Ислам дини » Динибиз » Акырет күнүнө ишенүү » Бейиште кайгы жана өкүнүү жок




Бейиште кайгы жана өкүнүү жок


Суроо: "Бейиште кайгы жок, бирок өкүнүү бар”, - деп айтылууда. Бул экөө бири-бирине кайчы эмеспи?

ЖООП: Бейиште эч кандай кайгы, кыйынчылык жок болгондой эле, тозоктогулардын өкүнүчү сыяктуу өкүнүч да жок. Бейиште бир өңчөй жашоо да жок. Ойго келбеген көптөгөн нематтар болот жана алардан алына турган зооктор, ырахаттар да дайыма артып турат. Муну дүнүйөдөгү нематтар менен салыштырып түшүнүү мүмкүн эмес.

Тозок ээлери: "Каап, биз да ыйман келтирип, Бейиштеги чексиз немат-жакшылыктарга жеткенибизде кана”, - деп капаланышат. Бейиш ээлери болсо: "Көбүрөөк жакшылык, ибадат кылып, мындан да бийик даражаларга жеткенибизде болмок”, - деп тилек кылышат. "Кандай бейкапар болгон экенбиз, Аллахты зикир кылбастан өткөргөн учурларыбыз болгон экен”, - дешет. Эки хадиси шарифтин мааниси төмөнкүчө:

"Бейиш ээлери эч нерсеге өкүнүшпөйт. Бир гана Аллахты зикир кылбай өткөргөн убакыттарына өкүнүшөт.” [Хаким]

"Кыяматта фасык-салих баары өкүнөт. Фасык фысыкты [күнөөнү] таштап тууралык жана такыбаада болбогонуна, салих болсо көбүрөөк ибадат кылбаганына өкүнөт.” [Фараид-ул фаваид]

Падышалардын бири түн ичинде бир жерден өтүп бара жатып аскерлерине: "Бул жердеги таштардан алып алгыла”, - дейт. Кээ бирөөлөр буйрукка баш ийип, аздыр-көптүр ташты алса, кээ бирлери таштын жүгүн эмнеге көтөрүп жүрмөк элем деп албай коюшат. Өз өлкөсүнө келишкенде алар алып алган таштарды карашат, баары асыл таштар болуп чыгат. Албагандар өкүнүп калгандай эле, алгандар эмнеге көбүрөөк албадым экен деп өкүнүп калышат. Көп алгандар болсо эмнеге дагы көбүрөөк албадым деп өкүнүп калышат. Албетте, көп алгандар менен бирөөнү да албагандын өкүнүчү бирдей болбойт. Бейишке барганда арткан нематтарга ээ болгон адамдын өкүнүчү да кайгы пайда кылбайт.

Тозокту көрүү

Суроо: Өлгөндөн кийин кайра тирилүүгө, Бейишке, Тозокко ишенбеген, мусулмандарды артта калган деп айтуучу динсиз адамдардын Тозокто кандай азап чегип жатканын акыретте көрүүгө мүмкүнчүлүк барбы?

ЖООП: Албетте бар. Мутаффифин сүрөсүндө ыйман келтиргендердин капырлардын тарткан азаптарын жылмаюу менен көрөрүн билдирген аяти карималарынын тафсиринде Хазрети Каб мындай дейт:

"Бейиштен Тозокту көрүүгө мүмкүнчүлүк бар. Бир момун Тозоктогу душманын көргүсү келсе [анын алдында заматта пайда болот, телевизор сыяктуу], душманына берилген азаптарды көрүп сүйүнөт.” [Тибян]

Тозоктогуларды көргөн адам капаланбайбы?

Суроо: Бир хадиси шарифте: "Бейиштен Тозокту көрүүгө мүмкүнчүлүк бар. Бир момун Тозоктогу бир заалымды көргүсү келсе, ага берилген азаптарды көрүп сүйүнөт”, - деп айтылат. Бейиште кайгы жок экени да айтылат. Эгер бир адам Тозокто азап чегип жаткан заалым эне-атасын же перзентин көрсө капаланбайбы?

ЖООП: Дүнүйөдөгү жагдай менен акыреттеги жагдай эки башка. Белгисизди белгилүү нерселер менен салыштырууга болбойт. Ал жерде напсибиз болбогондуктан, напсиден келген сезимдер да болбойт. Тообо кылган күнөөлөр кечирилет, акыретте ал күнөөлөр унуттурулуп, бир да ойго келбей тургандай эле, Тозокко түшкөн жакындарыбыз да унуттурулат. Капалана тургандай кандайдыр бир абал болбойт. Аллаху тааланын ишинде башаламандык жок. "Бейиште кайгы болбойт” деп айтылганына караганда, эч кандай түрдө кайгы, капалануу болбойт.

Бейиште сакал жок

Суроо: Бейиште чач жана сакал кыруу барбы?

ЖООП: Бейиште ибадат кылуу болбогондой эле, кыйынчылык келтире турган эч кандай иш да жок. Ал жерде баары сакалсыз. Сакал өспөйт. Чачтар болсо биз каалагандай болот.

Бейиште ар бир адам 33 жашта болот. Пайгамбарыбыз алейхиссалам бир кемпирге: "Бейишке кемпирлер кирбейт”, - дегенде, байкуш аял ыйлап баштайт. Андан кийин аялга: "Сен ал кезде жаш болосуң”, - дейт. (Тирмизи)

Баары жаш болот

Суроо: Бала кезде кайтыш болгондор да, карылар да Бейиште 33 жашта болот экен. 33 жаш өтө жаш курак болуп саналбайт. Эмнеге 20 жашында эмес да, 33 жашында болот?

ЖООП: Биздин Пайгамбарыбыздын үммөтүнөн өтө аз адам жүз жаштан өтө алат. Илгерки үммөттөр миң жаштан көп жашашчу. 33 жаш аларга салыштырмалуу өтө жаш саналчу. 33 жаш кичүүлөргө чоң жаштай сезилсе да, биз сыяктуу карыяларга жаштардын курагы. Дагы бир жагдай, ал жерде баары эң сулуу, эң көрктүү болушат. Жаш жагынан болобу, башка жагынан болобу, Бейиште эч кандай кайгы жана кыйынчылык болбойт.

Бейиште өкүнүч

Суроо: "Бейишке кирген да өкүнөт”, - деп айтылат. Бейиште кайгы, кыйынчылык болбой тургандыктан, эмне үчүн өкүнүч болот?

ЖООП: Ооба, Бейиште эч кандай кайгы жана кыйынчылык болбойт. Бейиште пайгамбарлар менен олуялардын, аалымдар менен жахилдердин даражасы бирдей болбойт. Шейит менен шейит эместин даражасы да бирдей болбойт. Бейишке киргендер каап, дагы көбүрөөк ибадат кылсам болмок экен, илимдүү же шейит болуп, тигил досторума Аллаху таала ихсан кылган нематтарга, ак сарайларга мен да жетсем болмок экен дешет. Бул өкүнүч болгону гана суктануу. Суктануу кайгыга себеп боло турган жагдай эмес.

Бир хадиси шарифтин мааниси төмөнкүдөй:

Кыямат күнү коркунуч чоң. Ал ушундай бир күн болгондуктан, адамдар башкалардан акы алуу, күнөөлөрүн башкалардын моюнуна жүктөгүсү келет. Акыретте бир мусулмандан акын талап кылган пендеге Аллаху таала: "Башыңды көтөрүп Бейишти кара”, дейт. Акы ээси карап мындай дейт:

- Йа, Рабби! Мен күмүштөн жасалган шаарларды, бермет менен кооздолгон алтындан жасалган бийик имараттарды жана ак сарайларды көрүп жатам. Кызык, алар кайсы пайгамбардыкы же кайсы сыддыктыкы же кайсы шейиттики?

- Ким анын беделин берсе, ошого берем.

- Анын бедели эмне?

- Мусулман боордошун кечирүү.

- Йа, Рабби! Мен бул боордошумду кечирдим, акыларыман баш тарттым.

Ошондо Аллаху таала айтат:

- Кана, андай болсо боордошуңду колунан карма, аны да Бейишке алып кет! (Хаким)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш