Бул сайтыбызды Ахли сүннөт аалымдарынын баалуу
эмгектерин пайдаланып, Ахли сүннөт ишенимине (акыйдасына) ылайык даярдадык.
Имам Раббани хазреттери мындай деген:
Хадиси шарифте: «Үммөтүм жетимиш үч
фыркага (топко) бөлүнөт, жетимиш экиси Жаханнамга кетет, бир
фыркасы гана кутулат. Бул фырка - менин жана Асхабымдын жолунда жүргөндөр», -
делди. Бул фырка – Ахли сүннөт фыркасы. (2/67)
Курани каримде мындай мааниде буюрулган:
«Адамдар динде түрдүү топторго бөлүнүштү.
Ар топ өз жолун туура деп эсептеп кубанууда.» [Муминун 53]
Бир адам өз алдынча Курани каримди жана хадиси
шарифтерди окуу менен туура жолду таба албайт. Бул иштин адиси болгон
аалымдарга муктаж. 72 жасалма алтындын ичине бир даана чыныгы алтын коюлса муну
зергерлерден башкалар ажырата албагандыгы сыяктуу эле 73 фыркадан кайсынысынын
туура экендигин дагы Ахли сүннөт аалымдары гана түшүнүшөт.
Акыл менен туураны табууга аракет кыла турган
болсок бул өтө кыйын, жада калса, мүмкүн эмес. Ар фыркадагы адам «Бул фырка
туура жолдо» деп жатат. Бул иште салим эмес акыл өлчөм, далил боло албайт. Эгер
акыл туура же туура эмес деп ажырата турчу өлчөм болгондо 72 адашкан фырка
пайда болмок эмес. Ар фыркага киргендер өз акылдарына таянуу менен бул
фыркаларды тандашкан. Акылды ээрчий турган болсок адам саны канча болсо ошончо
фырка пайда болот.
Базарда бир нече китеп, бир канча фырка бар. Булар
үчүн биздин жакшы же жаман деп айтуубуздун эч кандай баасы жок. Башкача
айтканда, бир адам биз жакшыбыз деп айтса жакшы болуп калбайт, биз жаманбыз
десе жаман болуп калбайт. Автор менен китептин аты маанилүү эмес. Миңдеген
аалым жана китеп бар. Колубузда өлчөм болсо рахат болобуз, өзүбүздү түшүнөбүз.
Өлчөмдү Имам Раббани хазреттери берүүдө:
Бир өкүмдүн туура же жаңылыш экендиги Ахли сүннөт
аалымдарынын билдирген нерселерине туура келип же келбегендиги менен билинет.
Себеби, Ахли сүннөт аалымдарынын билдиргендерине туура келбеген ар маани, ар
бир ачылыштын баасы жок, жаңылыш. Себеби, ар адашкан адам Куран жана сүннөткө
моюн сунгандыгын ойлойт, адашуучулугун туура деп ойлойт. Жарым акылы, кыска көзкарашы
менен бул булактардан жаңылыш маани чыгарат. Туура жолдон адашат да, жамандыкка
жетеленет. Аяти каримада: «Курани каримде билдирилген мисалдар көптөрдү
ыймансыздыкка жетелейт, көптөрдү дагы хидаятка жеткирет», - делген.
Ахли сүннөт аалымдары билдирген маанилер туура, буларга уйбагандар жаңылыш.
(1/286)
Демек, туура болуунун өлчөмү - Ахли сүннөт
аалымдарынын китептерине туура келүүсү. Ахли сүннөт аалымдары дагы мындай
дешкен:
Аллаху таала Исламиятты туура үйрөнүүнү каалаганга
муну насип кыла тургандыгына сөз берди. Аллах сөзүнөн кайтпайт. Бул үчүн Йа,
Рабби, Сага ишенемин, Сени жана Пайгамбарыңды сүйөм. Ислам маалыматтарын туура
үйрөнүүнү каалайм. Муну мага насип кыл жана мени жаңылыш жолдорго кирүүдөн
корго деп дуба кылуу керек, истихара кылуу керек! Жанабы Хак ага туура
жолду көрсөтөт.
Аллаху тааланын сөзүнө ишенүү керек, Ага сыйынуу
керек. Курани каримде мындайча буюрулган: «Туура жолду издегендерди
бакытка жеткирген жолдорго жеткиребиз.» [Анкебут 69]
«Аллах өзүнө бакытталгандарды туура жолго
жолдойт.» [Шура 13]
«Аллах эч качан берген сөзүнөн кайтпайт.» [Зумер 20]
Азыркы тапта түрдүү топтордогу адамдардын дагы
минтип дуба кылуудан тартынбоолору керек. Аллаху таала ката бир иш кылбайт.
Балким жаңылыш жолдо жүргөн болушум мүмкүн деп ойлонуп, Йа Рабби, кимдер
туура жолдо болсо, сенин ыраазылыгың кимдер менен болсо мага аларды сүйүүнү,
алар менен бирге болууну насип кыл деп дуба кылуусу керек. Эгер туура
жолдо болсо дубанын зыяны болбойт. Жаңылыш жолдо болсо ыкылас менен кылган
дубасынын себеби менен туурага жеткен, кутулган болот. Ушинтип дуба кылуудан эч
тартынбоо керек.
Дүйнөдө ар ким акыретке жолчу болуп бара жатат. Ар
ким бир унаага отуруп бара жатат. Бул унаага отуруу эмес туура унаага отуруу
маанилүү. Жаңылыш унаага отурган адам өзү каалаган жерге эмес унаа каерге барса
ошол жакка карай кетет. Каабага баруу үчүн ниет кылып Парижге кетчү учакка
отурган адам ниети түз болсо да Каабага бара албайт.
Аллаху таала ырыскыга кепил, бирок, ыйманга кепил
эмес. Туура ыйман ээси болууга аракет кылуу керек. Итикадды (акыйданы,
ишенимди) оңдоодон мурда ибадат кылуунун пайдасы болбойт. Туура итикад – бул
Ахли сүннөт итикады. Туура итикад 1 деген сан сыяктуу.
Ыкластуу ибадаттар оң тарабына 0 [нөл] саны сыяктуу. Бир нөл
жазылса 10, эки нөл жазылса 100 болот. Оңуна канча 0 жазылса баасы жогорулайт.
Эгер 1 санын өчүрүп салсаң баары 0 болот. Ыклассыз, башкача айтканда рия менен
(башкалар көрсүн деген ниетте) кылынган амалдар болсо солдогу нөл саны сыяктуу
куну жок. Итикад туура болсо ибадаттарды көбөйтүү адамдын аракетине, ыкласына,
илимине байланыштуу. Каалашынча көбөйтсүн. Бирок, туура итикады, башкача
айтканда, Ахли сүннөт итикады болбосо ибадаттарынын эч пайдасы болбойт, солдогу
нөл сыяктуу баасы жок.
Бүткүл дүнүйө бизге берилсе, бирок, итикадыбыз
(ишенибибиз) туура болбосо жагдайыбыз начар. Эгер бүткүл дарттар бизге берилсе,
бирок, итикадыбыз туура болсо кайгыруунун кереги жок. Туура итикаддын Ахли
сүннөт вал жамаат экендигин Ислам аалымдары бир ооздон билдиришкен.