Чоң күнөөлөр көп: (Жетимиш эки чоң күнөө
мына булар.)
1. Себепсиз
адам өлтүрүү.
2. Зина кылуу.
3. Ливата
кылуу.
4. Шарап жана
башка бардык алкоголдук ичкиликтерди ичүү. (Пиво ичүү харам.)
5. Уурулук
кылуу.
6. Көңүл ачуу
максатында наркотикалык зат колдонуу.
7. Башка
бирөөнүн мүлкүн тартып алуу.
8. Жалган күбө
берүү.
9. Рамазан
айында орозо кармаган адамдардын алдында себепсиз тамак ичип-жеш.
10. Пайыз
алып-берүү.
11. Көп ант
ичүү.
12. Эне-атага
каршы келүү.
13. Махрам
жана салих тууганын зыярат кылбоо.
14. Согушта
душманды көрүп качуу.
15. Жетимдин
мал-мүлкүн адилетсиз жеш.
16. Таразасы
жана өлчөм каражаты менен туура эмес тартуу.
17. Намазды
маалынан мурда же кийин окуу.
18. Момун дин
бир тууганынын көңүлүн оорутуу. (Каабаны кулатуудан да чоң күнөө. Аллаху
тааланы эң көп капаланткан куфурдан кийин көңүл оорутуу сыяктуу чоң күнөө жок.)
19. Расулуллах
(саллаллаху алейхи ва саллам) айтпаган сөздү айтып, хадис деп Ага жалаа жабуу.
20. Пара алуу.
21. Чын күбө
болуудан качуу.
22.
Мал-мүлктүн зекети менен ушрун бербөө.
23. Алы жеткен
адам мункарды б.а., күнөө кылып жаткан адамды көргөндө аны мындан кайтарбоо.
24. Тирүү
жандыкты өрттөө.
25. Курани
каримди үйрөнүп, бирок, кийин аны окууну унутуу.
26. Аллаху
азим-уш-шандын ырайымынан үмүт үзүү.
27. Мусулман
болсун, капыр болсун адамдарга кыянаттык кылуу.
28. Чочконун
этин жеш.
29.
Расулуллахтын сахабаларынан (рыдвануллахи таала алейхим ажмаин) кимисин
болбосун жактырбоо жана тил тийгизүү.
30. Курсагы
тойгонуна карабастан тамак жешти улантуу.
31. Аялдардын
күйөөлөрүнүн төшөгүнөн качуусу.
32. Аялдардын
күйөөлөрүнөн уруксатсыз бир жерге кетүүсү.
33. Намыстуу
аялды сойку деп атоо.
34. Намима,
б.а., мусулмандардын арасында сөз ташуу.
35. Аврат
жерлерин башка бирөөнө көрсөтүү. (Эркектин киндик менен тизесинин ортосу, ал
эми аялдын чачы, колу, буттары аврат.) Башка бирөөнүн аврат жерин кароо да
харам.
36. Өлүктү жеш
жана башка бирөөнө жедириш.
37. Аманатка
кыянат кылуу.
38. Мусулманды
гыйбат кылуу.
39. Хасад
кылуу б.а., ичи тардык, көрө албастык.
40. Аллаху
таалага шерик кошуу.
41. Жалган
сүйлөө.
42.
Текеберлик, өзүн жогору эсептөө.
43. Өлүм
алдындагы адамдын мураскорунан мал жашыруу.
44. Сараңдык,
абдан ач көз болуу.
45. Дүнүйөгө
берилүү.
46. Аллаху
тааланын азабынан коркпоо.
47. Харамдын
харам экендигине ишенбөө.
48. Халалдын
халал экендигине ишенбөө.
49.
Төлгөчүлөрдүн төлгөсүнө жана кайыптан кабар берерине ишенүү.
50. Дининен
баш тартып, муртад болуу.
51. Себепсиз
башка бирөөнүн аялын, кызын кароо.
52. Аялдардын
эркек кийимин кийүүлөрү.
53.
Эркектердин аял кийимин кийүүлөрү.
54. Каабада
күнөө кылуу.
55. Маалын
күтпөй азан айтуу жана намаз окуу.
56.
Мамлекеттик кызматкерлеринин мыйзамдарына каршы чыгуу.
57. Аялынын
махрам жерлерин энесинин махрам жерлерине окшотуу.
58. Аялынын
энесине тил тийгизүү.
59. Бири
бирине курал такап мээлөө, коркутуу.
60. Иттин
жугундусун жеп-ичүү.
61. Кылган
жакшылыкты колко кылуу.
62. Жибек
кийүү. (Эркектер үчүн)
63. Жахил
(сабатсыз) бойдон жүрө берүү. (Ахли сүннөт ишенимин, фарздарды, харамдарды жана
керектүү болгон маалыматтарды үйрөнбөө.)
64. Аллаху
тааланын атынан Ислам дининде билдирилген ысымдардан башка нерселер менен ант
ичүү.
65. Илимден
качуу.
66. Жахилдиктин
кыйынчылык экендигин түшүнбөстүк.
67.
Майда-чүйдө күнөөлөрдү кылууну улантуу.
68. Жөн эле
каткырып көп күлүү.
69. Бир намаз
маалы өткөнчө жунуп абалда болуу.
70. Хайз
абалында жана төрөттөн кийин аялы менен жакындык кылуу.
71. Таганни
кылуу. Абийирсиз ыр ырдоо, аспап чертүү.
72. Өзүн өзү
өлтүрүү.
Мута никеси
(б.а. күбөсүз эле бир аялга белгилүү өлчөмдө акча берип, белгилүү мезгил үчүн
чогуу жашоого макулдашуу) жана
муваккат нике (б.а. убактылуу нике. Бир адамдын белгилүү убакыттан кийин
аялынан ажырашарын алдын ала айтып шарт коюлган харам нике) харам. Аял жана
кыздардын башы, чачы, колу жана буттары ачык бойдон көчөгө чыгуулары харам
болгондой эле, жука, тар, кооздолгон, атыр жыттуу көйнөк кийип чыгуулары дагы
харам.
Тар кийим
кийген аялдын жамбашы менен көкүрөгүн шахватсыз (кумарланбастан) кароо да
харам. Чоочун аялдын ич кийимин шахват менен кароо харам. Тар кийим кийген
аялды шахват менен кароо харам. Шахватка, харамга себеп болгон сүрөттөрдү
тартуу, басып чыгаруу харам. (Харамды, «эмне болмок» эле деп
айтуу куфур.)
Даарат менен
гусулда зарыл өлчөмдөн ашыкча суу пайдалануу ысырап болгондуктан харам.
Дүйнөдөн өткөн
олуяларга тил узатып, аларды жахил деп, сөздөрүнөн Ислам өкүмдөрүнө ылайык
болбогон маани чыгаруу, өлгөндөн кийин дагы керемет көрсөткөндүктөрүнө ишенбөө
жана «дүйнөдөн өткөндөн кийин олуялык касиеттери да бүтөт» деп
айтуу, алардын күмбөздөрүнөн берекеттенгендерге тоскоол болуу, мусулмандар
тууралуу суизан кылуу (жаман ойдо болуу), зулумдук кылуу, мал-мүлктү тартып
алуу сыяктуу хасад, жалаа, жалган сүйлөө жана гыйбат кылуу сыяктуу харам.