Ислам дини » Динибиз » Ыйман менен амалдын байланышы




Ыйман менен амалдын байланышы


Ахли сүннөт мазхабы боюнча чоң күнөө кылган адамдын ыйманы кетип, капыр болбойт. Күнөө кылган мусулман "фасык” деп аталат. Ишеними, ыйманы туура болгон фасыктар акыретте Тозок азабын тартуусу да, тартпоосу да мүмкүн. Азапка тартылса да, кийин кечирилип, Тозоктон чыгарылат. Исламияттын негизи – Аллаху тааланын бирдигине жана Аллаху тааланын пайгамбары болгон Мухаммед алейхиссаламдын билдирген өкүмдөрдүн, б.а., буйруктары менен тыюуларынын бардыгынын Аллаху таала тарабынан жиберилгенине ишенүү. Б.а., буйруктарды орундоо жана тыюу салынган нерселерди кылбоо ыймандын шарты болбосо да, аларга ишенүү ыймандын шарты болуп эсептелет. Ошондуктан, ыйман келтирбей, мусулман болбогон адам "капыр” деп аталат.

Капырлар канчалык жакшылыктарды кылып, пайдалуу жаңылыктарды ойлоп тапса да, акыретте азаптан кутула алышпайт. Ибадаттар менен бардык кайрымдуу амалдар канчалык жакшы болсо да, аларды жасоо аларга ыйман келтирүүнүн жанында экинчи орунда турат. Негизги нерсе – ыйман. Жакшы амалдар ыймандан кийин келет. Ыйман менен жасалган иштер дүйнөдө да, акыретте да пайдалуу болуп, адамды бакытка жеткизет. Ыймансыз жасалган кайырдуу амалдар адамды дүйнөдө бакытка жеткизүүсү мүмкүн, бирок, акыретте пайдасы болбойт. "Нур” сүрөсүнүн 39-аятында: "Капырлардын дүйнөдө жасаган жакшы иштери (пайдалуу жаңылыктары) чөлдөгү закым сыяктуу. Суусуз калган адам аны алыстан көрүп суу деп ойлойт. Бирок, жанына барса жок болот. Капырлар да кыямат күнү дүнүйөдө жасаган жакшылыктарын закымга айландырган, б.а., жок кылган Аллахты табышат жана Ага эсеп беришет”. Ошондой эле, Ибрахим сүрөсүнүн 18-аятында: "Аллахка ыйман келтирбегендердин жасаган жакшы иштери жел учурган күлгө окшойт. Акыретте ал иштердин эч кандай пайдасын көрбөйт” жана Фуркан сүрөсүнүн 23-аятында: "Кыямат күнү алардын жакшы иштерин биз үчүн жасабагандыктан ким үчүн жасаса ошого карай шашылган шамга айлантабыз” жана Кахф сүрөсүнүн 103 жана кийинки аяттарында: "Эмгектери бошко кеткендер тууралуу айталыбы? Алар дүнүйөдө жакшы иш кылдык деп ойлошот, бирок, алар бош жерге тер төккөн адамдар. Алар Раббилеринин аяттарына жана кыяматта Анын алдына бара тургандыктарына ишенишпеди. Биз да алардын жакшы иштерин жок кылабыз. Жакшылыктары менен жамандыктарын өлчөбөйбүз”, - деп билдирилгенБул аяты карималар ыйман-амал байланышы тууралуу Ахли сүннөттүн карманган ишениминин туура экендигин көрсөтүүдө. "Ыйман келтиргендер жана жакшы иш кылгандар”, - деген маанидеги (Аср-3) аят менен: "Ыймандуу катарында салих, туура амалдарды кылгандар”, - деген маанидеги (Нур 55) аяты ыйман менен амалдын бөлөк-бөлөк нерселер экендигин көрсөтөт. Эгер амал ыймандын бир бөлүгү болсо, аятта бөлөк-бөлөк айтылбайт болчу. "Хужурат” сүрөсүнүн 9-аятында: "Момундардын (ыймандуулардын) эки тобу бири-бирилери менен согушса, аларды жараштыргыла”, - деп айтылган. Аллаху таала бул аятта бири-бирилери менен согушуу менен күнөө кылгандарды деп айтты. Андан кийинки: "Момундар – албетте, бир тууган. Бир туугандарыңарды жараштыргыла!” - деген маанидеги аят алардын ыймандуу экендигин көрсөтөт. "Ниса” сүрөсүнүн 47 жана 115- аяттарында: "Аллаху таала ширкти (Өзүнө шерик кошконду), албетте, кечирбейт. Каалаган кулдарынын шерик кошуудан, б.а., ыймансыздыктан башка күнөөлөрүн кечирет”, - деп айтылган. Бир хадиси шарифте: "Жабраил алейхиссалам мага келип, мына бул нерсени сүйүнчүлөдү: Аллаху таалага шерик кошпой, б.а., капыр болбой кайтыш болгон адам зинакорлук кылса да, уурулук кылса да акыры Бейишке барат”, - деп билдирилген.

Жогоруда билдирилген аяттар менен хадистер ыйман менен амалдын бөлөк нерселер экендигин көрсөтүп турат.

Амалдын ыймандын бир бөлүгү экендигин айткан Мутазила тобу менен Харижи тобундагылар далил катары: "Кимде-ким капыр болсо, Аллаху таалага зыяны болбойт. Анкени, Аллаху таала эч нерсеге муктаж эмес”, - деген маанидеги "Али-Имран” сүрөсүнүн 97-аяты менен: "Аллаху таала силерге ыйманды жакшы көрсөтүп, аны жүрөктөрүңөрдө орнотту жана куфурлукту, Аллаху таалага каршы келүүнү жаман кылып көрсөттү”, - деген маанидеги "Хужурат” сүрөсүнүн 7-аятын билдирди. "Али-Имран” сүрөсүнүн 97-аятынан чыгарылган маанини Хазрети Умардын мына бул сөзү менен кубаттайт: "Сыртка кызматкерлерди жиберсем дейм. Мал-мүлкү болуп туруп, ажыга барбаган адамдарды таап, жизйа алдыртайын. Анкени, алар мусулман эмес”. (Түш.: Жизйа – бул мусулман мамлекеттин дини башка жарандарынан ала турган салыктын түрү.) Бирок, аяттагы жана Хазрети Умардын сөзүндөгү "куфур” сөзү ажылыктын фарз экенине ишенбөө дегенди билдирет. Соңку аятта ыйман менен күнөөнүн бири-бирине каршы коюлганы менен ыйманды күнөөнүн карама-каршысы деп ойлобоо керек. Анткени, көрктүү жана көрксүздүк жагынан алганда бири-биринен айырмаланган канчалаган нерселер бир жерде кошулуп келе алат. Бул да ошол сыяктуу. Ушул сүрөдөгү: "Ыйман келтиргенден кийин күнөөкөр болуу кандай жаман нерсе”, - деген аят ыйман жана күнөөлүү болуунун ордун ачык айкын көрсөтөт.

Күнөөкөрлүктүн момундарга (ыймандууларга) жарашпай турган сыпат экендигин билдирет. Бул ыймандуу адамдын күнөөкөр болушу мүмкүндүгүн, күнөө кылуу менен ыйман кетпей тургандыгын, күнөөкөрдүн ыймандуу экенин көрсөтөт. Анткени, нагыз жаман нерсе – ыйман менен күнөөкөрлүктүн бирге болушу. Капырдын күнөөкөрдүгү анчалык жаман нерсе эмес.

Аллаху тааланын бар жана бир экенин жана Пайгамбары аркылуу билдирген өкүмдөрүн кабыл кылган момун, ушул өкүмдөргө моюн сунууда кемчилик кетирсе, ага албетте өкүнөт. Аллах менен Пайгамбарды моюндабай турган жана кылган жакшы иштерин Аллахтын буйругу болгондуктан эмес, башка себеп менен жасаган адам Аллахтын кулу болууну да кабыл кылбайт. Бул экөөнө Аллаху таала, албетте, бирдей карабайт. Мисалы, бир адамдын эки баласы бар. Биринчиси окубайт, эмгектенбейт, эч кимге пайдасы жок. Бирок, атасынын алдында адеп сактайт, каталарын, кемчиликтерин ойлоп, өкүнөт. Атасы бул баласынын кайгысын чегет.

Экинчи баласы өтө аракетчил, шамдагай, адамдарга пайдасы тийген жумуштарды аткаруу менен алектенет. Бирок, бир күнү атасына каршы чыгып, "Сен ким экенсиң ошончолук? Сени тааныбайм!” - деп, оор сөздөрдү айтат. Ошол убакытта жасаган бардык жакшылыктары жок болот. Кайсы ата болбосун мындай опаасыз перзентин кууп жиберет. Анын жалбарып, кечирим суроодон башка чарасы калбайт. Мына, күнөөкөр момун менен капыр ошол эки балага окшош.

Мусулманчылыкка ишенген жана аны жакшы көргөн адамды кемчиликтерине байланыштуу мусулмандыктан чыгарууга болбойт. Ыймандуулук мусулмандыкты кабыл кылуу жана бардык буйруктарына моюн сунууда кемчилик жасаса да, ага урмат көрсөтүү болгондуктан бул Исламияттын негизи деп эсептелет. Амал ыймандын бир бөлүгү болгондо, күнөө кылган ар бир адам капыр болоор эле. Жер жүзүндө мусулман калмак эмес. Хадистерде кээ бир жакшылыктар ыйманга, кээ бир жамандыктар куфурга катыштуу кылып көрсөтүлгөн. Ушундай көрсөтүлүүсү ушул жакшылыктар менен жамандыктардын даражасын көрсөтүү үчүн берилген. Башка аяттар менен хадистердин көмөгү менен алардын ыймандын же куфурдун бир бөлүгү эместигин түшүнүүгө болот. "Уят – ыймандын бир бөлүгү”, "Тазалык – ыймандын жарымы”, "Ыйман бул – намаз”, "Момун киши – адамдар ишенген адам”, "Момун, момун болуп туруп зина кылбайт”, "Момунда бардык мүнөз болушу мүмкүн, бирок, анда саткынчылык менен жалганчылык болбойт”, - деген хадистер ушуга мисал болот. Бул хадиси шарифтер уяттуулук, тазалык, намаз, аманат, ар-намыс, чынчылдык сыктуу касиеттердин адамда кездешүүсү ыймансыздыктай жаман деген салыштырмалуу мисал менен алардын канчалык маанилүү экендигин көрсөтүүдө. Кээ бир амалдар ыйман сыяктуу жогору бааланууда.

Күнөө иштер напсиге жагат. Ыймандуу киши напсине алданып, күнөө кылышы мүмкүн. Бирок, күнөө кылган кезде акылы менен ыйманы аны кыйнайт. Адам акылы менен ыйман келтирет. Напсине жагымдуу келгендиктен күнөө иштерге барат. Ошол себептен ыйман менен напсине берилүүнүн эки башка нерселер экендиги байкалат.

Иштердеги, амалдагы каталыктар, бузукулуктар адамды динден чыгарбайт. Күнөө экендигине ишенбей же маани бербей кыла турган болсо, анда куфур болот жана динден чыгат. "Зуннар” деген поптордун белине байлаган жипти колдонуу же буттарга сыйынуу сыяктуу капырларга таандык, куфурдун белгиси болуп эсептелген иш жүрөктөгү ыйманды кетире турган иш деп кабылданат.

Белге жип байлоо жана бутка сыйынуу сыяктуу иштер Исламда куфурдун белгиси деп саналат. Бир адам башка динге таандык нерсени кылуу аркылуу ошол динге кирген деп эсептелбесе да, ошол динге таандык нерсенин өзүндө көрүнүш бергенин каалаган болуп саналат. Ошондуктан, жүрөгүндөгү ыйманына зыян келет. Имам Азам Абу Ханифа: " Исламга кандай жол менен кирилген болсо – ошол жол менен чыгуу мүмкүн”, - деп айткан. Бул жердеги жол – жүрөктүн ишенүүсү дегенди билдирет. Б.а., жүрөк ыйман келтирсе, мусулман болот. Ыйман кетсе, мусулмандыктан чыгат.

Өзүн мусулман деп эсептеген адам капырларга таандык нерселерди зарыл болбой туруп кылбоосу жана капыр деп эсептелүүдөн качуусу керек. Мусулмандар Исламиятка таандык болгон нерселерди жасаганда шылдың болом деп ойлобошу керек. Сый-урматка ээ боло турганын ойлоп, ошол аракеттерин аброй деп эсептөөсү керек. Ислам аалымдары билдирген нерселердин жүрөктөгү ыйманга эмне катышы бар деп, кайдыгерлик кылбаш керек. Анткени, жүрөктөн бүткүл органдарга тараган жол бар. Ислам дини буйрук кылган нерселер – жакшы нерселер, тыюу салган нерселер – жаман нерселер. Адамдар муну бүгүн түшүнбөсө да бул чындык. Ислам тыюу салган нерселерди жасаган кезде жүрөк караят. Чоң күнөөлөр көп жасалганда, ыймандын жоголуусу мүмкүн.

Ислам дининин билдирген милдеттерин орундоо керек болгондугу сыяктуу алардын милдет экендигине ишенүү да керек. Ушундай ишенген мусулман адам бул милдетти, албетте, жакшы көрүү менен аткарат.

Жүрөктөн ишенүү – Исламияттын негизи болуу менен бирге, амалдардын да эң жакшысы. Расулуллахтан: "Иштердин эң улуусу кайсы?” - деп суралганда: "Аллахка жана Расулуна ишенүү”, -деп, "Амантуну” окуган. Бул хадиси шариф Бухари хадис китебинде жазылган.

Ислам негизинин ыйман экени амалдардын, аракеттердин, ибадаттардын маанилүүлүгүн азайтпайт. Анткени, аракеттердин аткарылуусуна себеп боло турган нерсе – ыйман. Себептин күчтүү болуусу натыйжанын коопсуздугун камсыз кылат. Ыйманы күчтүү мусулман кыймыл аракеттерине (амалдарына) өтө маани берет. Мусулмандар ар бир амал-аракетине, ар бир милдетке ыйман келтирүү керек болгондуктан күнөө кылган адамдар ыйманын жоготуп алуудан коркот. Ал эми, күнөө кетирбеген адам ошол күнөөгө маани бербей: "Эмне болуптур ошончолук?” - десе, капыр болот.

Диндин буйруктарын кабыл кылып, ыйман келтиргенден кийин, аларды жасасаң да, жасабасаң да өзүң билесиң деп эсептөө да жаңылыш. Себеби, аларга маани бербеген адам капыр болот.

Ыйман чын жүрөктөн ишенүү дегенди билдирет. Ага жетүү үчүн алгач илим керек. Илим менен амал эки башка нерселер. Амал илимге өтө муктаж болгону менен, экөө бир нерсе боло албайт.

Аллаху таалага ишенгендиктен эмес, башка себептер менен кылынган жакшы амалдардын, б.а., ыймансыз жасалган иштердин эч кандай пайдасы жок. Амалы, ибадаты жок болсо да ыймандуу болуу өтө баалуу жана пайдалуу. Мусулмандар акыретте азаптарга дуушар болуудан кутулуу үчүн Исламдын өкүмдөрүн орундашат. Дүйнөдө бактылуу болуу да мына ушуга байланыштуу. Амал ыймандын шарты болбосо да, ыймандын толук болушу үчүн шарт. Ыйман бир жагынан илим болуп саналат. Дүйнөдөгү ар бир ийгилик менен бакытты илимден күтүшөт да, бирок, акыретте күчтүү илимге таяна турган ыйман аркылуу адамдын бакытка жете турганына эмне үчүн таң калуу керек? Ушунчалык маанилүү болгон ыйманга кайдыгер кароо туура эмес. Анын жеткизе турган түбөлүк бакытын аз көргөндөр ага кол жеткизе албагандар.

Азыркы учурдагы адамдар дүнүйөлүк пайда үчүн бардык күчтөрүн салып ой жүгүртүп, эмгектенет да, бирок, түбөлүк бакыт менен азаптын алдында тургандарына ишенүүгө маани беришпейт. Аллаху таала адамдарга акыл берди. Аны менен бирге аларга пайдалуу милдеттерди жүктөдү. Буларды кулдарына билдирүү үчүн пайгамбарларды жиберди (алейхимуссалавату ваттаслимат). Адам дүйнөдөгү жашоо күрөшү менен жашоо мыйзамдарын билип ошолорго ылайык аракет кылбай турган болсо, анын зыянын тартат. Ушул мыйзамдарды койгон Аллаху тааланын чоң маанилүүлүк менен билдирген дин жана акырет мыйзамдарын билбегендик, билсе да аларга моюн сунбагандык – албетте, зыяндуу. Дүйнөгө келүү жана өлүмү өз колунда болбогон адам баласынын Аллаху тааланын дүйнө менен акырет мыйзамдарына тил тийгизгенге эч кандай акысы жок. Бир гана ушул мыйзамдарга моюн сунуу аркылуу бакытка ээ боло алат.

Ислам динине ишенбеген адамдар: "Дин дегениң кайдан чыкты? Бейиш менен Тозокту ким көрүп коюптур? Булар байыркы адамдардын жөө-жомоктору, ойлоп тапкан нерселери”, - деп айтышат. Алар табият таануу илимдерин жана Ислам тарыхын ак ниеттүү мугалимдерден окуп түшүнсө, табият таануу илимдериндеги жетишкендиктер жана ачылыштардын Исламдын ишенимдерин бекемдеп, далилдегенин көрө турган болсо, Исламга ишенип, ага берилишмек. Жок дегенде, аны урматташар эле.

Мухаммед пайгамбардын (алейхиссалам) өмүрү тууралуу туура жазылган китептерден окуй турган болсо, анын адамгерчилигине, акылына, жетишкендиктерине таң калаар эле. Жүз миңдеген адамдын Ага чын жүрөктөрү менен берилгендиктери, ага деген сыпайылык сезимдери, жанын анын жолунда курман кылуулары тууралуу жазылган окуялар канчалаган тарых китептеринин миңдеген беттерин толтуруп турат. Бардык илимдердин булагы, көркөм мүнөз менен жакшы амал-иштердин устазы болгон ушундай инсандын Аллахтын Пайгамбары экендиги айдан ачык. Жалгыз өзү ишке киришип, акылы менен, сабырдуулугу менен, үстөмдүү көз карашы менен жер бетиндеги эки чоң мамлекетти (Иран жана Византия) ала турган эр жүрөк, өзүнө жанын курман кылууга даяр элди 23 жыл ичинде калыпташтыруусу жана кайтыш болгондон кийин да кыяматка чейин бардык адамдарды тынчтыкка, бакытка, ак ниеттүүлүккө жеткире турган өзгөрбөс китеп калтыруусу – акылдуу, ынсаптуу адамдардын ыйман келтирүүлөрүнө жетиштүү. Башка мужиза же күбө издөөнүн кажети жок. Ушул улуу Пайгамбардын сөздөрүнө ишенбегендик – тарыхты жана окуяларды жокко чыгаруу дегенди билдирет. Ушундай инсан тууралуу билип туруп, ага ишенбеген адам напсинин кулу болот. Же болбосо, жакшылыкты, эмгекти, жетилгендикти, сүйүүнү, адилеттүүлүктү каалабай турган, өзүн жана адамзаттын бакытын ойлобой турган бузуку адам. Же болбосо, тарыхтан, илимден кабары жок жахил (сабатсыз). Расулуллахтын өмүр-баянын, Ислам дининин буйруктары менен тыюуларын хикматын, пайдасын окуп үйрөнгөн акылдуу адамдын ага дароо ишенип, ага чын жүрөктөн берилүүсү адамдык милдет болуп саналат. Абу Лахаб менен Абу Жахл аны көрүп туруп ишенген жок, Византия императору Геракл менен Иран падышасы Парвиз анын катын окуп туруп ишенген жок. Алардын ага ишенбегендиги – алардын жахил (сабатсыз), акмак, же болбосо, жаман рухтуу, начар жүрөктүү тетири адамдар экенинин белгиси.

Ибадаттын милдет экенине ишенүү ыйманга жатат. Ишенүү башка, амал кылуу башка нерсе. Аларды бири-бири менен чаташтырбаш керек. Ишенип туруп жалкоолук менен кылбаган адам капыр болбойт.

Абдулгани Наблуси (рахимахуллаху таала) мындай дейт: "Ыйман көбөйбөйт да, азайбайт да. Ыймандын күчү артат. Же болбосо, ибадаттардын аз же көп болушу менен ыймандын баркы айртпайт да, кемибейт да. Ыймандын азайып, арта тургандыгын билдирген аяттар менен хадистерден ушундай маани чыгарылган. Бул кабарлар ижтихад кылууга боло турган кабарлар катарында болгондуктан, буга түрдүү түшүндүрмөлөр жасалган. Эч бир аалым башкача түшүндүрмө жасагандарды жамандаган эмес. Ибадаттар ыйманга көркөмдүк берет. Дарактын бутактары сыяктуу деп айтууга болот. Ыйман ибадат кылуу менен артпайт, күнөө кылуу менен азайбайт. Имам Азам Абу Ханифа, Имам Малик, Имам Абу Бакр Ахмед Рази жана башка аалымдар (рахимахумуллаху таала) ушундай дешкен. Анткени, ыйман – толук ишенүү дегенди билдирет. Ал эми, ишенүүнүн азы-көбү болбойт”.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш