Ислам дини » Динибиз » Ыйман жана акыл




Ыйман жана акыл


Суроо: Кайыпка ишенүү, башкача айтканда, көрбөй туруп ишенүү туура эмес. Адам өзү түшүнбөгөн нерсеге кантип ишенет? Келген алгачкы буйрук "оку” эмеспи? Бул жерде да акылга кайрылуу бар. Мисалы, азыр кимдир бирөө мен пайгамбармын, мага вахий келип жатат десе, акыл менен текшербей туруп ага ишенүүгө болобу? Акылы жок адам мукаллаф (милдеттүү) болобу? Акылдын милдети эмне? 

ЖООП: Акылы жок адам ансыз да мукаллаф болбойт. Бирок, бул өзүнчө тема. Аллаху тааланын бар экенин, бирдигин жана Расулуллахтын пайгамбар экенин түшүнүүдө акылдын, философиялык жана тажрыйба илимдеринин жардам чоң. Бирок, булардын жардамы менен Расулуллахка ишенгенден кийин Ал билдирген ар бир нерсе үчүн акылга, философияга жана тажрыйба илимдерине кайрылуу туура болбойт. Анткени, акыл, тажрыйба жана философия жолу менен алынган көптөгөн маалыматтардын улам алмашып турганын, жаңылары табылганда эскилеринин ташталганын көрсөткөн мисалдар адабияттарда аз эмес. 

Сеййид Абдулхаким Арваси хазреттери ыйманды мындайча сүрөттөйт: 

"Ыйман – Мухаммед алейхиссалам пайгамбар катары билдирген нерселерге акылга, тажрыйбага жана философияга кайрылбастан тастыктоо жана ишенүү. Эгер акылга туура келгендиктен тастыктаса акылды тастыктаган болот, Расулду тастыктаган болбойт же Расулду жана акылды бирге тастыктаган болуп, ал кезде Пайгамбарга ишеним толук болбойт. Эгер ишеним толук болбосо ыйман болбойт. 

Ыймандын жарактуу, өтүмдүү болушу үчүн кайыпка ишенүү шарт. Курани каримде момундар макталганда: "Алар кайыпка ишенишет”, - деп айтылат. Мисалы, Бейиш, Тозок сыяктуу нерселерди акыл менен түшүнүүгө болбойт, накыл менен түшүнүүгө болот. Аллаху таала Бейиш бар десе бар, Тозок бар десе бар, периштелер бар десе бар, жиндер бар десе бар. Эгер буларды акыл менен түшүнүүгө болгондо пайгамбарларга, китептерге муктаждык калмак эмес. Ар бир адам туураны таба алмак. Намаздын кантип окула тургандыгын, башка ибадаттардын кантип кылына тургандыгын дагы акыл менен түшүнүүгө болбойт, накыл менен түшүнүүгө болот. Акылдын милдети – накылдын ишеничтүү жерден, тактап айтканда, Пайгамбардан келгенин түшүнгөндөн кийин эч олку-солку болбой ага ишенүү. 

Акыл бардык нерсе дегендик эмес. Ошону менен бирге ар кимдин акылы бирдей да эмес. Ошондуктан, акыл жаңылбас өлчөм боло албайт. Андай болгондо баары бир эле сөздү айтмак, баары бирдей ойломок. Баары бир динге, бир мазхабга ишенмек, баары бир партиядан болуп, ар кандай көз караштар кездешмек эмес. Ар кандай диндер, ар кандай партиялар, ар кандай көз караштар болгондой эле, акылдардын да ар башка экени түшүнүлөт. Мындай ар башка болгон акылга кантип ишенүүгө болот? Мына ошондуктан, накыл шарт. Накылга ишенүү үчүн дагы акылды колдонуу шарт. 

Мисалы, акыл кылымдар бою чыгып, батып турган күндү карайт, анын ысыгы жана жарыгы эч качан азайбаганын көрөт. Ааламдагы жылдыздарды, планеталарды, адамдын дене түзүлүшүн, мөмө-жемиштерди жана жаныбарларды карайт. Бул жерден ал ааламдын бир жаратуучусу бар экенин түшүнөт жана ага ишенет. Бул дагы кайыпка ишенүү дегенди билдирет. Болбосо, жаратканды көрүүсү мүмкүн эмес. Жаратканды ал жараткан эмгектери, белгилер аркылуу гана түшүнөт. Дагы акыл менен пайгамбарларга, китептерге ишенет. Ал жерде айтылгандарга ишенет. Акыл менен Курани каримдеги нерселерди туурабы деп өлчөй албайт. Акылдын бул жердеги милдети "бул ааламды жоктон жараткан Аллах Курани каримде да жаңылыш нерсени билдирбейт деп ишенүү, калгандарына акыл кийлигишпейт. Ишенгенден кийин да эми акылга эмес, накылга маани берет.

 Биз накылдан үйрөнгөндөй, акыл чындыкты жалгандан, ийри менен туураны айырмалоочу күч. Аллаху таала Курани каримде, Пайгамбарыбыз алейхиссалам болсо хадиси шарифтерде тигил туура, тигил туура эмес дейт. Акыл менен ушуларды үйрөнөбүз. Үйрөнбөгөн миллиарддаган адамдар бар, алар сөзсүз жоопкер. Алардан эмне үчүн үйрөнгөн жоксуң деп суралат. Эгер үйрөнгөн болсоң эмне үчүн үйрөнгөнүңдү аткарбадың деп суралат. Накылга таянган маалыматтар менен туураны ийриден эмне үчүн тапкан жоксуң деп суралат. Мына китеп, эмне үчүн ушуга ылайык амал кылган жоксуң деп суралат. Китепти карабай туруп акылың менен буларды билип ал деп айтылбайт. Китептин жиберилүүсү туура менен ийринин билинүүсү үчүн. Акыл менен бул китептен туура-ийри үйрөнүлөт. Акыл өз алдынча, китепсиз бул туураларды, ийрилерди биле албайт. Эгер биле алганда, анда китеп жиберилмек эмес. Китеп жиберилгенине карабастан үйрөнбөй туураны-ийрини билбеген сан жеткис адам бар. Акыл менен буларды биле албай жатышат, таба албай жатышат. Демек, китептен, накылдан үйрөнүүдөн башка чара, жол жок.

 Эгер "Мен пайгамбармын, мага вахий келип жатат” деген бирөө жарым чыкса, мунун туура же жаңылыш экенин акыл менен кантип билебиз? Бул накыл менен гана билинет. Мисалы, Америкада бир жинди: "Мен пайгамбармын, мага вахий келип жатат”, - деди. Эгер бул акылга тескери келгенде, ага миңдеген киши ишенишмек эмес. Баары тең өздөрүнүн акылдарына жаккандыктан ишеништи. Бирок, биз накылга карама-каршы келгендиктен ишенбедик. Мухаммед алейхиссаламдан кийин пайгамбар келбей турганын накылдан үйрөндүк. Биз акылыбызды эмес, накылыбызды колдондук. Акылын колдонгон миңдеген адамдар Мухаммед алейхиссаламдан кийин пайгамбар болуп келет деген ал бузуку адамды расул катары кабыл алышты.

 "Мен расулмун” деген сыяктуу, "Мен махдимин” деген адам да чыкты. Накылды эмес акылын колдонгондордун көбү аны тастыктады. Биз накылды карадык. Махдинин белгилери бар. Анын аты Мухаммед, атасынын аты Абдуллах болот. Асмандан бир периште "Бул Махди” дейт, аны баары угат. Иса алейхиссалам келет, Дажжал менен согушат. Ушул сыяктуу башка дагы жүздөгөн маселелер бар. Буларсыз анын Махди экендигине ишенген жокпуз. Эгер акылыбызды колдонгонубузда, башка жахилдер сыяктуу анын Махди экенине жана анын бузуку пикирлерине ишенмекпиз.

 Окуу буйругунун да акылга эч кандай тиешеси жок. Окуу накыл маалыматтарын үйрөнүү үчүн жүргүзүлөт. Накыл маалыматтарын билбей туруп кантип эмнеге ишене турганыбызды биле албайбыз. Дин илимдерин үйрөнүү – бул накылды үйрөнүү дегендик. Атүгүл, накылга маани бербеген адам акылынын чегинде адашат. Өзүн канчалык акылдуу ойлосо, накыл маалыматтарын да ошончолук өз акылы менен өлчөөгө аракет кылат. Канчалык акылдуу болсо да, эгер бир адамдын илими жок болсо, анын бир да баркы жок. Илим дегени болсо – бул накылды билүү. Бир хадиси шарифтин мааниси төмөнкүчө:

 "Динди акылы менен өлчөгөндөн да зыяндуу эч нерсе жок. Ошентип, адалга арам, арамга адал делген болот.” [Табарани]

 Хазрети Али айтат:

 "Эгер дин акыл менен болгондо маасынын үстүнө эмес астына масх тартмакмын.” [Абу Давуд]

Имам Раббани хазреттери да айтат:

Диндин өкүмдөрүн өз акылы менен түшүнгүсү жана акылды ага жол көрсөткүч кылгысы келген адам пайгамбардыкка ишенбеген болот. Аны менен сүйлөшүү акылмандык эмес.(1/214)



Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш