Ислам дини » Динибиз » Кээ бир харамдар




Кээ бир харамдар


Суроо: Оңой түшүнүү үчүн харамдарды тизмелеп билдире аласызбы? 

ЖООП: Харам экендиги китептерде билдирилген нерселердин кээ бирлери төмөнкүлөр: 

1- Даарат жана гусулда зарыл болгондон ашык суу колдонуу.

2- Адактын этин байлардын жеши.

3- Чүчкүрүп алхамдулиллах деген адамга ярхамукаллах деп айтпоо.

4- Алкоголдук ичкиликтерди ичүү.

5- Аллахтан башкага ийилүү же сажда кылуу.

6- Аллаху тааладан башка нерселерге ант берүү.

7- Аллаху тааланын Рахман, Куддус жана Халык сыяктуу ысымдарын адамдарга коюу.

8- Досунун колун өбүү.

9- Аврат жерин ачуу жана башка бирөөнүн аврат жерин кароо. [Эркектин аврат жери киндик менен тизесинин арасы, аялдын аврат жери колу (билектен төмөн бөлүк) менен жүзүнөн башка бардык жери.]

10- Дүкөнчүгө карыз акча берип, ал акча түгөнгүчө андан товар сатып алуу.

11- Башын ачып жүргөн аялга жакындарынын ыраазы болушу.

12- Башка бирөөнүн мүлкүн анын уруксатысыз колдонуп, ордуна коюу.

13- Башлык (калың) акчасын алуу.

14- Айт күнү орозо кармоо.

15- Бисмиллахсыз союлган же китепсиз капырлар сойгон жандыкты жеш.

16- Бидатчыларды жакшы көрүү жана сыйлоо.

17- Бир күндүк тамак-ашы бар адамдын тилемчилик кылуусу жана аны билген адамдын ага садака берүүсү.

18- Мусулманды жалган сөздөр менен мактоо.

19- Пиво, кымыз жана кефир ичүү.

20- Бирөөнү бекер иштетүү.

21- Бирөөнүн мал-мүлкүн тамаша катары алып катып коюу менен аны таарынтуу.

22- Жугуштуу оорунун сөзсүз түрдө жуга турганына ишенүү.

23- Чоңдорго кийүү, жеп-ичүү харам болгон нерселерди жаш балдарга жасатуу.

24- Мечитке нажасат жугуза турган жиндини жана жаш балдарды киргизүү.

25- Жандуулардын сүрөтүн тартуу.

26- Жандуулардын сүрөтүн белден өйдө илип коюу.

27- Жамааттын арасында кыдырып тилемчилик кылуу жана ага садака берүү.

28- Жаназага гүл жана гүлчамбарларды алып баруу жана аза күтүү белгилерин көтөрүп жүрүү.

29- Жаназаны мечитке алып кирүү. [Намазын окуу үчүн да мечитке алып кирилбейт.]

30- Жума жана Айт хутбаларын сөз сүйлөп жаткансып окуу.

31- Жунуптун мечитке кириши, намаз окуусу, Куран окуусу, [Хайыздууга булар харам болгондой эле, жима кылуусу жана орозо кармоосу да харам.]

32- Музыкалык аспаптарда ойноо жана угуу.

33- Даййустук кылуу.

34- Дин боордошуна үч күндөн ашык таарынуу.

35- Тойгондон кийин жеп-ичүү.

36- Эркек кишинин алтын шакек тагынуусу.

37- Эркек кишинин аялын иштетип, акча табууга мажбурлоосу.

38- Эркек кишинин жибек кийим кийүүсү, алтын-күмүштү жасалга катары колдонуусу.

39- Эркектин аялга, аялдын эркекке окшошуусу, мисалы, эркектин мончок тагынуусу.

40- Эркек айбандын ургаачы айбан менен жупташуусу үчүн акча алуу.

41- Кутман сахабалардын кимдир бирөөсүнө тил тийгизүү.

42- Азанды үн күчөткүч аркылуу айтуу.

43- Пайыз алуу жана берүү.

44- Көзү ачыктыкты үйрөнүү жана көзү ачыктык кылуу.

45- Парз намазды үзүр себепсиз казага калтыруу.

46- Белгилүү парздарды жана харамдарды зарыл өлчөмдө үйрөнбөө.

47- Парздарды таштоо.

48- Уят сөздөрдү айтуу.

49- Келиндин жабык келин кийими менен болсо дагы чоочун эркекке көрүнүүсү.

50- Тамак-аш жебей өлүү.

51- Гыйбат кылуу жана угуу.

52- Жашыруун жамалуу жана кемчиликтүү товарды жаңы, бүтүн деп сатуу.

53- Ажылардан аякбасты акчасы алуу.

54- Аялы менен бир жолкусунда үч талак берип ажырашуу.

55- Аялын уруу, кыйноо, нафакасын толук бербөө.

56- Арам иш кылып баштаарда бисмиллах айтуу.

57- Арам жеп-ичкенден кийин хамд айтуу.

58- Көралбастык кылуу.

59- Оорусун ар кимге айтып, жагдайынан даттануу.

60- Уурулук жана тартып алуу.

61- Кыянат кылуу.

62- Короз жана башка жаныбарларды уруштуруу.

63-Хутбага дүнүйөлүк сөздөрдү аралаштыруу.

64- Ибадаттарга бидат аралаштыруу.

65- Ижмага каршы чыгуу.

66- Ичи жана ашказанын тазалабай, кайнак сууга бышырылган тоокту жеш.

67- Жалаа жабуу.

68- Имамдын намазда керегинен артык катуу чыккан үн менен окуусу.

69- Ысырап кылуу.

70- Аялга артынан жакындык кылуу.

71- Аял кишинин махрамсыз ажылыкка же сапарга баруусу.

72- Аял кишинин Куран, мавлид жана диний ыр окуп үнүн чоочун эркектерге угузуусу.

73- Аялдардын каштарын ичкертүүсү.

74- Аялдардын кыркылган чачтарын жана башка кылдарын эркектерге көрсөтүүсү.

75- Аялдардын көчөгө чыкканда жыпар жыт сүрүнүүсү.

76- Ибадатта капырларга окшошуу. [Макрух жана күфүр болгондору да бар. Мисалы, капырлар боёгондуктан, аларга окшошууга ниет кылбастан жумуртка боё макрух. Эгер христиандарга окшошуу ниети менен кылынса харам болот. Эгер нооруз күнү мажусилерге окшошуу ниети менен болсо күфүр болот.]

77- Мыйзамга баш ийбей жазага, зыянга себеп боло турган фитнага жол ачуу.

78- Жерде жана сууда жашаган курт-кумурскаларды жеш.

79- Адам өлтүрүү.

80- Насаат айткандарга ачуулануу.

81- Өзүн коркунучка салуу.

82- Текебердик кылуу.

83- Сасып кеткен этти жеш.

84- Ит, карышкыр жана башка жырткыч айбандарды жеш.

85- Кумар ойноо.

86- Курани каримди дааратсыз кармоо.

87- Курани каримди акчага окуу жана окутуу.

88- Курани каримди теганни менен окуу жана угуу.

89- Аборт жасатуу, боюнан түшүрүү. [Эгер зарылдык болсо 120 күнгө чейин жаиз болот.]

90- Мансап ээлери келгенде сый үчүн мал союу.

91- Мал-мүлкү бар болсо дагы карызын төлөбөө.

92- Мастурбация кылуу.

93- Меккедеги үйлөрдү ажылык учурунда ажыларга ижарага берүү.

94- Ойнош күтүү, мута делген убактылуу нике кылуу.

95- Муктаж эне-атанын уруксатысыз ажылыкка баруу.

96- Мубарек заттардын сүрөттөрүн бийик жерге илип коюу же төмөн коюу.

97- Намаз окуп жатканда кылуу харам болгон бир нерсени хутба угуп жатканда да кылуу.

98- Намазда араб тилинен башка тилде дуба кылуу.

99- Намазды үзүрсүз бузуу.

100- Намаздарды убактысы кире электе окуу жана убактысынан кийинге калтыруу.

101- Өлгөн адамдын аврат жерин кароо.

102- Өлгөн адамдын бир жерин зарылдыксыз кесип алуу. [Орган алмаштыруу жаиз.]

103- Булганыч, нажис нерселерди жеш.

104- Пара алуу жана берүү.

105- Сакалды бир уучтан кыска кылып сүннөттү өзгөртүү.

106- Салих эне-атанын харам эмес буйруктарын аткарбоо.

107- Салам берген адамдын саламын дароо албоо.

108- Сыйкыр жасоо, жасатуу.

109- Сөз ташуу.

110- Суи зан кылуу, аңдоочулук кылуу.

111- Таасири анык дарыларды колдонбоо.

112- Ушур бербөө жана ушурун бербеген түшүмдү жеш.

113- Баңгизат колдонуу.

114- Мөөнөтү толбогон чекти, вексельди арзандатуу жолу менен төлөө.

115- Денеге зыян келтирүүчү нерселерди жеп-ичүү.

116- Чоочун баланы өз баласы катары жарыялоо.

117- Чоочун эркектин уругу менен жасалма уруктандырылган балалуу болуу, суррогат энелик.

118- Калп айтуу, жалган ант берүү, жалган убада берүү.

119- Зекет жана садаканы мал-мүлкүн арамдарга короткон адамдарга берүү.

120- Байлыгы же даражасы менен өзүн башкалардан жогору саноо.

121- Зина, ливата жана жаныбарга жакындык кылуу.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш