Ислам дини » Динибиз » Мусулмандар ахли сүннөт ишениминде болууга тийиш




Мусулмандар ахли сүннөт ишениминде болууга тийиш


Мусулман болуунун алгачкы шарты – ыйман келтирүү. Бул "туура ыйман” – "ахли сүннөт аалымдарынын китептеринде билдирилгендей ишенүү” дегенди билдирет. Ахли сүннөт ишениминде болуу үчүн төмөндөгүлөргө туура ишенүү керек:

1- Ыймандын алты шартына ишенүү кажет.

2- Ыйман көбөйбөйт жана кемибейт. Ыйманда аздык, көптүк болбойт. Бир гана кубаты артып же азайуусу мүмкүн.

3- Чоң күнөө кылган адамдын ыйманы кетпейт.

4- Кайыпка ишенүү керек.

5- Ыйман маселесинде кыяс (салыштыруу) болбойт.

6- Аллаху таала Бейиште көрүнөт.

7- Таваккул – ыймандын негизи.

8- Амалдар, ибадаттар ыймандын бөлүгү эмес.

9- Тагдырга ишенүү – ыймандын шарты.

10- Амалда, ибадат кылууда бир мазхабды кармануу керек.

11- Сахабалардын баарын жана Пайгамбардын ахли бейтин жакшы көрүү, урматтоо кажет.

12- Төрт халифанын даражасы халифалык ирети боюнча.

13- Намаз, орозо, садака сыяктуу напил ибадаттардын сообун башкаларга багыштоого болот.

14- Мираж – рух жана дене аркылуу жүзөгө ашкан.

15- Олуялардын кереметтери – бул акыйкат.

16- Шапаат кылуу – акыйкат нерсе. Пайгамбарлар, олуялар, шейиттер шапаат кылат.

17- Маасыга масх тартууга болот.

18- Кабырда сурак суралат.

19- Кабыр азабы рух менен денеге бирдей болот.

20- Адамдарды да, алардын арекеттерин да Аллаху таала жаратат. Адамда ирадаи жузийа (тандоо эркиндиги) бар.

21- Ырыскы, насип адамга халал жолдон да, харам жолдон да келет.

22- Олуялардын рухтары менен тавассул кылынат. Алардын урматына деп дуба кылынат.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш