Мизан жана эсеп


Суроо: Акыретте ыймандуу жана ыймансыздардын акыбалы кандай болот?

Жооп

Ыймансыздар, б.а., бардык капырлар өлгөндөн кийин Тозокко барат жана ал жерде түбөлүк калат. Ыймандуулардын сооптору, күнөөлөрү тартылат. Сообу көп болгондор Бейишке кирет жана ал жерде түбөлүк калат.

Бул темага байланыштуу аят-и карималардын айрымдарынын маанилери төмөндөгүдөй:

"Кыямат күнү үчүн адилет таразаларды орнотобуз. Эч бир жанга зулумдук кылынбайт. Эгер кылынган бардык иштер (сообу же күнөөсү) сарыкычы даанасындай болсо да аны адилет таразасына алып келебиз. Бардыгынын эсебин тартууга жетишебиз.” [Анбия сүрөсү, 47]

"Биз, албетте, өздөрүнө пайгамбарлар жиберилген элдерди да, аларга жиберилген пайгамбарларды да суракка тартабыз.” [А’раф сүрөсү, 6]

"Кийин, албетте, аларга жасаган иштерин билип, айтып беребиз. Анткени, биз алардан узак эмеспиз.” [А’раф сүрөсү, 7]

"Кыямат күнү курула турган мизан акыйкат, чындык. Таразада кимдин сообу оор келсе ошолор гана Тозоктон кутулуучулар.” [А’раф сүрөсү, 8]

"Ал эми, кимдин сообу күнөөсүнөн жеңил келсе, алар - Биздин аяттарыбызга моюн сунбагандыктары үчүн өздөрүнө зыян кылгандар.” [А’раф сүрөсү, 9]

Хадиси шарифтерде да мындай деп билдирилет:

"Адам баласы Кыяматта алып келинет жана таразанын алдында турат. Ага бир периште дайындалат. Эгер таразасы оор келсе, дайындалган периште: "Баланча киши мындан ары түбөлүккө кутулду,” – дейт. Таразасы жеңил келсе, периште: "Баланча киши да куруду,” – дейт.” [Абу Нуайм]

"Кулдун Кыяматта алгач суракка тартыла турган амалы – намаз. Эгер ал жакшы чыкса башка амалдары дагы жакшы чыгат. Эгер ал жаман чыкса башка амалдары дагы жаман чыгат.” [Табарани]

Амалдар кантип тартылат?

Суроо: Кыямат күнү амалдар тараза менен кантип тартылат?

Жооп

Кыямат күнү амалдарды, жасалган иштерди өлчөө үчүн биз билбеген "Мизан” деп аталган өлчөө каражаты, тараза бар. Жер менен асман анын бир көзүнө батат. Сооп тарабы жаркырак болуп, Арштын оң жагында, Бейиш тарапта. Күнөө тарабы караңгы болуп, Арштын сол жагында, Тозок тарапта. Дүнүйөдө жасалган иштер, айтылган сөздөр, ой-пикирлер ал жерде көзгө көрүнө турган болот. Жакшылыктар жаркын, жамандыктар караңгы жана жийиркеничтүү көрүнүп, ошол таразага тартылат. Ал тараза дүнүйөдөгү таразаларга окшобойт. Оор тарабы жогору көтөрүлөт, жеңил тарабы ылдый түшөт деп айтылды. Аалымдардын айрымдарынын билдиргенине ылайык түрдүү таразалар болот. Аалымдардын көпчүлүгү да: "Таразалардын канча жана кандай боло тургандыгы динде ачык билдирилген эмес. Ошондуктан, алар тууралуу ойлобош керек”, – деп билдиришкен.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш