Суроо: Маанилүү нерселердин да маанилүүсү болот. Бул
маселеде эмнелер билдирилген?
ЖООП: Пайгамбарыбыз алейхиссалам кээ бир маанилүү
нерселерден кабар берип, андан да маанилүүлөрүн түшүндүргөн. Бул тууралуу
хадиси шарифтердин кээ бирлери төмөнкүдөй:
"Ар нерсенин бир жолу бар. Бейиштин жолу – илим.” [Дайлами]
"Ар нерсенин тирөөчү бар. Диндин негизги тирөөчү – фикх.” [Байхаки]
"Ар нерсенин бир маңызы бар. Ыймандын маңызы – намаз.” [Байхаки]
"Ар нерсенин бир зекети бар. Дененин зекети болсо – орозо.” (Ибни Маажа)
"Ар нерсенин бир зекети бар. Үйдүн зекети болсо – конок бөлмөсү.” (А.Рифаи)
"Ар нерсенин эшиги бар. Ибадаттын эшиги болсо – орозо.” [Ибни Мубарак]
"Ар нерсенин негизи бар. Диндин негизи болсо – кутман сахабаларды жана ахли
бейтти сүйүү.” [Ибни Нажжар]
"Ар нерсенин булагы бар. Такыбаалыктын булагы – арифтердин жүрөктөрү.” [Табарани]
"Ар нерсенин негизи бар. Ыймандын негизи болсо – вара [такыбаа].” [Хатиб]
"Ар нерсенин кооздугу бар. Курани каримдин кооздугу – мукам үн.” [Хаким]
"Ар нерсенин шагы бар. Ыймандын шагы болсо – сабыр.” [Хатиб]
"Ар нерсени жалтыраткан нерсе бар. Жүрөктү жалтыраткан нерсе – Аллахты
эстөө.” [Байхаки]
"Ар нерсени жалтыраткан нерсеси бар. Жүрөктү жалтыраткан нерсе –
"Астагфируллах” деп айтуу.” [Дайлами]
"Ар нерсенин жүрөгү бар. Курандын жүрөгү – Ясин.” [Тирмизи]
"Ар нерсенин мырзасы бар. Отуруунун мырзасы – кыбылага карап отуруу.” [Табарани]
"Ар нерсенин Аллах менен ортосунда парда бар. Эне-атанын дубасында парда
жок.” [Дайлами]
"Ар нерсенин бир апааты бар. Үммөтүмдүн апааты – акчаны жакшы көрүү.” [Дайлами]
"Ар үммөттүн фитнасы [сынагы] бар. Үммөтүмдүн
фитнасы – акча.” [Хаким]
"Ар үммөттүн саякаты бар. Үммөтүмдүн саякаты – жихад.” [Табарани]
"Ар диндин өзгөчөлүгү бар. Үммөтүмдүн өзгөчөлүгү – уяттуулук.” [Ибни Маажа]
"Ар дарактын мөмөсү бар. Жүрөктүн мөмөсү – бала.” [Беззар]
"Ар нерсенин ачкычы бар. Бейиштин ачкычы – намаз.” [Дайлами]
"Ар нерсенин ачкычы бар. Асмандардын ачкычы "Ла илаха иллаллах” келимеси.” [Табарани]
"Ар оорунун шыпаасы бар. Жүрөктүн шыпаасы – Аллаху тааланы эстөө.” [Байхаки]
"Ар дарттын дабасы бар. Жалгыз өлүмгө чара жок.” [Табарани]
"Ар нерсенин бузуучу бир апааты бар. Бул диндин апааты болсо – жаман
башкаруучулар.” [Харис]
"Ар нерсенин акыйкаты бар. Тагдырга ишенбеген адам ыймандын акыйкатына жете
албайт.” [Насаи]
"Ар нерсенин тирөөчү бар. Момундун тирөөчү болсо – акылы, акылына жараша
ибадат кылат.” [И. Газали]
"Ыймандын белгиси – ансарларды сүйүү, мунафыктын белгиси – ансарларды жек
көрүү.” [Бухари]
Даанышман
заттар да айтышат:
Ар
нерсенин бир баркы бар, адамдын баркы – илими, ихсаны жана адеби.
Ар
нерсенин уругу бар. Душмандыктын уругу болсо – тамаша жана шылдың.
Ар
нерсенин кыска жолу бар. Бейиштин кыска жолу – жихад.
Ар
нерсенин даты бар. Жүрөктүн даты болсо – токчулук.
Ар
нерсенин бир зекети бар, акылдын зекети болсо – кайгы жана тафаккур.