Суроо: "Ислам – акыл
дини. Ошон үчүн акылым жетпеген нерсеге ишенбейм”, - деп айтуу туурабы?
ЖООП: Бул
сөздүн экинчи бөлүгү туура эмес. Ислам – акыл дини. Хадиси шарифте: "Акылы
жоктун дини да жок”, - деп айтылат. Бирок, акыл тең эмес. Акыл акылдан
жогору. Жахил менен аалымдын акылы бирдей эмес. Эгер акылдар бирдей болгондо
баары бирдей нерсени ойломок. Исламда акыл түшүнбөгөн нерселер көп. Бирок,
селим акылга туура келбеген бир да нерсе жок. Чындап келгенде "Ислам –
акыл дини” деген сөздүн мааниси да мына ушул.
Акылга
гана баш ийип, ага гана ишенип жаңылышкан адам философ деп аталат. Акыл түшүнө
алган нерселерде ага ишенип, акыл түшүнө албаган, жаңылышкан жерлерде Исламдын
нуру менен акылга туураны көрсөткөн улуулар Ислам аалымдары деп аталат. Акыл
көз сыяктуу. Ислам болсо нур сыяктуу. Көз караңгыда нерселерди көрө албайт.
Көрүү үчүн жарык керек. Акыл да чындыкты көрө албайт. Аны көрүү үчүн Ислам нуру
керек. Эгер Ислам акыйкат менен батылды (жалганды) билдирбегенде, аны акылыбыз
менен табуу мүмкүн эмес эле. Хадиси шарифте: "Акыл – хак менен батылды
бири-биринен ажыратуучу нур”, - деп айтылат. Андай болсо, хак менен
батылды ажырата албаган адамды акылдуу деп айтууга болбойт.
Ким акылдуу?
Хадиси шарифте: "Акылдуу – Аллахка жана Пайгамбарга ишенип, ибадаттарын
кылган адам”, – деп айтылат. Демек, динсиз, ыймансыз адам же
ишенгенине карабастан ибадат кылбаган адамдын акылы толук эмес. Ишенип, ибадат
кылгандардын ичинен эң акылдуусу ким? Хадиси шарифте: "Эң акылдуу –
Аллахтан эң көп корккон адам”, - деп айтылат. Курани каримде
болсо: "Аллахтан эң көп корккондор – аалымдар”, - деген
мааниде айтылат. Демек, аалымдар эң акылдуу адамдар. Пайгамбарыбыз
алейхиссаламдан суралды:
-Йа,
Расулаллах! Эң аалым ким?
- Эң акылдуу
болгон адам.
- Ким эң көп
ибадат кылат?
- Акылы эң көп болгон адам.
- Эң пазилеттүү
адам ким?
- Акылы эң жогору болгон адам.
Демек, илими
жана ибадаты көп болгондор акылдуураак. Бир адамдын акылдуу экендиги кантип
билине тургандыгы суралганда Пайгамбарыбыз алейхиссалам: "Арамдардан
көбүрөөк сактанган, жакшы иштерге көбүрөөк жүгүргөн адам акылдуураак”, - деп
жооп берди.
Айша энебиз
сурады:
-
Йа, Расулаллах! Үстөм болуунун өлчөмү эмне?
- Акыл. Акылы көп болгон адам үстөмүрөөк.
-
Ар бир адамдын үстөмдүгү жасаган иши менен өлчөнбөйбү? Жакшы иш кылган адам
баалуураак эмеспи?
- Йа, Айша! Адамдар акылдарынан да көбүрөөк иш кылышабы? Ар ким өзүнүн
акылына жараша жакшы иш кылат, ошого жараша да сыйлыгын алат.
Ибни
Аббас хазреттери дагы: "Акылдын башы – өзүнө зулумдук кылгандарды кечирүү,
өзүнөн төмөн көрүнгөндөргө кичипейилдик көрсөтүү, ойлонуп туруп анан сүйлөө.
Акылсыздыктын башы болсо – өзүн өзү жактыруу, пайдасыз сүйлөө жана өзү кылган
нерселер үчүн адамдарды күнөөлөө”, - деди. Хадиси шарифте: "Акылдуу
адам – ачык жерде кылганда уяла турган ишти жашыруун жерде да кылбайт”, -
деп айтылды. Даанышман заттар ибадаттарын ыклас менен кылган, адамдар менен
жакшы мамиледе болгон, аларга ар дайым жакшылык кылган жана кыйынчылыкка сабыр
кылган адамды акылдуу деп айтышкан.
Зекаа (зээн,
билгичтик) - бул себеп менен натыйжанын ортосундагы байланыштуулуктарды түшүнүү
жана ойлой алуу жөндөмү. Ар бир зээндүү адам да акылдуу эмес. Зээндүү адам
тажрыйбалар менен, акылдуу адамдардан үйрөнгөн маалымат жана ыкмалар менен чоң
ийгиликтерге жетиши мүмкүн. Негизи бир топ мусулман эместердин зээндүү экени
белгилүү. Эгерде арстандын зээни адамдын зээниндей күчтүү болгондо, бул арстан
башка арстандарга караганда он миң эсе коркунучтуу болмок. Акылсыз, динсиз адам
да зээнинин көптүгүнө жараша коом үчүн чоң коркунуч болот. Акылдын көп түрдүү
даражалары бар. Момундун диний жана дүнүйөлүк акылы болгон сыяктуу, капырдын да
диний жана дүнүйөлүк акылы бар. Капырдын дүнүйө иштерине жеткен акылы акырет
иштерине жеткен акылынан жогору турат.
Суроо: Картайганына
карабай дагы эле дүнүйөнүн аркасынан түшкөн адамды акылдуу деп айтууга болобу?
ЖООП: Дүнүйө – Аллаху
тааланын ыраазылыгына тоскоол болгон арам жана макрухтар. Акылдуу адам болсо
Аллаху тааланын буйруктарын аткарган, тыюуларынан сактанган адам.
Рисала-и
Мунирадагы хадиси шарифтерде мындай деп айтылат:
"Акылдуу адам напсине баш ийбейт жана ибадат кылат.
Акылсыз адам болсо напсине баш ийет, анан Аллаху тааланын ырайымын күтөт.”
"Жашы 40тан ашса да жакшылыгы жамандыгынан көп
болбогон адам Жаханнамга даярдана берсин!”
"Дүнүйөнү сүйгөн адам акыретине, акыретти сүйгөн адам
дүнүйөсүнө зыян келтирет. Убактылуу нерсени эмес, туруктуу болгон нерсени
тандагыла!”
"Бир идиштин ичинде от менен суу чогуу турбагандай
эле, дүнүйө менен акырет сүйүүсү да бир момундун жүрөгүндө чогуу турбайт.”
"Акырын эмне болорун билбей дүнүйөгө алданган адам
жибек курту сыяктуу. Жибек курту өзүнө уя өрөт жана акырын билбейт. Бир нече
убакыттан кийин ал жерден чыккысы келет, чыга турган жер таба албайт,
өргөн уясында өлөт, анын эмгеги башкалардын ишине жарайт.”
"Акылдуу адам – Аллах менен Расулуна ишенген жана
ибадатын кылган адам.”
Суроо: Бир адамдын
акылдуу же акылсыз экени кантип билинет?
ЖООП: Аллаху тааланын буйрук жана тыюуларын аткарууда ким
көбүрөөк кылдат болсо, ал акылдуураак. Бир хадиси шарифтин мааниси төмөнкүчө:
"Бирөө мечитке барат, намаз окуйт, Аллахтын алдында чиркейдин канатындай
баалуулугу жок. Башка бирөөнүн болсо окуган намазы сооп жагынан Ухуд тоосундай
баалуу болот. Себеби – анын акылдуураак экендиги. Арамдан көбүрөөк сактанган
адам акылдуураак.” [Хаким]
Суроо: Акылдуу
деп кимге айтылат?
ЖООП: Ар бир мусулман Жаннат менен Жаханнамга
ишенет. Жаханнамдан кутулууну жана Жаннатка кирүүнү каалаган акылдуу адам
өлүмгө даяр болууга тийиш. Анткени, Пайгамбарыбыз алейхиссалам: "Акылдуу
адам – өзүн эсепке тартып, өлүмгө даярданган адам”, - деп айткан. Бир
нерсеге даярдануу аны көп эске алуу менен болот. Эске алуу болсо эске салуучу
нерселерди кароо, аларды орундоо менен мүмкүн болот. Жалпысынан алганда, бардык
адамдар өлүмдү унутуп калган. Бир аяти кариманын маанисинде: "Эсеп
убагы жакындап жатканына карабастан адамдар капылеттик менен андан жүз
бурушууда”, - деп айтылат. (Анбия, 1)
Дүнүйөнүн
пайдасыз оюн-зоокторуна алданган адам өлүмдөн кабарсыз жашайт. Өлүм тууралуу
айтылганда жек көрөт. Пайгамбарыбыз алайхиссалам айтат: "Ким өлүмдү жек
көрсө Аллах дагы аны жек көрөт”, - дейт. Аллаху таала дагы
айтат: "Силер качып жүргөн өлүмгө сөзсүз кармаласыңар”, - деп
айтылууда. (Жума, 8)
Эгер күнөөлөрдөн
сактанып, ибадаттарын кылган адам өлүмдү каалабаса, өлүмдү жек көргөн деп
эсептелбейт. Анткени, ал өзүнүн кемчиликтерин жоюуга умтулат. Бирөөнүн сүйгөн
адамы дароо кел десе, ал адам болсо жуунуп, сакалын кырып, жаңы кийимдерди
кийүү менен, сүйгөнүнө белек алуу менен алек болсо, ал кечигип калгандыгы үчүн сүйүктүүсүнө
жолугууну жек көрөт деп эсептелбейт. Башкача айтканда, өлүмдү жактырбаганы
кечиримдүү. Анткени, ал өлүмгө даярданууда.
Абу
Сулайман Дарани хазреттерине салих бир зат мындай деди:
"Мен
өлүмдү жактырбайм. Себеби, бирөөгө каршы кылмыш жасаган болсом жүзүн карагандан
уялам. Аны көргүм келбейт. Ушунча көп күнөө ичинде, күнөөлөрдөн кутулбай туруп,
кантип мен Аллахтын алдына чыккым келсин?”
Арифтер
болсо өлүмдү дайыма эстейт. Анткени, алар өлүмгө ар дайым даяр. Ошондой эле,
алар өлүмдүн сүйүктүү менен жолугушуунун убакыты экенин билишет. Өлүм - дос
менен досту байланыштырган көпүрө. Бул көпүрөдөн өтпөгөн адам сүйгөнүнө жолуга
албайт. Ошондуктан, арифтер өлүмдү жакшы көрүшөт. Хадиси шарифтерде мындай деп
айтылат:
"Өлүмдү көп эстеген адамдын жүрөгү тирилет, өлүмү да
жеңил болот.” [Дайлами]
"Темирди дат баскандай эле, жүрөктөр да күнөө менен дат басат. Жүрөктөрдүн
жалтырашы – өлүмдү көп эстөө жана Курани карим окуу.” [Байхаки]
"Өлүмдү көп эскерүү адамды дүнүйөдөн тартат,
күнөөлөрдөн арылтат.” [Ибни Лал]
"Өлүмдү
көп эстеп, күнөөлөрдөн сактанган адамдын кабыры Бейиш багына айланат. Өлүмдү
унутуп, күнөөгө баткан адамдын кабыры болсо Тозок чуңкуруна айланат!” (Суфяни
Саври)
Хазрети Мевлана да Хазрети Азраилге: "Тез кел, жанымды тезирээк ала
көр, мени Раббимге дароо жеткире көр”, - деди. Ушундай, сүйгөн адам сүйүктүүсү
менен жолугуша турган күндү унутабы? Ошол күндүн тезирээк келүүсүн эңсебейби?
Ал тургай өлүмдүн кечиккенине кыжыры келет. Мүмкүн болушунча тезирээк аны менен
жолугушууну эңсейт.
Хазрети Хузайфа өлүм төшөгүндө: "Дос
капыстан басып келди, өкүнүчтөн пайда жок. Йа, Раббим, эгер жашоо мен үчүн
жакшы болсо, мени жашата көр. Эгер мен үчүн өлүм жакшы болсо, өлүмдү мага жеңил
кыла көр”, - деп дуба кылды. Мына, өлүмдү да, жашоону да эмес, кайсы бири жакшы
болсо ошону тандаган, тагыраагы, маселени Аллахка тапшырган, Аллахтын тагдырына
макул болгон адам эң жогорку даражага жеткен болот.
Дүнүйөнүн
пайдасыз оюн-зоокторуна катуу жабышкан адам да өлүмдү эскерүү менен дүнүйөнүн
ыплас иштеринен алыстай баштайт. Убакыттын өтүшү менен дүнүйө ага оор сезилет,
анын оюн-зоокторун жактырбай баштайт. Ошентип, дүнүйөнүн пайдасыз иштеринен
сууткан бардык нерсе кутулууга себеп болот. Бир зат бир адам тууралуу айтып,
аны көп мактады. Ал жерде болгон Пайгамбарыбыз алейхиссалам: "Ал адам
өлүмдү эстейби?” – деп сурады. Ал зат дагы: "Өлүмдү эстегенин уккан
жокпуз”, - деди. "Өлүмдү эстебегендин баркы жок”, - деди.
Демек, кадыр-барктуу болуу өлүмдү эскерүү менен да түшүнүлөт. Өлүмдү эстөө
өлүмгө даярдануу менен болот.
Эсепке даярдануу
Аллаху
таала мүлк жана кудуреттин жалгыз ээси. Ал өзү каалагандай жасайт.
Бейиш
- момундар үчүн түбөлүк сыйлык ала турган жер, Тозок болсо - капырлар үчүн
түбөлүк жаза жайы. Бейиш ойго, кыялга келбеген нематтарга толо. Тозок да акылга
сыйбаган азаптарга толо.
Сооп
жана жаза чоң болгондуктан эсеп-сурак иши да чоң болот. Аллаху таала: "Салих
пенделерим үчүн көз көрбөгөн, кулак укпаган, ал тургай ойго келбеген, элестетүү
мүмкүн болбогон нематтарды даярдадым”, - деп айтууда. (Муслим)
Курани каримде
дагы мындай мааниде айтылат:
"Эми аларга жасаган иштери үчүн сыйлык катары көздү кубанткан
кандай нематтар жашырып коюлганын [даярдап
коюлганын] эч ким [ал тургай периштелер менен пайгамбарлар
да] биле алышпайт.” [Сажда, 17, Байдави]
Тозоктун
азабынын оордугу да түрдүү аяти карималарда билдирилген. Мындай чоң сыйлык жана
чоң жаза үчүн албетте чоң сыноо жана назик нерселер суралат. Аяти карималарда
мындай деп айтылат:
"Кымындай жакшылык кылган сообун, кымындай жамандык кылган болсо жазасын
алат.” [Зилзал, 7-8]
Акыретте эч
кимге зулумдук кылынбайт. Курани каримде мындай мааниде айтылат:
"Раббиң пенделерине зулумдук кылуучу эмес.” [Фуссилат, 46]
Хаксыздык
(адилетсиздик, зулумдук) кылынбайт. Бирок, сыйлык берилгенде да мол-мол ихсан
кылынат. Аяти каримада мындай мааниде айтылат:
"Албетте, Аллах кымындай да хаксыздык кылбайт.
Кымындай бир жакшылыктын сообун да мол-мол көбөйтүп берет, өзүнөн да чоң сыйлык
берет.” [Ниса, 40]
Башталгыч
мектептин сынагы менен университеттин сынагы бирдей болбогондой эле, ар бир
факультеттин сынагы да ар башка. Таштанды ташуу боюнча сынакта болсо физика
жана алгебра суралбайт. Зергерлерде кичине таразаларда майда салмактар
тартылат. Андан эмнеге беш-он килограммды таркан жоксуң деп суралбайт.
Кырк-элүү тонналык чоң таразалардан, кол таразалардан да эмне үчүн беш-он
граммды тарткан жоксуң деп суралбайт. Ар ким өзүнүн күчүнө жараша сыналат. Ар
бир адамга кандай немат берилген болсо, ошонун эсеби суралат. Көзү азиз адамдан
көз нематынын эсеби суралбайт. Тилсизден тилден суралбайт. Башбакандын
жоопкерчилиги менен короо тазалагычтын жоопкерчилиги айырмаланат. Аалым менен
жахилдики дагы эки башка.
Ар бир адамда
болгон кираман катибин периштелери адамдардын жасаган бардык иштерин сүрөткө
тартууда, ар бир көз ирмемди тасмага түшүрүүдө. Адамдардын жасай турган иштерин
Аллаху таала эзелтеде билгендиктен, лавх-и махфузга да жазып койгон. Кичинекей
бир катачылык жана адилетсиздик болбойт. Аяти каримада мындай деп айтылат:
"Эч кимди күчү жеткенинен артык нерсе менен милдеттүү кылбайбыз. Алдыбызда
чындыкты айткан бир китеп бар. Эч ким адилетсиздикке учуратылбайт.” [Муминун, 62]
Миллиарддаган
адамдардын эсеби өтө кыска убакытта ишке ашырылат. Курани каримде: "Валлаху
сариулхисаб” деген сөздөр айтылган. Бул "Аллах эсепти тез ишке
ашырат” дегенди билдирет. Ар ким эсепке даярданууга тийиш!
Акылдуу болуунун өлчөмү эмне?
Суроо: Адам
өзүнүн акылдуу же акылдуу эмес экенин биле алабы?
ЖООП: Ооба, биле алат. Акылдуу деп пайдасы менен зыянын билген адамга айтылат.
Дүнүйөлүк пайдасын ойлогондой акыреттик пайдасын да ойлогон адам. Эң көп
дегенде 100 жылдык дүнүйөлүк жашоону ойлоп, бирок, түбөлүк акыретик жашоону
ойлобогон адамга акылдуу эмес, акмак, акылсыз деп айтылат. Акылдуу болуу абдан
баалуу. Үч хадиси шариф:
"Аллахтын алдында эң баалууңар – акылда эң үстөмүңөр.” [И. Газали]
"Акылы жок адамдын дини да жок.” [Тирмизи]
"Акылы бар адам ыйман келтирет.” [Байхаки]
Демек,
ыйман келтирген, түбөлүк жашоосун ойлогон адам акылдуу. Бир нече хадиси шариф:
"Акыл – Аллахка жана Пайгамбарга ишенет жана ибадатын
кылат.” [Ибни Мухбар]
"Эң акылдуу – Аллаху тааладан эң көп корккон, Анын
буйрук жана тыюуларына эң жакшысы амал кылган адам.” [Ибни Мухбар]
"Акылдын көптүгү Аллахтан коркуунун көп болушу менен
белгилүү болот.” [И. Маверди]
"Акылдуу – напсини эсепке тарткан жана өлүмдөн
кийинки нерсе үчүн амал кылган адам.” [Тирмизи]
"Ар нерсенин бир тиреги бар. Момундун тиреги
болсо – акыл. Адам акылына жараша ибадат кылат.” [И. Газали]
"Адамдардын
кылган жакшылыктарынын сообу алардын акылына жараша берилет.” [Абу-ш-шейх]
"Акылдуу
адам Аллахка жана Расулуна ишенип ибадаттарын кылат.” [Ибни Мухбар]
"Акылдуу адам напсине баш ийбейт,
ибадаттарын орундайт. Ал эми акмак адам болсо напсине баш ийип, күнөө кылат,
анан Аллах кечирет деп үмүт кылат.” [Тирмизи]
Бул хадиси
шарифтер көрсөтүп тургандай, акылдуу адам – туура ыймандуу жана түбөлүк жашоого
даярданган адам. Андай болсо, акылыбызды азайткан нерселерден алыс болуп,
акылыбызды күчтөндүрүүгө аракет кылышыбыз керек. Хадиси шариф:
"Акылыңды арттыр, ошондо Раббиңе жакындыгың арттсын! Арамдардан
сактан, парздарды аткар, ошондо акылдуу болосуң.” [Ибни Мухбар]
Демек, парзды
аткарып, арамдардан сактанган адамдын акылы артат. Арам иш кылган адамдын акылы
азаят. Хадиси шариф:
"Күнөө кылган адамдын бир акылы кетет, кайра кайтып
келбейт.” [И. Газали]
Андай
болсо, акылдуу болуу үчүн ыйман келтирип, ибадаттарды кылуу жана арамдардан
сактануу керек. Ибадаттарды көбөйткөн сайын ыйман нуру артат. Күнөө кылган
сайын ыйман нуру өчө баштайт. Күнөө кылууну көбөйткөн сайын бул жарык биротоло
өчүп калышы мүмкүн. Хадиси шариф:
"Күнөө кылуу адамды күфүргө алып барат.” [Мектубат-и Масумиййа, 2/110]
Күнөө кылган адам капыр болбойт, бирок, убакыттын өтүшү менен күнөөлөр
жүрөктү карайтат, күнөөлөргө маани бербей калат. Бул болсо адамды ыймансыз
кылышы мүмкүн. Бул жагынан чоң-кичине ар бир күнөөдөн сактанууга аракет кылуу
керек.
Ар бир зээндүү адам акылдуу боло бербейт
Суроо: Ар кандай ойлоп табуулары бар адамдарды
өтө акылдуу адам дешет. Мындай ойлоп табуулар акылдын ишиби же зээндинби?
Ошондой эле, ар бир зээндүү адам өтө акылдуубу?
ЖООП: Акыл менен зээнди бири-бирин чаташтырбоо
керек. Зээн (интеллект) - себеп менен натыйжанын ортосундагы
байланыштуулуктарды табуу, окшоштуктарды жана айырмачылыктарды түшүнүү.
Швейцариялык Клапаред зээнди "Зээндин жаңы кырдаалдарга эң жакшы ыңгайлашуусу”
деп түшүндүргөн. Башкача айтканда, бул чөйрөбүзгө ыңгайлашуубузду камсыз
кылуучу күч. Эң жогорку жаныбарларда жана адамдарда айлана-чөйрөгө ыңгайлашуу
үчүн жаңы жүрүм-турум пайда болуп, бул зээн деп аталат. Бергсон: "Алгачкы
адамдардын жана ар бир кылымдын артта калган бөлүктөрү жаратылышка ыңгайлашуу,
жаныбарлар жана өз ара мамилелерди түзүү үчүн шаймандарды жасашкан. Бул
шаймандар зээн менен жасалган”, - дейт. Көрүнүп тургандай, шаймандарды жасоо
жана техникада өнүгүү акылдын эмес, зээндин белгиси. Немис психологдору жана
педагогдорунун бири Уильям Штерн: "Зээн – ой-пикирди жашоонун жаңы
шарттарына ыңгайлаштыруу”, - деп мүнөздөгөн. Башкача айтканда, маселени чечүү
кубаты... Бардык ушул мүнөздөмөлөр көрсөтүп тургандай, зээн – инстинктен
жогору, акылдан төмөн бир акыл-эс басамагы. Акылдын тажырыйбачысы сыяктуу
болгон зээн акылдан мурда калыптанууда. Акыл ээлери теориялык жолдорду,
эрежелерди ортого салышат. Зээндүү адам буларды практикада колдонууну камсыз
кылат. Зээн – ой жүгүртө алуу, ойлоно алуу кубаты. Бирок, ойлордун туура
боулушу үчүн акыл керек. Зээндүү адам ойлорунун туура болушу үчүн кээ бир
принциптерге муктаж. Бул принциптерди акыл башкарат. Андай болсо, ар бир
зээндүү адамды акылдуу деп айтуу туура эмес. Зээндүү бир адам чоң командачы
боло алышы мүмкүн. Акылдуулардан үйрөнгөн ыкмаларды жаңы согуштук кырдаалга
ылайыкташтырып, континенттерди багындыра алышы мүмкүн. Бирок, акылы аз болсо,
анын ийгиликтери бир ката менен апаатка айланат. Эгер арстандын зээни адамдын
зээниндей күчтүү болгондо, бул арстан башка арстандарга караганда он миң эсе
коркунучтуу болмок. Акылсыз, динсиз адам дагы күчүнүн жана зээнинин көптүгүнө
жараша коомдор үчүн чоң коркунуч болот.