Ислам дини » Динибиз жана ката ишенимдер » Динибиз » Ислам аалымы деп кимди айтат




Ислам аалымы деп кимди айтат


СурооАзыркы күндө жазуучуларды жана профессорлорду аалым деп айтууга болобу?
ЖООП

Аалым деп көп китеп окуган адамды, көп нерсе бирген же диплому бар адамды эмес динин туура билген, хакты батылдан (жалгандан) айырмалай алган адамды айтат. Кыямат жакындаган сайын илим азаят. Дин адамдарына ишенилбейт. Эки хадиси шарифтин мааниси мындай:

«Кыяматка жакын илим азаят, жахилдик көбөйөт». [Ибни Мажа]

«Ар кылым өзүнөн мурдагы кылымга караганда бузук болот. Мына ушундайча кыяматка чейин бузулуп барат.» [Хадика]

Дин аалымы болуш үчүн Курани каримди жана маанилерин жатка билүү, миңдеген хадиси шарифтерди жана маанилерин жатка билүү, Исламдын 20 негизги илиминде адис болуу жана булардын бутагы болгон 80 илимди мыкты билүү, төрт мазхабдын тең ичке маселелерине чейин билүү, бул илимдерде ижтихад даражасына көтөрүлүү, тасаввуфтун эң жогорку даражасында болуу керек. (С.Эбедиййе)

Султан Экинчи Абдулхамид Хандын тактан түшүрүлүүсү менен дин иштерине дагы балээ аралашты. Иттихад жана теракки фыркасына катталган жахилдер, жада калса, масондор дин иштеринде жогору орундарга алып келинди. Биринчи иш катары Султан Абдулхамид Хандын акыркы шейхулисламы Мухаммед Зияуддин Эфенди кызматынан алынды. Бул жогорку орунга 1910-жылы Муса Казым отургузулду. Бул киши копкоюу иттихадчы жана масон болгон. Исламиятка туура келбеген кыймыл аракеттеринен улам, бузуку жазууларынан улам Экинчи Абдулхамид Хан тарабынан Иракка жана Физанга сүргүн кылынган бөлүүчүлөр Стамбулга алынып келинип, аларга дин иштеринде кызмат берилди. Бул жахил жана партизан кишилер бузуку, жаңылыш дин китептеринин жазылуусуна, жайылуусуна жардамчы болушту. Экинчи Абдулхамид Хан мезгилинде жазылган диний китептер бир илим комиссиясы тарабынан текшерилчү. Тастыкталып, уруксат берилгендер гана бастырылып чыгарылчу. Ошондуктан ал убакта басылып чыккан китептер ишенимдүү. 1909-жылдан кийин дин китептери аалымдар тарабынан текшерилбей турган болду. Бул китептердин арасынан бир гана эски китептерден далилдерди алып жазылгандарына гана ишенүүгө болот.(Асхабы кирам китеби)

Көрүнүп тургандай 1909-жылдан кийин жазылган дин китептеринен бир гана накилге таянгандарына ишенилет. Аят жана хадистерди авторунун жеке пикирне карата ачыкталгандар же илхам менен жазылгандар ишеничтүү эмес.

Мужтахид болуу үчүн
СурооМужтахид болуш үчүн кайсы китептерди окуш керек?
ЖООП
Асхабы кирам китебинде жазылган:
Мужтахид болуш үчүн Араби илимдердин жана Курани каримди жаткан билиш керек, ар бир аяттын мурат маанисин, зымми маанисин жана илтизамисин билүү, аяти карималар келген мезгилдерди жана келиш себептерин билүү, эмне тууралуу билдирип келгендиктерин, кулли жана жузи экендиктерин, насих же мансух экендиктерин, мукаййед же мутлак экендиктерин, кыраат-и себа жана ашарадан жана кыраат-и шаззадан кантип чыгарылгандыктарын билүү, хадис китептериндеги жүз миңдеген хадисти жатка билүү жана ар хадистин качан жана эмне үчүн ирад кылынгандыгын жана маанисинин канчалык кеңейгендигин, кайсы хадистин башка хадистен мурда же кийин экендигин, байланышы бар окуяларды жана кайсы окуянын үстүнө айтылгандыгын, кимдер тарабынан накил жана риваят кылынгандыгын, накил кылган адамдардын кандай абалда жана кандай ахлактуу болгондуктарын билүү, фыкых илиминин усул жана каидаларын таануу, 12 илимди жана Курани каримдин жана хадиси шарифтердин ишараттарын, белгилерин, ачык же жабык маанилерин түшүнүү жана бул маанилер көңүлүндө отурган болуу, кубаттуу ыйман ээси болуу жана итминанга толгон болуу, нурдуу жана таза көңүлгө ээ болуу керек.

Бардык бул жогору сапаттар бир гана Асхабы кирамда жана кийинки 200 жыл ичинде өсүп жетилген кээ бир дин улуктарында боло алды. Кийин пикирлер таркап, бидаттар чыгып туш тарапка таркады. Мындай улуу заттар азайып отуруп, 400 жылдан кийин бул шарттарга ээ болгон, б.а., мутлак мужтахид катары белгилүү болгон адам көрүлбөдү.

Жогорку дин илимдери - тафсир, усули келам, келам, усули хадис, илми хадис, усули фыкых, фыкых, илми тасаввуф. Бул 8 илимди үйрөнү алуу үчүн керектүү болгон жардамчы илимдери болсо 12. Булар – сарф, иштикак, нахв, китабет, иштикак-ы кабир, лугат, метни лугат, байан, меани, беди, белагат, инши илимдери. (Хадика)

Мавдуат-ул илим китебинин «Тафсир илиминин бутактары» деген бөлүмүндө Курани карим илими - ичинде таң калтыра турчу сансыз укмуштуу абалдар болгон чоң деңиз. Ушунчалык бийик тоо, андагы аң-таң калтыра турчу нерселерди үйрөнүү, ар бир сырына жетүү мүмкүн эмес. Бул илимин сан жеткис бутагы бар делип алтымыштан ашуун тафсир илиминин бутактары кабарланган.

Суроо: Куранда весиле тууралуу айтылууда. Весиле деген эмне?

ЖООП

Аллаху таала: «Мага жакындоо үчүн весиле издегиле», - деген мааниде буюрууда. (Маида 35) Мазхабсыздар: «Весиле – бул ибадаттар. Бир муршидге таби болуу (баш ийүү), өлгөндөргө, тирүүлөргө жалбаруу адамды Аллахка жакындатпайт. Тескерисинче, алыстатат», - дешүүдө.

Ахли сүннөт аалымдары болсо билдиришүүдө:

Ибадаттардын ичинде туура, халис болгон ибадаттар весиле болот. Ибадаттардын сахих болуусу үчүн туура ыйман, таза ахлактуу болуу жана шарттарына ылайык орундоо керек. Мисалы, намаздын сахих болусу үчүн даарат алуу, колдонулган суунун таза болуусу, намазды маалында окуу жана кыбылага карап окуу, намаздагы аяттарды, таспихтерди жана дубаларды туура окуу жана калган шарттарды, весилелерди билүү жана орундоо керек. Ар бир ибадаттын дагы ушундай шарттары, весилелери бар. Булар жылдар бою эмгек менен окуп үйрөнүү аркылуу болот. Булар ойлонуу отуруу менен үйрөнүлбөйт. Буларды билген жана орундаган аалымдардан угуу аркылуу же окуу аркылуу үйрөнүлөт.

Табият илимдери дагы билген адистеринен узун убакытта үйрөнүлүүдө. Ушундай ыйманы, көңүлү таза, туура дин аалымдары мударрис, муаллим же муршид деп аталат. Муршид бул суунун үстүндө баскан, асманда учкан, жоголгон нерселерди билген, окуп, үйлөп оорулууларга шифаа тараткан адам эмес. Ислам өкүмдөрүн, б.а., көңүл, рух жана дене менен аткарылган ибадаттарды билген, орундаган жана башкаларга үйрөткөн Ахли сүннөт аалымын айтат. Ар мусулман Маида сүрөсүндөгү буйрукка моюн сунуу үчүн мына ушундай бир аалымдан же китептеринен фарз жана нафил ибадаттарды үйрөнүүсү керек! (Ф.Билгилер)

Ар илимдүү адамды аалым деп айтууга болобу?

Ар илимдүү болгон адамды аалым деп айтууга болбойт. Мал жана мансап ээси болуу үчүн илим үйрөнгөн жана илими менен амал кылбаган адам Ислам аалымы эмес. Айтылат:

Аалымдардан башка адамдар курушту. Илими менен амал кылгандардан башка аалымдар да курушту. Ихластуу болгондордон сырткары амал кылган аалымдар дагы алдынышты. Ошондуктан, чыныгы аалым - илим, амал жана ихлас ээси болгон салих адам.

Хадиси шарифтерде айтылган:

«Жахилдер менен күрөшүү жана атак табуу үчүн илим үйрөнгөн адам Жаханнамга кетет.» [Ибни Маже]

«Аллах ыраазылыгынан башка максат менен илим үйрөнгөн адам Жаханнамдагы ордун даярдансын.» [Тирмизи]

«Дүнүйө үчүн илим үйрөнгөн адам мал-мүлккө, мансапка жетсе тапканы Жаханнам оту болот.» [Р.Насыхин]

«Аалым - илими аз болсо дагы илими менен амал кылган адам.» [Абушшейх]

Муршидди таануу

Суроо: Ар ким бирөөнү муршиди камил дейт. Бир адамдын муршиди камил экендигин кантип баамдоого болот?

ЖООП

Ахли сүннөт ишенимин жана илмихал маалыматтарын жакшы билген адам дароо түшүнө алат. Б.а., төрт мазхабды билип, бирөөнө уйган бир адам хакты батылдан айырмалай алат. (Туураны катадан айырмалайт.) Билбеген адам айырмалай албайт. Истидраж менен кереметти чаташтырат. Бидатчы болгон адам деңиздин үстүнөн басса, асманда учса дагы олуя боло албайт. Истидраж менен кереметти айырмалай албаган адам муну түшүнө албайт.

Илмихал окуган адам муршиддин өз өзүнө пайда боло калбагандыгын, жерден чөптөй болуп өсүп чыкпай тургандыгын билет. Бир мусулман өзүнөн өзү олуя болушу мүмкүн, бирок, эч качан муршид боло албайт. Муршид ижазаты бар устаздан ижазат алуусу шарт. Устазынын дагы ижазаттуу болуусу шарт. Бул силсиленин Пайгамбарыбызга чейин «саллаллаху алейхи ва саллам» таянуусу дагы шарт.

Артка
 
    
Диний маалымат изде:

Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш