Яхуди дининин негиздери


Ыйман: Бир гана Аллах бар. Ал өздүгүнөн бар. Туулбаган жана туулбайт. Бадык нерсени көрөт жана билет. Кечирүү же болбосо жазалоо бир гана Анын кудуретинде.

Ахлак: Негизи он касиеттүү буйруктардан (авамири-и ашарадан) турат. Адам ушул он буйрукка багынышы керек. Адамдын руху менен денеси эки башка нерсе жана рух кыяматка чейин өлбөйт. Акырет жашоосуна ишенүү кажет.

Дин негиздери: Яхуди эмес улуттар бутпарасттар деп эсептелет. Алардан мүмкүн болушунча алыс болуу керек. Алар менен байланышты үзүү керек. Кандуу же кансыз курмандык чалууга тийиш. (Яхудилер бүт жаныбарларды, жада калса, көгүчкөндү, көбүнчө кой, эчки, уйду курмандык чалышчу. Кийин тузсуз нандан жасала турган "камырсыз” аттуу пиццалар курмандыктын ордуна колдонула турган болду. Аларды таратуу "кансыз курмандык” деп аталды). "Канга – кан, жанга – жан” эрежеси колдонулат. Эркек балдар хахам (раввин) тарабынан сүннөт кылынат. Этин жегенге боло турган малдардан союлуусу керек. Башка жолдор менен өлтүрүлгөн мал этин жегенге болбойт. (Азыркы мезгилде Европа менен Америкада Яхуди касапчыларынын дүкөндөрүндө "кашер” деп аталган белги коюлат. Анын мааниси ошол дүкөндө сатыла турган эттин хахамдар билдирген эрежелердин негизинде союлган эт экендигин билдирет. Яхудилер бир гана ушул жол менен союлган этти жешет. Мусулмандар да бир гана Аллаху тааланын ысымы менен союлган малдын этин жешет. Чочко этин такыр жешпейт.) Яхуди аялдары никеси кыйылгандан кийин башын жаап жүрүүгө мажбур. Азыр яхуди аялдар бул ишти Европада баштарына парик кийүү аркылуу жүзөгө ашырышат. Чочко эти яхудилер үчүн харам.

Яхудилердин ибадат адистери бир нече топко бөлүнөт. Ишенби – ыйык күн, бул күнү алар иш кылышпайт, от жагышпайт. Яхудилер бул күндү майрам кылып өткөрүшөт. Ал "шабат” деп аталат. Яхудилердин дагы бир канча майрамдары бар. Пасх – яхудилердин Мысырдагы кулчулуктан кутулуу майрамы. Шаввот – гүл майрамы, бул Тоорат менен он буйруктун берилүү майрамы. Кипур – улуу орозо күнү, яхудилер тообо кылып, кечирүлүү майрамы. Сухкот – камыш майрамы, бул чөлдөгү жашоону эске түшүрөт.

Хахамдардын христиан поптору сыяктуу күнөө кечирүү укугу жок. Алар бир гана ибадаттарды башкарышат. Аллаху тааланын алдында бардык яхудилер тең, араларында эч кандай айырмачылык жок. Диний салтанаттар жана хахамдардын ибадаттарды башкаруу эрежелери Муса алейхиссаламдан кийин келген пайгамбарлар тарабынан көбөйтүлгөн, б.а., жаңы негиздер кошулган. Давуд алейхиссаламдан кийин ага жиберилген Забурдун диний ырым- жырымдарында окулуусу же болбосо инструменттер менен ойнолуусу ибадатка киргизилген.

Давуд пайгамбар болжол менен б.з.ч. 1000-жылы дүйнөгө келген. (Европалык тарыхчылар Давуд алейхиссаламдын бийликте болгон убактысын б.з.ч. 1015-975 жыл деп билдиришет, бирок, бул так эмес). Мурда чабан болгон Давуддун үнү өтө асем болгондуктан аны мамлекет башчысы Талут чакырып алып, аны рубабда (музыкалык инструментте) ойноочу кылып коёт. Мурдатан араларында достук мамилелер болгону менен Талут аны өзүнө жакын дос кылып алгандан кийин Давуддун атагы күн сайын артып, отуз жашында бир согушта алп Жалутту таш менен уруп өлтүрүүсү, калктын ага таң калуусу Талутту сестендирип, Давудду өзүнөн алыстатат. Бирок, Талут кайтыш болгондон кийин Давуд алейхиссалам калктын каалоосу менен анын ордун ээлеп, алгачкы жолу Кудусту исраилдиктердин борбору кылат. Давуд алейхиссалам 40 жыл бийликте болду. Ага "Забур” деп аталган китептин берилгендиги тууралуу Курани каримдин "Ниса” сүрөсүнүн 163-аятында жана "Исра” сүрөсүнүн 55-аятында жазылган. Анда Давуд алейхиссаламдын Аллаху таалага жалбаргандыгы, Андан кечирим сурагандыгы бар экендигине шек жок. Бирок, азыркы Касиеттүү китептеги Забурда ушулар менен бирге башка адамдар тарабынан жазылып кошулган бөлүмдөр да кездешкендиктен Аллаху таала жиберген калыбынан толугу менен өзгөргөн. Аллаху таала Давуд алейхиссаламды көптөгөн жакшылыктар менен сыйлаган. Курани каримде "Саба” сүрөсүнүн 10-аятында: "Биз Давудга жакшылык (пайгамбарлык, китеп, султандык, асем үн, темирди колу менен каалаган формага салуу усталыгын сыяктуу) артыкчылыктарды бердик. "Эй, тоолор менен куштар, силер да аны менен бирге таспих кылгыла”, - дедик. Ал үчүн темирди жумшак кылдык”, – деп айтылган. "Сад” сүрөсүнүн 17-19-аяттарында: "Эй, Мухаммед! Капырлардын айткан сөзүнө сабыр кыл. Кулубуз, күч ээси Дувудду эсиңе түшүр! Ал ар дайым Аллахка тообо кыла турган. Биз эртеден кечке чейин аны менен бирге таспих кыла турган тоолор менен куштарды анын бийлигине берген элек” жана "Сад” сүрөсүнүн 25-аятында: "Биздин алдыбызда анын жогору орду жана жаркын болочогу бар”, - деп айтылган. Азыркы кездеги Тоорат менен Инжилде Давуд алейхиссаламдын карамагындагы Урия деген жоокердин Батшаба аттуу аял менен болгон окуясы катары "Экинчи Самуилдин” 11-бабында жазылган уятсыз аңгеме чындыкка жатпайт. Бул - улуу Пайгамбарга жабылган жалаа.

Курани каримде бул тууралуу так маалымат кездешпейт. Тескерисинче, Давуд алейхиссаламдын ар дайым Аллаху тааладан катуу корккондугу, ага илим жана чындыкты жалгандан айыра турган күч берилгендиги тууралуу жазылган. "Сад” сүрөсүндө (24- аят) бир кой маселесинде адилетсиздик кылып коюудан коркуп, сажда кылгандыгы, Аллахтан кечирим сурап, көп дуба кылгандыгы тууралуу жазылган. Бул Урия легендасынын Тоорат менен Инжилге кийин киргизилгенин Ислам аалымдары бир добуштан тастыкташат. "Исраилийат”деп аталган мындай ойдон чыгарылган аңгемелерди яхудилер сабатсыз мусулмандардын арасына да таратууну каалаганы менен Ислам аалымдары алардын жалган экендигин билдиришкен.

Давуд алейхиссаламдын уулу – Сулайман пайгамбар. Ал атасынын ордуна Исраил уулдарына пайгамбар жана жетекчи болду. Жин, жырткыч айбандар жана куштар менен сүйлөшчү. Сулайман алейхиссаламдын доору – исраилдиктердин эң жаркын доору болгон. Сулайман алейхиссаламдын дооруна чейинки Исраил бийлөөчүлөрү сарайдын эмне экенин билишчү эмес. Жогоруда аты аталган Талуттун үйү эң жаман дыйкандын үйү менен бирдей эле болгон. Сулайман алейхиссалам эң алгач Кудус шаарын жана бир сарай салдырат. Бир канча имараттарды, сарайларды, бакчаларды, курмандык чала турган орундарды, ибадатканаларды салдырат. Кудуста салдырган эң чоң ибадаткана Масжиди Акса – Байти Мукаддас (касиеттүү үй) деп аталат. Финикиялык усталарга салдырган бул имараттын курулушунда жиндер дагы кызмат кылган. Бул мечиттин курулуусунда өтө баалуу заттар колдонулган. Аны алыстан караганда алтындай жаркырап турган. Анын курулуусу жети жылга созулган. Бул мечит Ассирия бийлөөчүсү Экинчи Бахтуннасар (Навухадоносор) Кудусту басып алган кезде өртөлгөн. Тоораттын нускаларынын баары күйүп кеткен. Масжиди Аксаны Кейхусрав оңдотот. Бирок, кийин аны Римдиктер өрттөп салган. Кийин Константинополь Грек-Византия императорлору Масжиди Аксаны оңдоп, Кудусту "Илия” деп аташат. Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссалам Масжиди Аксада намаз окуган. Кудус хижрий 16-жылы Омар радыйаллаху анхтын доорунда мусулмандардын колуна өтөт. Абдулмалик рахимахуллахтын доорунда азыркы мечит салынган. Жаңы курулуштун аймагына кирбей, сыртта калып кеткен мурдагы дубалдарды азыркы яхудилер "ыйлоо дубалы” деп атап, ушул жерде дуба окушат.

Сулайман алейхиссаламдын доорунда Кудус дүйнөнүн эң бай, эң кооз шаары болгон. Сулайман алейхиссалам салдырган керемет сарайлар, андагы баалуу заттар тууралуу көптөгөн аңгемелер бар. Дүйнөдө эч бир падыша Сулайман алейхиссалам сыяктуу жакшы өмүр сүргөн эмес десек жаңылыш болбойт. Сулайман алейхиссаламдын бир нече жубайы жана күңдөрү болгон. Сулайман алейхиссалам соодага көп көңүл бургандыктан байлыгы күн сайын артып барган. Ал сарайын жаңы жана баалуу нерселер менен кооздоткон. Бир нече кымбат баалуу жылкы, куштар жана башка жаныбарларды бакчу эле. Сарайда күнүнө 30 уй, 100 кой жана кийиктер союлчу эле. Сулайман алейхиссалам ар дайым тынчтыкты каалап, кошуна мамлекеттер менен достук мамилелерин бекемдеген. Кошуна мамлекет болгон Мысыр фараонунун кызына үйлөнгөн. Ошондой эле Саба ханышасы Билкисти да акыйкат динге чакырып, аны менен достук мамиледе болгон. Ислам тарыхчыларынын айтуулары боюнча ага да үйлөнгөн. Билкистин Сулайман алейхиссаламдан чакыруу алгандыгы Курани каримдин "Намл” сүрөсүнүн 29-39-аяттарында айтылат.

Сулайман алейхиссалам да бардык пайгамбарлар «алейхимуссалавату ваттаслимат» сыяктуу өтө адилеттүү башчы болгон. "Сулаймандын адилеттүүлүгү”, Омардын «радыйаллаху анх» адилеттүүлүгү сыяктуу бүткүл ааламда адилеттүүлүктүн үлгүсү деп кабыл кылынган. Ал атасы Давуд пайгамбардын динин уланткан.

Сулайман алейхиссаламдын жагдайы тууралуу Курани каримде "Саба” сүрөсүнүн 12-аятында: "Сулайманга күндүз эскенде бир айлык жолду ала турган, кеч кайра эскенде бир айлык жол ала турган шамалды багындырдык. Ал үчүн ээриген жезден булак агыздык. Раббисинин буйругу менен ага кызмат кыла турган жиндерди да багындырдык. Алардан ким эмирибизден тайса ага жалындаган азаптан таттырдык”, – делинген.

Курани каримдин "Сад” сүрөсү, 30-39-аяттарында: "Давудга Сулайманды бердик, ал кандай гана жакшы кул эле. Анткени, ал (зикир жана тообо менен) Аллаху таалага багына турган, көп таспих айта турган. Ага бир кечте өтө баалуу күлүктөр алып келинди. Сулайман: "Мен бул жакшы аттар менен алектенип Раббимдин зикиринен куру калдым, кеч болду”, – деп катуу кайгырды. "Аны мага кайра бергиле!” – деп буттарын, моюндарын кести (этин кедейлерге таратты). Кийин мурунку абалына кайтты. "Раббим! Мени кечир! Мага менден кийин эч кимге насип болбой турган падышалык бер. Албетте, Сен өтө жоомартсың!” – деди. Ошол тилеги боюнча биз каалаган жерге жетүүгө анын буйругу менен оңой жүрө турган желди, ар түрдүү курулуш жасай турган жана деңизде чумкугуч шайтандар менен чынжырларга байланган макулуктарды ага багындырдык. Биздин ихсаныбыз (сыйлыгыбыз) мына ушу. Кааласаң аларды башкаларга да бер, же бербей кармап тур, эрк өзүңдө. Биздин сыйлыктарыбыз чексиз, эсепсиз”, – дедик. Чынында, дүнүйөдө берген ушул ниматтар сыяктуу акыретте да бийик мартабалары менен көркөм келечеги бар”, – деп айтылган.

Яхуди жана христиан басылмалары азыр колдорундагы ыйык китептин, б.а., "Тоорат” жана "Инжил” деп аталган китептердин үч бөлүмүнүн Сулайман пайгамбардын китебинен алынгандыгын айтышат. Бул бөлүмдөр "Ахди атик”тин курамындагы "Сулаймандын макалдары”, "Үгүттөөчү” жана "Ырлардын ыры” аттуу китептери болуп эсептелет. Тооратта Сулайман алейхиссаламдын шамалга, куштарга жана башка айбанаттарга да буйрук бергендиги, алардын тилин билгендиги, куштар менен жапайы айбандардын анын буйругун дароо орундагандыгы, кол астындагы жиндердин көмөгү менен салдырган бардык имараттарынын тез салынып бүткөндүгү тууралуу айтылат.

Сулайман алейхиссалам кайтыш болгондон кийин Исраил уулдары он эки коомго бөлүнүп кетет. Бул бөлүнүү иши Сулайман алейхиссалам тирүү кезде эле башталган болчу. Бирок, ал Аллаху тааланын жардамы менен, жакшылыгы менен аларды бириктирип кармап турган эле. Сулайман алейхиссаламдын ордуна уулу Рехобоам отурат. Ага он эки коомдун экөө гана баш ийет. Исраил мамлекети экиге бөлүнөт. Бул мамлекеттин бири "Исраил”, ага он коом кирген. Калган эки коом "Яхуда”мамлекети деп аталды. Алар Кудуста жашашкан. Алар жолдон тайышып Аллаху тааланын азабына учурашкан. Көп убакыт Ассирия мамлекетине көз каранды болгон. Ассирия бийлөөчүсү Бахтуннасар (Навухадоносор) б.з.ч. 587-жылы Кудус шаарын талкалаган. Исраил уулдарын Кудустан мажбурлап чыгарып, Вавилонго сүргүнгө айдаган. Бирок, Иран падышасы Кейхусрав (Кир) ассириялыктарды жеңгенден кийин яхудилердин кайрадан Кудуска кайтууларына уруксат берет. Яхудилер Кудуска жайгашып, өрттөнгөн шаарды бир аз жөнгө салышат. Алгач Ирандыктарга, кийин Македониялыктарга көз каранды болуп жашашкан. Б.з.ч. 64-жылы Римдиктер Кудуска кирет. Шаарды кайрадан талкалап салышат. Римдиктер экинчи жолу 70- жылы Кудусту талкалашат. Рим императору Титус Кудусту толугу менен жойгон.

Яхудилер Римдиктердин кол астыда болгон кезде Иса алейхиссалам туулган. Баягы апааттардын, согуштардын убагында чыныгы Тоораттын нускалары жок кылынган. Кийин "Тоорат” деген ат менен ар түрдүү китептер жазылган. Аларга бөтөн нерселер аралашкан, жаңылыш ишенимдер киргизилген эле. Ошондуктан, Аллаху таала яхудилер менен башка коомдорго туура жолду көрсөтүү үчүн Исаны (алейхиссалам) пайгамбар кылып жиберген. Яхудилер Исаны (алейхиссалам) пайгамбар деп таанууну каалашпайт. Бирок, алар Тооратта жазылгандай бир пайгамбар келе тургандыгын билишчү эле жана аны күтүп жатышкан эле. Бирок, күтүп жаткан пайгамбардын күчтүү, баатыр, кармаганын талкалай турган алп жана аларды Римдиктердин зулумдугунан куткара турган адам болушу керек деп ойлошкон эле. Мүнөзү өтө жумшак болгон Иса алейхиссаламды алар ошондуктан жактырышкан эмес. Аны "жалган пайгамбар” деп, энеси Хазрети Мариямга жалаа жабышты. Азыркы кезде дүйнөдө 15 миллионго жакын яхуди бар. Алардын эч бирөөсү чыныгы Тооратка баш ийишпейт. Ансыз деле Тоораттын түп нускасы (оригиналы) жок. Эл аралык статистика болгон "Britanica of the year” альманахында айтылышы боюнча: "Алардын карманган диндеринин жалпы бир дин экени да күмөндүү”, - деп билдирилген. Анткени, яхудилердин ичинде ар түрдүү топтор (секталар) бар.

АКШнын Калифорния университетинин профессору Еллиот Фредмандын авторлугунда 1987-жылы жарыяланган "Тооратты ким жазган?” деп аталган китеп яхуди жана христиан дүйнөсүн дүрбөлөңгө түшүрдү. Ал Тоорат деп эсептелген беш китептин бөлөк- бөлөк адамдар тарабынан жазылгандыгын, Муса алейхиссаламга түшүрүлгөн Тоорат китебинин түп нускасы менен эч салыштырууга болбой тургандыгын айткан. Христиандар ишенген "Китаби Мукаддастын” (касиеттүү китептин) "Жаңы осуят” жана "Эски осуят” бөлүмдөрүнүн бири-бирине каршы экенин билдирген профессор Фредман китебинде ушуга байланыштуу мисалдарды келтирген. Ошондой эле Тоораттын ичиндеги китептердин да бири- биринин арасында, жада калса, ичиндеги бабдарынын арасында да карама-каршылыктар толуп жатканына көңүл бурган профессор Фредман мындай чыгармаларды "Аллахтын китеби” деп сыпаттоого болбой тургандыгын айткан. Тооратты курай турган беш китептин түшүндүрүү стили да бири-бирине окшобойт.

Профессор Еллиот Фредмандын пикири боюнча азыркы Тоорат Муса алейхиссаламдан бир нече кылым кийин жашаган беш хахам (раввин) тарабынан жазылган, кийин аларды Азра деген хахам бирден жыйнап, "Эски осуяттын” түп нускасы деп көбөйткөн. Профессор Фредман өзүнүн эмгегинде мындай дейт:

"Азыркы кезде Тоораттын үч нускасы бар.

Яхудилер менен протестанттар кабыл кылган ибраний тилиндеги нуска.

Католиктер менен православдар кабылдаган грек тилиндеги нуска.

Самирийлер кабылдаган самирий тилиндеги нуска.

Булар Тоораттын эң көөнө жана ишенимдүү нускалары деп кабыл кылынганы менен бир нусканын ичинде жана нускалардын арасында бир катар карама-каршылыктар бар. Эч бири илахий (Аллахтан келген) динде жок болгон, адамдарга зулумдук кылууга үгүттөөчү тексттер, пайгамбарлардын кээ бирөөлөрүнө каршы өтө жаман жана аттарына жарашпай турган сүрөттөмөлөр бар. Ал эми чыныгы Тооратта карама-каршылыктардын, төмөн сүрөттөмөлөрдүн болушу мүмкүн эмес. Чыныгы Тооратта карама-каршылыктар болбойт”.

Француз попторунун бири болгон Ричард Симон "Historia Critique du Vieux Testament” китебинде Тоораттын Муса алейхиссаламга вахий кылынган Тоорат эмес экендигин, кийин ар түрдүү мезгилдерде жазылып, бир китеп катары жыйналгандыгын айтат. Аталган поптун бул китеби жыйнап алынып, өзү чиркөөдөн айдалган.

Илимдин доктору Джеан Аструк "Conjectures il parait que Mouse sest Servi pour composer le livre dela Genese” деп аталган эмгегинде Тоораттын беш бөлүмүнүн ар түрдүү жерлерден жыйналган китептер экенин жазат. Джеан бир бөлүмүндөгү аттардын эки-үч жерде өзгөртүрүлүп, кайталана тургандыгына айрыкча назар салган.

"Таквиндин” биринчи бабынын 11-аятында жана уландысында өсүмдүктөрдүн адамдан мурдар жаратылгандыгы жазылган. Экинчи бабынын 5,6,7,8 жана 9-аяттарында адамдын жаратылгандыгы жана ал кезде жер бетинде эч кандай өсүмдүктүн болбогондугу тууралуу жазылган. Ушул сыяктуу көптөгөн карама-каршылыктар, чоң жаңылыштыктарды ашкерелеген Джеан Аструк чиркөө тарабынан динсиз деп жарыяланган.

Готфред Эйчхорн "Таквинден” башка кийин келген беш китептин да тарыхы жана тили бири-биринен өзгөчөлөнгөндүгүн 1775-жылы жарыяланган китебинде жазган. Бирок, анын өзү да, китептери да "динсиздик” деп караланган.

Немис акыны жана философу Херден (1744-1803) "Von Geiste den hebraischen Poesie’’ аттуу эмгегинде "Эски Осуяттын” "Мазмурлар” китебинин ичиндеги ырлардын бир канчасы ибраний акындарына таандык экенин, түрдүү убакыттарда жазылгандыгын жана кийин бир китепке жыйналгандыгын жазат. Ошондой эле "Ырлардын ыры” китебинин да дүйнөлүк жана адептүүлүккө каршы махабат тууралуу ыр экенин, бул ырлардын Сулайман алейхиссалам сыяктуу бир пайгамбарды мактоо үчүн окуунун туура эмес экендигин айтат. Буга бул китепти окуган кез келген адам анык көз жеткизе алат.

XIX-кылымда ибраний тилинде кылынган изилдөөлөрдүн саны арткандан кийин Тоораттагы беш китептин Муса алейхиссаламга таандык эмес экендиги жана "Эски осуяттагы” китептердин ар кандай убакыттарда жыйналгандыгы далилденген. Ошол тема боюнча Европалык көптөгөн тарыхчылар, поптор жана епископтор өздөрүнүн чыгармаларын жарыялашкан.

Муд Инжил Институтунан доктор Грахам Скродж "Инжил Кудайдын сөзүбү?” деп аталган китепте "Эски осуят” жана "Жаңы осуяттын” Кудайдын сөзү эмес экендигин моюнга алган.

Ал "Таквин” китеби санжырага толгон. Ким кимден туулган? Кандай туулган? Ушулар тууралуу айтылат. Булардын мага эмне кереги бар. Булардын ибадат жана Аллаху тааланы сүйүү менен кандай байланышы бар? Кандай кылып жакшы адам болуу мүмкүн? Кыямат күнү деген эмне? Кимге кандайча эсеп беребиз? Бул маселелер тууралуу өтө аз жазылган. Көбүнчө ар түрдүү легендалар берилген”, - дейт. Мындай китеп кантип Аллахтын сөзү болсун?

Азыркы мезгилде яхудилердин "Тора”, христиандардын "Эски осуят” деп атаган китептерин окуган адам жогорудагы аты аталган поптордун айткан сын пикирлерине толугу менен кошула алат жана бул китептердин Аллахтын сөзү эмес экендигине чындап көздөрү жетет. Муну түшүнгөн бир нече батыштык поптор жана аалымдар көптөгөн китептерди жазып, акыйкатты адамдарга билдирүүгө аракет кылышууда.

Яхудилердин Тоораттан кийинки ыйык китептери – "Оозеки буйруктар” деп аталган китеп. Талмуд эки бөлүмдөн турат. Алар – Мишна жана Гамара. Яхудилердин колунда чыныгы Тоорат жок. Тоораттын нускалары толугу менен өзгөртүлгөн. Курани карим бардык китептердин өкүмдөрүн жойгон. Азыр бүткүл адамзат моюн суна турган китеп – эч өзгөртүлбөгөн Курани карим.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:

Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш