Ислам дини » Динибиз » Парздардын кээ бирлери




Парздардын кээ бирлери


Суроо: Арамдарды беренелер боюнча билдиргениңиз сыяктуу парздарды да билдире аласызбы?

ЖООП: Парздардын кээ бирлери төмөнкүлөр:

1-Аллахка жана Анын Расулуна моюн сунуу, [Туура ыйман келтирип, арамдардан сактануу, парздарды аткаруу].

2- Ахли сүннөт акыйдасын, ыйманды, парздарды жана арамдарды үйрөнүү.

3-Аллаху тааланын барлыгын жана жараткан нерселерин тафаккур кылуу.

4-Аллахтын азабынан ишенимдүү болбой коркуу, ырайымынан да үмүт үзбөй үмүт кылуу.

5- Аллаху таала ырыскыга кепил жана ырыскынын Аллахтан экенине ишенүү.

6-Аллаху тааланы эч качан унутпоо (ар бир иште Аллахтын ыраазылыгын көздөө).

7- Аллаху таала ихсан кылган нематтарына шүгүр кылуу.

8-Амантудагы алты шартка ишенүү, маанисин билүү жана кол астындагыларга, бала-бакырсына мааниси менен бирге үйрөтүү.

9- Окулган Курани каримди угуу.

10-Чүчкүргөндө "алхамдулиллах” деген адамга "йархамукаллах” деп айтуу.

11- Берилген саламга жооп берүү.

12- Бидаттарды үйрөнүү, алардан сактануу жана аларды мусулмандарга угузуу.

13- Ахли бейтти жакшы көрүү.

14- Батын илиминин артуусун каалоо.

15-Амри маруф жана нахйи мункар кылуу жана аны жумшак кылуу.

16- Хубби филлах жана бугди филлахта болуу.

17- Исламдын беш шартын үйрөнүү жана орундоо, [Намаз, орозо, бай болсо зекет жана ажылык].

18- Өмүрүндө бир жолу калима-и шахадатты айтуу, маанисин билүү жана ишенүү.

19-Пайгамбарлардын мужиза көрсөтүүсү.

20- Расулуллахтын Ахли бейтке жана жубайларына урмат көрсөтүү.

21-Расулуллахтын пайгамбардыгын уккандын Ага ыйман келтирүүсү.

22-Өмүрүндө бир жолу салават айтуу.

23-Диний жааттан кедей адамдын жа түшүмүнүн ушурун берүүсү.

24- Балээ-кыйынчылыктарга сабыр кылуу (каршы чыкпоо).

25-Эгер бир жерде салих адам калбай, бузукулук жана бидат күчөгөндө салихтер бар жерге көчүү.

26-Малды сойгондо бисмиллахты айтуу.

27- Ажырашкан аялга махр акчасын төлөө.

28- Ажырашкан аялдын нафакасын атасы, атасы жок болсо бай туугандарынын берүүсү.

29- Аялы бай же христиан болсо да, ага нафака берүү.

30- Бай болгон балдардын эне-атасына нафака берүүсү.

31- Нафака оокаттарын алуу.

32- Атанын балдарына илим, адеп жана кесип үйрөтүүсү.

33-Эне-ата капыр болсо да аларга жакшылык, кызмат кылуу.

34- Эне-атанын күнөө эмес буйруктарын аткаруу.

35- Мусулман эмиринин Исламга ылайык буйруктарын аткаруу.

36-Кутман сахабалардын бардыгын салих жана адилеттүү деп ишенүү жана сүйүү, алардын эч бирине тил тийгизбөө.

37- Уят сөздөрдөн сактануу.

38- Ар бир күнөө кылгандан кийин тообо кылуу.

39- Арам иш кылуудан корккон бойдоктордун үйлөнүүсү.

40- Адалдан табуу, адалдан жеп-ичүү жана кийинүү.

41- Намазга туруп окууга жана орозо кармоого жетиштүү азык алуу.

42-Өлбөй турганчалык жана намазды туруп окуй турганчалык жеп-ичүү.

43-Өлүмгө же бир парзды таштоого тоскоол боло турган дарылануу жана жүрөк ооруларын дарылоо.

44- Ар кылымда жашаган ар бир элдин Расулуллахка моюн сунуусу.

45- Ар мусулмандын мужтахидди таклид кылуусу, башкача айтканда, төрт мазхабдын биринде болуусу.

46- көркөм мүнөздүү болуу жана ахлак илимин үйрөнүү.

47- Ааламга ибрет көзү менен кароо.

48- Канаатчыл болуу.

49- Каза-тагдырга ыраазы болуу.

50- Жетиштүү деңгээлде ырыскы табуу үчүн эмгектенүү [тамак-аш, кийим-кече жана турак-жай үчүн].

51-Кул жана хак карыздарын төлөп өлүмгө даярдануу жана  карызы бардын осуят (керээз) жазуусу.

52- Өнөрүнүн, кесибинин диний жана илимий маалыматтарын үйрөнүү.

53-Мужтахиддин асхаби кирамга уюусу.

54-Муфтийдин мужтахид болушу, мужтахиддин өзүнүн ижтихадына амал кылышы.

55- Мудара кылуу, башкача айтканда, адамдар менен тил табышуу.

56- Тобокел кылуу.

57- Жети жашка толгон балдарына намазды буюруу.

58- Ар бир мусулман аялдын хайз жана нифас илимин үйрөнүүсү.

59- Сакалы бар адамдын гусулда сакалынын түбүндөгү терини суулоосу.

60- Денесинде нажас болсо аны кетирүү.

61-Даарат жана гусул үчүн шаардан дайыма суу издөө.

62- Намаз окуй турган кезде хайз жана жунуптуктан гусул алуу.

63- Дааратта шафии мазхабында ээк астындагы терини жуу.

64- Масхтын туурасы жана узундугунун үч бармак болуусу.

65- Намазда Кааба тарапка бурулуу.

66- Намаз окуй тургандай сүрө же аят жаттоо.

67- Намазды баштап жатканда Аллаху акбар деп айтуу.

68- Ар бир ибадат кылынганда ниет кылуу.

69- Малики жана шафииде намазда ар рекетте Фатиха окуу жана рукуда, саждаларда кыймылдабай туруу.

70- Бир намазды убагында окубагандын анын казасын окуусу.

71- Акыркы рекетте тахыййат окуганчалык отуруу.

72- Бузулган парздарды кайталоо.

73- Эркектердин Жума намазын окуусу.

74- Насстарда ачык айтылган буйруктарга ишенүү жана баш ийүү,

75-Өлүүнү жууп, кепендөө, бир жолу жаназа намазын окуп, кабырга коюу кифая парз.

76- Салих жана махрам туугандарды зыярат кылуу.

77- Бай атанын кедей баласын үйлөнтүүсү.

78- Сөзүнө бекем болуу, чындыкты айтуу.

79- Шафииде эркек балдардын сүннөт кылынуусу.

80- Тараза жана өлчөө каражаттарын так жана туура колдонуу, башкача айтканда, кесибинде, ишинде алдабоо, куулук кылбоо.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш