Ислам дини » Динибиз » Аллаху таалага ишенүү » Ааламдын башкаруусу




Ааламдын башкаруусу


Суроо: Аллаху таала ааламдын башкаруусун кутуб делген заттарга кантип таштайт?

ЖООП

"Кантип таштайт” деген сөз өтө жаңылыш, өзү эч арапайт дегендей болуп түшүнүлөт. Бардык нерсенин жаратуучусу - Аллаху таала. Бүткүл иштерди башкарган дагы Ал. Ар ишти себептер менен жаратуу адаты. Кааласа мужиза жана кереметтерде болгондой себепсиз дагы жаратат.

Бол деп буюруусу менен бир нерсе болгон болсо "Эмнеге мындай себептер менен жаратууда” деп айтууга эч кимдин акысы жок. Бир канча мисал берели:

Назиат сүрөсүнүн "Иштерди тадбир кылган, башкарган периштелер...” деген маанидеги бешинчи аяти карима ачыкталып жатканда ушул хадиси шариф билдирилүүдө:

"Дүнүйө иштерин төрт периште башкарат: Жабраил, Микаил, Исрафил жана өлүм периштеси Азраил.” [Куртуби]

Төрт чоң периштенин милдеттери мындай:

1- Жабраил алейхиссаламдын милдети - Пайгамбарларга вахий алып келүү, буйрук жана тыюуларын билдирүү. Кааласа Жабраил алейхиссаламга билдиргендиги сыяктуу пайгамбарларына да түз билдирмек. Жабраил алейхиссаламды бул иш менен милдеттендирген. Эмнеге мындай кылгандыгын биле албайбыз.

2- Исрафил алейхиссалам Сурга эки жолу үйлөйт. Биринчисинде Аллаху тааладан башка бардык тирүү жандык өлөт. Экинчисинде баары кайра тирилет. Бул ишти дагы Жабраил алейхиссаламга бере алат эле же эч кимге бербестен Бол деп буюруу менен бул иш жеңил гана болмок.

3- Микаил алейхиссаламга жамгыр, кар, шамал сыяктуу аба ырайы окуялары, экономикалык низам, башкача айтканда, арзандык, кымбатчылык, каатчылык, молчулук кылуу, тынчтык жана ырахаттык алып келүү жана затты кыймылга келтирүү милдетин берген. Муну Жабраил алейхиссаламга берип же эч кимге бербей, Бол деп буюруу менен бул иштер ырахат болмок.

4- Азраил алейхиссаламды адамдардын рухун алуу менен милдеттендирген. Ажалы келгендерди өлтүргөн - Аллах, бирок, бул ишти Азраил алейхиссалам орундоодо. Балдарды жараткан да - Ал. Бирок, буга эне-атаны себеп кылууда. Эне-атасыз да жаратмак албетте. 

Ааламды башкарган да - Аллаху таала. Жогоруда түшүндүрүлгөндөй, бир бөлүгүн периштелер аркылуу кылууда. Кутуп делген олуя заттарга милдет берип, себептер менен башкарууда.

Имам Раббани хазреттери буюрууда:

Кутб-и иршад - куййум-и аалам. Ар кимге рушд жана ыйман бул аркылуу керек. (3/3)

Кутб-и абдал, башкача айтканда, кутб-и мадар ааламда, дүнүйөдө бардык нерсенин бар болуусу жана барлыкта тура алуусу үчүн пейз келүүсүнө себепчи болот. Кутб-и иршад болсо ааламдын иршады жана хидаяты үчүн пейздердин келүүсүнө себепчи болот. Бардык нерсенин жаратылуусу, ырыскылардын жиберилүүсү, дарттардын, балээлердин кетирилүүсү, ооругандардын сакаюусу, денелердин афиятта болуусу кутб-и абдалдын пейздери менен болот. Ыйман ээси болуу, хидаятка жетүү, ибадат кыла алуу, күнөөлөргө тообо кылуу болсо кутб-и иршаддын пейздери менен болот. Ар заманда, ар кылымда кутб-и абдалдын болуусу зарыл. Эч бир заман мунсуз боло албайт, себебе, аалам муну менен низам табат. (Маариф-и ладуниййа)

Такыр адашкан бир мазхабсыз адам аяти карималарды түшүнө албадандыгы үчүн муну кабыл кыла албоодо. "Аллах башкарууну эч кимге бербейт”, - деп айтууда. Бул мазхабсыз төмөндөгү эки аяти кариманы карманып, Азраил алейхиссаламдын жандарды албагандыгын айтууда: 

"Тирилткен жана өлтүргөн жалгыл Ал.” [Юнус 56]

"Өлүм заманында адамды Аллах өлтүрүүдө.” [Зумар 42]

Макул, анда мына бул аяти кариманы инкар кылабы:

"Өлтүрүү үчүн өкүл кылынган периште силерди өлтүрүүдө.” [Сажда 11]

"Адам алейхиссаламдын уулу бир тууганын өлтүрдү.” [Маида 30]

Демек, өлтүргөн жана тирилткен Аллаху таала болсо да, бул иштерди себептер менен, өкүлдөр менен кылууда.

Кутб-и иршадга да хидаятка себепчи болуу укугун берүүсү  ушундай.



Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш