1. Аллаху тааланын сыпаттары бар. Алар затынан
бөлөк.
2. Ыйман көбөйбөйт жана азайбайт.
3. Чоң күнөө кылуу менен ыйман кетпейт.
4. Кайыпка
ыйман шарт.
5. Ыйман
темасында кыяс болбойт.
6. Аллаху
таала Жаннатта көрүнөт.
7. Тобокел
кылуу - ыймандын шарты.
8. Амалдар
(ибадаттар) ыймандын бөлүгү эмес.
9. Тагдырга
ынануу - ыймандын шарты.
10. Амалда
төрт мазхабдын биринде болуу.
11. Асхабы
кирамды, ахли бейтти жана Пайгамбарыбыздын жубайларынын бардыгын жакшы көрүү
шарт.
12. Төрт
халифанын даражалары халифалык кезегине жараша.
13. Намаз,
орозо, садака сыяктуу нафил ибадаттардын сообун башка бирөөнө белек кылууга
болот.
14. Мираждын
рух жана дене менен болгондугуна ишенүү.
15. Олуянын
керемети чындык.
16. Шапаат
чындык.
17. Маасынын
үстүнөн масх тартууга болот.
18. Көрдө
сурак бар.
19. Көр азабын
рух менен дене тартат.
20. Адамдарды
жана алардын иштерин да Аллаху таала жаратат. Адамда ирада-и жузиййа бар.
21. Ырыскы
халалдан да, харамдан да болот.
22. Олуялардын
рухтары менен тавассул (васила, себеп) кылынат жана алардын урматына деп дуба
кылынат.