Ислам дини » Динибиз » “Аллах бар” деп айтуу жеткиликтүүбү?




“Аллах бар” деп айтуу жеткиликтүүбү?


Суроо: Айрым кишилер өмүрлөрүн Аллахтын бар экенин далилдөө менен өткөрүүдө. "Асыл максат ыйман болгондуктан Аллахтын бар экенин далилдөө менен алектенүү ибадат жана фыкх менен алектенгенден жакшыраак”, - деп, дайым өсүмдүктөрдүн, адам жана айбанаттардын анатомиясын изилдөө аркылуу ыйманды кубаттандыруу зарыл экенин айтышууда. Аллахка ишенген адам үчүн дайым ушулар менен алектенүү туура болобу?

ЖООП

Такыр туура эмес. Аллахка ишенген адамдын Аллахтын сыпаттарын да билүүсү зарыл. Билбесе же жаңылыш билсе Аллахка ишенген болуп саналбайт. Аллаху таалага сыпаттары менен ишенген адамдын өзүнө керектүү ибадат илимдерин үйрөнүүсү фарз болот. Фыкхты таштап коюп, Аллахтын бар экенин далилдөө менен алектенүү абдан жаңылыш.

Фыкх илими болсо накылга негизделген туура бир илмихал (ар мусулманга керектүү болгон диний өкүмдөрдү билдирүү максатында жазылган китеп) китебинен үйрөнүлөт. Бир мусулман ыйманын Ахли сүннөт итикады боюнча оңдогондон кийин ыймандын кереги болгон амалдарды илмихалга ылайыктуу орундоого тийиш. Айрыкча, ыйманына кооптуу болгон иш жана сөздөрдөн да узак турууга тийиш. Себеби, ыйман канчалык кундуу болсо антоними болгон ыймансыздык да ошончолук жаман.

Ыйман маалыматтарын түшүндүргөн калам илимин акыл жана накыл аркылуу далилдей тургандай жана жолдон тайгандарга, динсиздерге түшүндүрө тургандай даражада окуу фарз-ы кифая болуп, андан ашыгын үйрөнүү бир гана дин аалымдарына керектүү. Башкаларга жаиз эмес. Башкалар бул илим менен алектенсе туура эмес жолдорго таят, зындык (динсиз) болот.

Ислам аалымдары айтышат:

"Илм-и калам менен алектенип, жолдон таюунун жанында чоң күнөө кылуу жеңил калат. Ахли сүннөт ишенимин жакшы үйрөнбөй туруп, илм-и калам менен алектенүүнүн зыяны билингенде калам илими менен алектенүүдөн арстандан качкан сыяктуу качышчу.” (Имам Шафии)

"Калам илими менен алектенген адам дайым шектенип жүрөт.” (Имам Ахмед)

"Расулуллах фыкхты үйрөнүүгө чакырды. Каламга тыюу салды. (Хадика)

"Фыкхты үйрөнүү ар бир мусулманга фарз-ы айн.” (Ибни Абидин)

"Тасаввуфтун жардамы менен ыйман бекем болот, шектүү нерселердин таасиринде калып кетпейт. Акыл менен, далил менен жана далилденип кубатталган ыйман андай бекем боло албайт.” (Имам Раббани)

"Ыйман маалыматтарын керегинен ашыгын үйрөнүү жаиз эмес, бидаттардын жайылуусуна себеп болот.” (Хиндиййа)

Бир адам Аллахка, акырет күнүнө ишенсе, бирок, пайгамбарлардан бирөөнө болсо да ишенбесе ыйманын жоготот. Анткени, Аллаху таала өзүнө ишенүүдөн башка пайгамбарлардын баарына да ишенүү зарыл экенин билдирген. Курани каримде бир аяттын маанисинде айтылды:

"Алар сага жана сенден мурда жиберилген китептерге жана пайгамбарларга жана акырет күнүнө ыйман келтиришет.” [Бакара сүрөсү 4]

Амантудагы алты негизден бирине болсо да ишенбеген адам ыйманын жоготот. Жалгыз гана "Аллах бар” деп айтуу жетиштүү эмес. Мусулман эмес адамдардан да Аллах бар дегендер көп кездешет. Момун боло алуулары үчүн пайгамбарлардын баарына да ишенүүгө тийиш. Яхудилер жана Христиандар Мухаммед алейхиссаламга ишенбегендиктери үчүн ыймансыз болушту. Бир мусулман да амантуда билдирилген алты негиздин бирин, мисалы, тагдырга ишенбесе ыймансыз болуп, бардык жакшы амалдары жок болот. Ыймандын негиздери Аллаху тааланын анык буйругу болуп саналат. Акыл, илим, ынсап ээлери үчүн Аллаху тааланын буйругун, б.а., ыймандын негиздерин кабыл алуудан да жакшыраак нерсе жок.Анын тескериси болсо шайтан, жахилдик, өжөрлүк адамды ыймансыздыкка алып барган жаңылыш жол.

Бир гана "Аллах бар” деп айтуу

Суроо: Аллахтын бар экенин гана далилдөөгө аракет кылган адамдар жана китептер бар. Айрымдар ушул сыяктуу китептерден башка эч кандай китеп окубайт. Бир гана "Аллах бар” деп айтуу жана Аллахтын бар экенин билүү мусулман болуу үчүн жетиштүүбү?

ЖООП

Канчалаган мусулман эмес адамдар ааламды карап бир жаратуучу бар экенин оңой эле түшүнө алууда жана Аллах бар деп айта алууда. Мындай деп айтуу менен мусулман болуп калбайт. Мусулман болуу үчүн амантуда билдирилген алты негизге ишенүү шарт. Бирин болсо дагы кабыл кылбаган адам мусулман боло албайт. Дайым Аллахтын бар экенин гана далилдеген китептерди окуу, мааниси билинбеген кээ бир нерселерге туш келгенде бир күмөн пайда болуусуна себеп болот. Бул иштер менен алектенген авторлор "Ислам түшүнүгү, илахи шуур (аң-сезим), Аллахтын көз карашы” сыяктуу ыймансыздык сөздөрүн айтуудан коркпойт. Себеби, алар акаид (ишеним, акыйда) жана фыкты такыр билишпейт. Ыйманын жоготуп алуулары абдан оңой болот. Ушул сыяктуу китептерди окуган адамдар да кайсыл сөздөр менен ыйманды жоготуп алуу мүмкүн экенин билбейт. Ошондуктан, фыкх жана акаид илимдерин дагы үйрөнүү шарт.

Аллахка ишенген адам ишенимин Ахли сүннөт боюнча оңдогондон кийин фыкхты мыкты билүүгө тийиш. Билбей турган болсо ибадаттарын жаңылыш орундайт, ибадаттары текке кетет жана бидат кылган болот. Жаңылыштары жана бидаттары аны ыймансыздыкка чейин алып баруусу мүмкүн.

Чыныгы мусулман болуу үчүн тасаввуф илимин, ахлак илимин үйрөнүү да шарт. Фыкх илиминен бейкабар болуп, ахлак илимин билбеген адам, ишеними да Ахли сүннөткө ылайык болбосо эртеден кечке Аллах бар жана бир деп кыйкырса, 99 далил менен Аллхтын бар экенин далилдөөгө тырышса дагы анын эч кандай пайдасы жок.

Ибни Сакка деген бир аалым Аллахтын бар экенин акыл менен далилдөөгө тырышчу. Акылга аябай маани берчү. Аллахтын бар жана бир экенин 99 далил менен далилдечү. Убакыт өтүп, акылы албаган маселелер да чыкты, күмөнү артты, олку-солку боло баштады. Низамиййа Медресесинде вааз кылган Юсуфи Хамадани хазреттеринен бир нерсе сурады. Ал болсо: "Отур, сенин сөзүңөн ыймансыздыктын жыты келип турат”, - деди. Кийин ал адам Станбулга элчи болуп барганда христиан болду. Христиан болгондон кийин 100 далил менен Аллахтын үчөө экенин далилдөөгө тырыша баштады. (Ф. Хадисиййа)

Азыркы күндө Аллахтын бар экенин түрлүү далилдер менен далилдөөгө аракет кылган кишилердин Ибни Саккадан эч бир айырмасы жок. Христиандыкты чыныгы дин деп билишет. Попторду такыбаа ээлери деп көрүшөт. Мусулман болбогон адам такыбаа ээси боло алабы? Ахли китептин бардыгы ыймансыз. Бир аят-и кариманын мааниси төмөндөгүдөй:

"Ахл-и китаб [Яхуди жана Христиан] же мушрик болгон бардык ыймансыздар Тозокто түбөлүк калышат.” [Баййина сүрөсү 6]


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш