Ислам дини » Динибиз » Акырет күнүнө ишенүү » Кыяматтын чоң белгилери




Кыяматтын чоң белгилери


Суроо: Кыяматтын чоң белгилери кандай?

ЖООП

Муслим, Ибни Маже, Абу Давуд, Насаи, Тирмизи, И. Ахмед, Таберани, Ибнт Жарир жана Ибн Хиббанда өткөн хадиси шарифтерде он белгилери чыга тургандыгы кабар берилген.

1- Хазрети Махди келет.

Хадиси шарифте мындай деп айтылган:

"Кыямат-кайым болуудан мурда Аллаху таала менин балдарыман ысымы менин ысымым, атасынын ысымы менин атамдын ысымындай боло турган бир кулун жаратат. Андан мурда дүнүйөнү зулумдук каптап, анын заманында дүнүйө адилетке толот.”  (Тирмизи)

«Махдинин төбөсүндө ар дайым бир булуп калкып жүрөт. Булуттан бир периште: «Бул Махди, анын сөзүнө кулак салгыла!” - дейт.»  (Абу Нуайм)

2-    Дажжал чыгат.

Хадиси шарифте мындай делген:

«Дажжал чыгып өзүнүн теңир экендигин айтат. Анын теңирлигине ишенген адам капыр болот.»  (И. Е. Шейбе)

3-    Хазрети Иса көктөн түшөт.

Куран-и каримде мындай делинген:

«Аллахтын расулу Мариям уулу Исаны өлтүрдүк» дегендери үчүн яхудилерди лаанат кылдык. Алар аны өлтүргөн да жок, аскан да жок. Өлтүрүлгөн адам алардын көзүнө Иса болуп көрсөтүлдү.»  (Ниса 157)

«Хазрети Иса көккө көтөрүлгөн.» (Ниса 158)

«Албетте ал (Хазрети Исанын кыяматка жакын көктөн түшүүсү) кыяматтын жакындаганын көрсөтө турган белги. Буга күмөндөнүүдөн сактангыла!» (Зухруф 61, Байдави)

Хадис-и шарифтерде да мындай делинген:

«Иса адилеттүү өкүмдар болуп көктөн түшөт, крестти (христиандыкты) жойот, доңузду өлтүрөт (доңуз жешке тыюу салат), Ислам дининен башка нерсеге тыюу салат.» (Бухари, Муслим, Абу Давуд, Тирмизи, Ибни Аби Шейбе)

 

«Иса көктөн түшкөндө жерде тынчтык менен ынтымак орноп, арстан менен төө, карышкыр менен козу ээн эркин жайылып, балдар жыландар менен ойной турган болот.» (Абу Давуд)

«Он белгиси чыкпай туруп кыямат болбойт. Анын бири Исанын көктөн түшүүсү.»  (Муслим, Абу Давуд, Тирмизи, И. Маже, Насаи, И. Ахмед, Таберани, И. Хиббан, И. Жарир)

4-    Даббатул арз чыгат.

Бул тууралуу хадиси шарифте мындай кабар берилген:

«Даббатул арз Муса алейхиссаламдын аса таягын мусулмандарга тийгизгенде алардын маңдайында «Жаннаттык» деп жазылып, жүздөрү нурданат. Ал эми капырларды Сулайман алейхиссаламдын мөөрү менен соккондо алардын маңдайларында «Жаханнамдык» деп жазылып, жүздөрү карайып кетет.»

Бул жаныбар тууралуу Куран-и каримде да кабар берилген. (Намл 82)

5-    Йажуж жана Мажуж коому чыгат.

Куран-и каримде мындай делинген:

«Йажуж менен Мажуждун дубалы кулап, алар ар бир дөбөдөн агылып келет.» (Анбия 96)

 Хадиси шарифте да мындайча билдирилген: «Йажуж менен Мажуж коому кыяматтын алгачкы белгилеринин бири болот.» (Ибни Жарир)

6-    Дүнүйөнү түтүн каптайт.

Куран-и каримде:

«Асмандан түтүн чыга турган күндү күткүлө!» - делинген. (Духан 10) 

Хадиси шарифте мындай делинет:

«Түтүндүн таасири мусулмандарга тумоо сыяктуу жеңил, ал эми капырларга өтө оор тийет.» (Абу Давуд)

7-    Күн батыштан чыгат.

Хадиси шарифте мындай делинген:

«Күн батыштан чыкмайынча кыямат болойт. Ал кезде бардык адамдар ыйман келтирет. Бирок, ыймандары өздөрүнө пайда бербейт.» (Бухари, Муслим)

Куран-и каримде мындай делинген:

«Раббиңдин кээ бир аяттары (белгилери) келген күнү мурунтан ыйман келтирбеген же ишенимде бир жакшылык сурабаган адамдын ыйманы ал күнү пайда бербейт.» (Энам 158)

Аалымдар бул аяттагы белгилердин бири – күндүн батыштан чыгуусу деп билдиришкен. Жогорудагы хадиси шариф дагы муну көрсөтүүдө.

8-    От чыгат.

Хадис-и шарифте мындай делинди:

«Хижаздан чыккан от Басрадагы төөлөрдүн моюндарын жаркыратат.» 

9-    Жерлер чөгөт.

Хадиси шарифте мындай делинген:

«Чыгыш менен батышта жана жазиратул-арабда жердин чөгүүсү, батуусу көрүлөт.» (Муслим, Абу Давуд, Тирмизи, Ибни Маже)

10- Кааба кулатылат.

Хадиси шарифте мындай делинген:

«Кара тукумдуу адам каабаны кулатат. Дал азыр анын кара колдору менен Каабанын таштарын бирден-бирден бузуп жатканын көрүп турамын.»  (Бухари, Муслим)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш