Ислам дини » Динибиз » Динибизде тазалыктын мааниси




Динибизде тазалыктын мааниси


Суроо: Бир миссионердин «Ислам Пайгамбарынын «Тамактын ичине түшкөн чымындын бир канаты сууланса, чымындын экинчи канатынын дагы тамакка малынгандан кийин жегендин улантылуусу» деген түрдөгү кеңеши бар. Айрыкча, мусулман өлкөлөрүнө баргыла, ар тарап кир. Булар мусулмандыктын тазалыктан алыс, кирдик дини экендигин көрсөтүүдө» деген сөздөрүнө эмне дейсиз?

ЖООП

Миссионердин айтканы жаңылыш. Мусулман эмес адамдардын дагы көбү кир. Бүгүн Америкада, Европада алиге чейин бир идиштеги сууга жуунгандар, унитаздагы суу менен бетин жуунгандар көрүлүүдө. Туалеттердеги тазалык жана суунун абалын ар ким билет.

L’Eau Potable = Ичүүчү Суу аттуу Француз чыгармасында мындай делет: «Француздардын дүнүйөгө мактанган Версал сарайында бир мончо жок. Орто кылымда Парижде жашаган бир француз эртең менен турганда үйүндө туалети болбогондуктан горшокко кылган нажасат менен ичме суу бөтөлкөсүн кошо алып Сиена дайрасына алып барат, ошол дайрадан биринчи ичүү үчүн суу алат да, кийин нажасатты дайрага төкчү.»

Чыныгы мусулман таза болот, ары ден-соолугуна өтө чоң маани берет. Тарыхта мусулмандар тазалыкка көңүл бөлүшкөнү менен азыркы күндөгү мусулмандар тилекке каршы тазалыкка тийиштүү түрдө маани берип жатышкан жок. Кануни Султан Сулайман заманында Стамбулган келген бир немис монах болжол менен 967 [м.1560] жылы жазган бир эмгегинде: «Бул жердеги тазалыкка айран таң калдым. Бул жерде ар ким күндө беш жолу жуунат. Бардык дүкөндөр тазаланат. Көчөлөрдө кир жок. Сатуучулардын үстү-башында кымындай да кир тагы жок. Айрыкча алар «хамам» деп аташкан жана ичинде ысык суулары бар имараттар бар, бул жерге келгендер бардык денесин жуушат. Бирок, бизде болсо адамдар кир, жуунганды билишпейт», - деп баяндоодо.

                Бүгүнкү күндө Ислам өлкөсү делген кээ бир жерлерде ыйман билимдери бузулгандыгы сыяктуу тазалыкка дагы толук маани бербей жатышат. Бирок, бул жерде күнөө динибизде эмес, динибиздин негизи тазалык экендигин унуткан адамдарда. «Бир адам көзү көр болсо, күндүн буга эмне күнөөсү бар» деген сөз бар. Ар бир мусулман динин мыкты үйрөнсө жана буга маани берсе бул кирдүүлүк жок болмокчу. Ошондо башка элдер мусулман өлкөлөрүн зыярат кылып келишкенде дал орто кылымда болгондой эле мусулмандардын тазалыгына таң калышмакчы.

                Христиандык абдан бийлик орнотуп турган орто кылымда улуу медицина аалымдары бир гана мусулмандардан болчу. Европалыктар болсо Адалусияга медицинаны үйрөнүүгө келишчү. Чечек оорусуна каршы вакцинаны тапкандар  мусулман түркийлер болгон. Түркийлерден муну үйрөнгөн Женнер 1796-жылы гана бул вакцинаны Европага алып барып, «Чечек вакцинасын тапкан адам» деген атакты өзүнө ыйгартып алды. Бирок, зулумдук басып турган Европада адамдар оорулардан кырылып жатышкан эле. Француз королу XV. Луис 1774-жылы чечектен өлгөн. Европа узак жылдар бою чума жана холера эпидемияларына учураган.

Наполеон 1798-жылы Акка чебин курчап алганда ордосунда чума оорусу чыгып, ооруга карата чарасыз калганда мусулман түрктөрдөн жардам сураганга мажбур болгон. «Түрктөр өтүнүчүбүздү кабыл кылып, табыптарын жөнөтүштү. Булар таптаза кийинген, нур жүздүү адамдар эле. Алгач дуа кылышты да, кийин колдорун мол суу менен самындап жуушту. Оорулууларда пайда болгон көбүкчөлөрдү кичине бычак менен жарышты. Ичиндеги сууну агызып, жараларын таптаза кылып жуушту. Кийин оорулууларды өзүнчө-өзүнчө жерлерге жайгаштырышты. Дени сактарынын мүмкүн болушунча аларга жакындабоолорун эскертишти. Оорулуулардын кийимдерин өрттөштү. Аларга жаңы кийимдерди кийгизишти. Бизден болсо эч бир эмгек акы албастан жаныбыздан кетишти.»

Исламият – тазалык дини

Бүгүнкү күндө бардык университеттерде окутулгандай медицина эки бөлүктөн турат: 1 –Гигиена, ден-соолукту сактоо, 2 – Терапия, ооруларды айыктыруу. Булардан биричиси алдыңкы орунда турат. Адамдарды оорулардан коргоо, ден-соолукта болууну камсыздоо – медицинанын биринчи милдети. Оорулуу адам жакшы кылынса да көбүнесе проблемалуу бойдон калат. Мына Исламият  медицинанын биринчи милдетин, гигиенаны гарантиялаган. (Мавахиби ледуниййа) китебинин экинчи бөлүмүндө Курани каримдин медицинанын эки бөлүгүнө тең үндөгөндүгүн аяти карималар мисал келтирилип далилдөөдө.

Пайгамбарыбыз «саллаллаху алейхи ва саллам» Рим императору Гераклиус менен кат алышып турчу. Бири-бирине элчи жиберип турушчу. Бир жолу Гераклиус көп белек жиберген эле. Бул белектердин бирөө – доктур эле. Доктур келгенде: «Мырзам! Император мырза мени силерге кызмат үчүн жиберди. Оорулууларыңызга бекер көз саламын!» - деди. Расулуллах «саллаллаху алейхи ва саллам» аны кабыл кылды. Буйругу менен ал доктурган бир үй беришти. Күн сайын даамдуу тамактарды, суусундуктарды алып барып турушту. Арадан күндөр, айлар өттү. Эч бир мусулман доктурга кайрылган жок. Доктур уялганынан келип: «Мырзам! Мен бул жерге силерге кызмат кылууга келдим. Ушу күнгө чейин бир да оорулуу келген жок. Бош отурдум, жеп-ичтим, ырахаттандым. Эми кетейин», - деп уруксат сураганда, Пайгамбарыбыз: «Өзүң билесиң. Эгер дагы бул жерде кала турган болсоң мусапырга кызмат кылуу, ага сый көрсөтүү – мусулмандардын вазыйпасы. Кете турган болсоң да жолуң болсун. Бирок, ушуну билгиниң, бул жерде канча жыл калсаң да сага эч ким келбейт. Себеби, асхабым оорубайт! Ислам дини оорубоонун жолун көрсөткөн. Асхабым тазалыкка катуу көңүл бөлөт. Ачка болмоюн бир нерсе жебейт жана дасторкондон тойо электе турат», - деди.

Муну айтуу менен мусулман адам эч качан оорубайт деп жаткан жокпуз. Бирок, ден-соолугуна жана тазалыкка дыкат болгон бир мусулман дени сак болуп, оңойлук менен оорубайт.

Бүгүнкү күндөгү кээ бир мусулмандардын тазалыкка маани беришпегендиктерин көрсөткөн батыштыктар бул күнөөнү динибизге жүктөшүүдө. А болбосо Исламиятта тазалыктын мааниси зор. «Тазалык ыймандан», - деп буюрулган. Кутман сахабалардан кийин келген табиин деп аталган урпактагы мусулмандардын кээ бирлери Асхабы кирамдан: «Аллаху таала Курани каримде силерди өтө сүйгөндүгүн билдирип, мактоодо. Мунун себеби эмне?» - деп сурашканда: «Биз тазалыкка катуу дыкат болчубуз», - деп жооп беришкен. Мусулмандар үйлөргө, мечиттерге бут кийимдер менен киришпейт. Жерге төшөгөн килем төшөктөрүндө чаң болбойт, таза болот. Ар бир мусулмандын үйүндө мончо болот. Денелери, кийимдери, колдонгон оокаттары, жеген тамактары таза болот. Таза болгондуктан микроп жана оору болбойт. Аллаху таала Курани каримдин түрдүү жерлеринде: «Аллах тообо кылгандарды жана таза болгондорду сүйөт», - деп буюрууда. (Бакара 222) Бир мусулман тазалыкка маани бербесе, үстү-башы, жашаган жери, колдонгон оокаттары кир болсо, демек бул адам динибиздин буйругуна маани бербеген болуп саналат.

Хадиси шарифтерде мындай деп буюрулган:

«Мусулмандык – тазалык дини. Таза болгула! Жаннатка таза болгондор гана кирет.» [Дайлами]

«Момун кир болбойт.» [Бухари]

«Ар нерсени жакшы тазалагыла! Тазалык ыйманга, ыйман болсо Жаннатка алып барат.» [Табарани]

«Тазалык – ыймандын жартысы.» [Муслим]

«Намаздын ачкычы – тазалык.» [Тирмизи]

«Оозуңарды тазалагыла, оозуңар Курани карим жолу.» [Абу Нуайм]

«Жума күнү жуунгула, мисвак колдонгула жана жыпар жыт сүрүнгүлө.» [Бухари]

«Тамактан мурда жана кийин колду жуу байлыкка жол ачат, кедейликти кетирет.» [Абушшейх]

«Үйүнүн жакшылыгын каалаган адам тамактан мурда жана кийин колун, оозун жуусун!» [Ибни Аби Шайба]

«Оозуңарды тазалагыла! Кираман катибин периштелери үчүн оздогу тамак калдыктарынын жытынан да жаман нерсе жок.» [Дайлами]

«Сарымсак жеген адам жыты кетпестен мечитибизге жакындабасын, адам ырахатсыз болгон нерседен периштелер дагы ырахатсыз болот.» [Табарани]

«Түнү намаз окуу үчүн турган адам оозун мисвак менен тазаласын! Себеби, бир периште намазда Куран окугандын оозуна жакындап угат.» [Дайлами]

«Кийимиңерди жуугула, артыкча кылыңарды тазалагыла, тиштериңерди мисвак менен тазалагыла, таза, жакшы кийингиле! Тазалык ээси болгула!» [Ибни Асакир]

«Тырмактарыңарды кесип көмгүлө! Оозуңардагы тамак күкүмдөрүн тазалагыла жана мисвак колдонгула! Жаныма тиштери сары, оозу жыттанган абалда келбегиле!» [Табарани]

«Идиш-аякты жуу, үйдү таза кармоо байлыкка себеп болот.» [Хатиб]

Пайгамбарыбыз алейхиссалам жанына келген бир адамга: «Тырмактарың куш тырмагындай болуп узарыптыр, ичине кир толгон», - деп айтып, таза болуусун буюрган. (Табарани)

Динибизде тазалыкка байланыштуу ушунча хадиси шариф бар болуп турса да чымын менен байланыштуу хадиси шарифти алдыга сүрөө арт ниеттүүлүктү, кыянаттыкты көрсөтүүдө. «Чымын бир идишке консо, аны толугу менен ичиштин ичине малсын жана кийин чыгарып ыргытсын» деген хадиси шариф чымындын микроп алып жүрүүчү жакдык экендигине көңүл бурдурууда жана чымындын бир канатында шыпаа, экинчи канатында болсо оору бар экендигин билдирүүдө. Бул болсо Пайгамбарыбыздын мужизасы болуп саналат. Ошол заманда чымында мындай өзгөчөлүктүн бар экендигин ким билиптир?

Чымындын бир тарабында микроп, экинчи тарабында болсо ал микропту стерилдей турчу ууга каршы милдетти орундаган бир дары алып жүргөндүгүн азыркы күндөгү медицина изилдөөлөрү ачыкка чыгаргандыгы чындык. Бул маселени изилдеген окумуштуулар: «Чымындын үстүнөн басканыбызда микроскоп менен көргөнүбүздөй бир бөлүк микро барлыктар оңго-солго жүгүрүшүүдө. Булардын стерилдей турчу кызматчылар экендиктерин түшүндүк», - дешүүдө.

Тарыхый чындыктар

1500-жылдары Англияда адамдардын көбү Июнь айында үйлөнүшчү. Себеби, жылдык мончого Май айында түшүп, ушундан улам Июнь айында анча көп жыттанышчу эмес. Бирок, баары бир жыттанып баштагандыгы үчүн келиндер жаман жытты жабыш үчүн колдорунда букет гүл көтөрүп жүрүшчү.

Мончолор ичи суу менен толтурулган чоң бир чаначтан турчу. Үйдүн эркеги таза суу менен жуунуу артыкчылыгына ээ болчу. Кийин уулдары, кийин калган эркектер, кийин аялдар, балдар жана эң акыркы болуп кичине балдары ошол сууда жуунушчу. Бул учурда суу ушунчалык кир абалга келгендиктен ичине түшүп кеткен нерсени көрүү мүмкүн эмес эле. Англисчедеги Мончо суусу менен бөбөктү дагы төгүп жибербегиле = Don't throw the baby out with the bath water деген сөз ушундай чыккан.

Үйлөрдүн чатырлары үстү-үстүнө жыйылган камыштан жасалып, камыштардын астында тактай болчу эмес. Бул жер жаныбарлардын жылына ала турчу жалгыз жерлери болгондугу үчүн бардык мышыктар, иттер жана калган кичине жаныбарлар, чычкандар, курт-кумарскалар чатырда жашашчу. Жамгыр жааганда чатыр сыйгалак болуп, кээде жаныбарлар тайгаланып чатырдан жерге кулачу. Англисчедеги мышык-ит жаап жатат =  it's raining cats and dogs деген сөз ушундан чыккан.

Жогорудан үйдүн ичине түшө турчу нерселерди калкалай турчу эч бир нерсе жок болчу. Курт-кумурскалардын төшөктөрдүн ичине түшүүсү чоң кыйынчылык болчу. Айланада чоң тиректер жана үстүндө жабуусу бар англис салтына тийиштүү керебеттер ушул үчүн жасалчу.

Пол топурак эле. Бир гана байлардыкы топурак эмес болчу. Топуракчалык кедей = dirt poor cөзү ушундан чыккан. Байлардын полу көбүнчө жыгачтан эле. Булар кышында нымдалганда тайгак болор эле. Тайгактан сактануу үчүн кышы бою жерге саман = thresh төшөлчү. Маалы келгенде эшикти ачканда саман тышкарыга ташып кетчү. Буга тоскоол болчун деп эшиктин астына бир тактай бөлүгү коюлуп, мунун аты thresh hold = Саман кармаган = эшик эле.

Тамак дайыма оттун үстүндө асылып турган чоң бир казандын ичинде бышчу. Күнүгө от жагылып, казанга бир нерселер салынчу. Көбүнчө жашылча желип, эт көп табылчу эмес. Кеч тамак желсе артканы казанда калтырылып, түнү бою сууган тамак эртеси күнү ысытылып желчү. Кээде бир эле тамак узак убакыт бою казанда тура берчү. Буурчак буламыгы ысык, буурчак буламыгы муздак, казандагы буукчак буламыгы тогуз күндүк = peas porridge hot, peas porridge cold, peas porridge in the pot nine days old жаңылмачы ушундан улам айтылып калган.

Кээде чочко эти табылса абдан кубанышчу. Үйгө келген зыяратчылар чочко этин асып элге көрсөтүшчү. Үйдө чочко этинин бар болуусу байлыктын белгиси эле. Бул эттен кичине бөлүк кесип алып, коноктор менен бөлүшүчү. Бул май чайноо = chew the fat деп аталчу.

Акчасы болгондор калайдуу коргошун табактарды ала алышчу. Кычкылдыгы жогору болгон тамактар коргошунду ээритип тамакка аралашуусуна себеп болгондуктан тамактан ууланып, өлүмгө жол ачкан учурлар болчу эле. Помидорлор буга себепчи болгондуктан 400 жыл боюнча помидорлордун уулуу делип эсептелип келген.

Көп адам жыгач табак колдончу. Катыган нандан жасалган табактар да бар эле. Нандар ушунчалык катуу болуп калгандыктан узак убакытка чейин колдонулчу эле. Булар эч качан жуулбагандыктан ичинде курттап жана көгөрүп кетчү эле. Курту бар көгөргөн табактардан тамак жегендердин ооздорунда табак оозу = trench mouth делген оору пайда болчу.

Пиво жана виски ичүү үчүн коргошун чөйчөктөрдү колдонушчу. Бул кошулма кээде бир канча күн эстен тандыры койчу эле. Кээ бирлери буларды өлдү деп ойлоп, көмүү үчүн даярданышчу. Булар бир канча күн мөөнөткө ашкана столунун үстүнө жаткырылып, ошол жерде тамак желип, булардын ойгонуп же ойгонбой тургандыктарын карашчу. Бул ойгонуу күзөтү деп аталчу.

Анлглияда өлгөндөрдү көмө турчу жер табуу кыйын эле. Бул үчүн мазарлар казылып, сөөктөр бир сөөк үйүнө алып барылып, бошогон мазар жаңыдан колдонулчу. Мазарлар ачылганда ар бир 25 өлүктүн бирөөндө ич тарапта дагы казылган жер бар болгондугу көрүлчү. Ушундайча адамдардын тирүүлөй көмүлгөндүгү билинген. Буга чечим катары өлүктөрдүн билектерине бир жип байланып, бул жип мазардан сыртка чыгарылып бир коңгуроого байланчу. Бир киши түнү бою мазарлыкта отуруп, коңгуроонун үнүн тыңшап отурчу. Бул мазарлык күзөтү = graveyard shift деп аталчу. Кээ бирлери коңгуроонун жардаамы менен кутулуп, saved by the bell, кээ бирлери болсо өлүү коңгуроочу = dead ringer болчу.

Батыштык саякатчылар Османлы өлкөсүндөгү тазалык жана канаатчылдык тууралуу

«Түрктөр көп жашашат жана аз оорушат. Биздин мамлекеттердеги бөйрөк оорулары жана канчалаган коркунучтуу оорулардын эч бирин билишпейт. Түрктөрдүн бул мыкты ден-соолугунун башкы себептеринен бири тез-тез мончого баруулары жана жеп-ичүүдөгү чекти өлчөмдү сактоолору болсо керек деп ойлойм. Себеби, аз тамак жешет, христиандар сыяктуу аралаш нерселерди жешпейт, жалпысынан алганда ичкилик жыйындарын курушпайт жана дайыма денелерин машыктырышат.» (M. de Thevenot-Relation d'un voyage fait an Levant-1665, Paris.)148-бет.

«Тамактан мурда жана тамактан кийин колдорду жуу түрктөрдүн арасында ушунчалык жалпы адат болуп калгандыктан, адамдардын колдорун жууларына себепчи болуу үчүн Аллахтын азыктарды жараткандыгы тууралуу макал кылып да айтышат.» (Ricaut-Histofre de I'etat present de l'Empire ottoman (6701 Paris.)

«Ашканалары өтө таза, ашкана буюмдары дагы жалтыраган сулуулугу менен теңдешсиз, дасторкон буюмдары болсун, тамактыра болсун өтө таза.»

«Түркияда дасторкондор турар замат сөзсүз ооздор жана колдор жуулат. Астыңызга ысык суу менен самын алып келинет, улуулардын конокторунда же гүл суусу же атыр жыттуу башка бир суу сунулат. Булар менен болсо жүзаарчынын бир учун нымдап аласыз.» (J.B Tavernier-Nouvelle relation de I'interiur du serrail du Grand-Seigneur-1678. Amsterdam)

«Түрктөр Европада көбүнчө туш келди тамак жегендери же жуунуп тазалангандан кийин кайра жей турчу идиштерде иттердин дагы тамак жешине уруксат беришпейт. Франктар бул көрүнүшкө көп уруксат беришкендиктен улам аларды «Иттер!» деп сөз кылышат. Себеби, Европада көбүнчө дасторконго иттер колдонгон идиштерде да тамак алып келинет.»

«Түрктөр жалпысынан бойлуу, келбеттүү адамдар. Христиан Европанын бир шаарында эле бүткүл Османлы Императорлугундагыдан да көп оорукчан, бечел адамды кездештирүүгө болот. Түрктөр күчтүү, кубаттуу болушкандыктан көп жашашат. Мунун себеби өтө пайдалуу жана мыкты азыктарды колдонууларында жана ашказанды бузуу менен боорго, жүрөккө жана тамак сиңирүү органына көп зыян берген даамдуу тамактарга маани бербөөлөрүндө изделиши керек. Мына ушундан улам түрктөр сейрек оорушат. Биз дайыма чалдыккан таш, кум, тамчы сыяктуу башка оорулар аларда көрүлбөйт. Бул ден-соолуктарын бир тараптан жеп-ичүүдө канаатчылдыктарына, бир тараптан болсо ысырапкорлукка барбоо шарты менен мончодо жуунуп тазалануу адаттарына карыз. Аялдары дагы ушул абалда. Бойлору менен келбеттүү басуулары эркектериникинен артта калбайт. Узун көйнөктөрүнүн дагы көркөмдүүлүгүнүн чоң таасири бар.» (Comielle Le Bruyn -Voyages de Cornielle Le Bruyn par Ia Moscovie, en Perse et aux indes orientales., 1332, La Haye.)

Эски түрк тамагындагы тазалык менен канаатчылдык мындайча баяндалат:

«Азыр түрк эли тууралуу жалпы түрдө баяндайлы. Бул эл тамак маселесинде өтө канаатчыл, тамактары ден-соолукка пайдалуу жана азыктуулугу жогору болуусу менен белгилүү, аз тамак жеп, ар нерсени жеген эч бир күнү жок. Мажаристанда түрктөр императорго тапшырууга мажбур болгон бир канча чептердин узак убакыт бою ач калгандан кийин тапшырылуулары жаратылыштан канаатчыл болууларынын далили. Өлчөмү аз болгон күнүмдүк азыктарын бир канча маалда жегендиктери үчүн эч качан ашказандары өтө толо болгонундай эле таптакыр бош дагы калбайт. Тамак сиңирүү ишинин ушундайча мыкты тартипке салынуусунан ишенимдүү болгондугум үчүн мен бул усулдун алда канча ден-соолукка пайдалуу экендигине ишенемин. Стамбул түрктөрү тамак сааттарын ушунчалык кең шаарда, ушунчалык чоң бир сарайда өткөрүлгөн жашоого ылайык акылдуу түрдө иретке салышкан. Түрктөр таңкы намазды таң атып баратканда окуу менен милдеттүү болгондуктары үчүн эрте туруулары керек. Бул намазды окугандан кийин өтө жеңил таңкы тамагын жешет. Түштө бир нече жемиш жешет. Италия сааты менен 21де (б.а., асыр маалы) жеңил бир тамак менен чектелишет жана түндүн бир чейрегинен (б.а., саат сегиз жарымда) мурда жай баракат кечки тамактарын жешет. Тамак сааттарын ушундайча иретке салышкан. Себеби, калган сааттарын ибадаттар жана соода тармагы менен Баб-ы Алиде жана башка мекемелердеги кесип иштерине сарпташат.» (Comte de Marsigli-L'etat militaire de l'Empire ottoman, ses progres et sa decadence, ,1732, La Haye.)

Тырмакты жеш

Суроо: Хазрети Али: «Тиши менен тырмак учтарын тиштеп кертүү акмактык», - деген. Пайгамбарыбыз алейхиссалам: «Аллаху тааланын дарт берүүнү каалаган кул тырмагын тиштөөнү өзүнө адат кылат», - деген. Тырмагымда бүртүкчөлөр бар. Тишим менен алам. Мындан кантип кутулсам болот?

ЖООП

Бул үчүн психиатрга барыш керек. Практикада мындай кылса боло: Бүртүкчө көрүлгөн жерлер тырмак өгөсү менен өгөлөнсө тиштөөнүн кереги болбойт.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш