Башкаруучунун максаты — мекеменин
(уюмдун) максатын ишке ашыра турган атмосфераны түзүү болушу керек.
Башкаруучу кызматкерлерди
таасирлентип, дем берип, мотивациялай алышы керек; иштерге багыт бере билиши
керек, бир ишти жакшыраак аткарууга мүмкүндүк берген сунуштарга дайыма ачык
болушу керек, эски ыкмалардан да натыйжалуу боло турган жаңы жолдорду издеши керек.
Башкаруучу үчүн зарыл болгон
айрым өзгөчөлүктөр:
1. Ой жүгүртүү жөндөмүнө ээ болушу керек.
2. Өз оюн эркин билдире алышы керек. Ойдо калган, айтылбаган эң мыкты
идеянын баасы жок.
3. Кызматкерлерин тийиштүү түрдө башкаруу үчүн өз тармагында жетиштүү
техникалык билимге ээ болушу керек.
4. Активдүү болушу
керек, пассивдүү болбошу керек. Жаңыланууларга ыңгайлаша алышы жана
маанилүү иштерди аткара алышы керек.
5. Чынчыл болушу керек. Кызматкерлеринин жана башка
адамдардын ишенимине ээ болушу шарт.
6. Рухий жактан да туруктуу болушу керек. Жеке
көйгөйлөрүн жумушунан тышкары (жумушка аралаштырбай) кармай алышы керек.
7. Адамдар арасындагы мамилелер боюнча жөндөмдүүлүгү болушу керек.
8. Уюштуруучулукка ээ болушу керек, башкача айтканда,
иштерди алып бара алгыдай болушу керек.
9. Адамдарды сүйө билиши керек. Сүйүүсүз бир ишти аткаруу өтө оор.
Кызматкерлердин арасында сүйүү болсо ийгилик келет. Асхабы кирамдын ийгилигинин себеби – бири-бирин сүйүүлөрү эле.
10. Оңой кабарлашуу мүмкүнчүлүгү болушу керек.
11. Түшүнүү жана сезүү жөндөмү болушу
керек, кызматкерлердин чыныгы муктаждыктарын көрө алышы жана бул
муктаждыктарга жооп бере ала турган өзгөчөлүккө ээ болушу керек.
12. Адегенде өзүн таанып билиши керек. Адам өзүн кандай болсо ошондой
кабыл ала алса, көптөгөн көйгөйлөрдү чечет. Өзүн кандай болсо ошондой кабыл
алган адамдын башкалардан күткөн баалоосу жана алар тарабынан кабыл алынуу
сезимине болгон умтулуусу да олуттуу өлчөмдө азаят. Өзүн кандай болсо ошондой
кабыл ала албаган адам болсо дайыма баа алуу аракетинде болот.
13. Зээндүү, толеранстуу болушу керек.
14. Окуяларга объективдүү карай алышы керек, ишендирүү жөндөмү болушу
керек, чечим чыгарууда сезимдерине жеңилип калбашы керек, акылды үстөм кылышы
керек, адилеттүү чечим чыгарышы керек, башкача мамиле жасабашы керек. Чыгарган
чечими ачык жана оңой түшүнүлүшү керек.
15. Компанияга (фирмага) берилген болушу
керек. Компания бир үй-бүлө болуп эсептелет. Ошондуктан, жумуш ордун
жөн гана киреше булагы катары көрбөшү керек. Компаниянын кызыкчылыгын өз
кызыкчылыгынан мурда ойлошу керек.
16. Ырайымдуу болушу керек, кечире билиши керек.
17. Эки тарапты тең укмайынча чечим чыгарбашы керек.
18. Кандайдыр бир пикирге бекем карманып туруп албоосу керек.
19. Сындабашы керек, ачууланбашы керек, сабырдуу жана оор
басырыктуу болушу керек.
20. Ар кимге сый көрсөтүп, жакшы мамиледе болушу керек.
21. Кызматкерлер менен чектен тыш эркин (илең-салаң) болбошу керек, олуттуу
болушу керек.
22. Өзүн жогору көрбөшү керек, текеберленбеши керек.
23. Кыска жана так сүйлөшү керек, ишти создуктурбашы
керек.
24. Ишине ээ болушу керек, пайда жана зыяндын кайдан
келгенин билиши керек.
25. Өзүнө ойлонууга убакыт бөлүшү керек.
26. Убада бербеши керек, эгер убада берилсе сөзсүз аткарышы керек.
27. Берген ишинин жыйынтыгын талап кылышы жана алышы
керек.
28. Кечирим сурагандын кечиримин жөндүү болсо кабыл алышы керек.
29. Өзүн сөзү жана абалы менен сүйдүрө билиши керек. Жылуу жүздүү жана
таттуу сөздүү болушу керек.
30. Чыккынчылыкка жол бербеши керек, чыккынчыны
кечирбеши керек.
31. Кызматкерлерге карата жаман ойдо (күмөндө) болбошу керек, жакшы ойдо болушу керек жана кеңири ыктымалдыктар менен ойлоно билиши керек.
32. Ушундай мамиле кылышы керек,
кызматкер костюмун жек көрүүсүнөн
улам эмес, сүйүүсүнөн улам топчулоосу керек.
33. Кызматкер анын кабинетине (бөлмөсүнө) эркин кире алышы
керек, анын жанына келүүдөн тартынбашы керек.
34. Ийгиликтерин дайыма Аллаху тааладан, ал эми жеңилүүсүн (ийгиликсиздигин) күнөөлөрүнөн деп
билиши керек.
35. Кызматкерлер ката кетиргенде күнөөнү өзүнөн издеши керек жана: "Эгер мен
жакшы болгонумда алар ката кетирмек эмес”, - деши керек. Башкаруучу ачууланбайт, таарынбайт, жылуу жүздүү, таттуу сөздүү, сабырдуу болот.
Кечиримдүү жана эң көп эмгектенген болушу керек.
Кызматкерлердин жеп-ичкенинде кымындай кызыкчылыгы болбошу керек. Алардын Тозокко баруусуна себепчи болбошу
керек. Ар бир сүйлөгөн сөзү Ахл-и сүннөт аалымдарынын китептеринен алынган
болушу керек. Бул заманда атактуу болбоо, көзгө урунбоо, фитнага себеп болбоо
керек.