Ислам дини » Динибиз » Мусулмандын мамилеси




Мусулмандын мамилеси


Суроо: Айланабызда болсун, жумушта болсун ар түрдүү ишенимдеги жана мүнөздөгү адамдар менен кезигишибиз мүмкүн. Мусулман адам катары алар менен мамилебиз, мүнөзүбуз кандай болуусу керек?

ЖООП

Имам Газали хазреттери адамдарды төрт бөлүккө бөлүүдө:

1- Жеп-ичүү жана ойноп-күлүүдөн башканы билбегендер.

2- Катуулук, зулумдук менен мамиле кылгандар.

3- Куулук жана эки жүздүүлүк менен айланасындагыларды алдагандар.

4- Көркөм мүнөздүү болгон чыныгы мусулмандар.

Адамдын көңүлүндө Аллаху таалага барган бир жол бар экендигин унутпоо керек. Бардык маселе ушул жол менен Ислам нурунун адамдарга жеткирилүүсү. Ошол нурду көңүлүндө сезген адам кайсы бөлүктөн болсо дагы кылган жамандыктарына өкүнөт жана туура жолду табат.

Эгер бардык адамдар Ислам динин кабыл кылышса дүнүйөдө жамандык дагы, куулук дагы, согуш, зулумдук болмок эмес. Ошондуктан, чыныгы жана мыкты мусулман болууга аракет кылуу жана мусулмандыктын негизин жана өтө ичке маселелерин түшүндүрүп, дүнүйөгө жайуу бардыгыбыздын мойнубуздагы карыз. Муну орундоо жихад болот.

Башка динден болсо дагы адамдарга дайыма таттуу тил менен жана түшүнө ала тургандай сүйлөө керек! Муну Курани карим буйрук кылууда. Мусулман эмес адамдын бетине капыр, динсиз деп анын көңүлүн оорутуунун күнөө экендиги, минтип сүйлөгөндүн жазаландырылуусу керек экендиги фыкых китептеринде жазылган. Максат – бардык адамдарга Ислам дининин улуктугун түшүндүрө алуу. Бул жихад болсо бир гана таттуу тил, көркөм мүнөз, сабыр, илим жана ыйман менен болот.

Бир адамды бир нерсеге ишендиргиси келген адам алгач өзү ошол нерсеге ишенүүсү шарт. Момун болсо эч качан сабырын жоготпойт жана ишенгенин түшүндүрүүдө мүшкүлдүк чекпейт. Ислам дининчелик ачык-айкын жана логикалуу эч бир дин жок. Бул диндин негизин түшүнгөн адам ар кимге бул диндин жалгыз хак дин экендигин жеңил эле түшүндүрө алат.

Башка диндеги адамдардын бардыгын жаман мүнөздүү адамдар деп кабылдабоо керек. Ооба, куфур, мусулман болбоо ар качан жана ар жерде жаман. Себеби, ыймансыздык адамды дүнүйөдө жана акыретте жамандыкка алып барчу зыяндуу ишеним жана бузук жашоо.

Аллаху таала Ислам динин адамдардын дүнүйөдө ырахаттык жана тынчтык ичинде, бир тууганча жашоолору үчүн жана акыретте чексиз азаптардан кутулуулары үчүн жиберген. Капырлар, б.а., мусулман болбогондор бул бакыттын жолунан куру калган бечара адамдар. Буларга боор ооруу керек жана көңүлүн оорутпоо керек! Буларды гыйбат кылуу дагы харам. Адамдын ыймандуу же ыймансыз экендиги акыркы демде белгилүү болот.

Аллаху таала Курани каримде бардык адамдарды туура жолдо болууга чакырууда. Туура жолго кирген адамдын өткөн бардык күнөөлөрүн кечире тургандыгын убада кылууда. Башка динде болгондор шайтандын же мусулмандыктан кабары болбогондордун алдаган бечара адамдары болуп саналат. Булардын көбү Аллаху тааланын ыраазылыгына ээ болуу үчүн жаңылыш жолго адаштырылган адамдар. Биз буларга мисал болуп сабыр менен, жумшак, туттуу тил менен, акыл жана логика менен туура жолду, б.а., Исламиятты көрсөтүүбүз керек.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш