Франциялык математик, профессор Пуанкаре Анридин соңку күнүндө зыяратына келген досуна өтө кайгырып отурган Пуанкаренин аялы: «Бүгүн жагдайы өтө начарлап кетти. Эсинен танып калды, жада калса, мени да тааныбай жатат, тилден да калды», - дейт. Ошондо досу мен азыр аны тилге келтиремин деп, Пуанкарени карап: «Он экинин квадраты канча болот?» - сурайт. Ошол замат профессор Пуанкаре: «144, 144, 144», - деп үч ирет кайталап айткан экен.
Медицинада «агония» (жанталашуу, күрөш) деп аталган бул «сакаратул мавт» (адамдын өлөр алдындагы) абалында адам акыл-эстен танып, сезүү органдарынын иши төмөндөйт экен. Өтө зарыл кээ бир дене функциялары (кан айлануу, дем алуу) начарлап кетет. Бул учурда көңүлдө жайгашкан сүйүү менен көнгөн нерселер гана калат. Бүткүл өмүрү, бүткүл дарты болгон математикалык эсептер Пуанкаренин жүрөгүнө жайгашып, сиңип кеткендиктен сакаратул мавт абалында, башкача айтканда, акыл-эсинен танып калган учурда да жүрөгүнө сиңип кеткен иши жок болбогон эле. Агония абалында адам кантип сүйлөй алат деген суроого психолог адистер мындай деп жооп беришет: «Мындай абалдагы адамдар үчүн кээ бир маалыматтар акыл маселеси болуудан чыгат. Бул жүрөк маселесине айланат. Ар бир адамдын жеткиси келген, ээ болгусу келген арманы болот. Адамдын жетүүсү үчүн бардык мүмкүнчүлүгүн жумшап болсо да ээ болгусу келген нерсеси, каалоо-арманы жүрөгүндө орун алат».
Студенттер жатаканасында тарбиячы болуп иштеген бир киши сакаратул мавт абалында: «Жарыкты өчүргүлө, электр эсептегич айланбасын», - деген экен. Адамдар жан тапшырарда мээсинде жатталган нерсени эмес, жүрөгүнө сиңип калган нерсени айтышат экен. Жашоосунда көңүлүн эмнеге көп байлаган болсо, үзүлөрдө ошону тилге алат.
Абдулхаким Арваси хазреттери: «Ыйман лампага окшойт, динибиздин буйрук жана тыюулары лампанын шишесине окшойт. Лампа шишеси менен бирге Ислам. Шишесиз лампа тез эле өчүп калат», - деген экен. Башкача айтканда, шишеси болбосо, кичине жел турса эле лампа өчүп калат. Шишеси бар болсо канчалык катуу жел соксо да оңойлук менен өчүп калбайт. Демек, шише мисалында айтылгандай, ибадаттарыбыз - ыйман нурунун коргоочусу, кубаттандыруучусу. Акыркы демде ыйман менен жан тапшыра алуубуз үчүн себепчи.
Акыркы демин ыйман менен бере алган адам, башкача айтканда, ыйман менен жан тапшырган адам эң жакшы өлүмгө жетти деген сөз. Аалымдарыбыз адамдын жан тапшырар алдындагы абалын, башкача айтканда, «сакаратул мавт» деп аталган абалын түшкө окшотушкан экен. Адам жашоосунда эмне менен көп алектенген болсо, эмнелерге көбүрөөк маани берген болсо, эмнеге көңүл байлаган болсо, түшүндө ошону көрөт. Мисалы, окуучу түшүндө калем, дептер жана китептерди көрүшү мүмкүн. Дарыгер бизге караганда көбүрөөк бейтаптарды, дарыларды көрүшү мүмкүн. Соодагер башкаларга караганда көбүрөөк акча, товар жүргүртүүнү көрүшү мүмкүн. Демек, адам баласы жашоосунда эмнеге көбүрөөк маани бере турган болсо, ошону түшүндө көрө турганы сыяктуу, жан тапшырар кезде көз алдына, оюна ошол нерсе келет. Демек, ибадатын орундап, күнөөлөрдөн сактанып жашаган адамдын «сакаратул мавт» абалында көз алдына ибадаттары, окуган келимелери келип, акыркы деминде ыйман менен жан тапшыруусуна себепчи болот. Аалымдарыбыздын дүнүйөлүк нерселердин, акчанын орду чөнтөк болсун, жүрөк болбосун деп айтууларынын сырынын бири да ушул болсо керек.