Ислам дини » Динибиз » Ыйык үй-бүлө




Ыйык үй-бүлө


Суроо: Дайыма «Мен» деп сүйлөгөн бир адам: «Исламдын жалпы таухид түшүнүгү боюнча «Ыйык үй-бүлө», «Асылдык», б.а., асыл болуу деген нерсени кабыл кылбайм. Киши туулгандан асыл же ыйык боло албайт. Менимче бир адамды туулгандан асыл же ыйык деп билүү аппачык ширк болот. Адам жана Нух пайгамбардын балдарынан бири ыйман келтирбеген. Бул көрсөтүп тургандай пайгамбар болсо да ар баласы асыл боло албайт. Б.а., эч бир адам асыл болуп туулбайт», - деп айтууда. Ар баланын күнөөкөр болуп туулуусу Христиандык ишеними эмеспи? Мусулмандыкта бир адам пайгамбар же олуя болуп туулбайбы? 

ЖООП

Пайгамбардык ыйык үй-бүлө жана асылдык эмеспи? Пайгамбарлар ыйык болбосо ким ыйык болот? Пайгамбарыбыз алейхиссалам пайгамбар болуп туулган. Хазрети Исанын дагы пайгамбар болуп туулгандыгы аяти карима аркылуу тастыкталган. (Саф 6)

Сеййид жана шерифтердин бардыгы тең ыйык үй-бүлөлөр. 

Бир нече олуя заттар олуя болуп туулган. Бир канча мисал берели:
1- Сеййид Абдулкадир Гейлани хазреттери туула элегинде эле улуу зат боло тургандыгы көптөгөн белгилер аркылуу билинген. Пайгамбарыбыз түшүндө атасына: «Эй, Абу Салих! Аллаху таала сага бул түнү даражасы бийик эркек перзент ихсан кылды. Ал менин уулум. Олуя арасында даражасы бийик болот», - деди. Туулгандан кийин өтө бийик олуялык абалдары менен өзүнө көңүл бөлдүрдү. Ыйык Рамазан айында күнү бою сүт эмбей, ифтардан кийин эмчү.

Туулган жылынын Рамазан айынын акырында асман булуттуу эле. Ошондуктан, Рамазандын чыгып чыкпагандыгы тууралуу ар-сар болушту. Эл туулган баланын сүт эмип же эмбей жаткандыгын сурашканда энеси сүт эмбей жаткандыгын айтты. Ушундайча, Рамазандын али чыга элек экендигин түшүнүшүп, орозолорун улантышты.

Бала кезде мектепке бара жатканда периштелер менен бирге баскандыгын көрүшчү. Периштелердин: «Бул асыл үй-бүлөнүн баласы, келечекте улуу олуя болот», - дешчү.

2-Силсиле-и алиййадан улуу аалым жана олуя зат болгон жана арифтердин султаны делген Баязыд-и Бистами хазреттери туула электе эле кереметтери көрүлгөн. Энеси боюнда бар кезде шектүү бир нерсени оозуна ала турган болсо аны таштаганга чейин курсагын урчу. 

3-Энеси Хаже Мухаммед Абу Ахмед ал-Чашти хазреттери боюнда бар кезде курсагынан Ла илаха иллаллах дегендигин укчу. Бир күнү атасы эне курсагындагы бул уулуна: «Ассаламу алейке йа валийуллах», - деди. Бала болсо: «Ва алейкессалам эй атам», - деди. 

Төрөлөр замат жети жолу Ла илаха иллаллах Мухаммедун Расулуллах деди. Мухаррам айынын биринчи он күнү эч сүт ичпестен орозо кармады. 

4-Мухаммед Мехди хазреттери төрөлө турчу түнү атасы Имам Аскери үйүндөгү таежесине: «Таеже, бул түнү биздин үйдө болуңуз! Бала төрөлөт», - деди. Таежеси: «Аялың Наргис боюнда бардай эмес. Бала кимден болот?» - дегенде: «Наргис бала жүгүн көтөрбөстөн төрөйт», - деди. Таежеси баяндайт:

«Түнү тахажжудга турдум. Наргис дагы турду. «Таң атайын деп турат али бала төрөлбөдү го» деп ойлондум. Атасы: «Таеже, Наргистин бөлмөсүнө бар!» - деди. Наргистин бөлмөсүнө бардым. Кадр сүрөсү менен Аятал курсини окудум. Эне курсагындагы бала дагы буларды окуп, үнү угулуп жатты. Бираздан кийин бала төрөлдү. Атасы: «Таеже, уулумду алып кел!» - деди. Баланы алып бардым.

Атасы балага: «Сүйлө!» - деди. Бала бир аят окуду. Ошол маалда айланабызды жашыл түстүү куштар курчады. Булардын периштелер экендигин түшүндүм.» 

5- Суфйан-ы Севри хазреттери Таба-и Табиин улууларынан болот. Энеси боюнда бар кезде кошунадан кабарсыз жашылчасын оозуна салды. Курсагындагы бала энесинин курсагын катуу урду. Ошол замат энеси жеген жашылчаны уруксатсыз алгандыгын эстеп, кошунага жүгүрдү. Аны менен адалдашты (уруксатсыз алгандыгын айтып, кечиримин алды). 

6-Абу'л-Вафа хазреттери кичине бөбөк кезинен орозо кармап баштады. Рамазан айында күндүз эмчек эмбей, түнкүсүн гана эмчү. 

7- Ахмед Куддуси хазреттери айтат: «Мен энемин курсагындагы кезимде «Куддус, куддус» деп зикир кылчу экемин. Муну аккан атам апама: «Эч кимге айтпа, бул уулубуздун кемел адам боло тургандыгы билинди», - деген экен.» 

Бул айтылган нерселердин бардыгы асыл үй-бүлө, ыйык үй-бүлө экендигин көрсөтүүдөбү? Улуу заттардын балдары, неберелери, жакындары көбүнесе жакшы адамдар болушат. «Алма сабынан ашып түшпөйт» деген макал дагы баланын тукумун тарта тургандыгын билдирүүдө. 

Ар нерсенин кадимкиден сырткары көрүнүшү болуусу мүмкүн. Хазрети Адам менен Хазрети Нухтун ошончо жакшы балдары болсо да бирөөсүн көрсөтүп, бул акыйкат окуяларды четке кагуу жакшы ниеттүү адамдарга жарашпайт.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш