Ислам дини » Динибиз » Эгер ал мусулман болсо мен мусулман эмесмин деп айтуу




Эгер ал мусулман болсо мен мусулман эмесмин деп айтуу


Суроо: Бир досум мусулмандар кылган туура эмес иштерди, күнөөлөрдү көрүп: "Мындай мусулмандык болбойт. Эгер алар мусулман болсо мен мусулман эмесмин. Мен мусулмандыкты таштайм”, - деди. Досумдун айткан сөзү туура эмеспи?

ЖООП: Досуңуздун айткан сөзү таптакыр туура эмес. Жамандан үлгү алынбайт. Эмне үчүн олуя заттардан үлгү алынбайт да, жаман адамдарга каралат? Мусулмандардын кылган жаман иштеринен улам мусулмандыкты жамандоого болбойт. Мусулмандык Аллаху тааланын дини. Кудай сактасын, ал "Мусулмандыкты таштайм” дегидей ал жаман иштерди Аллаху таала буюрган беле? Досуңуз: "Алар жаман мусулмандар, бирок, мен Имам Газали жана Сеййид Абдулкадир Гейлани хазреттери сыяктуу чыныгы мусулман болгум келет”, - деп айтышы керек эле. Мусулмандыкты эң мыкты түрдө жашашы керек эле. Жаман мусулман да бар деп кантип ал мусулмандыктан чыгат? Эгер алар замзам ичсе мен ичпейм деп айтууга болобу? Мусулмандардын арасында жаман адамдар да бар болсо бул жерде мусулмандыктын күнөөсү эмне? Эгер ал өзү туура болсо, "Мен эң жакшы мусулман болом” деп айтууга тийиш. Мен мусулмандыкты таштайм деп айтууга болобу? Мусулмандыкты бир гана акмак болгон, капыр болгон адам таштайт. "Битке өчөшүп кийимин өрттөө” деген макал бар. Мусулманга ачууланып, динден чыгуу, өзүнө зыян келтирүү абдан туура эмес болот.

Досуңуз мусулман беткапчан, жашыруун, тымызын капыр тыңчылардан таасирленген окшойт. Анткени, минтип чагымчылдык менен сүйлөө алардын белгилүү тактикасы. Адамдардын бир бөлүгүнө ушундай жаман иштерди жасатышат, а калган бөлүгү ызы-чуу салышат, "Эгер булар мусулман болсо, биз мусулман эмеспиз. Эгер мусулмандык ушул болсо, аны таштайбыз”, - дешет. Алар ансыз да мусулман эмес болчу. Максат – сиздин досуңуз сыяктуу мындай оюндарга алданып калгандарды тузакка түшүрүү. Алардын поптору буга "түшүм алуу” деп айтышат. Анткени, экинчи этапта алар христиандаштырууга аракет кылышат.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш