Кайыпты ким билет?


Суроо: Кайып деген эмне? Кайыпты ким биле алат?

Жооп

Кайып – сезүү мүчөлөрү же эсеп, тажырыйба аркылуу түшүнүүгө болбой турган нерсе дегенди билдирет. Кайыпты бир гана Аллах билет. Ал – Алим-ул-гайб [кайыпты билүүчү]. (Хашр сүрөсү, 22) жана Алламул-гуйуб [кайыптарды эң жакшы билүүчү]. (Саба сүрөсү, 48)

Бул тууралуу бир канча аяттын мааниси төмөндөгүдөй:

"Аллахтын кайыптарды эң сонун билүүчү экенин дагы эле түшүнүшкөн жокпу?” [Тообо сүрөсү, 78]

"Айткын: "Кайыпты билүү Аллахга гана таандык.” [Юнус сүрөсү, 20]

"Асмандардын жана жерлердин кайыбы Аллахга таандык.” [Худ сүрөсү, 123, Нахл сүрөсү, 77]

"Айткын: "Асмандардагы жана жердеги кайыпты Аллахтан башка эч ким билбейт.” [Намл сүрөсү, 65, Хужурат сүрөсү, 78]

Кайыпты Пайгамбарлар дагы билбейт. Бул тууралуу бир канча аят-и кариманын мазмуну:

"Мен кайыпты дагы билбеймин.” [Энам сүрөсү, 50, Худ сүрөсү, 31]

"Кайыптын ачкычтары Аллахтын гана алдында.” [Худ сүрөсү, 59]

"Айткын: "Эгер мен кайыпты билгенимде, албетте, көп жакшылык кылууну кааламакмын.” [Араф сүрөсү, 188]

Кайыпты жиндер дагы биле албайт. Бир аяттын мазмуну:

"Эгер жиндер кайыпты билгенде бул кордук азабында калышмак эмес.” [Саба сүрөсү, 14]

Баланча молдоке, баланча төлгөчү кайыпты билет деп айтуу куфур болот. Бир хадиси шарифте мындай деп айтылды:

"Төлгөчүнүн, сыйкырчынын же башка бирөөнүн кайыптан берген кабарларына ишенген адам Курани каримге ишенбеген болот.” [Табарани]

Аллаху таала кааласа Пайгамбарларына кээ бир кайыптарды билдирет. Бул тууралуу эки аяттын мааниси:

"Аллах силерди кайыпты билүүчү кылбады. Бирок, Аллах өз пайгамбарларынан каалагандарына кайыпты билдирет.” [Али Имран сүрөсү, 179]

"Аллах өз кайыбын эч кимге билдирбейт. Бирок, Өзү каалаган Пайгамбарга гана билдирет. Анткени, Аллах ар Пайгамбардын алды жана арт жагынан коргоочуларды дайындайт.” [Жин сүрөсү, 26, 27]

Хазирети Муса ладун илимине ээ, б.а., Аллах тарабынан өзүнө кайыптардан билдирилген бир затка: "Өзүңүзгө (Аллах тарабынан) үйрөтүлгөн илимден түз-туура нерселерди мага дагы үйрөтүшүңүз үчүн сизге ээрчүүнү калаймын.” [Кахф сүрөсү, 66]

Кайыптарды билген, ладун илимине ээ болгон бул зат Хазрети Хызыр (Кыдыр) экендиги билдирилген. Расулуллах алейхиссаламга болсо бир канча кайыптар билдирилген болчу. Хадиси шарифтерде айтылды:

"Саптарыңарды түздөгүлө. Анткени, силерди, албетте, аркаман дагы көрүп турамын.” [Муслим]

"Руку жана саждаларды туура кылгыла. Аллахка ант берип айтамын, силердин руку жана сажда кылганыңарды аркаман көрүп турамын.” [Бухари, Муслим]

Көз менен көрүүнү жараткан Аллаху тааланын башка дене мүчөлөрү менен дагы көрүүнү жаратууга кудурети жетет. Расулуллахтын ошол мужизасына ишенбеген адам Аллхтын кудуретине ишенбеген болот. Расулуллах күндүзү жарыкта кантип көрсө кечинде караңгыда дагы ошондой көрчү. Бул Бухаридеги хадиси шариф аркылуу билдирилген.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш