Яхудилик


Ыйык китептер, тарыхый маалыматтар жана азыркы учурга чейин жетип келген эмгектер изилдене турган болсо, бир Аллахка ыйман келтирүүнү буйрук кылуучу дин болгон Исламдын Адам пайгамбардын доорунан бери бар экендиги белгилүү болот. Адам (алейхиссалам) пайгамбардан баштап Ибрахим алейхиссаламга чейинки убакыт ичинде көптөгөн пайгамбарлар келген. Аллаху таала аларга сухуфтарды (китепчелерди) жиберген. Атактуу жүз сухуфтун ону Ибрахим алейхиссаламга жиберилген. Тарыхчылардын айтуулары боюнча, Ибрахим пайгамбар б.з.ч. 2122 жыл мурда Фырат (Ефрат) жана Дижла (Тигр) дарыялары арасындагы мекенде туулуп, 175 жыл жашап, Кудуска жакын болгон Халилуррахман делген жерде кайтыш болгон. Ибрахим алейхиссаламдын өгөй атасы – Азар. Өз атасы Тарух Ибрахим кичинекей кезинде дүйнөдөн кайтат. Азар буттарды жасай турган чебер болгон. Ибрахим бала кезинде эле буттарга ибадат жасоого болбой тургандыгын түшүнүп, өгөй агасынын жасаган буттарын сындырып, ошол элдин, б.а., Вавилондун бийлөөчүсү Намрудду ыйманга чакыра баштайт. Намруд өтө заалым бийлөөчү эле. Легенда боюнча Намруд чыныгы аты эмес, (Фараон) сыяктуу наамы болчу. Бала кезинде мурдуна жыландын баласы кирип кетип, бети кыйшайып, түрү бузулуп кеткен болчу. Атасынын өзү деле анын түрүн көрүүгө чыдай албай өлтүрмөкчү болот. Бирок, энеси жалбарып, аны бир чабанга берет. Чабан да анын жагымсыз түрүн көрүүгө чыдай албай, бир тоонун башына алып барып таштайт. Тоодо Намруд деген ургаачы жолборс ал баланы эмизип, анын аман калуусуна себеп болот. Намруд деген наам ушундан калган. Атасы кайтыш болгондон кийин бийликке келген Намруд өзүн теңир деп эсептеп, калктын өзүнө сыйынуусун каалайт. Ибрахим (алейхиссалам) ошол жүзү суук, каардуу адамды акыйкат динге чакырат. Калкты буттар менен Намруддан баш тартууга чакырат. Бирок, алар ыйман келтиришпейт. Ошол кездеги Калдани коомунун адаты боюнча жылда бир жолу бир жерге жыйналышып, майрамдашчу эле. Анан бутканага барышып, буттарга сажда кылып сыйынышып, үйлөрүнө кайтышчу эле. Ушундай бир майрам күнү Ибрахим алейхиссалам бутканага кирип, балта менен бардык кичи буттарды талкалап, балтаны эң чоң буттун моюнуна илип коюп, кетип калат. Калданилер бүткүл буттарын талкаланып жатканын көрүп, бул ишти кылган адамды жазаламакчы болушат. Ибрахим алейхиссаламды алып келишип: "Муну сен кылдыңбы?” - деп сурашат. Ибрахим алейхиссалам: "Муну өзү турганда кичи буттарга сыйынууңарды каалабаган мойнунда балта илинип турган чоң бут кылды. Ишенбесеңер өзүнөн сурагыла”, - дейт. Адамдар: "Андан сурагыла дейсиң, буттар сүйлөбөйт го”, - деп айтышат. Ошондо Ибрахим алейхиссалам: "Андай болсо сүйлөй албаган, өздөрүн кыйроодон куткара албай турган буттарга эмнеге сыйынасыңар?” - деп коомун буттарга сыйынуудан кайтарууга аракет кылса да пайдасы болбойт. Бул жагдай тууралуу Курани каримде "Анбия” сүрөсүнүн 52-аятынын аягында айтылган. Бул иш тууралуу Намрудга кабар берилет. Намруд Ибрахим алейхиссаламды чакыртат. Хазрети Ибрахим алейхиссалам Намруддун сарайына барганда ага сажда кылбайт. Намруд эмнеге сажда кылбаганын сураганда: "Мени жараткан Аллаху тааладан башкага сажда кылбайм”, - дейт. Намруд Ибрахим алейхиссаламдын далилдерине жооп бере албай, каршы чыгып, кабылдабайт. Ибрахим алейхиссалам Аллаху тааланын бар, бир, түбөлүк экендигин, бүт нерсенин жаратуучусу, ээси экендигин жана бүт нерсеге күчү жете тургандыгын, ал эми Намруддун алсыз бир пенде экендигин айтат. Буга катуу ачууланган Намруд жанындагылардын да колдоолору менен аны отто күйгүзүүнү чечет. Курани каримде Ибрахим алейхиссаламдын Намруд менен сүйлөшкөндүгү тууралуу маалымат келтирилген. "Бакара” сүрөсүнүн 258-аятында: "(Эй, Хабибим) Аллах өзүнө мүлк, султандык бергендиктен азгындап Ибрахим менен анын Рабби жөнүндө талашкан адамдын (Намруддун) кабарын укпадыңбы? Ибрахим: "Менин Раббим өлтүрөт жана тирилтет”, -дегенде, (Намруд): "Мен да өлтүрүп, тирилте аламын”, -деди. Ибрахим: "Аллах Күндү чыгыштан чыгарат, сен аны батыштан чыгарчы?!” –дегенде, капыр (Намруд) далбастап калат. Аллаху таала зулумдук кылган адамдарды туура жолго түшүрбөйт”,  - деп айтылган.

Ибрахим алейхиссаламдын отко ыргытылуусу тууралуу Курани каримдин "Саффат” жана "Анбия” сүрөлөрүндө кабар берилет. "Саффат” сүрөсүнүн 97-аятында: "Капырлар атайын бир имараттын ичинде от жагышып, Ибрахимди отко ыргыткыла деп айтышты”, - делген. Бирок, ал отко ыргытылган маалда от гүл бакчага айланат. Башка маалыматтарда айтылуусу боюнча, от жагылган имараттын ичи көлмөгө айланат. Отундар да балыктарга айланган. Курани каримде "Анбия” сүрөсүнүн 68, 69 жана 70-аяттарында: "Капырлар: "Эгер бир нерсе кыла турган болсоңор Ибрахимди отко күйгүзгүлө. Ушундайча кудайларыңарга көмөктөшкүлө”, – деди.  Биз: "Эй, от! Ибрахимге салкын бол!” – дедик. Алар Ибрахимге ушундайча тузак курмакчы болду. Бирок, биз алардын өздөрүн андан да оор зыянга учураттык”, – деп билдирилген. Курани каримде Намруд деген ат кездешпейт. Бирок, бул ысым Тооратта (Ыйык китептин "Эски Осуят” бөлүмүндө) бар. Азыркы Туркиянын Урфа шаарына жакын жерде "Айн-и залика” же болбосо "Халилуррахман” деп аталган 50 x 30 метр чоңдуктагы бир көлмө бар. Бул жердин Ибрахим алейхиссаламдын отко ыргытылган жер экендиги жана отундардын балыкка айлангандыгы айтылат. Бул жердеги балыктарга эч ким тийбейт.

Ибрахим алейхиссалам эки жолу үйлөнгөн. Биринчи жубайы Саара жетимиш жашка чейин балалуу боло албайт. Ошондуктан, Ибрахим алейхиссалам Мысырда (Египет) Фараон белек кылган Хажар деген күңдү экинчи жубайы кылып алат. Андан Исмаил (алейхиссалам) дүйнөгө келет. Сара да Аллаху тааладан бала тилейт. Аллаху таала ага да бир бала берет. Ал – Исхак алейхиссалам эле. Исмаил алейхиссалам арабдардын, Исхак алейхиссалам болсо ибранилердин атасы болду. Б.а., арабдар менен ибранилер (еврейлер) атасы бир, энеси башка болгон туугандар. Ибрахим пайгамбар Мухаммед алейхиссаламдын  аталарынын бири болуп саналат.

Ибрахим алейхиссаламга токсон жашында пайгамбар болгондугу билдирилген. Анын дини Аллаху тааланын бир экендигин билдирчү эле. Курани каримде "Али-Имран” сүрөсүнүн 67-аятында: "Ибрахим (алейхиссалам) яхуди да, христиан да эмес. Ал Аллаху таалага ишенген (ханиф) жана нагыз мусулман болчу”, – деп айтылган.

Яхуди дининин негизи тууралуу үгүттөгөн адам – Муса алейхиссалам болжол менен б.з.ч 1705-жылы Мысырда Мемфис шаарында туулган. Фараон түшүндө ошол жылы туула турган бир эркек баланын өзүн өлтүрө тургандагын көрүп, ошол жылы туулган эркек балдардын баарын өлтүрүүгө буйрук берет. Муну угуп, Мусанын энеси баласын жыгач сандыкка салып, Нил дарыясына ыргытат. Аны Аллаху таалага аманат кылат. Бул сандыкты Фараондун аялы таап алат. Фараон да баланы көрөт. Бирок, сандыкты суу бетинде көргөн кезде аялынын: "Сандыкта байлык болсо сеники, жандык болсо меники”, - деген тилегин кабылдап, балага эч нерсе кыла албайт.

"Муса” сөзү "суудан куткарылган” деген маанини билдирет. Христиандар "Моше” жана "Моис” (Моисей) дешет. Мусанын энеси өзүн сүт эне катары көрсөтүп, Фараондун сарайына алдыртып баласын чоңойтот. Кырк жашка толгондо Муса туугандарынын жанына кетип калат. Өзүнөн үч жаш улуу болгон Харун пайгамбар менен жолугушат. Муса алейхиссалам ибранилерге каршы жасалган зулумдуктарга каршы чыгат. Аларды коргойт. Бир күнү бир Мысырлык капырдын бани Исраилдин бирине зулумдук кылып жаткандыгын көрөт. Аны куткарайын дегенде кокустан капыр өлүп калат. Муса алейхиссалам жабырлануучуну капырдын зулумунан куткарууну гана ойлогон эле. Ошондуктан, Мысырдан чыгып кетүүгө аргасыз болот. Мадиан шаарына көчүп келет. Ал жерде Шуайб алейхиссалам менен жолугуп, аны менен он жыл чогуу жашап, кызы Сафурага (Tsippore) менен үйлөнөт. Он жылдан кийин кайра Мысырга кайтып келет. Тур тоосуна келгенде мезгилсиз  Аллаху таала менен сүйлөшөт. Ошондо ага пайгамбарлык берилет. Ага Аллаху тааланын бир экендиги, Фараондун теңир эместигижана көптөгөн нерселер тууралуу билдирилет. Мысырдагы Фараонго барып, аны динге чакырат. Ага бир Жаратуучуга ыйман келтирүүнү насыят кылат. Исраил уулдарын боштондукка чыгаруусун суранат. Фараон буларды кабылдабайт. "Муса чоң сыйкырчы. Бизди алдап, элибизди колубуздан алууну каалайт”, - дейт. Жанындагы жардамчыларынан сурайт. Алар: "Сыйкырчыларды чакыр, аны жеңсин”, - деп айтышат. Сыйкырчылар чакыртылат. Ошол жыйында шаардын белгилүү сыйкырчылары топтолуп, колдорундагы жиптерин жерге ташташат, жиптер жыланга айланып Муса алейхиссаламга карай сойлошот. Ошондо Муса алейхиссалам аса таягын жерге урган кезде ал чоң жыланга айланып жиптерди жутат. Ошондо сыйкырчылар таңданып: "Бул адам чындыкты айтууда”, – деп, ага ишенишет. Бул окуя Курани каримде "Аъраф” сүрөсүнүн 111-123-аяттарында билдирилген. Муну көргөн Фараон катуу ачууланат. "Ал силердин устазыңар экен, колу-буттарыңды кесип, силерди курма дарагына асамын”, - дейт. Алар: "Биз Мусага ишендик. Анын Раббисине сыйынабыз. Бир гана ошол Жаратуучунун мээримдүүлүгүн каалайбыз”, - дешет. Фараон Исраил уулдарынын Мысырдан чыгып кетүүлөрүнө уруксат бербейт. Себеби, Исраил уулдары Мысырдан чыгып кете турган болсо, ал кызматчыларынан жана кулдарынан айрылып калат эле. Ушундай зулумдуктардын натыйжасында Кудайдын жазасы иретинде капырлардын суулары канга айланат. Асмандан курбака жаайт. Тери оорулары тарайт. Үч күн караңгылык басат. Фараон бул мужизаларды көрүп коркконунан айласыз уруксат берет. Муса алейхиссалам Исраил уулдарын менен Мысырдан чыгып Кудуска бара жатканда Фараон ниетин бузуп, аскерлери менен алардын аркасынан кууйт. Суец кысымында деңиз экиге бөлүнүп момундар аркы бетке өтүп кетишет. Фараон аскерлери менен бирге өтүп бара жатканда деңиз кайтадан жабылып, баары сууга чөгүшөт. Муса алейхиссалам ушул көч кезинде Тур тоосунда Аллаху таалага көп жалбарат. Аллаху тааланын өзүн көргүсү келет. Аллаху таала анын бул тилегин кабылдабады. Бирок, аны менен Тури Синада дагы сүйлөштү. Муса алейхиссалам Тури Синада 40 күн жана 40 түн калып орозо кармайт. Аллаху таала Жабраил алейхиссалам аркылуу Тооратты лавхалардын бетинде жазылган абалда жиберди. Өзүнө ыйман кылгандардын моюн сунуу үчүн он лавхага жазылган он буйрук берди. Ошол замандан бери яхудилердин китептеринде жана Тоораттын (Тасния китебинин) 5-чи бабынын 6-чы аятында жана "Хуруж” (чыгуунун) 20-чы бөлүмүнүн башында берилген "Авамири Ашара” деп аталган он буйрук мына булар:

1.  Сени Мысыр аймагынан, кулдук үйүнөн чыгарган Аллах – Менмин.

2. Менден башка Кудайың жок. Асмандагы, жердеги, жердин астындагы нерселердин эч кайсысынын сүрөтүнө, көрүнүшүнө сыйынбайсың.

3.  Аллахтын ысымын боштон бош оозуна албайсың.

4.  Жуманын алты күнүндө эмгектенип, жетинчи күнү дем аласың. Ишемби күнүн ыйык деп эсептейсиң.   

5.  Ата-энеңди сыйлап-урматтап, алардын айткандарын кыласың.

6.  Адам өлтүрбөйсүң.

7.  Зина кылбайсың.

8.  Эч бирөөнүн акысын жеп, уурулук кылбайсың.

9.  Кошунаңа каршы жалган күбөдө болбойсуң.

10. Кошунаңдын аялына, үйүнө, эгинине, кулуна, күңүнө, малына, эч бир нерсесине көз тикпейсиң.

Муса алейхиссалам Тур тоосунан кайтып келгенде бир тууганы Харун алейхиссаламга аманат кылып калтырган коомунун туура жолдон тайганын, бир алтын музоонун айкелин жасап, ошого сыйынгандарын көрөт. Муса алейхиссалам өтө сулуу, айбатуу, курч көздүү адам эле. Аны көргөн адам анын күчтүү таасиринин астында калчу эле. Бир жашында Фараондун маржандар менен кооздолгон сакалын жулуп, аны ачууландырган эле. Жубайы Асиянын шапааты менен өлтүрүүдөн мурда аны сыноодон өткөрөт. Ичинде алтын жана от салынган эки идишти алдына койгон кезде ал колун алтынга созуп бара жатканда Жабраил алейхиссалам анын колун отко карай буруп жиберет. Отту оозуна алып барып, тилинин учу күйүп, отту таштап жиберет. Ошол себептен алгачкы убактарда жакшы сүйлөй алчу эмес. Ошондуктан, адамдарга насыят кылуу талап кылынганда бул ишти бир тууганы Харун алейхиссаламга тапшырчу эле. Бирок, пайгамбарлыгы билдирилгенден кийин тили айыгып, Харун алейхиссаламдан да көркөм сүйлөй турган болгон. Ал Тури Синада жүргөндө Харун алейхиссаламдын көркөм сөздөрү коомунун туура жолдон таюусуна тоскоол боло алган эмес эле. Муса алейхиссалам кайрадан Тур тоосуна барып, Аллаху тааладан үммөтүн кечирүүсү үчүн жалбарат. Үммөттү тообо кылат. Аларды ээрчитип, Аллаху таала тарабынан убада кылынган жер – Арзи мавудду табуу үчүн чөлгө кетет. 40 жыл Тих чөлүндө болду. Чөлдө Аллаху таала аларга "Селва” деп аталган куш этин жана "Мен”  деп аталган кудурет азыгын тартуулайт. Муса алейхиссалам Арз-и мавуд көрүнө турган Ариха шаарынын тушундагы Ниба дөбөсүнө чейин барып, 120 жашында кайтыш болот. Тууганы Харун алейхиссалам андан 3 жыл мурда кайтыш болгон эле. Армандаган жери – Арз-и мавудга кирүү өзүнөн кийин келген Юша пайгамбарга насип болду.

Улуу Ислам тарыхчысы жана укукчусу Ахмед Жавдат Паша "Кисас-и анбия” китебинде мындай дейт:

"Ибрахим алейхиссаламдын уулу – Исхак алейхиссалам, анын уулу – Якуб алейхиссалам эле. Якуб алейхиссаламдын чыныгы аты – Исраил эле. Анын урпактары Бани Исраил (Исраил уулдары) деп аталды. Якуб алейхиссаламдын он эки уулунун бири – Юсуф да пайгамбар эле. Юсуф алейхиссаламдан кийин Исраил уулдары Якуб жана Юсуфтун диндери менен амал кылып, Мысырда жашашкан. Мысырдын байыркы эли болгон кыбтилер жылдыздарга, буттарга, ар  кандай айкелдерге сыйынышчу эле. Исраил уулдарын кул катары колдонушчу эле. Исраил уулдары Фараондун зулумунан кутулуп, ата журту Кенанга кетүүнү каалашат. Бирок, Фараондор буга уруксат беришчү эмес. Анткени, Исраил уулдары оор жумуштарды кылышат жана жаңы шаарларды, имараттарды салышчу эле. Имран уулу Мусаны энеси сандыкка салып, Нил дарыясына агызып жиберет. Фараондун аялы Асия аны таап алып, бала кылып алат. Муса бир кыбтини каталык менен өлтүргөндөн  кийин Мысырдан кетип, Мадиан шаарына барат. Ал жерде он жыл турат. Шуайб пайгамбардын кызына үйлөнүп, Мысырга кайра кайтып келет. Жолдо Тур тоосуна чыкты. Бул жерде Аллаху таала менен сүйлөштү жана ага пайгамбардык берилди. Фараонду динге чакыруу буйрук кылынат. Фараон ыйман келтирбейт. Муса алейхиссалам Исраил уулдарын жыйнап, баары Мысырдан чыгып кетишет. Кызыл деңизден өтүшүп, Ариха аймагына карай кетишет. Исраил уулдары ал жерге бара албай тургандыктарын жана Амалика менен согуша албай тургандыктарын айтышат. Муса алейхиссалам аларга каргыш дуба кылат. Өзүнөн үч жаш улуу тууганы Харун алейхиссаламды алардын жанында калтырып, Тури Синага барат. Аллаху таала менен дагы сүйлөшөт. Ага Тоорат китеби берилет. Коому тообо кылып, Лут көлүнүн түштүгүнө келишет. Шариа дарыясынын чыгыш жагына Ариха шаарынын тушуна жайгашышат. Ордуна Юша пайгамбарды калтырып, дүйнөдөн кайтат”. "Мирати каинат” китебинде мындай деп айтылган: "Муса алейхиссалам үч жолу Тур тоосуна барат. Биринчи барганда ага рисалат берилди  (пайгамбар болгондугу билдирилди). Экинчи жолу барганда "Тоорат-и шариф” жана "Он буйрук” жиберилди. Тоорат 40 бөлүмдөн турат. Ар бөлүмдө миң сүрө, ар сүрөдө миң аят бар эле. Азыркы колдогу Тоораттарда анча аят жок. Анткени, Тоорат менен Инжилдин кийин өзгөрүштөргө дуушар болгонун, кайрадан жазылганын Курани карим көрсөтүп турат. Жабраил алейхиссаламдын Муса алейхиссаламга алып келген Тооратты бир гана Муса, Харун, Юша, Узайр жана Иса алейхиссаламдар жатка билишчү эле”.

"Камус-ул-алам” китебинде мындай айтылат: "Ассирия бийлөөчүсү Бахтуннасар (Навуходоносор) Кудусту алып, Акса мечитин талкалаган кезде Тоораттын нускаларын өрттөп салат. Жетимиш миң яхуди аалымын туткунга түшүрүп, Вавилонго жиберет. Алардын арасында Даниял жана Узайр пайгамбарлар да бар эле. (Узайрды яхудилердин "Азра” деп аташкандыгы "Мунжид” китебинде билдирилет. Азыркы ыйык китептин "Эски осуят” бөлүмүндөгү "Азра” китебин жана башка да китептерди жазган адам – Узайр алейхиссалам эмес, ибрани дининдеги Азра деген адам эле). Яхудилер Тооратты унутту. Насыят кылууга жиберилген пайгамбарларына ишенишпеди. Көбүнчөсүн шейит кылышты. Иран падышасы Бахман Кейхусрав ассириялыктарды кыргынга учуратты. Яхуди туткундар менен Даниял алейхиссаламды бошотту. Масжиди Аксада кулчулук кылуучулар көбөйдү. Уулу Искендер Кудусту алгандан кийин яхудилердин арасынан Геродосту (Hirodes) башчы кылып дайындады. Бирок, бул кыянатчы яхуди Яхйа алейхиссаламды шейит кылат. Элге көп зулумдук кылды. Андан кийин Кудус Римдиктердин колуна өттү. Яхудилер көтөрүлүш кылгандан кийин 135-жылы Адриан Кудусту талкалап, яхудилерди кырып салат жана качкандар бүт жакка тарап кетишет. Барган жерлеринде христиандар тарабынан көп зулумдук көрүштү. Ислам дини келгенден кийин алар тынч жашоого ээ болушту. Кудус шаары Византия императорлору тарабынан оңдолуп, "Илия” деп аталды. Шаар менен Масжиди Аксаны Эмевий халифаларынын бешинчиси Абдулмалик кайрадан салдырган. Христиандар кресттүү жортуулдарында аны талкалап салышат. Салахиддин Аййуби мечитти кайра көтөргөн. Кийин Осмон халифалары аны оңдоп-түздөтүшкөн”.

Яхудилердин Тоораттан кийинки ыйык китеби – "Талмуд” . Муса алейхиссалам Тури Синада Аллаху тааладан уккандарын Харун, Юша жана Ал-Йазарга айтып берген. Алар кийин келген пайгамбарларга жана ыйык Яхудага айтып беришкен. Ал экинчи кылымда буларды кырк жыл ичинде бир китепте жыйнаштырган. Бул китеп "Мишна” деп аталган. Үчүнчү кылымда Кудуста жана алтынчы кылымда Вавилондо Мишнага бир бирден түшүндүрмө жазылган. Алар "Гамара” деп аталган. Эки Гамаранын бири менен Мишнаны бир китеп кылып, аны "Талмуд” деп аташкан. Кудус Гамарасынан жасалганы "Кудус Талмуду”, Вавилон Гамарасынан жасалганы "Вавилон Талмуду” деп аталган. Христиандар бул үч китептин душманы. Иса алейхиссаламды асуу үчүн даярдалган крестти көтөргөн жана крестке асуу окуясына катышкан Шамум "Мишна”ны рываят кылгандардын катарында деп эсептешет.

Христиандар "Ыйык китеп” деп эсептеп жүргөн китеп "Эски осуят” (Ахди Атик) жана "Жаңы осуят” (Ахди Жадид) деген эки бөлүмдөн турат. Яхудилер анын "Эски осуят” деген бөлүмүнө гана ишенишет жана аны "Китаби мукаддас” (ыйык китеп) деп эсептешет. Анын "Эски осуят” деп аталуусун кабыл кылышпайт. Аны "Танах” деп аташат. Танахты да үчкө бөлүшөт. Анын биринчи бөлүмүн "Тоорат” деп аташат. Алардын "Тоорат” деген китептери беш бөлүмдөн турат:

  1. Таквин (Genеsis).
  2. Хуруж (чыгуу, Exodus).
  3. Левиликтер (Leviticus).
  4. Адат (сандар, Numeri).
  5. Тасния (Deuoronomium).

(Бул беш китептин жалпы аты Pentateuch).

Курани каримдин "Исра” сүрөсүнүн 2-аятында: "Биз Мусага китеп бердик”, - делген. Азыркы колубуздагы Тооратта кийин  өзгөртүлгөн жана бирөөлөр тарабынан киргизилген көптөгөн сөздөр бар. Алардын Муса алейхиссаламга түшкөн чыныгы Тооратка эч кандай тийешеси жок. Чыныгы Тооратта Аллаху тааланын "Мухаммед” (алейхиссалам) аттуу акыркы пайгамбар жибере тургандыгы тууралуу жазылган. Муса алейхиссаламдын экинчи жолу Аллаху таалага кылган мунажатында (дуба менен кайрылуу) жолдон адашкан коому үчүн кечирим сурагандыгы "Араф” сүрөсүнүн 155-157-аяттарында мындай билдирет: "Муса: "Раббим, эгер кааласаң мени да алар менен кошо жок кылар элең. Арабыздагы начар адамдардын жаман аракеттерине байланыштуу бизди жок кыласыңбы? Бул сенин сынагыңдан башка эч нерсе эмес. Аны менен Сен каалаганыңды адаштырып, каалаганыңды туура жолго саларсың. Биздин досубуз Сенсиң. Бизди кечире көр! Бизге ырайым кыл! Сен кечирүүчүлөрдүн эң жакшысысың. Биз үчүн бул дүйнөдө жакшы моюн сунуу менен өмүр, акыретте Жаннатты бере көр! Биз күмөнсүз Сага тообо кылдык, Сага жүзүбүздү бурдук”, – деди. Аллаху таала ага : "Каалаган адамымды азапка учуратамын. Мээримим чексиз. Ал такыбаалууларга (куфурлук менен күнөөдөн сактангандар), зекетин бергендерге жана биздин аяттарыбызга ыйман кылгандарга буюрат. Алар сабатсыз пайгамбар болгон Расулга моюн сунат. Ал Расулдун (ысымы менен сыпаттарын) жандарындагы Тоорат менен Инжилде жазылганын көрөт. Ал Пайгамбар жакшылыкты, ыймандуулукту буюруп, жамандык менен куфурлукка тыйым салат. Таза нерселерди адал, жаман нерселерди харам кылат. Алардын жүктөрүн түшүрөт жана оор кыйындыктарын жеңилдетет. Ушу Пайгамбарга ишенгендер, ага таазим кылгандар, ага көмөктөшкөндөр, ага жиберилген нурга (Курани каримге) багынгандар, мына ошолор түбөлүк бакытка жете тургандар”, – деп билдирилет.

Яхудилердин акыркы Пайгамбарга ишенгендиги жана анын келүүсүн күткөндүгү чындык. Кээ бир тафсирлерде яхудилердин согушта: "Эй, Рабби! Келе тургандыгы тууралуу бизге кабар берген акыркы Пайгамбарыңдын урматына бизге жардам бер”, - деп дуба кылгандыгы жана ошол согуштарда жеңишке жеткендиктери тууралуу жазылган.

Муса алейхиссаламдан кийин ибранилерге келген пайгамбарлардын ичинде Давуд жана Сулайман (алейхимуссалам) хак динди таратты.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:

Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш