Суроо: Адамдар кантип тирилишет?
ЖООП: Ар ким кылган амалына жараша тирилет. Эгер
бир адам салихтер сыяктуу амал кылса, бирок, күнөөкөрлөр менен бирге болсо,
анын жакшы амалдары текке кетип, Кыямат күнү жамандар менен бирге тирилет. Эгер
бир адам дагы жамандар сыяктуу амал кылса, бирок, салихтерди сүйүп, алар менен
бирге болсо анын күнөөлөрү жакшылыкка айланып, жакшылар менен бирге
тирилет. "Кааб-ул-Ахбар”
Эки
аяти кариманын мааниси төмөнкүдөй:
"Кыямат күнү аларды [капырларды] сокур,
дудук жана дүлөй абалда, жүзүн жер караткан абалда тирилтебиз. Алардын бара
турган жана кала турган жери Тозок.” [Исра, 97]
"Мени эстебеген кыйынчылыкка кабылат, Кыямат күнү да сокур болуп тирилет.” [Таха, 124]
Бул
маселеге байланыштуу хадиси шарифтердин кээ бирлери төмөнкүдөй:
"Амалдарын кылбаса дагы бир элдин кылган ишин жакшы көргөн адам алар менен
тирилет.” [Хатиб]
"Адам жакшы көргөнү менен бирге тирилет. Капырларды жакшы көргөн капырлар
менен бирге болот. Жакшы амалы ага эч кандай пайда бербейт.” [Табарани]
"Даараттан кийин Кадыр сүрөсүн бир жолу окуган адам сыддыктардан, эки жолу
окуган шейиттерден деп жазылат. Үч жолу окуган адам пайгамбарлар менен бирге
тирилет.” [Дайлами]
"Бала-чакасы көп, ырыскысы аз болуп, намаздарын шартына ылайыктуу окуган
жана мусулмандарды гыйбат кылбаган адам мени менен бирге тирилет.” [М. Масумиййа]
"Махр бербөө ниети менен үйлөнгөн адам Кыяматта уурулар менен бирге
тирилет.” [Р. Насыхин]
"Аллаху тааланын ыраазылыгы үчүн үммөтүмө адал жана арамды түшүндүргөн кырк
хадисти билдирген адам аалым болуп тирилет.” [Абу
Нуайм]
"Беш убак намазын жамаат менен окууну уланткан адам Сырат көпүрөсүнөн
чагылгандай өткөндөрдүн бири болот. Аллах ал адамды салихтер менен тирилтет
жана намазын уланткан ар бир күн жана түн үчүн миң шейиттин сообун алат.” [Табарани]
"Мал-мүлкүм көбөйсүн деп тиленген адам Кыямат күнү бетинин эти желген
абалда тирилет жана Тозокто жей турган тамагы ысык таш болот.” [Табарани]
"Өлгөн адамдын артынан ыйлаганды өнөргө айлантып алган аялдар өлө электе
тообо кылышпаса үстүндө кара чайыр кийимчен котур абалда тирилишет.” [Муслим]
"Кабырдан турганда [ар ким амалына жараша] мингичтин үстүндө, жөө, жөрмөлөп
же жүзү жерге караган абалда тирилет.” [Хаким]
Кабырдан турганда
Суроо: Адамдар кабырдан кантип турушат?
ЖООП: Хазрети Муаз "Баарыңар топ-топ болуп
келесиңер” деген маанидеги аяттын тафсири тууралуу
сураганда, Пайгамбарыбыз алейхиссалам мындай деди:
"Кыямат күнү үммөтүмдөн 12 тайпа төмөндө билдирилген көрүнүштө тирилет:
1-Зекет бербеген адам кабырынан курсагы жылан жана чаянга толгон абалда.
2-Намазга кайдыгерлик кылган адам чочко кейпинде.
3-Алыш-бериште калп айтып алдаган адам оозунан кан келген абалда.
4-Кошуналарын кыйнаган адам колу-буттарын кесилген абалда.
5-Аллаху тааладан коркпостон жашыруун күнөө кылган адам тарптан да жаман
жыттанган абалда.
6-Жалган айткан, жалган күбөлүк берген адам тили кесилген абалда.
7-Адилеттүү күбөлүк бербеген адам тилсиз абалда.
8-Зына кылган адам аврат жеринен ириң аккан абалда.
9-Адилетсиз түрдө жетимдин мал-мүлкүн жеген адам курсагы отко толгон
абалда.
10-Алкоголдук ичкиликтерди ичкендер беттери кызарган, көздөрү ордунан чыгып
кеткен, тиштери өгүздүн мүйүзүндөй курч, эриндери курсагына, курсагы болсо
сандарына салбыраган абалда.
11-Эне-атасына каршы чыккан адам алапес оорусуна чалдыккан абалда.
12-Жакшы амалдарды кылган, намазды жамаат менен окуган жана күнөөсүнө тообо
кылып өлгөн адам болсо жүзү толгон айдай тирилет, Сыратты чагылгандай өтөт.” [Тибян]
Жогорудагылар
күнөөлөрү үчүн тообо кылбай өлгөндөр үчүн. Тообо кылган же сообу күнөөсүнөн көп
болгон жогоруда айтылгандай тирилбейт. Дагы бир хадиси шарифте мындай деп
айтылат: "Сөз ташыган адам маймыл, арам жеген адам чочко, сүткор
башы-үстү сүйрөлүп, адилетсиз өкүм берген адам сокур болуп, ужб кылган, башкача
айтканда, амалдарын жактырган адам дудук жана дүлөй болуп, иштери сөзүнө туура
келбеген аалым тили көкүрөгүнө салбырап, текебер кара чайыр кийим кийген абалда
тирилет.” [Тибян]
Кабырдан туруу
Суроо: Ар бир адам кабырдан азыркы дене менен
турабы?
ЖООП: Ооба, ар бир адам кабырдан дүнүйөдөгү сыяктуу
турат. Бейишке жана Тозокко кире турган кезде башка формада болушат.
Бейиштиктер жаш, сулуу жана көрктүү болот. Үч хадиси шарифтин мааниси:
"Бейиш ээлери сакалсыз, кирпиктери кара болот.” [Тирмизи]
"Бейиш ээлери сүрмө тартылган, сакалсыз жана Юсуф алейхиссаламдын
сулуулугунда болот.” [Ибни Асакир]
"Бейиште баары жаш болот.” [Тирмизи]
Тозокко
кирген капырлар болсо абдан түрү суук болот. Көп азап тартуулары үчүн алардын
денелери да өтө чоң болот. Үч хадиси шарифтин мааниси төмөнкүчө:
"Эгер кимдир-бирөө тозоктон дүнүйөгө келсе, анын коркунучтуу көрүнүшүнөн
жана анын сасык жытынан баары өлүп калат.” [Ибни
Аби-д-дунйа]
"Капырдын бир тиши Ухуд тоосундай чоң болот.” [Муслим]
"Капырдын эки далысынын ортосундагы аралык ат менен үч күндүк жолдун
узундугундай болот.” [Бухари]