Ислам дини » Динибиз » Ыйман жана никени жаңылоо (Таждиди иман ва никах)




Ыйман жана никени жаңылоо (Таждиди иман ва никах)


Ыйманды жаңыртуу дубасы:

"Йа, Рабби! Балагат жашыманушул жашка келгенге чейин Ислам душмандарына жана бидатчыларга алданып бузулган ишенимдериме жана бидат, күнөө болгон сөздөрүмө, уккандарыма, көргөндөрүмө жана кылгандарыма өкүндүм. Эми кайра  мындай жалган ишенимдерге ишенбөөгө жана ката кылбоого бел байладым.

Пайгамбарлардын алгачкысы Адам алейхиссалам жана акыркысы пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссалам. Бул эки пайгамбарга жана араларында келип-кеткен пайгамбарлардын бардыгына ыйман келтирдим. Алардын бардыгы хак жана билдиргендери туура.

"Аманту биллах ва би-ма жаэ мин индиллах, алаа мурадиллах, ва аманту би-Расулиллах ва би-ма жаэ мин инди Расулиллах алаа муради-Расулиллах.

Аманту биллахи ва Малаикатихи ва кутубихи ва Русулихи вал-йавмил-ахири ва билкадари хайрихи ва шаррихи миналлахи таала вал-басу бадал мавти хаккун ашхаду ан лаа илаха иллаллах ва ашхаду анна Мухаммадан абдуху ва расулух.”

Суроо: Нике кандайча жаңыртылат?

ЖООП

Нике жаңыртуу бул жаңыдан нике кыйуу дегенди билдирет. Муну бир устаздын көз салуусу менен кылуунун кереги жок. Жалгыз биринин никени жаңыртуусу жетиштүү эмес. Эркек менен аялынын эки эркек же бир эркек менен эки аял күбөнүн жанында никени жаңыртуулары керек. Жеңилдик болуусу үчүн никесин жаңылоо үчүн аялынан векалат (өкүлдүк) алуусу керек.

Никени жаңыртуу үчүн аялынан өкүлдүк алгандан кийин эки эркек күбөнүн жанында: 

"Мурунтан бери никемде болгон аялым тарабынан өкүл катары, өзүм тарабынан асыл катары мусулмандардын күбөлүктөрү менен аны кайра өзүмө никеледим" десе нике жаңыланган болот. Эгер мурунку нике сахих болбогон болсо бул нике сахих болот. Эркек аялынан өкүлдүк албастан өз алдынча күбөлөрдүн алдында нике жаңырта албайт.

Аялдын нике жаңыртуу үчүн күйөөсүнө "Никебизди жаңыртуу үчүн сени өкүл кылдым” деп айтуусу жетиштүү болот. Өкүлдүктөн чыгармайынча өмүр бою бул өкүлдүк жарактуу болуп саналат. Өкүлдүк берип жатканда күбө кажет эмес.

Аялынан өкүлдүк алып таждиди иман (ыйман жаңыртуу) жана таждиди никах (нике жаңыртуу) дубасын фасык болсо дагы эки мусулман күбөнүн жанында окуса ал эки киши дагы бул дубанын нике жаңыртуу дубасы экендигин билсе, бул учурда да нике жаңыланган болот. Эки эркек же бир эркек менен эки аял күбө болбостон бир гана бул дубаны окуу менен нике жаңыртылбайт.

Эркек же аял күбөлөрдүн мусулман, акылдуу, балакатка жеткен болуулары шарт. Никеси жаңыртыла турчу эркек жана аялды таануулары да керек. Чоң ата, чоң эне, ата, эне, атасынын ага-иниси, аталсынын эже-карындашы, таеке, таеже, бала, небере, бир тууган, жээн дагы күбө боло алат.

Мечитте имам ыйман жана нике жаңыртуу дубасын жамаат менен бирге окуса, жамааттагы адамдар бири-бирине күбө болуп, никелери да жаңырган болот.

Ыйманды жаңыртуу жана никени жаңыртуу дубасы мындай:

"Башынан бери никемде болгон жубайымды, анын тарабынан өкүлү катары жана өзүм тарабыман асыл катары өзүмө нике кылдым.

(Аллахумма инни уриду ан ужаддидал имана ванникаха таждидан би-кавли ла илаха иллаллах Мухаммадун расулуллах.)

Өкүлдүк менен нике жаңыртуу

Суроо: Үйлөнгөн аял-күйөөнүн экөөнүн тең өкүлдүгүн алган адам алар жок кезде кантип жаңырта алат?

ЖООП

Нике жаңыртуу бул жаңыдан нике кыйуу дегенди билдирет. Өкүл никелери жаңыртыла турчу аял менен эркекти тааныган эки эркек мусулман күбөнүн жанында: "Өкүлү болгон баланча аялды, өкүлү болгон баланча адамга тезвич кылдым (б.а. үйлөндүрдүм)”, - десе никелери жаңырган, б.а., жаңыдан никелери кыйылган болот.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш