Суроо: Бир
хадисте: "Рамазан айында Бейиштин эшиктери ачылат, Тозоктун
эшиктери болсо жабылат”, - деп
билдирилет. "Бейиштин эшиктери ачылат, Тозоктун эшиктери болсо жабылат”
дегенди кандай түшүнүүгө болот? Бир жакшылык кылганда дагы "Бейиштин
эшигин ачтың" деп айтылат. Бейиштин эшиги жабык болсо аны биз ачып
жатабызбы?
Жооп
Биз ачып жаткан жокпуз, амалыбызга ылайык
ачылууда. Ыйман келтирип, салих амал кылгандарга Бейиштин эшиктери ачылат.
Капырларга болсо Тозоктун эшиктери ачылат. Мусулман бир адамга "Бейиштин
эшигин ачтың” деп айтуу "Бейишке кирүүгө себеп боло турган иш кылдың,
Бейишке кирүүгө ылайык болдуң” дегенди билдирет.
Бул сыяктуу үндөөчү, сүйүнчүлөгөн хадиси шарифтер
бир гана ишеними туура болгон мусулмандар үчүн. Капырлар мусулман болмоюнча
эмне кылышса кылсын Бейишке кире алышпайт.
Бейиштин эшиктери качан ачылат, тактап айтканда,
адам Бейишке кирүүгө качан татыктуу болот? Кайсыл иштерди кылганда Бейишке кире
алабыз? Бул тууралуу хадиси шарифтердин маанилеринин айрымдары төмөндөгүдөй:
"Ражаб айында 7 күн орозо кармаган
адамга Тозоктун эшиктери жабылат. 8 күн орозо кармаган адамга Бейиштин 8 эшиги
ачылат.” [Табарани]
(Бул күндөрдө орозо кармаган адамдын Бейишке кире алуусу билдирилүүдө.)
"Намаз окууга турган адамга Бейиштин
эшиктери ачылат.” [Табарани] (Намаз окуган адамдын Бейишке кире
тургандыгы билдирилүүдө.)
"Жума, Дүйшөмбү жана Бейшемби күндөрү
Бейиштин эшиктери ачылат.” [Муслим] (Бул күндөрү көбүрөөк ибадат кылуу сунушталууда.)
"Бисмиллах менен баштап, жакшылап
алган дааратта ар бир мүчөнү жууп жатып, калими-и шахадат окуган жана даараттан
кийин "Аллахумма аж’ални минаттаввабина важални минал мутатаххирин” деп
айткан адамга Бейиштин сегиз эшиги ачылат. Каалаган эшиктен ичкери
кирет.” [Муслим, Абу
Давуд, Тирмизи, Насаи, Хаким] (Сүннөттөрү, мустахабдары менен алынган даарат
жана окулган дубалар ал адамдын Бейишке кирүүсүнө себеп болушу мүмкүн деп
билдирилүүдө.)
"Илим үйрөнүү үчүн үйүнөн чыккан
адамга Бейиштен бир эшик ачылат.” [И. Асакир] (Мусулмандарга пайдалуу болуу үчүн,
динге ылайык илим үйрөнгөндөрдүн Бейишке кириши мүмкүн экендиги билдирилүүдө.)
"Аллах ыраазычылыгы үчүн эне-атасына
мути болуп (баш
ийип) таң атырган адамга Бейиштен эки эшик ачылат. Эне-атасынан бирөөсү
гана бар болсо бир эшик ачылат.” [И. Асакир] (Эне атасын динге ылайык
ыраазы кылган мусулман перзенттин Бейишке кире алуусу билдирилүүдө.)
"Беш маал намаз окуган, Рамазан
орозосун кармаган, зекетин берген жана жети чоң күнөөдөн сактанган адамга
Бейиштин бардык эшиктери ачылат, саламат жана коркунучсуз кир деп
айтылат.” [Насаи]
(Фарздарды орундап, харамдардан сактанган мусулмандын Бейишке кире алуусу
билдирилүүдө.)
"Ха-мимдер жетөө. Тозоктун эшиктери
дагы жетөө. Ар бири Тозоктун эшигине барып: "Эй, Рабби! Мага ишенип мени
окуганды бул эшиктен киргизбе!” – деп айтат.” [Байхаки] (Курани каримде айтылган аяттарды
окугандын Бейишке кире алуусу билдирилүүдө.)
"Чынчыл болгула. Чынчылдык - Бейиштин
эшиктеринен бир эшик. Жалгандан сактангыла. Жалган - Тозоктун эшиктеринен бир
эшик.” [Хатиб]
(Чынчыл болгондордун Бейишке, жалганчылардын Тозокко барышы мүмкүн экендиги
билдирилүүдө. Мындай сөздөр "зикрул жүз, ирадатул кул” категориясына
жатат. Б.а., маселенин бир бөлүгү билдирилет, бардыгына ишарат кылынат. Капыр
дагы чынчыл болушу мүмкүн, бирок, капыр чынчыл болсо дагы Бейишке кире албайт.
Мусулман жалган сүйлөшү мүмкүн болсо дагы эң аягында Бейишке анык кирет.)