Ислам дини » Динибиз » Акырет күнүнө ишенүү » Акырет күнүнө ишенүү




Акырет күнүнө ишенүү


Ыйман келтирилүүсү зарыл болгон алты шарттын бешинчиси акырет күнүнө ишенүү. Бул убакыттын башталуусу – адамдын өлгөн күнү болуп саналат. Кыяматтын аягына чейин уланат. "Соңку күн” деп аталуусу андан кийин түн болбой тургандыгына же бул дүйнөдөн кийин боло тургандыгына байланыштуу айтылган. Хадиси шарифте көрсөтүлгөн бул "күн” биз билген күн жана түн сыяктуу эмес. Белгилүү бир убакыт, белгилүү бир заман деген сөз.

Кыяматтын белгилери

Кыяматтын качан боло тургандыгы тууралуу бизге билдирилген эмес. Бирок, Пайгамбарыбыз (алейхиссалам) бир нече белгилерин билдирген. "Хазрети Махди келет, Иса (алейхиссалам) асмандан Шамга түшөт. Дажжал чыгат. Йажуж – Мажуж деп аталган коом бардык нерсени талкалайт. Күн батыштан чыгат. Чоң жер титирөөлөр болот. Дин илимдери унутулат. Фасыктык, жамандык көбөйөт. Динсиз, адамгерчиликтен узак, ар-намыссыз адамдар бийликке келет. Аллаху тааланын буйруктарын аткарууга тыюу салынат. Бардык жерде харам иштер жасалат. Йеменден бир от чыгат. Асман жана тоолор майдаланып талкаланат. Күн менен ай карайат. Деңиздер бири-бирине аралашып, кайнап, суусу тартылат”.

Кабыр жашоосу

Күнөө кылган мусулман "фасык” деп аталат. Ислам динине ишенбеген жана диндин буйруктарына маани бербеген адам "капыр” (мусулман эмес) деп аталат. Фасыктар менен ыйман келтирбегендердин бардыгы кабырда азапка дуушар кылынат. Буга ишенүү керек. Өлгөн адам кабырга коюлгандан кийин биз билбеген түрдө тирилип, амалдарына жараша ырахатын көрөт же азап тартат. Мункер жана Накир деп аталган эки периштенин коркунучтуу адам кейпинде мазарга келип сурак сурай тургандыгы тууралуу хадистерде ачык айкын билдирилген. Кабыр жашоосуна ишенүү керек.

Кабыр сурактары жана жооптору

Раббим – Аллаху таала. Пайгамбарым – Хазрети Мухаммед алейхиссалам. Диним – Ислам. Китебим – Курани карим. Кыбылам – Кааба-и шариф. Ишенимдеги мазхабым – Ахли сүннөт вал жамаат. Амалда мазхабым – Имам азам Абу Ханифа мазхабы. (Башка амал мазхабында болсо, ошону айтат). Кыямат күнү адамдар карманган мазхаб имамдарынын аты менен чакырыла тургандыгы, мисалы: "Ханафилер келгиле! Сүннүлөр келгиле!” - деп айтыла тургандыгы "Рух-ул-баян”тафсиринде "Исра” сүрөсүнүн 71-аятында жазылган.

Кээ бир аалымдардын пикири боюнча кабыр сурактары кээ бир ишенимдерден суралат, кээ бирлеринин пикири боюнча бир канча акаид маселесинен (ыйман маселесинен) суралат. Ошондуктан, балдарыбызга: "Раббиң ким? Диниң эмне? Кимдин үммөтүсүң? Китебиң эмне? Кыбылаң кайда? Ишеним жана амалда мазхабың кайсы?” - деген сурактардын жоопторун үйрөтүүбүз кажет. Ошол суроолорго дүйнөдө ахли сүннөт жолунда болбогондордун жооптору туура болбойт. Туура жооп бергендердин кабыры кеңейип, ага Бейиштен бир терезе ачылып, Бейиштеги жерлери көрсөтүлөт. Периштелер ага жакшылык кылышат, кубанычтуу кабарлар айтышат. Туура жооп бере албай турган болсо, темир токмоктор менен урушат. Үнүн адамдардан жана жиндерден башка бардыгы угат. Кабыры тарайып, денесин кысат. Тозоктон бир терезе ачылып, Тозоктогу бара турган жерин көрүп, Сурак күнүнө чейин азап тартат. Кабырдагы, кыяматтагы жагдайларды дүйнө иштерине окшотууга болбойт. Андагы өмүр – акыйкат өмүр!

Өлгөндөн кийин кайрадан тирилүүгө ишенүү – шарт. Эт менен сөөк чирип, топурак, газга айлангандан кийин, кайрадан жыйналып, рух денеге кирип, мазардан турат. Ошондуктан, бул убакыт "Кыямат күнү” деп аталат.

Кабыр абалдары

Өлгөндөр кабырда төрт абалда болушат. Кээ бири таманы менен отурат. Көзү чыгып, денеси ысып, денеси топуракка айланганга чейин ошол бойдон турат. Андан соң руху периштелер ааламына чыгат.

Кээ бирине Аллаху таала уйку берет. Биринчи сур үйлөнгөндө чейин эмне болуп жаткандыгынан кабары болбойт. Биринчи сур үйлөнгөндөн кийин ойгонуп, анан кайра өлөт.

Кээ бири кабырында эки же үч ай турат. Анан руху Бейиш кушуна минип, Бейишке барат. Муну билдирген хадиси шарифтер сахих хадистер болуп саналат. Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссалам: "Мусулмандын руху куш менен бирге болот. Бейиш бактарынын биринде конуп турат”, - деген. Ошол сыяктуу шейиттердин рухтары тууралуу суралганда: "Шейиттердин рухтары жашыл куштардын ичинде болуп, Жаннат бактарына конуп турат”, - деп жооп берген.

Кээ бир адамдар каалаган учурда орундарынан көтөрүлөт. Кээ бирлери сур үйлөнгөнгө чейин ошол жерде калат.

Төртүнчү абалда боло тургандар – набилер менен олуялар. Алардын кээ бири кыяматка чейин учуп жүрөт жана көпчүлүгү түнү көрүнөт. Абу Бакр Сыддык жана Омар-уль Фарук ошолордун бири болуп эсептелет.

Пайгамбарыбыз:"Адамдар уйкуда, өлгөн кезде ойгонот”, - деп айткан. Бул хадис үчүнчү өмүрдү, б.а., кабыр жашоосун билдирет.

Кабыр жашоосундагы жагдайлар өлгөндөрдүн акыйкаттары менен сыпаттары ачыла турган кезиндеги жагдайлар болуп саналат. Өлгөндөрдүн кээ бири бир орунда калат. Кээ бири кыдырып жүрөт. Кээ бири катуу азапка тартылат. Буга далил: "Мумин” сүрөсүнүн 46-аяты: "Нар (от) күнөөкөрлөрдүн үстүнө таңда жана кечинде берилет. Кыямат күнүндө да Тозокто милдет аткаруучу периштелерге Фараонго ээрчигендерди азаптын эң коркунучтуу жерине таштагыла деп буйрук берилет”.

Өсүмдүктөр көмүртек диоксиди газын жана топрактан суу менен тузду алып, аларды бириктирет. Ушунун негизинде органикалык заттар калыптанат. Жылдар бою улана турган химиялик реакциянын катализатор аркылуу бир заматта жүзөгө аша тургандыгы белгилүү.

Мына ошол сыяктуу эле Аллаху таала мазарда суу, көмүртек диоксити жана топурак заттарын бириктирип, органикалык заттарды, жандуу мүчөлөрдү бир заматта жаратат. Ушул сыяктуу тириле турганыбыз тууралуу Мухаммед (алейхиссалам) кабар берет. Табият таануу илимдери анын бул дүйнөдө да жүзөгө ашып жаткандыгын көрсөтүп турат.

Жаратылган жандуулардын бардыгы машхарда жыйналат. Ар бир адамдын амал дептери учуп ээсине келет. Аларды Аллаху таала жүзөгө ашырат. Ушулардын боло тургандыгы тууралуу Аллаху тааланын Расулу кабар берген. Анын айткандары туура. Алардын баары милдеттүү түрдө жүзөгө ашат.

Жакшы адамдардын амал дептерлери оң жагынан, жаман адамдардын амал дептерлери аркасынан же сол жагынан берилет. Жакшы, жаман, чоң, кичине, ачык, жашыруун кылынган бардык амалдар дептерге жазылган болот. Кираман катибин периштелери билбей турган иштер адам мүчөлөрүнүн билдирүүсү жана Аллаху тааланын билдирүүсү менен белгилүү болуп, бардык нерседен суракка тартылат. Махшарда Аллаху тааланын каалаган жашыруун нерсеси ачыкка чыгат. Периштелерден: "Асманда, жерде эмне кылдыңар?” - деп, пайгамбарлардан: "Аллаху тааланын буйруктарын анын пенделерине кандай жеткирдиңер?” - деп, адамдардан: "Пайгамбарларга кандай моюн сундуңар, милдеттериңерди кандай орундадыңар?” - деп суралат. Махшарда жакшылык кылган адамдар сый-урматка бөлөнүп, жамандык кылган адамдар оор азапка учурашат.

Аллаху таала каалаган ыймандуулардын күнөөлөрүн кечирүүсү мүмкүн. Аллахка шерик кошуу жана куфурдан башка бардык күнөөлөрдү кааласа кечирет. Кааласа кичинекей күнөөлөрдөн улам да азап берет. Мушрик жана ыйман келтирбегендерди эч качан кечирбей турганын билдирген. Китептүү, китепсиз мусулман эместер, б.а., Мухаммед алейхиссаламдын бүткүл адамзаттын Пайгамбары экендигине ишенбеген, ал билдирген өкүмдөрдүн бирөөсүн болсо да жактырбаган адамдар ошол абалдары менен өлө турган болсо, сөзсүз түрдө Тозокто түбөлүк азап чегет.

Кыямат күнүндө амалдарды өлчөй турган, биз билбеген өлчөө куралы – "Мийзан” (тараза) бар. Жер да, асман да бир тарабына бата тургандай өтө чоң болот. Сооп жагы жарык, Арштын оң жагында, Бейиш тарабында. Күнөө жагы караңгы, Арштын сол жагында, Тозок тарабында. Дүйнөдө жасалган иштер, айтылган сөздөр, ой- пикир, көз караштар ошол жерде көз менен көрүлө тургандай абалга келтирилет. Сооптуу иштер жарык, ал эми күнөөлөр караңгы, жийиркеничтүү түс алып, таразага тартылат. Бул тараза дүйнөдөгү таразага окшобойт. Оор жагы жогору көтөрүлөт. Жеңил жагы төмөн түшөт деп айтылган. Ахли сүннөттүн кээ бир аалымдары бир нече тараза болот деп айтышкан. Көпчүлүгү таразанын канча жана кандай тартыла тургандыгын динде ачык билдирилбегенин айтып, бул тууралуу ойлонбоо керек экенин билдиришкен.

Сырат көпүрөсү

Сырат көпүрөсү - бул акыйкат. Аллаху тааланын буйругу менен Тозоктун үстүнө курулат. Адамдардын бардыгына ошол көпүрөдөн өтүү буюрулат. Ошол күндө бардык пайгамбарлар: "Эй, Раббим, амандык бер!” - деп жалбарышат. Бейишке бара тургандар көпүрөдөн оңой өтүшөт. Алардын кээ бири чагылгандай, кээ бири желдей ылдам жана кээ бири чапкан аттай тез өтөт. Сырат көпүрөсү кылдан ичке, кылычтан өткүр. Бул дүйнөдө Исламды кармануу да ушуга окшош. Исламды толук карманууга аракет кылуу – Сырат көпүрөсүнөн өтүү сыякту. Бул жерде напси менен күрөшүп, анын азгыруусуна берилбей, ошол кыйынчылыктарга сабыр кылгандар сыраттан оңой жана жеңил өтүшөт. Ислам динин туура карманбай, напсине баш ийгендер Сыраттан кыйынчылыктар менен өтүшөт. Ошондуктан, Аллаху таала Исламдын билдирген туура жолун "сырати мустаким” деп атаган. Аталыштардын бири-бирине окшоштугу Ислам жолун кармануу Сырат көпүрөсүнөн өтүү сыяктуу экендигин көрсөтөт. Тозокко бара тургандар Сыраттан өтө албай, Тозокко түшүшөт.

Сырат көпүрөсү дегенде дүйнөдөгү көпүрөлөрдү ойлобоо керек. Мисалы: "Класстан класска өтүү үчүн сынак көпүрөсүнөн өтүү керек”, - деп айтылат. Ар бир окуучу сынак көпүрөсүнөн өтүүгө милдеттүү болгондугу үчүн биз муну көпүрө дейбиз. Ал эми сынактын көпүрөгө окшоштук жагы албетте, жок. Сынак көпүрөсүнөн өткөндөр боло тургандыгы сыяктуу өтө албай кулай тургандар да болот. Бирок, бул кулоо көпүрөдөн сууга кулоого таптакыр окшобойт. Сынак көпүрөсүнүн кандай экендигин ал жерден өткөндөр билет. Сырат көпүрөсүнөн да адамдардын бардыгы өтөт. Кээ бирөөлөрү болсо өтө албай Тозокко кулайт. Демек, бул көпүрө, ал жерден өтүү, Тозокко кулоо дүйнө көпүрөлөрүн менен сынак көпүрөлөрүнө окшобойт.

Сырат көпүрөсүндө жети суроо суралат

1) Ыйман. 2) Намаз. 3) Орозо. 4) Ажылык. 5) Зекет. 6) Кул акысы. 7) Гусул, истинжа жана даарат. Ушул жети суроого жооп бере алгандар гана көпүрөдөн өтө алат.

Пайгамбарыбыз Мухаммед Мустафа саллаллаху алейхи васалламга таандык "хаузи кавсар” (кавсар көлү) бар. Чоңдугу бир айлык жолдой. Суусу сүттөй аппак, даамы керемет. Тегерегиндеги чынылардын саны жылдыздардын санынан көп болот. Андан бир жолу ичкен адам Тозокто болсо да кайра суусабайт.

Шапаат

Махшар күнүндө шапааттын боло тургандыгы чындык. Тообо кылбай кайтыш болгон мусулмандардын чоң-кичине күнөөлөрүнүн кечирилүүсү үчүн пайгамбарлар, олуялар, такыбаалуу кишилер, периштелер, Курани карим, Аллаху таала тарабындан уруксат берилген башка кулдары да шапаат кылышат жана шапааттары кабыл кылынат. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи вассаллам) бир хадисинде: "Үммөтүмдүн ичинен чоң күнөө кылгандарга шапаат кыламын”, - деп айткан. Беш түрдүү шапаат бар.

Биринчиси: Кыямат күнү махшарда адамдын көптүгүнөн, көп күтүүдөн чарчаган күнөөлүлөр ызы-чуу салышып, тезирээк эсептин башталуусун каалашат. Эсептин тезирээк башталуусу үчүн шапаат кылынат.

Экинчиси: Сурактын, эсепке тартуунун оңой жана тез болуусу үчүн шапаат кылынат.

Үчүнчүсү: Күнөөсү бар мусулмандардын Сыраттан Тозокко кулабоосу, Жаханнам азабынан коргонуулары үчүн шапаат кылынат.

Төртүнчүсү:Күнөөсү көп мусулмандардын Жаханнамдан чыгарылуулары үчүн шапаат кылынат.

Бешинчиси: Бейиште чексиз ниматтар берилип, тубөлүк кала турган жер болсо да, ал жердеги лаззаттар бөлөк-бөлөк сегиз даражада болот. Ар бир кишинин даражасы, орду, ыйманы жана амалдарынын санына байланыштуу болот. Бейиштегилердин даражаларынын көтөрүлүүсү үчүн дагы шапаат кылынат.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш