Ислам дини » Динибиз » Динибизге байланыштуу түрдүү суроолор




Динибизге байланыштуу түрдүү суроолор


Суроо: Исламдын беш шарты качан фарз болду?

ЖООП

Ушул убактарда фарз болду:

1- Калимаи шахадат: Мусулмандыктын башталышында фарз болду. Беш шарттан биринчи фарз болгон – бул калимаи шахадат.

2- Беш убакыт намаз: Хижраттан бир жыл мурда Мираж түнү фарз болду.

3- Рамазан орозосу: Хижраттын экинчи жылы, Шабан айында фарз болду.

4- Зекет берүү: Орозо фарз болгон жылы, Рамазан айында фарз болду.

5- Ажылык: Хижраттын тогузунчу жылы фарз болду.

Төрт негизги хадиси шариф

Суроо: Исламияттын негизин билдирген төрт хадиси шариф кайсылар?

ЖООП

Исламияттын төрт негизи мына бул хадиси шариф менен билдирилген.

1- "Амалдар ниеттерге карата." [Бухари]

2- "Халал жана харам белгилүү." [Абу Давуд]

3- "Доочунун күбө көрсөтүүсү жана жоопкердин ант берүүсү керек." [Тирмизи]

4- "Өзү үчүн каалаган нерсени дин бир тууганы үчүн дагы каалабаган адамдын ыйманы толук боло албайт." [Абу Давуд]

Бул хадиси шарифтен биринчиси ибадат маалыматтарынын, экинчиси муамалат маалыматтарынын, үчүнчүсү адилеттик маалыматтарынын, төртүнчүсү болсо ахлак маалыматтарынын негизи. (Ыйман жана Ислам)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш