүү иш жана иштөөнүн жана ийгиликтүү болуунун кээ бир жалпы жана реалдуу эрежелери бар. Алардын айрымдары төмөнкүлөр:

Иштөө үчүн ылайыктуу убакытты күтпөңүз. Ар убакытты иштөө үчүн ылайыктуу деп билиңиз. Эгер өзүңүз үчүн ылайыктуу убакытты күтсөңүз ал эч качан келбейт.

Иштөө үчүн ылайыктуу жерди издебеңиз. Ар бир жерди иштөө үчүн ылайыктуу деп билиңиз. Эгер өзүңүз үчүн ылайыктуу жерди күтсөңүз, ал жерди эч качан таба албашыңыз мүмкүн.

Бир күндө жана бир убакта аткарууңуз керек болгон бир ишти, сабакты, милдетти [ибадатты] эртеңки күнгө калтырбаңыз. Анткени, ар бир күндүн жумушу өзүнө жетет. [Хадиси шарифте: "Эртең кылам дегендер куруду”, -  деп айтылган.]

Бир убакытта жалгыз бир ишти гана кылыңыз, жалгыз бир сабактын, бир китептин, атүгүл, бир теманын үстүндө гана иштеңиз. Ошондо оюңуз жана күчүңүз чаржайыт болуп кетпейт жана алсырабайт. Бир убакта бир нече жумушту аткарам деген адам алардын бирин да толук жана таза аткара албайт. Дүнүйөдө эң атактуу жана эң улуу Ислам аалымдарынан Имам Газалиден "Ихя-и Улум” аттуу керемет китебин кандай эмгектенүү аркылуу ишке ашырганын сурашты. "Мен бир убакта бир гана теманын, бир гана маселенин үстүндө иштедим”, - деп жооп берген экен.

Баштаган бир ишиңизди бүтүрбөстөн башка ишти баштабаңыз. Жарымында үзгүлтүккө учураган бир иш башталбаган дегендик.

Бир күндүн ишин (сабагын, милдетин) бүтүргөндөн кийин, эртеси күнү эмне кыла турганыңызды чечиңиз же жок дегенде ишти баштаардын алдында кайсы иштин (сабактын, китептин) үстүндө иштей турганыңызды ойлонуп чечиңиз жана иштөөгө бул чечим менен отуруңуз.

Бир ишти баштаардан мурун, бир сабакты үйрөнөөрдөн жана бир китепти окуурдан мурун ойлонуңуз жана ал үчүн керектүү нерселер жаныңызда жана колуңузда болсун. Ошондо улам-улам калем, кагаз издеп алаксып калбайсыз.

Ишке отурганда алдыңкы сапта душманды карап турган жоокер сыяктуу сергек болуңуз жана кунт коюп, бардык рухий жана физикалык күчүңүз менен ишке берилиңиз, ошол ишке көңул буруңуз. [Ишти өзүңүзгө душман деп билиңиз, сиз аны жакшы бүтүрбөсөңүз ал сизди жаман бүтүрөт.]

* Бир жумушту баштаардан мурун ал жумушту эң кыска мөөнөттө, эң оңой жана эң таза жол менен кантип аткарууга, кантип үйрөнүп изилдөөгө болорун жакшылап ойлонуп эсептеп алыңыз. [Плансыз, программасыз, долбоорсуз бир ишти баштаган адамга акылсыз делбейби? Ислам аалымдары: "Туура себепке жармашкан адам туура натыйжага ээ болот”, - дешкен.]

Иштеген бир маселеңиздин үстүндө кандайдыр бир кыйынчылыкты жеңбей туруп бир кадам да артка чегинбеңиз. Жакшы билип коюңуз, коркоктук - маскалуу жалкоолуктун бир түрү. Дагы билип коюңуз, эмгектенүү сүйүүсү кыйынчылыктарды жеңүүдөн пайда болуп, күчтөнөт. Кыйынчылыктарды жеңүүдөн келген руханий рахаттык – теңдешсиз рахаттык. Ишенип коюңуз, согушта жеңиш жана жумушта ийгилик тажабастан сабыр менен уланткандыкы. Кайраттуулуктун алдында  кыйынчылыктар жоюлат жана мүмкүн эместей көрүнгөн нерселер мүмкүн болуп калат.

* Жумушуңузда өзүңүз кабылган бир кыйынчылыкты алгач бөлүктөргө бөлүңүз. Ар бир бөлүктү бирден жана ирети менен жеңүүгө аракет кылыңыз. Бул үчүн, мисалы, бир сабакты, китепти анын эң жөнөкөй элементтерине, бөлүкчө жана темаларына бөлүп чыгыңыз. Кезек менен теманы терең жана толук түшүнбөй, үйрөнбөй туруп кийинки темага өтпөңүз. [Ансыз деле күн сайын тамактанууда ушундай кыласыз. Тамакты майдалап бөлүп, ууртамдап ичесиз. Бүтүднөй бир алманы дароо жутуу мүмкүнбү? Муну эмгек жашооңузда да колдонуңуз.]

Туруктуу жана иреттүү иштеңиз. Күн сайын бирдей убакыттарда жумушка отуруңуз. Ишти узак аралыкта калтырып, үзгүлтүккө учуратпаңыз. Эгерде оорулуу эмес жана чарчабаган болсоңуз дем алыш күндөрү да жай жана бир аз болсо да иштеңиз. Ошондо иштөө көнүмүшүңүз начарлап кетпейт жана кайра жумушка киришип кетүүгө кыйналбайсыз.

Эгер бир жумуштан чарчасаңыз, эс алуу үчүн жумушуңузду өзгөртүңүз жана иштөө ыргагыңызды жайлатыңыз. Бирок, демалам деген шылтоо менен эч качан бош отурбаңыз. Бош отургандын ичи иштебеген темир сымал дат басат. [Агып турган суу кирдебейтт, токтоп турган суу кир болот, оору пайда кылат.]

Көп ойлон. Жакшы билип коюңуз, Иштөө сөзсүз эле кыймылдап, окуу жана жазуу дегенди билдирбейт. Ойлонгон адам шахталарда казып жаткан жумушчуга караганда көбүрөөк иштейт дегендик.

* Жемиштүү иштөөнү жумушка жумшаган убактыңыз менен өлчөп, "эх, мен бүгүн мынча саат иштедим, жетиштүү” дебеңиз. Иштин жыйынтыгын жана эмнени үйрөнгөнүңүздү караңыз. [Пайдалуу иштөө - убакытты толтуруу эмес, убакытты үнөмдүү кылуу, тагыраагы, дүнүйө жана акыретте пайда ала турган натыйжаларга жетишүү.]

* Интеллектуалдык жумуштар үчүн бирдей сааттарда, туруктуу жана иреттүү түрдө күнүнө эки же үч саат да жетиштүү. Философ Ибни Сина дүнүйөгө атагы чыккан "Китаб-уш-шифа” китебин күнүнө багымдат намазынан кийин Багдаддагы бир мечиттин чоң чырагынын астында отуруп, кушлук убагына чейин, башкача айтканда, болжол менен эки сааттай иштөө аркылуу жазган. Атактуу англис философу Спенсер өзүнүн эмгектерин күнүгө эки саат иштөө менен жазган. Жыл сайын миң, миң эки жүз барактык китеп жазган француз адабиятчысы Эмиль Золадан ийгилигинин сырын сурашты. Ал: "Күнүнө болгону үч саат гана иштеп, жазамын”, - деген эле.

Сабыр кылыңыз, тамчы-тамчы көл болот, бир эле жерге түшкөн тамчылар убакыттын өтүшү менен ташты да тешет.

*Бир ишти, сабакты, китепти баштаганда шашылбаңыз жана чыдамсыз болбоңуз. Бир калыпта тынч жана тайбас болуңуз. Жол арбытыңыз, бирок, шашпаңыз. Сиңирүү менен эмгектениңиз жана үйрөнүңүз.

Ишиңизде жана сабагыңызда кандайдыр бир идеяны жана ойду төмөн көрүп, кайдыгердик кылбаңыз. Кичине шалаакылык кээде чоң зыян алып келээрин унутпаңыз.

Кечинде уктаарда өзүңүздү эсепке тартыңыз, ал күнү эмне кылганыңызды караңыз, эртең эмне кылаарыңызды аныктабастан уктабаңыз.

Күн сайын жакшы бир китептен беш-он барак үн чыгарып окуңуз. Мунун жардамы менен сүйлөшүү жана сөз сүйлөө жөндөмүңүз жакшырат.

Сиз жолуктурган кээ бир акылман сөз айкаштарын жаттап алыңыз. Ошентип сөз байлыгыңыз байып, эске тутууңуз да күчөйт.

Сиз окуган бир сабактын же китептин темаларын бүтүргөндөн кийин китепти жаап, окугандарыңыздын кыскача мазмунун жазыңыз. Бир сабакты же китепти эң жакшы түшүнүүнүн жана үйрөнүүнүн жолу - жазуу жана конспект алуу менен окуу.

* Досторуңуз менен бир сабактан үйрөнгөн же китептен окуган темаларыңызды жатка талкуулаңыз. Ошентип акылыңыз да иштейт, үйрөнгөн нерсеңиз да сиңген болот, эс тутумуңуз да күчөйт; туура сүйлөө жана оюңузду так айтуу адатына да ээ болосуз.

* Көңүл буруңуз! Сөздөрүңүз жана тексттериңиз кыска, так жана түшүнүктүү болсун.

Окуган китебиңизде жолуктурган сонун бир параграфты жана оригиналдуу идеяны орду жана бетин белгилеп, жазып алыңыз. Ушундай жол менен чогулткан жазууларыңызды файлга, квитанция кутусуна ирети менен жайгаштырыңыз. Сиз бир макала же китеп жазгыңыз келген учурда бул жазуулар сиз үчүн бай материал болот.

* Кандайдыр бир темада макала же китеп жазууну чечкениңизде алгач ошол темада жазылган китептерди окуп чыгыңыз. Ошондо ар ким билген нерселерди кайталап өмүрүңүздү текке кетирбеңиз.

Интеллектуалдык жумуштун ар бир адамдын темпераментине жараша өзгөрүп турган жемиштүү жана баалуу сааттары бар. Бул сааттар адамдан адамга ар кандай болушу мүмкүн. Таң эрте болушу мүмкүн, кээ бирлерде күндүз, кээ бирлерде түнү болушу мүмкүн. Өзүңүздү караңыз, сиздин баалуу сааттарыңыз кандай болсо, аларды кандайдыр бир көңүл ачуу үчүн коротуп, өткөрүп жибербеңиз.

[Иреттүүлүк жана тартип ээси болуу үчүн намазды үзгүлтүксүз окуу керек. Намаз адатыңыз башка иштериңизди да иреттүү кылат.]

 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш