Ислам дини » Динибиз » Оорудан сактануу




Оорудан сактануу


Суроо: Бүгүн христиан батыш медицина илиминде өнүккөнүнө карабастан СПИД сыяктуу ооруларга чалдыгып жатышынын себеби эмне?

ЖООП: Христиандык өтө күчөп турган орто кылымдарда улуу медицина аалымдары бир гана мусулмандар эле жана европалыктар Андалусияга медицинаны үйрөнүү үчүн келишчү. Чечекке каршы вакцинаны тапкандар мусулман түрктөр болчу. Муну түрктөрдөн үйрөнгөн Женнер бул вакцинаны 1796-жылы гана Европага алып барып, "чечекке каршы вакцинаны тапкан адам” деген наамды адилетсиз өзүнө ыйгарып алган алган эле. Бирок, толук караңгылык аймагы болгон ошол кездеги Европада адамдар оорудан кырылып жаткан эле. Франциянын королу он бешинчи Луи 1774-жылы чечектен кайтыш болду. Европа узак убакыт бою чума жана холера эпидемияларынан жапа чеккен. Биринчи Наполеон 1798-жылы Акка чебин курчоого алганда аскерлери арасында чума илдети чыгып, ооруга каршы айла таба албаганда душманы мусулман түрктөрдөн жардам суроого аргасыз болгон эле. Ошол убакта жазылган бир француз китебинде мындай дейт:

"Түрктөр өтүнүчүбүздү кабыл кылып, табыптарын жөнөтүштү. Булар таптаза кийинген, нур жүздүү адамдар эле. Алгач дуа кылышты, кийин колдорун мол суу менен самындап жуушту. Оорулууларда пайда болгон көбүкчөлөрдү кичине бычак менен жарышты. Ичиндеги сууну агызып, жараларын таптаза кылып жуушту. Кийин оорулууларды өзүнчө-өзүнчө жерлерге жайгаштырышты. Дени сактарынын мүмкүн болушунча аларга жакындабоосун эскертишти. Оорулуулардын кийимдерин өрттөштү. Аларга жаңы кийимдерди кийгизишти.  Эң акыры кайра колдорун жуушту, алоэ дарагын күйгүзүп, кайра дуба кылышты да, бизден эч кандай эмгек акы албастан кайтып кетишти.”

Демек, батыштыктар мындан эки кылым мурда эле европалыктар ооруларга каршы таптакыр чарасыз эле. Андан кийин гана мусулмандардан үйрөнүп, тажрыйбаларды жасап [динибизде буюрулгандай аракет кылуу менен] бүгүнкү медицина илимин үйрөнүштү.

Чыныгы мусулман таза жана ден соолугуна өтө кылдат мамиле кылат. Уу болгон алкоголдук ичкиликтерди ичпейт. Ар кандай коркунучтары жана зыяндары бүгүн ачык далилденген чочко этин жебейт. Ливата жасагандарда СПИД деп аталган жугуштуу оорунун вирусунун чочколордо да бар экени далилденген.

Бүгүнкү күндө бардык университеттерде окутулгандай медицина эки бөлүктөн турат: бири гигиена, ден соолукту коргоо, экинчиси терапия, оорулууларды айыктыруу. Булардын биринчиси биринчи орунда турат. Адамдарды оорулардан сактоо жана алардын ден соолугун чыңдоо медицинанын биринчи милдети. Оорулуу адам айыктырылса да, көбүнчө кемчиликтүү жана начар бойдон калат. Мына, Исламият медицинанын биринчи милдети болгон гигиенаны кепилдеген.

Пайгамбарыбыз алейхиссалам Рим императору Гераклиус менен кат алышып турчу. Бири-бирине элчи жиберишчү. Бир жолу Гераклиус көп белек жиберген эле. Бул белектердин бири – дарыгер эле. Дарыгер келгенде: "Мырзам! Император мырза мени сизге кызмат кылсын деп жиберди. Оорулууларыңызды бекер дарылайм”, - деди. Расулуллах алейхиссалам аны кабыл кылды. Буйругу менен дарыгерге бир үй беришти. Күн сайын даамдуу тамактарды, суусундуктарды алып барып турушту. Арадан күндөр, айлар өттү. Бир да мусулман ал дарыгерге кайрылган жок. Дарыгер уялганынан келип: "Мырзам! Мен бул жерге силерге кызмат кылууга келдим эле. Ушу күнгө чейин бир да оорулуу келген жок. Бош отурдум, жеп-ичтим, ырахаттык көрдүм. Эми кетейин, - деп уруксат сураганда, Пайгамбарыбыз алейхиссалам: "Өзүң билесиң. Эгер дагы бул жерде кала турган болсоң мусапырга кызмат кылуу, ага сый көрсөтүү – мусулмандардын милдети. Кете турган болсоң да жолуң болсун. Бирок, ушуну билгиниң, бул жерде канча жыл турсаң дагы сага эч ким келбейт. Себеби, сахабаларым оорубайт! Ислам дини оорубоонун жолун көрсөткөн. Сахабаларым тазалыкка катуу маани беришет. Ачка болмоюн бир нерсе жешпейт жана дасторкондон тоё электе турушат”, - деди.

Муну айтуу менен мусулман эч качан оорубайт деп айткыбыз келбейт. Бирок, ден-соолугуна жана тазалыкка маани берген бир мусулман дени сак болуп, оңойлук менен оорубайт. Өлүм чындык. Эч ким өлүмдөн кутула албайт жана кандайдыр бир себеп менен же бир оорунун натыйжасында каза болот. Деген менен, ал убакка чейин ден соолугун сактай алуусу мусулмандыкта гана буюрулган нерселерди жана тазалыкты сактоонун натыйжасында болот.

Дартка дабаа

Суроо: Рак жана СПИД сыяктуу оорулардын анык дарысын табууга болобу?

ЖООП: Албетте, тапса болот. Анткени, хадиси шарифте мындай деп айтылат:

"Дартты берген Аллах дабаасын да берген, дабаасыз дарт жараткан эмес. Жалгыз өлүмгө гана чара жок.” [Табарани]

Мусулман да депрессияга кабылышы мүмкүн

Суроо: Бир автор: "Мусулман депрессияга кабылбайт”, -  деди. Депрессияга кабылган адам мусулман эмеспи? Депрессияга кабылган, ал тургай акылын жоготкон көптөгөн мусулмандар жокпу?

ЖООП: Албетте бар. Автордун сөздөрү чечмелениши керек. Ал сөз "Мусулмандар эч качан депрессияга кабылбайт” дегенди билдирбейт. Бул "Мусулманчылыктын буйруктары жана тыюулары аткарылса депрессияга оңойлук менен кабылбайт” дегенди билдирет. Чындыгында бир хадиси шарифте: "Менин сахабаларым оорубайт”, - деп айтылган. Бул кутман сахабалар эч качан оорубайт дегенди билдирбейт. Бул "Исламды карманган адам оңойлук менен оорубайт” дегенди билдирет. Анткени, хадиси шарифте: "Ислам дини оорубоонун жолун көрсөткөн. Сахабаларым тазалыкка  абдан көңүл бурушатАчка болмоюн бир нерсе жешпейт жана дасторкондон тоё электе турушат!” – делген. Автордун да максаты ушул болсо керек. "Мусулман уурулук кылбайт, мусулман арак ичпейт” деген сыяктуу сөздөр да айтылат. Бул "уурулук кылган же арак ичкен адам мусулман эмес” дегенди билдирбейт. Тазалыкты сактаганы менен жугуштуу ооруга чалдыккандарга барганда да оору жугушу мүмкүн. Ошондой эле, тукум куучулук менен ооруп калышы да мүмкүн. Ал ооруну пайда кылуучу тамакты жеп коюшу мүмкүн. Кыскасы, мусулмандарга да ар кандай оору келиши мүмкүн.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш