Катуу оорулуу адам


Өлүм алдында жаткан адамдын төшөгү, шейшеби  дайым таза болуп, бат-баттан которулуп турушу зарыл.  Себеби, тазалык адамдын көңүлү жана жүрөгүнүн абалы үчүн абдан маанилүү. Ал эми өлүм алдындагы маалда көңүлдүн жана жүрөктүн тазалыгы дагы да чоң мааниге ээ  болот. Катуу оорулуу адамга эс алдыруучу уколдорду сайуунун кажети жок. Бул-ашыкча эле тынчсыздангандык. Киши өлүм алдында үйүндө үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын арасында болуп, Куран окуп, калима-и  шахадат айтылып турса жакшы болот. 

Ооруган маалда ыйман, дин кызматы тууралуу сөз  кылынышы керек. Аллаху тааланын чексиз ниматтарынын  жана алардын жанында күнөөлөрдүн эч бир нерсеге  татыбай тургандыгын айтыш керек. Аллаху тааланын  ырайымынын жана кечиримине болгон үмүтүн бекемдөөгө  аракеттениш керек. Оорулуу киши намаз окууга көп көңүл  бөлүш керек. Жүрөгүн Аллаху таалага болгон сүйүү менен  толтуруп, бат-бат калима-и тавхид айтыш керек. Керээзин  айтып же жазып калтырыш керек. 

Оорулуу адам бат-бат Ихлас сүрөсүн окуп, жаткан  жерине калима тавхид илинип турушу керек. Аны көргөнү  келгендер көпкө чейин отурбоолору керек. Жада калса,  сүйгөн, каалаган адамдары да ылдам чыгып кетүүлөрү  зарыл. Эгер оорулуу дагы отуруп туруусун өтүнсө бир  канча убакытка чейин калса болот. Бирок, батыраак кетүү  үчүн аракеттениш керек. 

Катуу оорулуунун үстүнө эч кимди киргизбей койуу жаңылыштык. Жакын адамдары оорулууну зыярат  кылуулуры зарыл жана анын жанында Ихлас сүрөсүн же  Ясин сүрөлөрүн окуганчалык убакыт отурушат. Доктур дагы  «эч кимге кирүүгө болбойт!» -деп буга жолтоо болбошу  керек.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш