Ислам дини » Динибиз жана ката ишенимдер » Динибиз » Мусулмандар эмне себептен артта калган?




Мусулмандар эмне себептен артта калган?


Тарыхтын бардык доорлорунда теги, тили, үрп-адаттары ар түрдүү миллиондогон адамдардын араларындагы айырмачылыктарды таштап, бир ишенимдин же болбосо пикирдин тегерегинде жыйналып, империяларды кургандыктары кездешет. Ушундай империянын же мамлекеттин эң чоңу Орто Кылымдарда курулган. Эч кандай өзгөртүү киргизилбеген жалгыз дин Ислам дининин жакшы ахлак (адамгерчилик) эрежеси менен кооздолгон, бири-бирин сүйгөн, бири-бирине жардамдашуу колун созгон, ар түрдүү тектен куралган чоң коомдордон түзүлгөнүн билебиз. Бул коомду сактап турган негизги нерсе Аллаху таала тарабынан буйрук кылынган эмгекчилдик, адилеттүүлүк, жакшылык, урмат сыяктуу диний негиздер эле. Осмондук түрктөрүн Сакария дарыясынын жээгинен кыска убакыттын ичинде Венага чейин жеткизген күч Султан Осмон менен анын балдары карманган Ислам дининин рух менен денени жетилдирген жаркын жолу эле. Себеби, Исламда мусулмандар бири-бирине бир тууган болуп эсептелет.

Христиан динин карманган Европанын жалгыз күчтүү мамлекети болгон Францияны алууга чыккан Атилланын (хижраттан 168 жыл мурда өлгөн) карамагындагы Туран гунндары каалаган бир акыйкат динди карманган болгондо жана ошол аймакка ошол акыйкат диндин ахлагын, руханий дүйнөсүн алып барганда, Хазрети Умардын (радиаллаху анх) аскеринин адилеттүүлүгүнө, мээримдүүлүгүнө таң калып, кубаныч менен мусулманчылыкты кабыл кылган Шам христиандары сыяктуу попторунун кысымынан, королдордун эзүүсүнөн тажаган Батыш христиандары да аларга кучагын жайып, азыркы Европанын дини менен көрүнүшү башкача болор эле.

Омаяддар Ислам динин Испаниядан Европага алып кирген. Фес, Куртуба (Кордова) жана Гренада университеттерин ачып, Батышка илим жана техниканын жетишкендиктерин жеткизди. Христиан дүйнөсүн ойготуп, азыркы цивилизациянын ошол кездеги негизин түздү. Дүйнө жүзүндөгү алгачкы университет Фес шаарында жайгашкан Хайруан университети экендиги бардык энциклопедияларда жазылган. Ал х.244-жылы (м.859) негизделген.

"Камус-ул-алам” китебинде: "Андалусия султаны үчүнчү Абдуррахман (рахметуллахи таала алейх) элинин территориясын кеңейтип, бекемдеген. Фесте бийлик курган Идрисилерди жаңылыш жолдогу Фатимилерге каршы колдогон. Аларды өзүнүн бийлигине кошуп алган. Күчтүү деңиз флотун калыпташтырган. Өзү да жактоочулары да өтө билимдүү, адептүү кишилер болгон. Аалымдарга жана илимге чоң маани берчү эле. Ошондуктан, Андалусияда илим жана техника интенсивдүү түрдө өнүккөн. Сарай менен мамлекеттик уюмдар илим борборуна айланган. Ар тараптан илим үйрөнүү үчүн Куртубаны көздөй адамдар агып келе баштаган. Куртубада чоң жана өтө өнүккөн медицина факультети ачылган. Бул Европада ачылган алгачкы медицина факультети эле. Европалык королдор менен мамлекеттик адамдар дарылануу үчүн Куртубага барып, ал жердеги маданиятка, адамкерчиликке, цивилизацияга, меймандостукка таң калышчу эле. 600 миң китеби бар китепкана да салдырган. Куртубадан үч сааттык жерде жайгашкан Вади-ул-Кабир талаасында "Аззахра” деп аталган өтө чоң кол өнөрчүлүк чеберчилиги менен кооздолгон сарай, кооз бакчаларды жана чоң мечит салдырган. Куртубадан көптөгөн атактуу аалымдар чыккан. Андалусиядагы "Бани Умаййа” халифаларынын сегизинчиси болгонIII.Абдуррахман элүү жыл адилеттүү бийлик куруп, хижрий 350-жылы (м.961) 72 жашта кайтыш болгон”, - деп жазылган.

Бирок, кийин Андалусия мусулмандары Ислам ахлагына, Аллаху тааланын буйруктарына маани бербей койду. Мамлекеттин ичинде ахли сүннөт ишеними бузулуп, Исламды ичинен жыгуу аракеттери орун алды. Ошол себептен цивилизация токтоп, алар Пиреней тоолорунан аша алышкан эмес. Хижрий 423-жылы (м.1031) Омаяддар мамлекети кулады. Андан кийин Андалусияда алгач Мулассимин жана Мурабитин деп аталган мамлекеттер, кийин Мувахидин деген мамлекет бийлик курган. Бирок, испандар х.897-жылы (м.1492) Гренада шаарын басып алып, мусулмандарды кырган (миңдеген баа жеткис китептер да жок кылынган). Ошентип, элдер үстүртөн Исламиятты кабылдап, Аллаху тааланын буйруктарына моюн сунбагандыктын жазасын тартышкан. Испандык кыргын болбогондо, ошол жердин философтору болгон Ибнуррушд менен Ибни Хазмдын бузук пикирлери балким "дин-ыйман” иретинде бүткүл дүйнөгө тарап, бүгүнкү мусулмандыктын начар жагдайы бир нече кылым мурда башталат беле? Аллаху таала мусулмандарга Курани каримге моюн сунууну, анын өкүмдөрүнүн негизинде биригүүнү буйрук кылат. Сахабалар буйруктардын бардыгына толугу менен моюн сунгандыктан, өз ара биригишип бир тууган болушкан. Аллах "Фатх” сүрөсүндө алардын ошол жакындыктарын атап, мактайт. Биригүүдөн күч туулат. Бөлүнүү балээ-жалаага, кыйынчылыкка алып барат. Асхабы кирам сыяктуулар биригип, кубаттануунун аркасында тынч жана жыргал өмүр сүрүшкөн. Алар акыретте да түбөлүк бакытка жетишет. Сахабалардын ошол жолун бекем карманбагандар бул дүйнөдө да кыйынчылыктарга дуушар болду. Акыретте да азап тартышат.

Демек, адамзаты кыйынчылыктардан куткаргандар – Фатимиттер, Расулиттер сыяктуу аты мусулман, ыйманы менен амалдары бузук мамлекеттер эмес, Омаяддар, Тимур уулдары жана Осмондуктар сыяктуу ахли сүннөт жолундагы динине бекем элдер болгон. Алар Исламдын дин жана табият таануу илимдеринде адамзатка шоола чачкан. Тилекке каршы, кийинирээк аларда да Ислам басаңдай баштаган. Мамлекет башчылары шейит кылынган. Бир топ бийлик органдары диний сабатсыздар менен масондордун кысымында калган. Мусулмандар Аллаху таала буйрук кылгандай эмгек кылууну жана бир тууганчылыкты таштап коюшкан. Масондор мусулмандарды артта калтырып, сабатсыз кылуу үчүн мектептерден табият таануу илимдерин алып ташташкан. Анын натыйжасында дин адамдары так илимдерден куру тарбияланып, Исламды өз ичинен жыгып башташкан. Бир жактан илим жана билим жоюлган, экинчи жактан ахлак, адептүүлүк, ар-намыс жана дин бузулган. Империя кулады. Бирок, Ислам так илимдерди, билимди, техниканы, өнөрчүлүктү өнүктүрүүнү катуу талап жана буйрук кылган дин.

Улуу Селчук падышасы Мухаммед Алпарслан (рахметуллахи таала алейх) хижрий 463-жылы (м.1071) Малазгиртте Византия императору Диоген жетектеген 200миңден ашуун аскерден турган армияга каршы 40 миң аскери менен согушуп, жеңишке жеткенден кийин, мусулмандар Анатолияга барып жайгашты. "Батыш түрктөрү” деп аталган бул огуз түрктөрүн христиан Европалыктар он кылым бою канча жолу кресттүү жортуулдары аркылуу Анатолиядан чыгаруу үчүн чабуул жасашса да, аларды жыйырманчы кылымда (х.14-кылымда) улуу мусулман түрк эли катары сактап турган жана жашаткан чоң күчтүн - элдин жүрөгүндөгү бекем ыйман экендиги шексиз.

XI-кылымда (х.5-кылымда) түрктөр үч багыт боюнча тарашкан:

1. Газневи падышаларынын карамагындагы Калач жана башка түрк урууларынын Индияга жайылуусу. Алар ошол жерге Ислам динин жана маданиятын алып барышкан. Азыр Индияда жүз миллиондон ашуун мусулман элинин бар болушу ушунун натыйжасы болуп эсептелет.

2. Огуз түрктөрүнүн Ирандан өтүп Малазгирт жеңишинен кийин Византиянын кол астындагы Анатолияга баруусу. Огуздар да Ислам динин алып барышкан. Арадан канчалаган кылымдар өткөн болсо да, мусулман болуп калууларынын аркасында азыркы күнгө чейин Анатолияда жашап, аалам саясатына аралашууда.

3. Кара деңиздин түндүгүнөн баштап Балкандарга карай багытталган аракет. Араларында огуздар да болгон печенек жана куман түрктөрү Балкан жарым аралына барып отурукташкан. Тилекке каршы, алар Исламды тааный электе кетишкен эле. Тегерегиндеги христиан мамлекеттеринин кысымынан улам кыска убакыттын ичинде өздүктөрүнөн айрылып, унутуп калышкан. Каада-салттарын жоготушкан. Индияда, Анатолияда жана башка жерлерде азыр жашап жаткан тектештери сыяктуу болушкан жок. Алар эмне себептен алар жашай алышкан эмес? Алардан ким калды? Эмнеге ушундай болду? Мусулмандар ушулардын себептерин изилдөөгө тийиш.

Түрк мамлекеттери менен элдерин сактап калган башкы күч – ыйман жана Ислам дининдеги адилеттүүлүк, жакшылык, адалдык жана адамгерчилик, көркөм кулк-мүнөз болуп эсептелет.

Игнатьев Осмон мамлекетинде орус элчиси катары көп убакыт иштеген. Эстеликтеринде султанIIМахмуд Хандын доорунда Фенер патриархиясынын эшигинде асып өлтүрүлгөн х.1237-жылкы (м.1821) Грек көтөрүлүшүнүн пландоочусу патриарх Григорийдин орус падышасы Александрга жазган катына түшүндүрмө берилет. Каттын мазмуну төмөндөгүдөй:

"Түрктөрдү материалдык жактан эзүү, жыгуу мүмкүн эмес. Анткени, түрктөр мусулман болгондуктан өтө сабырдуу жана чыдамкай адамдар. Өздөрүнө ишенимдүү жана ыйманы бекем адамдар. Бул касиеттери - алардын диндерине болгон бекемдиктери, тагдырга болгон ыраазычылыгы, каада-салттарынын туруктуулугу, падышаларына, мамлекет кызматкерлерине, жол башчыларына, улууларга деген адалдыктарынан улам болууда.

Түрктөр өтө зээндүү эл. Өздөрүн туура жолдо башкара турган башчыларына адал кызмат жасайт. Өтө канаатчыл. Алардын бардык өзгөчөлүктөрү, жада калса, баатырдык жана эр жүрөктүк сезимдери алардын каада-салттарына болгон багынууларынан, адамгерчилик касиеттеринен келип чыгат.

Түрктөрдүн алгач багынуу сезимин жоюп, руханий байланышына жик түшүрүп, динге бекемдигин алсыратуу кажет. Мунун эң кыска жолу – улуттук каада-салттары менен руханияттарына кайчы келе турган түшүнүктөр менен аракеттерге аларды үйрөтүү.

Руханий бекемдиги ыдыраган кезде түрктөрдүн өздөрүнөн бир нече эсе күчтүү жана көп болгон каршылаштарын жеңүүсүн камсыз кылып келген негизги күчтөрү басаңдап, аларды материалдык үстөмдүк аркылуу жыгууга мүмкүнчүлүк туулат. Ошол себептен, Осмон мамлекетин жоюу үчүн бир гана согуш майданындагы жеңиштер жетишсиз. Жада калса, бир гана ушул жол менен баруу алардын намысына тийе тургандыктан, аң-сезимдеринин ойгонуусуна себеп болушу мүмкүн. Аткарылууга тийиш болгон нерсе – түрктөргө сездирбестен алардын алсыз жерлерине сокку берүү”.

Бул кат мектеп окуу китептерине киргизиле тургандай өтө маанилүү чындыктарды көрсөтүп турат. Катта үлгү болуучу бир топ маанилүү маалыматтар айтылган болсо да, эң маанилүүсү мына бул экөөсү:

1. Мусулмандардын руханий дүйнөсүн жана динин жоюу үчүн аларды өз маданияттарына жат болгон пикир жана адаттарга үйрөтүү.

2. Мусулмандарга байкатпай ички дүйнөлөрүндөгү бузгунчулукту жүзөгө ашыруу.

Бул максаттарга батыштын ишенимин, модасын, үрп-адаттарын жана бузукулуктарын тууроо аркылуу гана жетүүгө болот.

Батыштын билим, техника жана ар тармактагы илимий жетишкендиктерин, албетте, алуу керек. Муну ансыз деле Ислам дини буюрууда. Чет тилдерин үйрөнүү керектиги хадиси шарифтерде айтылган. Зейд бин Сабит (радиаллаху таала анх): "Расулуллах (алейхиссалам) мага яхуди тилин үйрөнүүмдү айтты. Үйрөнгөндөн кийин яхудилерге жазылган каттардын көбүн мага жаздырды. Алардан келген каттарды да мага окутчу эле”, - деп айтат. Бул кабар "Тирмизи” хадис китебинде кеңири жазылган. Хазрети Зейд ушундай эле ибраний жана суряний тилдерин үйрөнгөн. Улуу Ислам аалымы Сеййид Абдулхаким Арвасий араб жана фарси тилдерин мыкты билсе да: "Чет тилин билгенимде бүткүл дүйнө жүзүнө пайдалуу болмокмун”, - дечү эле. Бул аалым Европа тилдерин билбегендиги үчүн катуу өкүнчү эле. Ал: "Ислам дининин артыкчылыктарын, тынчтык жана бакыттын булагы экенин, маданиятта, илимде жана адеп-ахлакта илгерилөөгө таасир эте тургандыгын дүйнөгө билдирүү, кыскасы, Исламга жана бүткүл адамзатка кызмат кылуу үчүн чет тилин милдеттүү түрдө үйрөнүү керек”, - дейт. (Буларды үйрөнүп жатканда ахли сүннөт ишениминен бөлүнбөө, фарздарды орундап, харамдардан оолак болуу, Исламдын көркөм кулк-мүнөзүнө ээ болуу жана адамдарга жакшылык кылуу да кажет) Бардык диндерди терең изилдеп чыккан англиялык окумуштуу Лорд ДавенпортXX-кылымдын башында Лондондо басып чыгарган "Хазрети Мухаммед жана Курани карим” деп аталган англис тилиндеги китебинде мындай деп жазат:

"Көркөм кулк-мүнөзү Исламдын кыска убакыттын ичинде тездик менен жайылуусуна себеп болду. Мусулмандар согушта моюн сунган башка дин адамдарын ар дайым кечирим менен кабылдаган. Журио: "Мусулмандардын христиандарга кылган мамилеси менен папалардын жана королдордун өз диндештерине карата жасалган аракеттерин салыштырууга болбойт. Мисалы, х.980, м.1572-жылы 24-августта "Сант Варфоломей” аттуу христиан майрам күнүIXЧарл жана каныша Катеринанын буйругу менен Париж жана ага жакын жерде 60000 протестант өлтүрүлгөн. Сант Варфоломей он эки хаварийдин бири эле. Ал 71-жылы Августта Эрзурумда христиандыкты үгүттөп жүргөн кезде шейит кылынган эле. Ушул сыяктуу ар түрдүү кыргындарда жана кол салууларда каны төгүлгөн христиандардын саны мусулмандар тарабынан согушта өлтүрүлгөн христиандардын санынан бир нече эсе көп. Ошондуктан, көптөгөн алданган адамдарды "Ислам – заалым дин” деген түшүнүктөн арылтуу кажет. Мындай сөздөрдүн эч кандай далили жок. Папалыктын кылган жырткычтык аракеттеринин жанында мусулмандардын мусулман эместерге каршы кылган аракеттери эч нерсе эмес. Ислам башка диндердин негизсиз жана себепсиз ишенимдери жана күмөндөрүнүн баткагындагы ачылган гулдөй көтөрүлүп, акыл жана пикир тазалыгынын символу болду”, - деп айтат. Мильтон: "Константин чиркөөнүн абалын жакшыртып, каржысын көбөйткөндөн кийин поптордун жогорку чин жана байлыкка болгон куштарлыгы арта түштү. Анын жазасын ыркы кеткен христиан дини тартты”, - дейт.

Ислам теңирлер үчүн адам канын төгүү деген жаман адаттан адам баласын куткарды. Анын ордуна ибадат жана садаганы киргизип, адамдарга жакшы касиеттерди сиңирди. Социалдык адилеттүүлүктүн негизин тургузду. Ошентип, куралсыз дүйнөгө жайылды. Илим маселесине мусулмандар сыяктуу чоң маани берген башка эл жок деп айтууга болот. Хазрети Пайгамбардын (алейхиссалам) көптөгөн хадистери илим үйрөнүүгө, илимди урматтоого чакырат. Ислам дини мал-мүлккө караганда илимге көбүрөөк маани берген. Хазрети Мухаммед муну болгон күчү менен колдоп-кубаттаган. Анын сахабалары да бул жолго болгон күчтөрүн арнашкан. Азыркы техника жана маданияттын негизин салгандар, байыркы жана жаңы чыгармалар менен адабияттарды сактагандар Омаяддар, Аббасиддер, Газнавилер жана Осмондуктардын доорундагы мусулмандар (рахметуллахи таала алейхим ажмаин) болуп эсептелет”.

Ушул жерге чейин кээ бир жерлеринен үзүндү келтирилген жогоруда аталган англис тилиндеги китепти миссионерлер менен яхудилер бир нече жолу жыйнап алып, жок кылууга аракет кылышкан. Алгачкы миссионердик уюм – "Жизвит” коомдору 1512-жылы (х.918) курулган.

(Адамдардын ден соолугу чың, мыкты, эркин, кызыктуу түрдө өмүр сүрүүсүнө жана акыретте түбөлүк бакытка жетүүсүнө себеп болгон пайдалуу нерселер "нимат” деп аталат. Аллаху таала өтө ырайымдуу болгондуктан пенделерине керектүү бардык ниматтарды жаратты. Аларды кандай колдонуубуз, кандай пайдалануубуз керектигин пайгамбарлары аркылуу жиберген китептеринде көрсөткөн. Бул берилген маалыматтар "дин” деп аталат. Эң акыркы дин – Ислам дини, эң акыркы Пайгамбар – Мухаммед алейхиссалам, эң акыркы китеп Курани карим. Мусулман болсун, капыр болсун, каалаган адам ошол китепке ылайык жашаса бул дүйнөдө тынчтыкта, эркиндикте өмүр сүрөт. Мисалы, дарыканада жүздөгөн пайдалуу дарылар бар. Ар бир дарынын кутусунда пайдалануу ыкмасы жазылат. Ошол ыкмага ылайык колдонгондор да пайдасын көрөт. Курани каримге ылайык өмүр сүргөн адам да ниматтардын пайдасын көрөт.)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:

Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш