Ислам дини » Динибиз » Султанга баш ийүү керек




Султанга баш ийүү керек


Суроо: Халифага, султанга жана мамлекетке каршы чыгуу, көтөрүлүү фитна, жихад эмес деп айтылууда. Атүгүл, халифага каршы чыкпоону Ахли сүннөт итикадынын арасына да коюшуптур. Анда Абу Ханифа халифанын зулумдуктарына каршы чыкканы үчүн шейит кылынган жокпу? Имам Ахмед бин Ханбал халифага каршы чыкканы үчүн таяк жеген жок беле? Имами Раббани Акбар шах менен согушкан жокпу? Түрмөгө түшүү урмат-сый, абийир болбогондо Хазрети Юсуф зынданды медресе-и Юсуфия кылмак беле? 

ЖООП: Эч бир Ислам аалымы халифага, султанга каршы чыккан эмес. Бул толугу менен жалган жана жалаа. Анткени, аалымдардын баары эмир [башчы] жөнүндө төмөнкү хадиси шарифтерди билишкен: 

"Эмириңердин силер жактырбаган иштерине сабыр кылгыла! Анткени, жамааттан бир карыш бөлүнгөн [баш ийбестик кылган, фитна чыгарган] адам жахилиййа өлүмү менен [ыймансыз] өлгөн болот.” [Бухари] 

"Мал-мүлкүңдү күчкө салып алса да, эмирдин сөзүн ук жана ага баш ий!” [Бухари] 

"Мусулман өзүнө жакпаса да эмиринин сөзүн угат жана ага баш ийет. Эгер эмир күнөө бир нерсени буюрса ал буйрукту угуу керек эмес.” [Бухари]

 "Султан – Аллахтын жер бетиндеги көлөкөсү. [Анын буйруктарын ишке ашырган адам.] Ага икрам кылган (урматтаган) адам икрам көрөт, ага кыянаттык кылган адам кыянаттыкка дуушар болот.” [Табарани]

 "Эмирине каршы чыккандын соопторунун баары кетет.” [Байхаки]

 "Башы кара хабаштык бир кул болсо да эмириңерге баш ийгиле!” [Бухари]

 "Колдору кесилген майып кул болсо да эмириңерге баш ийгиле!” [Муслим]

 Кул капыр душмандан гана болчу. Бул хадиси шарифтердин түшүндүрмөлөрү Хадикада бар. "Хабаштык кул болсо да” сөзү "эмириңер түсү кара капыр да болсо ага баш ийгиле” дегендик.

 Мусулмандын эмири капыр болушу мүмкүн. Мисалы, хадиси шарифте: "Эгер эмир сага: "Же мусулмандыкты ташта, же сени өлтүрөм”, – десе, мусулмандыкты таштаба, мойнуңду сун”, – деп айтылган. (Хаким) [Мусулман эмир мусулмандыкты ташта дебейт.]

 Аббаси халифаларынан Абу Жафар Мансурдун кишилери Имам Азам хазреттерине кады-л-кудат, азыркы тил менен айтканда Жогорку Соттун башчылыгын сунушташты. Ал болсо: "Мен казылык кыла албайм”, - деди. "Калп айтып жатасың”, - дешти. "Эгер калп айтып жатсам калпычы казы боло албайт. Эгер чын айтып жатсам, казылык кыла албайм деп жатам”, - деди. Ал өтө такыбаа болгондуктан, дүнүйө макамын баалабагандыктан кабыл алган жок. Зынданга салынды. Камчы менен сабалды. Күн сайын он камчы көбөйтүлдү. Камчынын саны жүз болгон күнү шейит болду. (рахматуллахи алейх)

 Багдадда мутазила сектасынын мүчөлөрү Куран макулук деген жаңылыш мшенимине Аббасилер халифасы Мамунду ишендиришти. Муну кабыл алуусу үчүн Ахмед бин Ханбал хазреттерин да мажбурлап, Мамун аркылуу бул маселеде кысымга жана кыйноого алдыртып, 28 айга камашты. Бардык кыйноолорго карабай: "Курани карим макулук эмес”, - деди. Булардын халифага каршы чыгуу менен эч кандай байланышы жок.

 Индиялык кээ бир бидатчылар Имам Раббани хазреттери тууралуу "Ал өзүн Абу Бакрдан да жогору санайт” деп жалаа жаап, султанга арызданышты. Акбар шахтын уулу Селим Жихангир шах болсо аны каматты. Арадан 2 жыл өткөн соң өкүнүп, кечирим сурады. Көрүнүп тургандай, булардын каршы чыгуу менен эч кандай байланышы жок.

 Имам Раббани хазреттеринин камалышы төмөнкүчө болгон эле:

 Ошол доордун султаны Селим Жихангир хандын мамлекет адамдары, ал тургай, башкы вазири жана башкы муфтийи, ал тургай, хареми Ахли сүннөт эмес эле. Ал эми имамдын көптөгөн каттары жана өзгөчө өзүнчө жазган "Радд-и равафид” китепчеси мазхабсыздарды четке кагууда, алардын жахил, акылсыз жана пас экенин айтууда.

 Хазрети Имамдын кээ бир шакирттери минбарларда жалындуу вааздарды айтып, фитнага себеп болушкан эле. Имам Раббани хазреттери "Радд-и равафид” китепчесин Бухарадагы эң улуу өзбек ханы Абдуллах Женгизи ханга жөнөткөн эле. "Муну Ирандагы Шах Аббаси Сафавиге көрсөтүңүз! Эгер кабыл алса маселе жок, кабыл албаса аны менен согушуу жаиз болот”, - деген эле. Ирандын шахы кабыл алган жок. Согуш болду. Абдуллах хан Хорасандагы шаарларды алды. Бул жерлерди мындан жүз жыл мурда Сафавилер басып алган эле.

 Ошондон кийин Индиядагы мазхабсыздар биригип: "Ал өзүн баарынан, атүгүл, Абу Бакрдан да жогору санайт”, - дешти. Султан уулу Шах Жиханды жиберип Имамды, балдарын жана өзү тарбиялаган улууларды чакырды. Алардын баарын өлтүрүүгө чечим чыгарды.

 Шах Жихан бир муфтий менен Имам Раббаниге барды. Султанга сажда кылуу жаиз деген бир фатваны да алып барды. Имам Раббанинин ыкластуу адам экенин билчү. "Атама сажда кылсаңыз сизди куткара алам”, - деди.

 Хазрети Имам бул фатванын зарыл учурда жасалуусу жаиз болгон бир уруксат экенин, бирок, азимет жагынан сажда кылбоонун жакшыраак экенин айтты.

 Балдарын жана досторун калтырып өзү жалгыз келди. Султан 11-катты көрсөтүп, маанисин сурады. Ал ушунчалык жакшы жана канааттандырарлык жооп бергендиктен, султан жогорку акыйкаттарды жана сырларды түшүнүүгө жөндөмдүү болбосо да көңүлү көтөрүлдү жана кечирим сурап, Имам Раббани хазреттерин коё берди.

 Көралбастар султандын абдан жакшы маанайда экенин, кайраштырууларынын натыйжасыз болгонун көрүп, султанга бир шакиртинин айткан вааздарын эске салып: "Анын кишилери көп. Сөздөрү бүт өлкө боюнча өтөт. Эгер аны коё берсек башаламандык болуп кетиши мүмкүн. Андан тышкары, ал ушунчалык өзүн жактырган экен, атүгүл, сизди да басынтып, сажда менен сый көрсөткөн жок. Атүгүл, салам да берген жок”, - дешти.

 Хазрети Имам ичке киргенде султанды ачуулуу, азгын, тагыраагы, урмат-сыйынан, кадырынан ажыраган абалда көрүп, салам берген эмес эле. Буларды шылтоолоп, аны Гуваляр чебине камоого буйрук берди. Эки жылдан кийин кылганынын туура эмес экенин түшүнгөн Жихангир шах кечирим сурап, Хазрети Имамды түрмөдөн чыгарды. (Исбат-и нубувват, Умдат-ул-макамат, Берекат)

 Юсуф алейхиссаламга да жалаа жабылууда. Эгер түрмөгө түшүү сыймык, абийир болгондо Хазрети Юсуф түрмөдө  отурганда дагы көбүрөөк калууну кааламак. Бирок, ал мүмкүн болушунча тезирээк чыгууну каалады. Бир аяттын мааниси төмөнкүчө:

"[Өкүмдардын кишиси сакиге]: "Мени кожоюнуңдун жанында эске түшүр, балким мени түрмөдөн чыгарат”, - деди. Бирок, шайтан ага кожоюнуна эске түшүрүүнү унуттурду. Юсуф болсо бир нече жыл [жети жылдай] дагы зынданда калды.” [Юсуф, 42]

 Бул окуяларды султанга каршы чыгуу сыяктуу көрсөтүп, каршы чыккан, анархия чыгарган, мусулмандардын каны төгүлүшүнө себеп болгон фитначыларды машру (мыйзамдуу) деп эсептөө – акмакчылык, кыянатчылык.

 Суроо: "Султанга каршы чыгууга болбойт” деген жазууңузда чоң карама-каршылык бар. Бир жеринде "Бир да Ислам аалымы султанга каршы чыккан эмес” делип жатса, башка бир жеринде Имам Азам Абу Ханифанын мен казылык кылбайм деп султанга каршы чыккандыгы кабарланууда. Бул ачык карама-каршылык эмеспи?

 ЖООП: Жазууда карама-каршылык жок. Имам Азам хазреттери мен казылык кылбайм деп айткан жок, "Мен казылык кыла албайм” деди. Экөөнүн ортосунда бир топ айырма бар. Мисалы, султан ага: "Кел, шахмат ойнойлу”, - десе, ал: "Мен шахмат ойногонду билбейм. Ошондуктан, шахмат ойной албайм”, - деп жооп берсе, бул султанга каршы чыгуубу же билбегенин мойнуна алуубу? Казылык кыла албай турганын билдирүүдө. Каршы чыгуу бул билдирүүнүн кайсы жеринде? Бирок, заалым башкаруучулар: "Калп айтып жатасың”, - дешти. "Эгер калп айтып жаткан болсом калпычы казы боло албайт. Эгер чын айтып жаткан болсом казылык кыла албайм”, - деп, каршы чыкпаганын билдирди. Ошол кызматка өзүн татыксыз деп билдирүүсү каршы чыккандыкпы?

Мусулмандар козголоңчу, баш ийбес болбойт

 Суроо: Базарда ондогон илмихал китептери бар. Алардын эч биринде "Мамлекетке каршы чыгууга болот же болбойт” деп жазылбаган болушуна карабастан, С. Абадиййада "Мамлекетке каршы чыгууга болбойт” деп жазылган. Мунун себеби эмнеде?

 ЖООП: Башка илмихалдар бул темада толук эмес жазышкан. Османлы доорунда ар бир мусулмандын негизги китеби болгон Жаннат Жолу Илмихалы китебинде мындай деп жазылган: Ахли сүннөт болуунун он белгиси бар.

1- Жамаатка катышуу,

2- Акыйдасы бузук экени билинбеген ар бир имамга уйуу,

3- Маасыга масх тартууну жаиз деп билүү,

4- Сахабалардын эч бирине жаман сөз айтпоо,

5- Мамлекетке, султанга каршы чыкпоо,

6- Динде адилетсиз талаш-тартыш кылбоо,

7- Динде шек келтирбөө,

8- Жакшылык менен жамандыктын Аллаху тааладан экенин билүү,

9- Итикады бузук экени билинбеген Ахли кыбыланы капыр деп атабоо,

10- Төрт халифаны башка сахабалардан жогору коюу. (Мифтах-ул жаннат)

 Демек, Ахли сүннөт болуу үчүн жогорудагы он сыпатка ээ болуу керек. Алардын бири болсо – мамлекетке каршы чыкпоо. Башка илмихалдарда жок болушу кемчилик.

 "Капыр мамлекетке да каршы чыгууга болбойбу, капыр мамлекетке каршы чыгуу жихад эмеспи?” деп сурагандар да көп болууда. Жихад – каршы чыгуу, козголоң жана каракчылык дегендик эмес. Ахли сүннөт аалымдарынын китептеринде жазылган жихад башка мамлекеттердеги душман капырлар менен мамлекет катары согушуу дегенди билдирет. Уруксатсыз демонстрацияларды жасап, жихад деп кыйкыруу жихад эмес, фитна жана каракчылык болот. Динибизге зыян келтирет. Эки хадиси шарифте мындай деп айтылат:

"Кыямат жакындаган сайын фитналар көбөйөт. Түн кирген сайын караңгылык күчөгөндөй болот. Эртең менен үйүнөн момун болуп чыккан көп адамдар кечинде капыр болуп кайтышат. Кечинде момун болуп туруп түнү ыймандары кетет. Мындай убактарда үйдө отуруу фитнага аралашуудан жакшы. Четте калып кеткен адам алга сүрүлгөндөн жакшы. Ошол күнү жебеңерди сындыргыла, куралыңарды таштагыла! Баары менен таттуу тил жана жылуу жүз менен мамиледе болгула!” [Абу Давуд]

 "Бузулган бир ишти оңдой албаган кезиңерде сабыр кылгыла! Аллаху таала аны оңдойт.” [Байхаки]

 Бул хадиси шарифтер мыйзамдарга каршы чыгууга, төңкөрүш жасоого эмес мыйзамдуу жолдор менен насаат айтып, сабыр кылууну буюрат.

 Мусулмандар төңкөрүш жасабайт, бирок, зулумдукка жана адилетсиздикке да баш ийип бербейт. Мыйзамдуу жолдор менен өз укуктарын издейт. Өкмөттүн мыйзамдуу буйруктары аткарылат. Эч кимдин арам буйруктары аткарылбаса да, каршы да чыгылбайт. Фитна чыгарылбайт. Заалымдарга каршы чыкпоо керек, алар менен талашып-тартышпоо керек! Мисалы, намаз окубоо эң чоң күнөөлөрдүн бири. Эгер башчы, директор капыр жана заалым болуп, кол алдындагыларга "Намаз окуба” десе, сенин алдыңда окубайм деп айтууну ойлоп, макул деш керек. Анткени, фитна чыгаруу, башкача айтканда, мусулмандардын басмырлануусуна себеп болуу арам. Ал заалымдын жанынан чыкканда намазды дароо окуп алуу керек.

 Күчкө каршы чыгуу, мамлекетке каршы чыгуу акылсыздык. Бул өзүн коркунучка салуу болот. Бул болсо арам. Тарыхта канчалаган акмактар чыккан болуп, фитнага себеп болгон жазуу жана сөздөрүнөн кесиринен өз баштарынан ажырагандай эле, он миңдеген мусулмандардын каны төгүлүүсүнө себеп болушкан. Капырлардын мусулмандарга каршы ого бетер катуу мамиле кылууларына себеп болушкан.

Анархия, сепаратизм

Суроо: Бир мусулман анархист же чабуулчу боло алабы, динибизде ушундай нерсе барбы? 

Жооп: Ислам дини биримдикке, бири-бирин сүйүүгө, бири-бирине жардам берүүгө, мыйзамдарга каршы чыкпоого, фитна (анархия) чыгарбоого, капырлардын укуктарын да сактоого, эч кимге зыян келтирбөөгө буйрук кылат. Ислам аалымдары өздөрүнүн дем алыштарынан жана кызыкчылыктарынан кечип, динибиздин ушул керемет буйруктарын жеткирүү жана урпактарынын динин жана ыйманын коргоо үчүн көптөгөн баалуу китептерди жазып, бизге мурас калтырышкан. Хадикада фитна тууралуу түшүндүрүлүп, мындай деп айтылат:

"Фитна – мусулмандарды бөлүп-жаруу, аларды убайым-санаага, зыян жана күнөөгө түртүү, элди мамлекетке каршы чыгууга көкүтүү дегенди билдирет. Заалым өкмөткө да баш ийүү важиб.” Берика китебинде да мындай деп айтылат:

"Башынардагы эмир хабаш кызматчы сыяктуу кор, пас жана төмөн адам болсо да, Исламга туура келген буйруктарына баш ийүү важиб. Исламга туура келбеген буйруктарына да фитнага, душмандыкка себеп болбоо үчүн каршы чыкпоо, көтөрүлбөө керек.” 

Мусулмандар биримдикке, ынтымакка чоң маани берип, өз мамлекетинин өнүгүүсү үчүн материалдык жана руханий жактан аракет кылып, диний илимдерди жакшы үйрөнүп, арамдардан сактануулары керек, Аллахтын, мамлекеттин жана пенделердин алдындагы милдеттерин аткаруулары керек. Ислам көркөм ахлагы менен кооздолуп, эч кимге зыян келтирбеши керек. Фитна (анархия) чыгарбоо керек. Динибиз бизге ушундай болууну буюрууда.

Мусулман каршы чыкпайт, фитна чыгарбайт

 Суроо: Сеййит Кутбдун Жихан Сулху китебинде "Мусулмандар революциячыл болушат. Зулумдук жана адилетсиздик кылган өкмөткө каршы төңкөрүш жасайт” деп жазылган. Бул сөз чынбы?

 Жооп: Бул сөз Ислам аалымдарынын айткандарына туура келбейт. Мусулмандар төңкөрүш кылбайт, фитна жана фесад чыгарбайт. Заалым өкмөткө да каршы чыгуу күнөө. Мыйзамдарга жана буйруктарга каршы чыгуу жихад эмес, фитна чыгаруу болот. Сеййит Кутб, Мавдуди жана аларга алдангандар Хаж сүрөсүнүн 39-аятынан жаңылыш маани чыгаргандыктан, бул балээге туш болушту. Аталган аяттын маанисинде:

"Момундарга кол салган заалымдарга жихад кылууга уруксат берилди”, - деп буюрулду. Меккедеги капырлар мусулмандарга зулумдук кылып, жарадар кылып, өлтүргөндө алар менен согушууга кайра-кайра уруксат сурашты. Уруксат берилген жок. Мединага хижрат кылганда, бул аят келип, жаңыдан түзүлгөн мусулман мамлекетке Меккедеги заалымдарга каршы жихад кылууга уруксат берилди. Бул аяти карима мусулмандардын заалым өкмөткө каршы чыгуулары үчүн эмес,  адамдардын Ислам динин угууларына, мусулман болууларына тоскоол болгон заалымдарга каршы жихад кылуу үчүн мусулман мамлекетке уруксат берүүдө. Сийар-и кабирдеги хадиси шарифтерде:

"Эмирге каршы чыккан адамга Бейиш арам.”

 "Ар бир адилеттүү жана заалым эмирдин буйругу алдында жихад кылгыла!” – деп буюрду. Китептерде жазылган жихад башка мамлекеттердеги капырлар менен согушуу дегенди билдирет. Байхаки тарабынан билдирилген хадиси шарифте:

"Бузулган бир ишти оңдой албаган кезиңерде сабыр кылгыла! Аллаху таала аны оңдойт”, - делген. Бул хадиси шариф мыйзамдарга каршы чыгууну жана төңкөрүш жасоону эмес, шаръий (мыйзамдуу) жолдор менен насаат айтып, сабыр кылууну буюрат. Тирмизи жана Табараниде билдирилген хадиси шарифте:

"Эң баалуу жихад – заалым султандын алдында туура жолду көрсөткөн бир сөздү айтуу,” – делген.

 Аалымдар колунан келишинче амри маруф кылууга тийиш. Бирок, амри маруф кылып жатканда фитна чыгарбоого катуу маани берүүгө тийиш...

Көрүнүп тургандай, мусулмандар төңкөрүш жасабайт. Бирок, зулумга, адилетсиздикке да баш ийбейт. Өзүнүн укуктарын мыйзамдуу жолдор менен издейт. Өкмөттүн мыйзамдуу буйруктарын аткаруу ар бир мусулманга важиб. Эч кимдин арам болгон буйруктары аткарылбайт. Бирок, ага каршы чыгууга, фитна чыгарууга болбойт. Заалымдар менен талашып-тартышпоо керек. Анткени, фитна чыгаруу жана мусулмандардын басмырлануусуна себеп болуу арам.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш