Ислам дини » Динибиз » Акырет күнүнө ишенүү » Шейит деп кимди айтат




Шейит деп кимди айтат


Шейит "Бейиштик боло тургандыгына  күбөлүк кылынган” деген маанини билдирет.  Шейит болуу үчүн мусулман болуу шарт. Шейит  болуу өтө чоң нимат. 

Өзүнүн, кошунасынын, малы-жанын жана  намысын коргоп жатып кайтыш болсо. 

Жалган жалаа менен камалып, кайтыш  болсо. 

Кыйноо менен өлтүрүлгөн болсо. 

Ууру, каракчы тарабынан өлтүрүлсө. 

Бийиктиктен же болбосо аттан кулап кайтыш болсо. 

Жырткыч айбандардын кол салуусунун  натыйжасында кайтыш болсо. 

Уулуу жаныбар чагып кайтыш болсо. 

Сууга чөгүп кайтыш болсо. 

Өрттөнүп кайтыш болсо. 

Жер титирөөдө уранды алдында калып  кайтыш болсо. 

Жугуштуу оорудан кайтыш болсо. 

Суукта гусул алып кайтыш болсо. 

Боюнда бар аял төрөттөн кайтыш болсо. 

Жума күнү жана түнү кайтыш болгон. 

Сүйүүсүн жашырып, намысын сактап жатып кайтыш болгон. 

Амри маруф нахйи мункар (жакшылыкка  үндөп, жамандыктан кайтып) кылып жатып өлтүрүлгөн болсо. 

Аллах ыраазычылыгы үчүн муаззинчилик  [азанчы] милдетин аткарып жатып кайтыш болсо. 

Беш маал намазды туура окуган. 

Кушлук намазын окуган.

Сапарда дагы витир намазын калтырбай  окуган. 

Ар ай сайын 3 күн орозо кармаган. 

Даараттуу жүрүп же болбосо даарат  менен жатып кайтыш болсо. 

Намазда турганда кайтыш болсо. 

Күнүгө 20 жолу Аллаху тааланы эстеген. 

Динине ылайык соодасын кылган. 

Тамак-аштарды арзан баада саткан. 

Адал жол менен табыш таап, бала чакасынын динин үйрөнүүлөрү жана ибадат  кылуулары үчүн эмгектенген. 

60 жаштан ашкан салих адам. 

Күнүгө 25 жолу "Аллахумма барик ли  филмавт ва фи-мабад-ал-мавт” деп окуган. 

Катуу ооруп жатканда 40 жолу "Ла илаха  илла анта субханака инни күнтү мин-аз-заали мин” деп окуган. 

Күнүгө 100 жолу салавати шариф окуган. 

Ар түнү Ясин сүрөсүн окуган. 

Эртең менен жана кечинде Хашр сүрөсүнүн аягын окуган. 

Аллах жолунда шейит болуп жан тапшырууну каалаган.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш