Ислам дини » Динибиз » Аллаху таалага ишенүү » Бардык нерсени жараткан - Аллаху таала




Бардык нерсени жараткан - Аллаху таала


Алты шарттын биринчиси – Аллаху та'аланын  важиб-ул вужуд жана хакики мабуд (чыныгы  табынууга ылайыктуу) жана бүткүл болмуштун  жаратуучусу экенине ишнеүү. «Дүнүйө менен  акырет ааламдарында бар болгон бүткүл нерсени  материясыз, убакыттан багыныңкысыз, теңдешсиз  түрдө жоктон бар кылган бир гана Аллаху таала»  деп анык ишенүү деген сөз. [Бардык заттарды,  атомдоду, молекулаларды, элементтерди, кошулмаларды, органикалык заттарды,  клеткаларды, өмүрдү, өлүмдү, ар бир кубулушту, ар  бир реакцияны, бардык түркүн кубаттарды, энергия түрлөрүн, кубулуштарды, тартипти, рухтарды,  периштелерди, жандуу-жансыз бүткүл болмушту  жоктон бар кылган жана баарын бир заматта бар  кылып кармап турган бир гана – Ал.] Ааламдарда  болуп жаткан бардык нерсени [эч бири жок кезде,  бир заматта] жаратканындай, [ар дайым бири биринен да бар кылууда. Кыямат убактысы  келгенде бардыгын бир заматта] кайрадан жок  кылып жиберет. Бардык болмуштун жаратуучусу,  ээси, башкаруучусу – Ал. Анын ээси, кожоюну,  үстөмү жок деп ишенүү керек. Бардык үстөмдүк,  бардык кемел сыпат Ага гана таандык. Анда эч  кандай кемчилик сыпат жок. Ал каалаганын жасай  алат. Жасагандары өзүнө же башкаларга пайдалуу  болуусу үчүн эмес. Кандайдыр бир пайда көрүү үчүн  жасабайт. Ошону менен катар, ар ишинде  хикматтар, пайдалар, жакшылыктар бар.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш