Ислам дини » Динибиз » Сырат көпүрөсүндөгү 7 суроо




Сырат көпүрөсүндөгү 7 суроо


Пайгамбарыбыз: "Сырат көпүрөсүндө ар бир  мусулман жети суроодон, тактап айтканда,  ыймандан, намаздан, орозодон, ажылыктан,  зекеттен, гусулдан жана кул акысынан эсепке  тартылат. Кул акысына байланыштуу суроодон,  күнөөсүз болушса да, атүгүл, пайгамбарлар да  коркушат”, – деп айткан.  

1- Ыйман: Ыйман – Амантуда билдирилген алты негизге  ишенүү деген сөз. Ыйманы жоктор Тозокко түшүп, ал  жерде түбөлүк калышат. Ошондуктан, ыймандан  ажырата турган, куфурга себеп боло турган маселелерди  жакшы үйрөнүп алууга тийиш.  

2- Намаз: Шарттарына ылайык окулууга тийиш жана  мүмкүн болушунча каза намазынан карыз болбоого  тийиш. Намаз – дин деген сөз. Намазсыз дин болбойт.

3- Орозо: Орозону жакшы көрүп кармоо керек. Бул өтө  баалуу. Аллаху таала: "Ар бир жакшылыкка 10 эседен  700 эсеге чейин сооп берилет, бирок, орозо мага  таандык, анын сообун мен беремин”, - деди. Имсак  жана ооз ачар убакыттарында тамкин мөөнөтүнө маани  берген туура календарларды колдонууга тийиш.

4- Ажылык: Ажылыктын шарттарын жакшы үйрөнүп  орундоо керек. Мисал үчүн, Арапа күнү арафатта  вакфада турбаган адамдын ажылыгы сахих болбойт.  Ошондуктан, Зул-хижжа айынын хилалын күтүү жана  арапа күнүн так аныктап алуу керек.  

5- Зекет: Зекети берилбеген мал-мүлк, акча Тозок отунда  ысытылып, ээсинин чекесине, капталына, аркасына мөөр  сыяктуу басылат. Зекет шарттарына ылайык берилүүгө  тийиш.  

6- Гусул: Гусулдун шарттарына маани берүү керек, гусулубуз фыкх китептеринде жазылгандай болууга  тийиш. 

7- Кул акысы: Мойнунда кул акысы бар болгон адамдын  сообу алынып, акы ээсине берилет, сообу жок болсо анын  күнөөсү ал адамга жүктөлөт. Уурулук жана каракчылык – кул акысына жаткандай, адамдарды таарынтуу, жалаа  жабуу жана ушак да кул акысына жатат.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш