Достук


Ар нерсени айтып доско жүк болбоо керек! Мүмкүн болгончо өз муктаждыгын андан жашыруу керек!

Андан байлык-бийлик сурабоо керек. Дайыма жакшы гана кабар айтып, жаман кабарларды айтпоо керек. Ага карата ашыкча урмат жана керексиз кызмат кылуу менен ага ыңгайсыздык алып келбөө керек. Кээ бири: "Адам өзү кылбаган нерселерди достон күтсө ага зулумдук кылган болот. Өзү кыла ала турган нерселерди да андан күтүү ага кыйынчылык кылгандык болот”, - деп айтышкан.

Дагы айтышты: "Досторунун жанында өзүн демейдеги абалынан жогору сезген адам өзү күнөөгө киргендиги сыяктуу досторун да күнөөгө түрткөн болот. Бирок, демейдегиден өзүн жөнөкөй алып жүргөн адам өзү саламаттыкка жеткендиги сыяктуу досторунун саламаты үчүн да себепчи болот.”

Жунайд-и Багдади хазретлери айтты:

"Эки дос бири-биринен тартынып турган болсо сөзсүз бирөөсүнүн кемчилиги бар.”

Хазрет-и Али айтты:

"Достордун жаманы сен үчүн ашыкча убарачылык тарткан жана сени мударага, кечирим суроого мажбур кылган дос.”

Жафер-и Садык хазретлери айтты:

"Досторумдун арасынан мага эң көп кыйынчылык алып келгени – мен үчүн ашыкча эле убарачылыкка түшкөнү, ошондуктан, мен андан тартынам. Эң көп сүйгөн досум жалгыз жүргөндө кандай абалда болсом аны менен чоогу болгонумда да абалым өзгөрбөгөн адам.”

Эң жакшы дос – күнөө кылганыбызда биз үчүн истигфар кылган, ката кылганыбызда кечирим сураган, кыйын абалда калганда бизге жардам кылган жана бизге жүк болбогон дос.

Фудайл бин Ийад хазретлери айтты:

"Эки достун айрылып калуулары ашыкча убарачылыктарга киргендиктен улам болот. Досун зыярат кылганы барганда досу тараптан ашыкча кыйынчылык, убаракерчилик байкалса андан кийин аны зыярат кылууга барбай турган болот.”

Жунайд-и Багдади хазретлери айтты: (Муктаж нерселерибизди таап бере турган, кыйынчылыгыбызга чыдай турган дос издебөө керек. Тескерисинче, өзүбүз алардын муктаждыгын чечип, кыйынчылыгына чыдай турган адамдар менен Аллах үчүн достук куруу керек. Аллаху Таала Муса алейхиссаламга айтты: "Мага баш ийген досторуңдун кыйынчылыктарына чыдап, аларга көралбастык кылбагандардын достору көбөйөт.” (Имам Газали)

Адам досторун дайыма өзүнөн жогору көрүүсү керек. Хадиси шарифте: "Өзүнө ыраа көргөн нерсени сага ыраа көрбөгөн адамдын достугунда кайыр жок.” (И.Адий)

Достун жанында жаман сөздөрдөн узак туруу керек. Араларында сүйүүнү көбөйтө турган жакшы сөзөрдү сүйлөө керек. Достун жанында такыр эле үн чыгарбай жүрүүгө да болбойт. Тил менен ага болгон жакындыгын түшүндүрүп, дарты-кыйынчылыгы жокпу билип туруу керек. Досуна жаккан нерселерди жакшы билип алууга аракеттенүү керек. Бир адам бир адамды жакшы көрсө ага муну билдирүүсү керек экендиги хадиси шариф менен буйрук кылынган. Бири-бирине болгон жакындыкты дагы да бекемдейт. Дотор менен жакшы мамиледе болуу керек. Хадиси шарифте: "Бири-бириңерди сүйүү үчүн белек алышып-беришкиле.” Досту дайыма жакшы көргөн аты менен чакыруу керек. Эч кимге жаман лакап такпоо керек.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш