Буддизм


Будда б.з.ч. 622-жылы Индиянын Бенарес шаарынын 160 чакырым түндүгүндө жайгашкан Капилавасту (Лумбини) айылында туулган. Чыныгы аты Гуатама же Сидарте. 29 жашында бир токойдо адамдардан алыстап, жалгыздыкта риязат чекти (ачка жүрүп, өзүн чыңдоого аракет кылуу). Риязат чегүү жана дүнүйөлүк иштерден баш тартуу менен эч нерсеге жетүүгө болбой турганын түшүнүп, мурдагы жөнөкөй жашоосуна кайтат. Ойго (тафаккур) берилет. 35 жашында Неранжаранын жээгинде, бо деген дарактын астында терең ойго батып отурганда оюна бир шоола төгүлгөнүн сезет. 80 жашта кайтыш болгонго чейин өз пикирлерин таратууга тырышат. Будда Брахма ишениминин бузулгандыгын, бутка табынуунун ката экендигин айткан. Аны тыңдагандар аны ээрчишет. Будда өзүн бир гана карапыйым адам экенин айтып, өзүн эч качан кудай деп эсептеп, айткан эмес. Бирок, ал өлгөндөн кийин шакирттери ага кудай деп ишенишип, анын атынан ибадатканаларды салышып, айкелин жасашып, ага сыйына башташкан. Ошентип, буддизмди бутпарасттыкка айлантышкан. Буддизмде теңирлик ишеними жок.

Буддисттердин дининин төрт негизи бар. Алар:

1. Жашоо кыйынчылыктарга толгон. Ырахаттар жана кубаныч- кыялдар - алдамчы түш. Төрөлүү, карылык, ооруу жана өлүм – ачуу кайгы.

2. Бул кыйынчылыктардан кутулууга тоскоол боло турган нерсе – билбей жасалган тилектерибиз, каалоолорубуз, кандай максатта болсо да жашоого деген куштарлыгыбыз.

3. Кыйынчылыктарды жеңүү үчүн бардык өткүнчү каалоолордон жана чыныгы жашоо куштарлыгынан да тазалануу керек.

4. Жашоо тилегин жоюу аркылуу адам ырахатка жетет. Бул абал "нирвана” деп аталат. Нирвана эч кандай тилеги болбогон адамдын дүйнөнүн лаззаттарынан узак болуп, ыйык ырахатка жетүү дегенди билдирет. Будда адамдарга бактылуу болуу үчүн сегиз жолду сунуш кылат. Алар туура ишеним, туура чечим, туура сөз, туура аракет, туура жашоо, туура эмгек, туура ойлонуу жана туура баалоо.

Будда Брахма дининдеги белгилүү төрт топту кабылдабайт. Брахман тобунун артыкчылыктарын моюндабайт жана аларды өзгөчө деп эсептебейт. Адамдардын баарын тең деп эсептеп, аларга бирдей укуктарды тааныйт. Брахманизмдеги парйаларга кучагын ачат. Адамдарды ыйык деп эсептебейт. Тескерисинче, адамдардын кемчиликтери көп экенин жана азга канаат кылып, орозо кармоо аркылуу гана бул күнөөлөрдөн кутулуга боло тургандыгын айтат. Бирок, бул эрежелердин, илимдердин дин менен, Аллаху тааланын ыраазычылыгы менен эч кандай байланышы жок. Алардын рухтары бош. Себеби, буддизмде Аллах ишеними такыр жок.

Азиядагы Тайланд, Бангладеш жана Малайзия мамлекеттеринин арасындагы Бирма эли – сабатсыз, адамгерчилик принциптеринен алыс, төмөн кулк-мүнөздүү эл. Б.з.ч. 543-жылы Будда дини ошол жерге жетип барган. Бул динде акыйкат, адилеттүүлүк, мээримдүүлүк деген нерселер болбогондуктан жапайы адамдар арасында тез эле жайылган. Арадан 10 кылым өткөндөн кийин Индиядан келген мусулман соодагерлердин ошол аймакка Исламды алып келүүлөрү менен Ислам илими, Ислам ахлакы жайылган. Кийин Британиядан колонизаторлор келип табыгый байлыктарын талап кетишкен. Дүйнө жүзүнүн башка жерлеринде жасагандыктары сыяктуу эле ал жерлерде да жалган сөздөр менен, курал-жарактын күчү менен, тыңчылардын жана миссионерлердин куулуктары менен жергиликтүү элдин оюна Исламга карата душманчылыкты сиңиришкен. Экинчи Дүйнөлүк Согуштан кийин колонизаторлор бул аймактан толук чыгып кеткен болсо да, аркасында Исламга кас болгон жапайы жырткычтардын тобун даярдап калтырышкан эле. Зулумдуктан качкан дин адамдарынын жазган каттарынан белгилүү болгондой, Бирмалык аскерлер үйлөрдү басып алып, эркектерди өлтүрүп, аялдарды, кыздарды алып кетип, өз билгендерин кылышууда, адеп жерлерин кесип, көздөрүн оюп алгандан кийин тоолорго, токойлорго таштап кетишүүдө. Мусулмандар шейиттерге Аллаху таала жаракаттардын, сыныктардын азабын сездирбей тургандыгына ишенишет. Ошондуктан, шейиттер дүйнөгө кайра келип, кайра шейит болуунун лаззатын тартууну каалашат. Бирмада мусулмандарга каршы колонизатордук пландарын ишке ашырып жаткан жапайылар болсо кожоюндары менен бирге дүйнөдө да, акыретте да илахий азап тартышат.

Б.з.ч. 479-жылы 70 жашында кайтыш болгон Конфуций Кытай философу эле. Ал адамгерчилик жана мамлекет башкаруу тууралуу жазган китептери менен таанымал болгон. Философиясы кийин диний мазхабка (жолго) айлантылган. Китептеринде самавий (Аллах тарабынан жиберилген) диндерге катыштуу эч кандай маалымат кездешпейт.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш