Ислам дини » Динибиз » Динде эмне делсе, ошол маанилүү




Динде эмне делсе, ошол маанилүү


Суроо: Менин жеке оюм боюнча эгер адамдарга зыяның тийбесе, айланаңдагылар менен жакшы мамиледе болуп, тополоң чыгарбасаң, кадыр-барктуу адам болууга аракет кылсаң, калп айтпасаң, кыскасы, жакшы адам болууга аракет кылып жаткан болсоң хиджаб оронуу анчалык деле маанилүү эмес. Менин акылыма да мына ушул ылайыктуу көрүнөт. Бул ойлорум туурабы? Эмне деп ойлойсуздар? 

ЖООП: Менин оюмча, сиздин оюңузча деген нерсе болбойт. Анда жер бетинде канча адам болсо ошончо дин пайда болот. Динде эмне айтылса ошол маанилүү. Аллах эмне десе ошол маанилүү. Эгер акыл менен дин болгондо ар кимде дин ар башка болмок. Мисалы, жаман аялдардын бири гезиттерде минтип айтчу: "Мен калп айтпайм, уурулук кылбайм, эч кимге зыяным тийбейт, баарын сыйлайм,  эч кимге зыяным тийбегендей аз ичкилик ичем, эркектердин көңүлүн алам, эркектер менен жолугушуума эмне үчүн кийлигишкендер болууда?” Эгер дин жана Аллахтын өкүмү болбосо жаман аял чын айтууда. Бирок, Аллах андай дебейт. Эч кимге зыяны болбосо дагы бир тамчы ичкилик ичүү арам дейт. Эч кимге зыяны болбосо дагы аял киши чачынын бир талын көрсөтсө арам дейт. Ооба, аял чачын көрсөтүү менен сиздин оюңузча эч нерсе болбойт. Жаман аялдын оюнча дагы зина кылганда эч нерсе болбойт. 

Критерий (өлчөм) башкаларга зыяндуу же зыянсыз экендиги да эмес. Критерий - Аллахтын буйругуна баш ийүү. Бисмиллахсыз союлган козу эти да желбейтт. Бисмиллах менен союлган болобу, бисмиллахсыз союлган болобу деп айтуу туура эмес болот. Аял башын ачабы же ачпайбы эмне айырмасы бар деп айтылбайт. Эгер айтылса, Аллахтын буйругуна ишенилбеген болот. Же Кудайга ишенет же ишенбейт. Эгер ишенилсе, Анын айткандарына баш ийүү керек. Эгер ишенилбесе, бул андан да жаман. Түбөлүк акыреттеги катуу азаптарга ким кантип чыдай алмак эле? Бул адамдардын жоктон жаралганы, жаныбарлар менен гүлдөрдүн жоктон жаралганы кокустукпу? Же Аллахка ишенүү керек же Аллахка ишенүү керек, башка жол барбы? 

Кыбылага сунуп жатуу жаизби? 

Суроо: Бидатчы бирөө: "Жатканда буттарды кыбылага карай сунуу керек. Ушинтип адам ордунан турганда жүзү кыбыланы карап турган болот. Ошол сыяктуу өлүктөрдү дагы буттары кыбылага карай тургандай коюу керек. Ошондо Кыямат күнү кайра тирилгенде жүзү кыбыланы карап турган болсун”, - деди. Бул киши бидатчы. Деген менен, анын бул идеясы мага да орундуу сезилди. Ушундай кылганы туура эмеспи?

 ЖООП: Жок, бул туура эмес. Жүйөөсүз буттарды кыбылага сунуу тахриман макрух. Жаназалардын да буттары эмес жүздөрү кыбыланы карай тургандай оң капталы менен коюла тургандыгы диний китептерде билдирилген. Логика менен, акыл менен диний өкүм чыгарууга болбойт.

 Сизге бидатчылардын айткандары жүйөлүү сезилиши мүмкүн. Башка бирөө үчүн дагы башка нерсе жүйөлүү болушу мүмкүн. Ал болгондо канча адам болсо ошончо диний өкүмдөр пайда болот. Мисалы, кимдир бирөө чыгып алып өлгөн адамдарга терең чуңкур казып, жүзү кыбыланы карап тургандай тике тургузуп коюу туурараак дейт. Дагы ушинтип жүзү дайыма кыбыланы карап турган болот деп айтышы мүмкүн. Ушул себептен Хазрети Али: "Дин накылга таянат. Эгер акыл жана логикага таянганда маасынын үстүнө эмес астына масх тартмакмын. Бирок, мен Расулуллахтан көрдүм. Ал маасылардын үстүнө масх тартчу”, - деген эле. Демек, ар бир адамдын акылы жана логикасы динде норма болбойт. Диний китептерде жазылгандарга баш ийүү керек. 

Алдын ала намаз окуп коюу

Суроо: Бир киши эртең менен убактысы болгон үчүн ошол күндүн бешим, аср, шам жана куптан намаздарын окуп жаткан экен. Мен казаны окугандан кийин андан: "Убакытынан мурда окулган намаздар сахих болбойт”, - дедим. Ал болсо: "Сен карызыңды окуп жатасың, кабыл болууда. А мен алдын ала төлөсөм эмне үчүн кабыл болбойт экен?” – деди. Алдын ала окулган намаз сахих болбойт, туурабы? 

ЖООП: Албетте, сахих болбойт. Убакыт - намаздын парздарынын бири. Убакыт кире электе парз болбойт. Парз боло электе окулса анда нафил болот. Динде кандай буюрулган болсо ошондой кылынат. Диний өкүмдөрдү акыл менен чыгарууга болбойт. Бир адамдын жеңеси дин боюнча чоочун аял, башкача айтканда, намахрам. Бирок, жеңесинин кыздары ага махрам болот. Эмне үчүн энеси чоочун да, кыздары эмес деп суралбайт. Дин ушундай билдирген. Акылыбызга эмес динибизге баш ийишибиз керек.

Намазга бойкот

 Суроо: Мен бир досуман эмнеге намаз окубаганын сурадым. Ал: "Хазрети Али мечитте намаз окуп жатканда өлтүрүлгөндүктөн биз мечитке да, намазга да бойкот жарыяладык”, - деди. Бул бойкотто логика барбы?

 ЖООП: Эгерде Хазрети Али өз үйүндө суу ичип жатып шейит кылынганда, биз үйгө кирбейт белек жана суу ичпейт белек? Анын куттуу уулу Хазрети Хасан үйүндө тамак жеп, суу ичип жаткан учурда тамагына уу кошулуп шейит кылынган эле. Бул жерде үйдүн, тамактын, суунун эмне күнөөсү бар? Үйгө, тамак-ашка жана сууга бойкот жарыяланмак беле? Мечит менен намазга бойкот жарыялоонун мындан эмне айырмасы бар?

 Курани каримде намаз бүткүл мусулмандарга буюрулгандыктан Хазрети Али да, балдары да намаз окушкан. Ахли бейт жана 12 имам арасында намазды бойкот кылган эч ким болбогондой эле, Хазрети Фатиманын урпактарынан болгон сеййид жана шарифтердин арасында да намазды бойкот кылган эч ким болгон эмес. Эгер бойкот кылуу керек болгондо, биринчи кезекте өзүнүн балдары, урпактары бойкот кылышмак. Хазрети Алини жакшы көргөндөр ал жакшы көргөн мечитти, намазды, орозосун жана динибиздин башка буйруктарын жакшы көрүүгө тийиш. Жакшы көргөн адам сүйүктүүсүнүн жолу менен жүрөт. Хазрети Алинин жакшы көрүп кылган иштерин кылуу ага болгон сүйүүбү же душмандыкпы?

Ибадаттын ордуна акча

 Суроо: "Намаз, орозо сыяктуу кээ бир ибадаттарды кылбай, анын ордуна кедейлерге акча берип, мисалы, курмандык чалбастан анын ордуна жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам берүү орундуу болот”, - дегендер кездешет. Акчасы барлар ибадат кылбастан акча менен жумушун бүтүрсө кедейлердин жагдайы эмне болот?

 ЖООП: Ибадаттын ордуна акча берүү – динди ичинен жыгууну каалаган дин реформачыларынын динди жыгуу пландарынын бири. Ар ким кедейлерге каалагандай жардам бере алат, бул башка. Бирок, миң кочкордун акчасы бир кедейге берилсе, важиб бир курмандыктын сообуна жетпейт, важиб ташталгандыктан күнөө да болот. Анын үстүнө динибиздин буйругун жактырбай, аны өзгөрткөндүктөн күнөөкөр да болот. Акылыбызга туура келсе да, келбесе да динибиздин буйругуна баш ийишибиз шарт.

Акыл өлчөм эмес

 Суроо: Сапарда кыйынчылык болгондуктан төрт рекеттик намаздар эки рекет болуп окулат. Макул, сапарда жүргөндө эч кандай кысталыш жок рахат болсок дагы баары бир намаздарды кыскартышыбыз керекпи?

 ЖООП: Албетте, кыскартуу керек. Сапарда атасынын үйүндө, ал тургай өз үйүндө болсо дагы намаздарын кыскартуусу керек. Тескерисинче, муким болгон жерде жашаган жеринде абдан кыйналса да, суу табуусу, даарат алуусу кыйын болсо да, баары бир намазын кыскарта албайт. Намазды кыскартуу үчүн кыйынчылык эмес, сапарда болуу шарт.

 Ошол сыяктуу эле 70 жаштагы аялдын күйөөсү каза болсо же күйөөсү менен ажырашып кетсе, кайра турмушка чыгуу үчүн иддат күтүүсү керек. Акылды өлчөм катары алып, "70 жаштагы кемпир боюнда боло албайт, иддат күтүү керек эмес” деп айтуу туура эмес.

 Дагы анын сыңарындай, ихрамдан чыгуудан мурда башын кеминде төрттөн бирин же кеминде үч сантиметрге чейин чачын өзү же башка бирөө кыруусу важиб. Макул, эгер ал кишинин чачы жок, таз болсо эмне болот? Акылды өлчөм катары алып, бул өкүм жокко чыгарылбайт. Башында чачы жок же башында жарааты бар адамдын да устараны тийгизбей башынан өткөрүүсү важиб болот.

 Демек, ибадаттарды өзүбүздүн акылыбызга ылайык чечмелеп өзгөртө албайбыз. Динибиз эмнени буюруп жаткан болсо ошону так аткарышыбыз керек.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш