Ислам дини » Динибиз » Акырет күнүнө ишенүү » Белектериң даяр болсо




Белектериң даяр болсо


Бир адам Пайгамбарыбызга келип, мындай деди:

- Уруксат бер йа Расулаллах, өлүмүмдү тилеймин.

Пайгамбарыбыз алейхиссалам мындай деп буюрду:

- Өлүм ошондой бир нерсе, ал үчүн даярдыктуу бол! Жол узун, азык талап кылат. 

Өлүмдү тилеген адамдын он белек даярдоосу керек.

Ал адам сурады:

- Белектер кимге йа Расулаллах?

Пайгамбарыбыз алейхиссалам буюрду:

1- Азраилдин белеги

2- Кабырдын белеги

3- Мункар жана Накирдин белеги

4- Мизандын белеги

5- Сырат көпүрөсүнүн белеги

6- Маликтин белеги

7- Рыдвандын белеги

8- Рухтун белеги

9- Пайгамбардын белеги

10- Раббинин белеги.


- Бул белектер эмнелер йа Расулаллах?


Азраилдин белектери төрт:

1- Жакшы мүнөздүү болуу

2- Өткөрүп алган ибадаттардын казасын орундоо

3- Өлүмгө даярдануу, сапарга чыга турчу жолчу сыяктуу

4- Көңүлүндө Аллах сүйүүсүн алып жүрүү.


Кабырдын белектери дагы төрт:

1- Сөз ташууну таштоо

2- Кийимге заара чачыратпоо

3- Курани каримди окуу

4- Салават-ы шарифаны көп окуу.


Мункар жана Накирдин белектери:

1- Туура сүйлөө

2- Гыйбатты таштоо

3- Хакты кабыл кылуу

4- Карапайым болуу.


Мизандын белеги:

1- Амалын ихлас менен кылуу

2- Башкага кыйынчылык берүүдөн сактануу

3- Көркөм ахлак ээси болуу

4- Аллахты көп зикир кылуу.


Сырат көпүрөсүнүн белеги:

1- Ачуусун жутуу, ачууланбоо

2- Такыбаа ээси болуу

3- Жамаатты улантуу

4- Ибадаттарды токтотпостон улантуу.


Маликтин белектери:

1- Аллах коркуусунан ыйлоо

2- Жашыруун садака берүү

3- Каршы чыгууну таштоо

4- Эне-атага жакшылык кылуу.


Жаннат периштеси Рыдвандын белеги:

1- Жамандыктандан сактануу

2- Нематтарга шүгүр кылуу

3- Малын Аллах жолунда сарптоо

4- Аманатты коргоо.


Рухтун белеги:

1- Аз жеш

2- Аз сүйлөө

3- Аз уктоо

4- Истигфарды улантуу.


Пайгамбардын белеги:

1- Ахли байтты сүйүү

2- Сүннөткө уюу

3- Пайгамбардын сүйгөндөрүн сүйүү

4- Сахаба-и кирамды сүйүү.


Аллаху зулжалалдын белектери:

1- Аллахтын буйруктарын орундоо

2- Тыюу салган нерселеринен сактануу

3- Адамдарга насаат кылуу

4- Бардык макулуктарга карата мээримдүү болуу.

Эгер буларга даяр болсоң өлүмдү тилесең болот.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш