Өлүүлөргө жардам


Ишенимдүү дин китептеринин бардыгында: "Өлү үчүн кылынган жакшылыктар, окулган Курани каримдин, салаваттардын, таспихтердин сооптору, кылынган дубалар өлгөн адамга жетет", - делген. 

Бир хадиси шарифтин мааниси мындай: "Өлгөн адамдын мазардагы жагдайы "жардамга!” деп кыйкырган, деңизге кулап түшкөн адамдын жагдайына окшойт. Чөгөйүн деп турган адам өзүн куткара турган адамды күткөндүгү сыяктуу өлгөн адам дагы атасынан, энесинен, туугандарынан, досторунан келе турчу дубага үмүт кылат. Ага бир дуба келгенде дүйнө жана дүйнөдөгү бардык нерселерге жеткенден дагы артык сүйүнөт. Аллаху таала жашап жаткан адамдардын дубаларынын себебинен өлгөндөргө тоолор сыяктуу өтө көп жакшылык берет. Тирүүлөрдүн өлгөндөргө болгон белеги - алар үчүн дуба жанан истигфар айтуулары”. (Дайлами)

Кайтыш болгон адамга Курани карим, салаваттар, тасбихтер окулуп сообу багышталат, дуба кылынат, курмандык чалынат, анын атына нафил болгон ажылык кылынат, садака берилет, суу кудугу, мечит куруу сыяктуу кайырдуу иштердин сооптору багышталат. Хазрети Анас: "Йа, Расулаллах, өлгөндөр үчүн кылынган дуба, берген садакаларыбыз, кылган ажылык сыяктуу иштерибиз аларга жетеби?” - деп сураганда: "Ооба өлгөндөргө жетет. Бирөөңөргө бир белек бериле турган болсо, кандай сүйүнсөңөр алар да ошондой сүйүнүшөт”, - деди. (Раддул Мухтар)

Өлгөн адамды топуракка айланып кетти деп айтуу туура эмес. Сооптор денеге эмес рухка жиберилет. Рух болсо өлбөйт. Кабырда топурак болуп кеткен адам өзүнө берилген саламды алат. Анткени, өлгөн дене рух эмес. Бир хадиси шарифте: "Өлгөн адам өзүнө зыярат кылганы келген адамды тааныйт жана саламын алик алат”. (Ибни Аби Дуния)

Өлгөн адамга Куран окулганда сооптору көбөйөт. Өлгөн адам өтө күнөөкөр болуп катуу азап тартып жаткан болсо, Куран окулганда азабы жеңилдейт. Бир хадиси шарифте: "Өлгөн адамга Ясин шариф окулса азабы жеңилдейт”. (Дайлами)

Кайтыш болгон мусулмандарга жиберилген дуба, кайырдуу жана түрдүү сооптор аларга жетет.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш