Ислам дини » Динибиз » Көпчүлүктү ээрчүү керекпи?




Көпчүлүктү ээрчүү керекпи?


Суроо: Миссионерлер мындай дешет: "Европанын өнүгүүсү христиан болгондуктан, христиандык чыныгы дин болгондуктан ага талап көп болууда жана дүнүйөдө яхуди менен мусулмандарга караганда христиандар көбүрөөк. Адамдардын көбү эмнени талап кылса, эң туура нерсе ошол.” Ушуга жооп бересизби? 

ЖООП: Бул эки доомат тең демагогиядан ары бара албайт. Анткени, христиандык өкүм сүрүп турган орто кылымдарда Европа артта калган эле. Христиандардын илим-билимде өнүгүүсүнүнө төрт Инжил эмес, алар ишенбеген Курани карим көрсөткөн жолго ылайык эмгектенүүлөрү себеп болгон эле. Мусулмандардын артта калышынын себеби да христиан эместигинен эмес, мусулмандыктын буйругу болгон эмгекке, тууралыкка маани бербегендиктен. 

Суроо: Бардык нерседе дайыма көпчүлүктү ээрчүү керекпи? 

ЖООП: Кээ бирөөлөр: "Көп адамдар кандайдыр бир динге ишенбегендиктен мен дагы ишенбейм”, - дешет. Ал эми дагы бирөөлөр: "Көп адамдар намаз окубагандыктан мен да окубайм, дээрлик баары ачык жүргөндүктөн мен дагы ачык жүрөм”, - дешет. Жалпысынан алганда көпчүлүк мисал катары көрсөтүлүүдө. "Баары ушундай кылат, мен да кылсам эмне болмок эле?” – делүүдө. 

Жакшылык, тууралык, сулуулук жана акы сыяктуу нерселер көпчүлүк болгон жерде дайыма боло бербейт. Мисалы, Кытай менен Япониянын калкы көп. Алардын дини буддизм. Адамдардын көбү буддист болгондуктан буддизмди акыйкат деп айтууга болбойт. Дүнүйөдө мусулман эместер мусулмандарга караганда көбүрөөк. Бул жерден мусулмандыкты чыныгы дин эмес деп айтууга болбойт. Аллаху таала адамдардын көбүн ээрчигендин адаша турганын билдирет. (Анъам, 116) 

Курани каримде бир топ маселеде көпчүлүктүн "адамдардын көбү” же "алардын көпчүлүгү” деген сөздөр колдонулуп туура эмес жолдо экени билдирилген. Бир нече мисал:

Туура диндин мусулмандык экенин көпчүлүк билбейт. (Рум 30, Юсуф 40) 

Аллахтын мужиза жарата ала турганын көпчүлүк билбейт. (Анъам, 37) 

Ырыскыны Аллах бере турганын көпчүлүк билбейт. (Саба, 36) 

Адамдардын көпчүлүгү капыр. (Нахл, 83) 

Көпчүлүгү фасык. (Маида 49, 81, Тавба 8, Хадид 16, 27) 

Көпчүлүгү мушрик. (Рум, 42) 

Көпчүлүгү ишенбейт, ыйман келтирбейт. (Бакара 100, Худ 17, Рад 1) 

Көпчүлүгү четке кагуучу. (Исра, 89) 

Көпчүлүгү кайдыгер. (Юнус, 92) 

Капырлардын көпчүлүгү акылсыз, башы иштебейт. (Маида, 103) 

Өлүүлөрдү Аллахтын тирилте турганына көпчүлүгү ишенбейт. (Нахл, 38) 

Кыяматтын боло турганын көпчүлүгү билбейт. (Мумин, 59) 

Аздар баалуубу? 

Бөтөнчөлүктөрдү эсептебегенде, баалуу нерселер жалпысынан аз болот. Мисалы, эгер алтын менен жибек көп болгондо, мынчалык баалуу болмок эмес. Бир нече мисал: 

1- Берилген нематтарга шүгүр кылуу абдан жакшы. Бирок, шүгүр кылгандар аз. (Саба, 13) [Шүгүр – Ислам динине баш ийүү дегендик. (Мактубати Раббани)

2- Хазрети Нухка ыйман келтирип, кемесине түшүп кутулгандар өтө аз эле. (Худ, 40) 

3- Ыйман келтирип, жакшы иштерди кылган, чындык жана сабырды сунуш кылгандардан башка адамдар зыянда. А зыянда эмес адамдар болсо аз. (Аср, Сад 24) 

4- Мусулман эместердин өтө азынын ыйман келтиргени билдирилүүдө. Бул аз адамдар макталууда. (Бакара, 88) 

5- Китеп ээлеринен өтө азынын ыйман келтире турганы билдирилүүдө. Бул аз адамдар да макталууда. (Ниса, 155) 

6- Муса алейхиссаламдын коому Аллах үчүн сөзсүз согушабыз дегендиктерине карабастан согуш буйругу келгенде алардын өтө азы согушка катышты. Бул аздар да макталууда. (Бакара, 246) 

7- Аллаху таала: "Эгер биз баланча нерселерди буюрганыбызда өтө аздан башка эч ким буйругубузду укмак эмес”, - деп айтып аз болгону макталууда. (Ниса, 66)

8- Хадиси шарифтерде дагы мындай деп айтылат: 

"Жакшылык көп, бирок, кылгандар аз.” [Хатиб] 

"Унчукпоо – акылмандык, бирок, унчукпагандар аз.” [Дайлами] 

"Мал-мүлкүн жакшылыкка сарптоо менен кутула турган байлар аз.” [Ибни Мажа] 

"Акылдуу адам кибрит-и ахмерден да аз.” [Хаким] (Кибрит-и ахмер - алтындай сейрек кездешүүчү зат.) 

"Адал белгилүү, арам белгилүү. Алардын арасында күмөндүү нерселер бар болуп, көпчүлүк адамдар буларды билбейт.” [Бухари] 

"Эй, Али! Абдалдар үммөтүмдүн арасында кибрит-и ахмерден да аз.” [И.Аби-д-Дунйа] 

"Аллах жер жүзүндө акылдан да аз эч нерсени жараткан эмес. Албетте, акыл жер жүзүндө кибрит-и ахмерден да аз.” [Асакир]


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш